Жозеф Боррель: Америка баштаган дүйнөлүк тартиптин аяктап баратканына күбө болуп жатабыз

Дүйшөмбү күнү Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча жетекчиси АКШнын жетекчилигинин доору аяктап келе жаткандыгын баса белгилеп, Кытайга карата күчтүү стратегияны талап кылды.

«Fars News» агенттигинин маалыматына ылайык, далилдер көрсөтүп тургандай, Кытай АКШнын ордуна дүйнө лидерлигине келип жаткан чакта, Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Жозеф Боррель бул Азия өлкөсүнө каршы “күчтүү стратегияны” кабыл алууга чакырды.
Бул тууралуу Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча министри дүйшөмбү күнү өткөн жыйында билдирди.
“Аналитиктер көптөн бери АКШ баштаган дүйнөлүк тартиптин аяктап баратканын жана Азиянын доору келгенин айтып жатышат. Бул окуя азыркы учурда биздин көз алдыбызда болуп жатат”, – деди Жозеф Боррель.
ЕБтин өкүлү “Covid-19” илдетинин жайылышы бийлик балансынын Батыштан Чыгышка өзгөртүү үчүн бурулуш катары көрсө болорун баса белгилеп, Европа Биримдиги өз кызыкчылыктарын жана баалуулуктарын көздөшү керектигин жана биринчи же экинчи тараптын аспап катары колдонуу тузагына түшүп калуудан сак болушу керектигин билдирди.
Ошондой эле, ал Кытайдын күчү өсүп жаткандыгын, Брюссель менен Пекиндин мамилелери ар дайым эле ишенимге жана эки тараптуулукка негизделбей келерине токтолду.
“Кытайга жамааттык мамиле жасаганга бизге бир гана мүмкүнчүлүк керек. Бул ишти ишке ашырууга ЕБ менен Кытайдын кийинки жолугушуусунда мүмкүнчүлүк болот”, – деди Жозеф Боррель.
Сөзүнүн аягында, “Азиянын калган өлкөлөрү менен жакшы мамилени талап кыла тургандай Кытай үчүн күчтүү стратегияга ээ болушубуз керек”, – деди.

Комментарий жиберүү