Лавров: Кыргыз-тажик чек ара сүйлөшүүсүнө ортомчу болууга даярбыз

Орусия кыргыз-тажик чек арасы боюнча эки тараптуу сүйлөшүүгө ортомчу болууга даяр.

Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 26-майда Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) тышкы иштер министрлеринин онлайн жыйынынан кийинки пресс-конференцияда билдирди.

Лавров маалымдагандай, Москва бул сунушун жыйын учурунда да билдирди.

«Тажикстан менен Кыргызстан ортосунда чек арадагы курч кырдаал биринчи жолу болгон жок. Биз союздаштарыбызды диалог жүргүзүүгө, күч колдонуудан алыс болууга чакырабыз. Өзүбүздүн ортомчулук кызматыбызды сунуш кылууга даярбыз. Кырдаал канчалык тез тынчыса, ошончолук жакшы болот», – деди ал.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын башкы дипломатынын билдирүүсүнө комментарий бере элек.

27-майда Тажикстандын Чек ара кызматынын «27-майда кыргыз жараны тажик жаранына ок атты» деген билдирүүсү боюнча тактоо жүрүп жатканын «Азаттыкка» Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

24-майда атышуу менен коштолгон жаңжал Кыргызстандын Ак-Сай айылы менен Тажикстандын Ворух айылы чектешкен Мойнок деген жайлоодо катталган.

8-майда да Баткенде жаңжал чыгып, Кыргызстандын үч жоокери жарадар болгон. Алардын бири оор абалда Бишкекте дарыланууда. Тажик тарап бул окуядан эки жараны жараат алганын билдирген.

Кыргыз-тажик чек арасындагы абалдан улам эки өлкөнүн президенттери Сооронбай Жээнбеков жана Эмомали Рахмон 2019-жылы 26-июлда Тажикстандын Исфара шаарында, 27-28-июлда Кыргызстандын Чолпон-Ата шаарында сүйлөшүү жүргүзүшкөн.

Комментарий жиберүү