Орусиядагы коронавирус боюнча акыркы статистикалык абал

Орусиянын коронавируска каршы күрөш боюнча ыкчам штабы өлкөдөгү коронавирус боюнча акыркы статистикалык маалыматты жарыялады.

«Sputnik News» агенттигинин маалыматына ылайык, Орусиянын коронавируска каршы күрөш боюнча ыкчам штабы бүгүн, бейшемби күнү коронавирус боюнча акыркы 24 сааттын ичинде 8371 жаңы учур катталганын билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө чейин Орусиянын 85 аймагында 379 миң 51 адам коронавируска чалдыгышкан.
Штабдын жарыялаган маалыматына ылайык, акыркы 24 сааттын ичинде 174 адам илдеттен каза болду жана вирустан каза болгондордун жалпы саны 4142ге жетти.
Ошондой эле, ыкчам штаб илдеттен 150 миң 993 адам айыгышканын билдирди.

Комментарий жиберүү