Самавий китептер

Самавий китептер

Аллаху таала жиберген сухуфтардын саны жүз, ал эми китептери болсо төртөө. Он сухуф – Адам алейхиссаламга, элүү сухуф–Шит алейхиссаламга, отуз сухуф–Идрис алейхиссаламга, он сухуф–Ибрахим алейхиссаламга жиберилген. “Сухуф” – барактын бир бети дегенди билдирбейт. Чакан китеп, рисала деген сөз. Тоорат китеби Муса алейхиссаламга, Забур китеби Давуд алейхиссаламга, Инжил китеби Иса алейхиссаламга, Курани карим Мухаммед алейхиссаламга жиберилген. Адам бир нерсени айткысы же болбосо сурагысы келсе аны алгач ой элегинен өткөрөт. Адамдын оюндагы бул маанилер “калами нафсий” деп аталат. Аларга арабча, кыргызча же башка бир…

Прочитайте больше

Демонстранттар Ак үйдү жаптырды

Демонстранттар Ак үйдү жаптырды

АКШда өлүмгө дуушар болгон акыркы расисттик окуядан улам күч алган  нааразычылык акциялары Ак үйдүн убактылуу жабылуусуна себеп болду. Fars News агенттигинин Эл аралык тобунун маалыматына ылайык, кара түстөгү адамдын расисттик өлүмүнө каршы нааразычылык акциялары Ак үйдү убактылуу жапты.Ак үйдүн ичиндеги кабарчылар демонстрациядан улам кызматчыларды Ак үйдүн ичинде калууга буйрук берилгенин маалымдашты.Ак үйдүн ичиндеги NBC News кабарчысы Питер Александр Твиттердеги билдирүүсүндө бул окуяны кабарлап, кийинчерээк Ак үйдүн жабылгандыгын дагы жазган.“АКШнын Жашыруун кызматынын буйругуна ылайык, Ак үйдүн кире…

Прочитайте больше

Йемендин экс-президентинин абалы оор

Йемендин экс-президентинин абалы оор

Йемендик булактар Йемендин экс-президентинин абалы оор экенин маалымдашты. Pars Today агенттигинин маалыматына ылайык, Йемендик булактар бир нече жылдан Сауд Аравиясында баш калкалап келген Йемендин экс- президенти Абдуррахман Мансур Хадидинин абалы начарлап баратканын кабарлашты.Yemen News 29-майда маалымат булактарынын атын атабастан, Мансур Хади катуу ооруп, шал болуп калганын жарыялады.Белгилей кестек, Йемендик саясий ишмер Мунир ал-Маури экс-президент Мансур Хади акыркы күндөрү инсультка кабылганын жана оор абалга байланыштуу АКШга дарылануу үчүн бара албай калганын айтты.Аль-Мауринин айтымында, отставкадагы Йемендин президенти азыр…

Прочитайте больше

Кыргызстанга Өзбекстандан кезектеги гуманитардык жардам келди

Кыргызстанга Өзбекстандан кезектеги гуманитардык жардам келди

Бүгүн, 30-май күнү эртең менен Ош облусуна Өзбекстан өлкөсүнөн гуманитардык жардам келди. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, жүк поезд аркылуу Ош облусунун Кара-Суу районундагы темир жол бекетине келип түштү. Жардамды тосуп алуу салтанатына өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, Өзбекстандын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Хуршид Мирзахидов жана тийиштүү жетекчилер катышты. Жылкыбаев Өзбекстан тарапка ыраазычылык билдирип, дүйнө жүзүндө пандемия жүрүп жаткан учурда мындай тилектештик жүрөк жылытарын белгиледи. Өз кезегинде, элчи…

Прочитайте больше

КМШ мамлекеттеринин премьер-министрлер кеңеши видео конференцияда жыйын өткөрөт

КМШ мамлекеттеринин премьер-министрлер кеңеши видео конференцияда жыйын өткөрөт

КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары 15 маанилүү маселени, анын ичинде коронавируска каршы биргелешип күрөшүүнү видео-конференция алкагында талкуулашат. Бул тууралуу «Fars News» агенттиги кабарлады.Өзбекстан 2020-жылдын 1-январынан тартып Көзкарандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине (КМШ) төрагалык кылып келе жатат.Буга чейин Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Комилов коронавирус чыккандан кийин, видео конференция аркылуу Көзкарандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин премьер-министрлер кеңешинин жыйынын өткөрүүнү сунуш кылган. Видео конференция Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Ариповдун жетекчилигинде өтөт жана ага Азербайжан, Берарусь Республикасы, Казакстан, Молдова, Орусия, Тажикстан, Армения, Кыргызстан өлкөлөрүнүн өкмөт…

Прочитайте больше