Демонстранттар Ак үйдү жаптырды

АКШда өлүмгө дуушар болгон акыркы расисттик окуядан улам күч алган  нааразычылык акциялары Ак үйдүн убактылуу жабылуусуна себеп болду.

Fars News агенттигинин Эл аралык тобунун маалыматына ылайык, кара түстөгү адамдын расисттик өлүмүнө каршы нааразычылык акциялары Ак үйдү убактылуу жапты.
Ак үйдүн ичиндеги кабарчылар демонстрациядан улам кызматчыларды Ак үйдүн ичинде калууга буйрук берилгенин маалымдашты.
Ак үйдүн ичиндеги NBC News кабарчысы Питер Александр Твиттердеги билдирүүсүндө бул окуяны кабарлап, кийинчерээк Ак үйдүн жабылгандыгын дагы жазган.
“АКШнын Жашыруун кызматынын буйругуна ылайык, Ак үйдүн кире бериш дарбазаларынын жанында Джордж Флойдка каршы нааразычылык акцияларынан улам Ак үй убактылуу жабылды”, – деп жазган Александр Твиттерде.
Белгилей кетсек, нааразычылык акциясына чыккандар Ак үйдүн имаратынын жанындагы Лафайетт паркына чогулушкан.
ЖМКлар ошондой эле Лафайетт паркындагы демонстранттар АКШнын атайын кызматынын полициясы менен кагылышканын билдиришкен.
Президенттин жана анын үй-бүлөсүнүн жашоосун коргоо үчүн жооптуу болгон АКШнын Жашыруун кызматынын Твиттердеги аккаунтунда полицияга нааразычылык акцияларын көзөмөлдөөгө жардам берилип жатканы жарыяланган.

Комментарий жиберүү