Йемендин экс-президентинин абалы оор

Йемендик булактар Йемендин экс-президентинин абалы оор экенин маалымдашты.

Pars Today агенттигинин маалыматына ылайык, Йемендик булактар бир нече жылдан Сауд Аравиясында баш калкалап келген Йемендин экс- президенти Абдуррахман Мансур Хадидинин абалы начарлап баратканын кабарлашты.
Yemen News 29-майда маалымат булактарынын атын атабастан, Мансур Хади катуу ооруп, шал болуп калганын жарыялады.
Белгилей кестек, Йемендик саясий ишмер Мунир ал-Маури экс-президент Мансур Хади акыркы күндөрү инсультка кабылганын жана оор абалга байланыштуу АКШга дарылануу үчүн бара албай калганын айтты.
Аль-Мауринин айтымында, отставкадагы Йемендин президенти азыр кыйналып сүйлөйт жана инсульттан улам баса албай жатат.
Абдуррахман Мансур Хади 2015-жылдын 22-январында, Халед Бахах жетектеген Йемендин премьер-министрлик өкмөтүнүн кызматтан кетишинен кийин өз тарабынана отставкага кеткен. Ал 2015-жылдын 21-февралында Йемендин түштүгүндөгү Сана шаарынан Аденге качып кетип, андан бери Сауд Аравиясында отставкага кеткен министрлер кабинети менен бирге баш калкалоодо.

Комментарий жиберүү