КМШ мамлекеттеринин премьер-министрлер кеңеши видео конференцияда жыйын өткөрөт

КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары 15 маанилүү маселени, анын ичинде коронавируска каршы биргелешип күрөшүүнү видео-конференция алкагында талкуулашат.

Бул тууралуу «Fars News» агенттиги кабарлады.
Өзбекстан 2020-жылдын 1-январынан тартып Көзкарандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине (КМШ) төрагалык кылып келе жатат.
Буга чейин Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Комилов коронавирус чыккандан кийин, видео конференция аркылуу Көзкарандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин премьер-министрлер кеңешинин жыйынын өткөрүүнү сунуш кылган.

Видео конференция Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Ариповдун жетекчилигинде өтөт жана ага Азербайжан, Берарусь Республикасы, Казакстан, Молдова, Орусия, Тажикстан, Армения, Кыргызстан өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары жана Түркмөнстандын тышкы иштер министринин орун басары, КМШнын Аткаруу комитетинин төрагасы – жооптуу катчысы катышат.

Анын алкагында премьер-министрлер кеңешинин күн тартибине мүчө мамлекеттердин ортосундагы өз ара кызматташуунун 15 маселеси каралат. Конференциянын катышуучулары экономикалык, транспорттук, логистика, энергетика, маданият тармактарындагы өз ара кызматташууну, ошондой эле коронавирустун жайылышына каршы биргелешкен аракеттерди талкуулашат.

Көзкарандысыз Мамлекеттердин Шериктештиги (КМШ) мурдагы Советтер Союзунун кулашынан кийин түзүлгөн.

Комментарий жиберүү