Жириновский: АКШ революциянын алдында турат

Орусиядагы Либералдык-демократиялык партиянын лидери Владимир Жириновский АКШдагы демонстрациялар бул өлкөдөгү революцияга алып келиши мүмкүн экенин билдирди.

Бул тууралуу «Ir.Sputnik» агенттиги кабарлады. АКШда афроамерикалык Жорж Флойд полиция тарабынан өлтүрүлгөндөн кийин бул өлкөнүн бир катар ири шаарларында нааразычыллык акциялары жана башаламандыктар башталган.  “Америка революциянын алдында турат. Ал жерге солчул уюмдардын өкүлдөрүн тезинен жиберүү керек. Аларга АКШдан Анжела Дэвисти таап, андан бул өлкөдөгү элдик нааразычылыкты жетектөөнү өтүнүү тапшырмасын бериш керек. Ошондо, балким, бул революция ийгиликтүү аяктайт, ал эми Дональд Трамп аялдардын көйнөгүн кийип Орусиянын Вашингтондогу элчилигинин унаасы менен өлкөсүнөн качууга аргасыз болот”, – деп жазды Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Телеграммга.

АКШнын ири шаарларында бир канча күндөн бери башаламандыктар орун алууда. Ага Миннеаполис шаарында  полициянын колуна түшкөн кара терилүү Жорж Флойддун өлүмү себепкер болду. Социалдык тармактарда тарап кеткен видеодон полиция кызматкери куралсыз Флойдду тизеси менен муунтуп турганын көрүүгө болот. Флойд дем ала албай жатканын бир нече жолу айткан.

Комментарий жиберүү