Казакстанда Борбор Азиядагы эң ири суу спорт борбору курулууда

Борбор Азиядагы эң ири суу спорт борбору Казакстанда курулуп жатат.

“Iribnews” агенттигинин маалыматына ылайык, Борбор Азиядагы эң ири суу спорт борбору Алматы облусунун административдик борбору Талдыкоргон шаарында 27 миң чарчы метр аянтка курулуп жатат.
Комплекстин курулуш иштери аяктайын деп калды жана ушул жылдын июль айынын аягында пайдаланууга берилет.
Дүйнөлүк деңгээлдеги бассейн күнүнө 750 адамды кабыл ала алат. 27 миң чарчы метр аянтка курулган спорт борборунда 4 бассейн бар, алардын экөөсүнүн узундугу 50 метр жана туурасы 25 метрден турат, ошондой эле балдар үчүн өзүнчө бассейн жана сууга секирүү жайлары бар.
Бассейндерден тышкары, борбордо жаңыдан баштагандар үчүн атайын “ванналар” орнотулат жана медициналык пункт, кургак бассейн залы, спорт залы, буфет ж.б. каралган.
Долбоорду иштеп чыгууда анын ар тараптуулугуна жана коопсуздугуна көп көңүл бурулган.

Комментарий жиберүү