Нью-Йоркто коменданттык саат киргизилди

Нью-Йорктогу толкундоолордун жана нааразычылык акциялардын алдын алуу үчүн катуу эрежелер кабыл алынды.

Tasnim News агенттиги Катардын Аль-Жазира жаңылыктар тармагына шилтеме берип маалымдоосуна ылайык, Нью-Йорктун губернатору шаарда “баш аламан иш-аракеттерге” каршы күрөшүү максатында бир катар токтомдордун ишке ашырылгандыгын жарыялады.
Анын айтымында, бул эрежелер  2-июнда кечинде ишке ашырылат.
Аль-Маядин жаңылыктар тармагы коменданттык саат  Нью-Йоркто жергиликтүү убакыт боюнча саат 23:00дөн таңкы 5ке чейин киргизиле тургандыгын маалымдады.
Белгилей кетсек, 46 жаштагы кара терилүү америкалык Джордж Флойддун трагедиялуу өлүмү тууралуу видеонун таралышынан кийин  Американын коомчулугунда расизмге каршы нааразылык акциялары күчөгөн.
Флойд өлтүрүлгөндөн бир нече күн өткөндөн кийин, Миннеаполисте нааразычылык акциялары жана тополоңдор башталды. Нааразычылык акциялары АКШнын башка шаарларына да жайылып, АКШнын 40ка жакын шаарында жол эрежелери күчүнө киргизилген.  Бирок демонстранттар эрежелерди бузушуп, полиция менен демонстранттардын ортосундагы чыңалуу күчөгөн.

Комментарий жиберүү