Мирзиёев президентти кшайлоодо жеңишке жетти

Мирзиёев президентти кшайлоодо жеңишке жетти

Өзбекстандын учурдагы мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёев 9-июлда мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыктары боюнча 87,05% добуш менен жеңишке жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) билдирди. БШК буга чейин добуш берүүгө укуктуу жарандардын 70% (13,46 миллион киши) шайлоого катышканын кабарлаган. Өзбекстандын мыйзамдарына ылайык, президенттик шайлоо калктын 33% көбү добуш берген учурда өттү деп эсептелинет. Европагы коопсуздук жана кызматташтык (ЕККУ) уюмунан барган эл аралык байкоочулар 10-июлда маалымат жыйынын өткөрүп, шайлоо тууралуу өз байкоолору менен бөлүшөт…

Прочитайте больше

Орбан : “Швеция тууралуу Түркия менен байланыштабыз”

Орбан : “Швеция тууралуу Түркия менен байланыштабыз”

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Швециянын НАТОго мүчөлүгү темасында НАТО жана Түркия менен байланышта экендерин айтты. Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Швециянын НАТОго мүчөлүгү боюнча НАТО жана Түркия менен байланышта экендерин айтты. Австриянын борбор шаары Венада жолугушууларды өткөргөн Орбан Швециянын НАТОго мүчөлүгү тууралуу журналисттердин суроолоруна жооп берди. Орбан : “Бул маселе боюнча НАТОнун баш катчысы (Йенс Столтенберг) жана Түркия менен үзгүлтүксүз байланыштабыз, бир нерсе кыла турган учурда  сүйлөшөбүз жана Венгрия чечимдерин кечиктирбейт”,- деди.  Венгрия өкмөтүнүн Швециянын НАТОго мүчөлүгүнө байланыштуу оң…

Прочитайте больше

Эрдоган: Украина НАТОго мүчө болууга татыктуу

Эрдоган: Украина НАТОго мүчө болууга татыктуу

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Владимир Зеленский менен болгон сүйлөшүүдөн кийин Украина НАТОго мүчө болууга татыктуу деп билдирди. Эрдоган Зеленский менен кечээ, 7-июлда Стамбулдагы Вахдеттин сарайында жекеме-жеке жолугушту, сүйлөшүүлөр 2,5 сааттан ашык созулду. Эрдоган Түркия Украинадагы жаңжалды сүйлөшүү жолу менен токтотуу аракетин улантарын билдирди. Дан келишими Түрк лидери ошондой эле, Украинадан дан экспорттоо келишимин узартууга аракеттер көрүлүлүп жатканын белгиледи. Азыркы келишимдин мөөнөтү 17-июлда аяктайт. “Биз дан коридору боюнча аракеттерибизди улантабыз. Биз 17-июлдан кийин келишимди канчага узарта алабыз деп…

Прочитайте больше

Эксперт: Ирандын ШКУга кириши Жакынкы Чыгыштан тарта Борбор Азияга чейин туруктуулукту камсыздайт

Эксперт: Ирандын ШКУга кириши Жакынкы Чыгыштан тарта Борбор Азияга чейин туруктуулукту камсыздайт

Ирандын ШКУга кошулушу Жакынкы Чыгыштан тарта Борбордук Азияга чейинки ири мейкиндикте геосаясий кадамдарды шарттайт. Бул туурасында жана Ирандын уюмга мүчө болушу геосаясий масштабда кандай мааниге ээ экенин жана Кыргызстанга кандай таасир этерин саясат таануучу Марс Сариев Sputnik агенттигине айтып берди. 4-июль күнү Нью-Делиде ШКУнун 23-саммити өтүп, натыйжада Иран уюмдун толук кандуу мүчөсү болуп калды. Өлкөнүн президенти Ибрахим Раиси республиканын уюмга кириши анын коопсуздугун, суверенитетин бекемдөөгө жана экономикасынын туруктуу өнүгүүсүнө шарт түзөрүн белгиледи. “Айрым глобалдуу күчтөр, башкача айтканда, Ирандын контрөнөктөштөрү Орто Чыгышта…

Прочитайте больше

АКШ Украинага кассеталык ок-дарыларды берет

АКШ Украинага кассеталык ок-дарыларды берет

АКШ Украинага кассеталык ок-дарыларды бере турганын АКШ президентинин Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан Ак үйдөгү брифингде билдирди. Жума күнү АКШ жаңы аскердик жардам пакетин жарыялады, ага биринчи жолу эл аралык конвенция тарабынан тыюу салынган кассеталык ок-дарылар – 155 мм DPICM артиллериялык снаряддары кирди. Администрациянын өкүлү мындай снаряддарды республиканын аймагында колдонуу жай тургундар үчүн коркунучтуу экенин моюнга алды. Ушундан улам АКШ аларды өткөрүп берүү чечимин кечеңдеткен. Дүйнөдө кассеталык ок-дарыларды колдонууга тыюу салуу конвенциясы 2010-жылдан бери күчүнө кирген….

Прочитайте больше

БУУ Судан тууралуу маалымат берди

БУУ Судан тууралуу маалымат берди

Бириккен Улуттар Уюму Судандагы кагылышуулар башталгандан бери 2,8 миллион кишинин жер которгондугун билдирди. Бириккен Улуттар Уюму Судандагы кагылышуулар башталгандан бери 2,8 миллион кишинин жер которгондугун билдирди. БУУнун гуманитардык иштерди координациялоо бюросу (OCHA) Суданда кагылышуу башталган 15 – апрелден бери чогулткан маалыматтарды жарыялады. Жазуу түрүндөгү билдирүүдө Суданда акыркы 11 аптада 15 гуманитардык жардамчынын каза болгону белгиленди. Суданда 2 миллион 800 миң кишинин жер которууга аргасыз болгонуна көңүл бурулган билдирүүдө 2 миллион 200 миң кишинин өлкө ичинде…

Прочитайте больше

Украина менен Орусия Запорожье АЭС боюнча бири-бирин күнөөлөп жатат

Украина менен Орусия Запорожье АЭС боюнча бири-бирин күнөөлөп жатат

Украинанын президенти Зеленский Орусия АЭСке коркунучтуу провокацияга даярданууда экенин айтса, Орусия Киев Запорожье АЭСине кол салууну пландап жатат деп божомолдоду. Украинанын президенти Зеленский Орусия Запорожье атомдук электр станциясына карата кооптуу провокацияга даярданып жатканын билдирди. Анын ырасташынча, орус аскерлери АЭСтин айрым энергоблокторуна жардыргыч затка окшош нерселерди коюшкан. Украинанын Саламаттыкты сактоо министрлиги да АЭСте ыктымал жарылуу болгон учурда эмне кылуу керектиги боюнча сунуштарын берди. Орусиядан тескерисинче Украинага каршы айыптоо келди. Орусиянын «Росэнергоатом» атомдук энергетикалык компаниясынын башкы кеңешчиси…

Прочитайте больше

Израилдеги кол салуудан сегиз киши жаракат алды

Израилдеги кол салуудан сегиз киши жаракат алды

Тель-Авивде жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп, бычак менен кол салуудан кеминде сегиз киши жаракат алды. Бул тууралуу The Jerusalem Post кабарлады. Социалдык тармактардагы видеого караганда, унаа тротуарга чыгып кетип, бир нече жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен. Андан соң айдоочу унаадан чыгып, өтүп бара жаткандардын бирине бычак сайган. Бир жабырлануучунун абалы оор экени кабарланууда. Полициянын маалыматы боюнча, кол салган адам Иордан дарыясынын батыш жээгинде жашаган палестиналык болгон. Ал 20 жашта болчу жана Израилге дарылануу үчүн кирген. Алдын ала иликтөөлөргө…

Прочитайте больше

Мирзиёев Швецияда Курандын өрттөлүшүн «оор кылмыш» деп атады

Мирзиёев Швецияда Курандын өрттөлүшүн «оор кылмыш» деп атады

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Швецияда Куран китебинин өрттөлүшүн айыптап, аны “оор кылмыш” деп атады. Бул туурасында ал 5-июлда Ташкенттеги шайлоочулар менен болгон жолугушуусунда билдирген. “Динди жана жер шарындагы миллиондогон адамдын асыл сезимдерин кемсинткен мындай нерселерге жол берилбеши керек”, – деди Мирзиёев. Ошондой эле ал “түрдүү элдердин диний баалуулуктарын сыйлабаган радикализм менен экстремизмдин кандай гана түрү болбосун баарына каршы экенин” белгиледи. 28-июнда Швециянын баш калаасы Стокгольм шаарындагы мечиттин алдында Куран китеби өрттөлгөн. Бул акцияны Швецияга Ирактан…

Прочитайте больше

Си Цзиньпин ШКУ өлкөлөрүнө улуттук валютада эсептешүүлөрдү көбөйтүүнү сунуштады

Си Цзиньпин ШКУ өлкөлөрүнө улуттук валютада эсептешүүлөрдү көбөйтүүнү сунуштады

 Шанхай Кызматташтык Уюмунун өлкөлөрү биримдиктин алкагында улуттук валюталар менен эсептешүүлөрдү көбөйтүүсү керек. Бул тууралуу  Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин бүгүн, 4-июлда ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги саммитинде билдирди. ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги 23-саммити Нью_делиде онлайн-форматта өтүп жатат. Индиянын төрагалыгы алдында өтүп жаткан бул саммитке ШКУга мүчө мамлекеттердин: Кыргызстан, Индия, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын башчылары, ошондой эле Иран Ислам Республикасынын, Беларустун, Монголиянын башчылары катышууда. “Уюмдун алкагында улуттук валюталар менен эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү максатка ылайыктуу…

Прочитайте больше

ШКУнун саммити. Ооганстандагы кырдаал ШКУ өлкөлөрүнүн коопсуздугуна таасирин тийгизеби?

ШКУнун саммити. Ооганстандагы кырдаал ШКУ өлкөлөрүнүн коопсуздугуна таасирин тийгизеби?

Бүгүн, 4-июлда, Нью-Делиде видео-байланыш режиминде өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынында Ооганстандагы кырдаал тууралуу да сөз болду.     Индиянын төрагалыгы алдында өтүп жаткан бул саммитке ШКУга мүчө мамлекеттердин: Кыргызстан, Индия, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын башчылары, ошондой эле Иран Ислам Республикасынын, Беларустун, Монголиянын башчылары катышууда. Кыргызстан Ооганстандын тынч жана туруктуу болушуна кызыкдар Коопсуздук маселелерине токтолгон президент Садыр Жапаров ооган көйгөйүн көңүл сыртында калтырбоого чакырды. “Кыргызстан үчүн, биздин досторубуз сыяктуу эле, Ооганстандагы…

Прочитайте больше

Иран ШКУга толук кандуу мүчө болду

Иран ШКУга толук кандуу мүчө болду

Иран Ислам Республикасы Шанхай кызматташтык уюмуна толук кандуу мүчө болду. Бул туурасында ШКУнун Нью-Делидеги онлайн саммитинин жыйынтыгы боюнча кабыл алынган декларацияда айтылат. “Мүчө мамлекеттер Иран Ислам Республикасынын ШКУга толук кандуу мүчө мамлекет катары кабыл алынышынын тарыхый маанисин баса белгилешти”, — деп айтылат документте. Мындан тышкары, ШКУга мүчө мамлекеттердин башчылары Беларустун уюмга кирүү боюнча милдеттенмелери тууралуу меморандумга кол коюшту. Индиянын төрагалыгы алдында өтүп жаткан бул саммитке ШКУга мүчө мамлекеттердин: Кыргызстан, Индия, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан…

Прочитайте больше

Израиль Батыш Шериага абадан кол салды

Израиль Батыш Шериага абадан кол салды

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүндө Израилдин аба күчтөрүнүн Женин шаарына кол салуусунун натыйжасында 3 палестиналыктын каза болгону, үчөө оор 13 палестиналыктын жараланганы белгиленди. Израиль аскерлери басып алган Батыш Шериада 5 палестиналыкты өлтүрүп, 27си жаралады. Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин жазуу түрүндөгү жарыясында Израилдин Женин шаарына абадан кол салуусунда 4 палестиналыктын каза болгондугу, Аль-Бире шаарында да израилдик аскерлер тарабынан атылган октун натыйжасында 1 палестиналыктын башына ок тийип каза болгону белгиленди.. Израилдин Женинге жасаган кол салуусунда 7си оор…

Прочитайте больше

Швециядагы абал…

Швециядагы абал…

Швециянын тышкы иштер министри Тобиас Биллстрем Швецияда Куран өрттөлгөн провокацияга болгон реакциялар тууралуу Syndsvenskan гезитине билдирүү жасады. Швециянын тышкы иштер министри Тобиас Биллстрем Стокгольмдо Курман айттын биринчи күнү, 28-июнда мечиттин алдында Куран өрттөлүшү анын өлкөсүнүн жакшы имиджин жаманга айландырышы мүмкүн экенин айтты. Биллстрем Швецияда Куран өрттөлгөн провокацияга болгон реакциялар тууралуу Syndsvenskan гезитине билдирүү жасады. Биллстрем: «Швецияда Курандын өрттөлүшү өлкөбүздүн жакшы имиджин жаман өңүткө айландырышы мүмкүн», – деди. Швециянын аброюн сактап калуу үчүн күрөшүп жатканын белгилеген…

Прочитайте больше

Францияда башаламандыктын бешинчи түнүндө 700дөн ашуун киши кармалды

Францияда башаламандыктын бешинчи түнүндө 700дөн ашуун киши кармалды

Францияда өспүрүмдүн өлүмүнөн кийин башталган тополоңдун бешинчи түнүндө 719 киши кармалды. Бул тууралуу BFM телеканалы өлкөнүн Ички иштер министрлигине шилтеме берүү менен билдирди. 700дөн ашык адамдын 194ү Парижде, 65и Марселде кармалган. Франциянын ички иштер министри Жеральд Дарманиндин айтымында, өлкөнүн коопсуздугун сактоого 45 миңден ашык полиция жана жандармдар тартылды. Анын айтымында, бул түн мурункуга караганда “тынч” өттү. 1-июлга караган түнү 1300дөн ашуун адам кармалган. Беш күндө камалгандардын жалпы саны 3 миңден ашат. Тополоңдор жана кагылышуулар учурунда кеминде 45…

Прочитайте больше
1 33 34 35 36 37 202