Индияда куралдуу кол салуу болду

Индияда куралдуу кол салуу болду

Индияда куралдуу кишилер тарабынан тузак салынып 11 киши каза тапты. Индияда куралдуу кишилер тарабынан тузак салынып арасында Аруначал Прадеш мыйзам чыгаруучу парламенттин мүчөсү Тиронг Абох да орун алган 11 киши каза тапты. Ытанагар полициясы акыркы шайлоолордо кайрадан талапкер болгон, Улуттук калк партиясынын (NPP) Тирап аймагынын парламент мүчөсү Тиронг Абохтун конвоюна кол салуу болгонун жарыялады. Богапани айылындагы кол салууда  автоматтар менен атылып арасында Абох, туугандары жана партиянын кызматкерлери да болгон 11 киши каза болду. Жергиликтүү басма…

Прочитайте больше

Иракта ДЕАШ операциясы

Иракта ДЕАШ операциясы

Ирактын Селахаддин аймагында террордук уюм ДЕАШ мүчөсү 11 киши жок кылынды. Ирактын Селахаддин аймагында террордук уюм ДЕАШ мүчөсү 11 киши жок кылынды. Коргоо министрлиги ДЕАШ террордук уюмга карата жүргүзгөн операцияда 11 террористтин жок кылынгандыгын, 2 бомбалуу унаа менен 13 жандуу бомба желегинин колго түшүрүлгөндүгүн жарыялады. Министрлик операциянын аймакта коопсуздук жана ырааттуулукту түзүү максатында жүргүзүлгөндүгүн баса белгиледи. ДЕАШ террордук уюм 2014 –  жылы Мусул башта болгон Ирактын үчтөн бир бөлүгүн колго алган. АКШ колдогон  Ирак армиясы…

Прочитайте больше

Украинада эрте шайлоо болот

Украинада эрте шайлоо болот

Зеленский токтомду бекитти. Украинанын президенти Владимир Зеленский, 8-Чакырылыштагы парламентти таркаткан токтомго кол койду. Буга караганда өлкөдө 21-июлда эрте шайлоо өткөрүлөт. Президенттиктин басма сөз кызматынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, президент Владимир Зеленскийдин 8- Чакырылыштагы парламентти таркаткан токтомго кол койгондугу маалымдалды. Токтомго ылайык Украинада 21-июлда эрте парламенттик шайлоо өткөрүлөт. Өткөн айдагы президенттик шайлоону жеңген Зеленский 20-май дүйшөмбү күнү парламентте ант берип кызматын расмий баштаган болчу.

Прочитайте больше

Жаңы Зеландияда мечитке кол салган адам террорчулукка айыпталды

Жаңы Зеландияда мечитке кол салган адам террорчулукка айыпталды

Жаңы Зеландиянын полициясы Крейсчерч шаарындагы эки мечитке кол салган Брентон Таррантка “террордук акт жасады” деген айып такты. Бул тууралуу Fars агенттиги кабарлады. Sputnik  агенттиги маалымдагандай, келерки июнь айында боло турган сот учурунда Брентон Таррантка “атайылап киши өлтүрдү” деген айыптан тышкары “террордук акт жасады” деген да айып тагылат. 28 жаштагы Брентон Таррант Австралиянын жараны. Ал мечиттеги жума намазга чогулгандарга ок атканын Фейсбук баракчасы аркылуу түз байланышта көрсөткөн. Анда кеминде 50 киши каза таап, бир нечеси жаракат алган Бул…

Прочитайте больше

Орусия: Ооганстандын түндүк провинцияларында 5 миңдей ИШИМ согушкери бар

Орусия: Ооганстандын түндүк провинцияларында 5 миңдей ИШИМ согушкери бар

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын директору Ооганстандын түндүк провинцияларында кайрадан ИШИМ террордук уюмунун согушкерлери топтолуп жаткандыгына тынчсыздануусун билдирди. Бул тууралуу Mehr агенттиги Euronews  телеканалына шилтеме берип жазды. Александр Бортников КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын жетекчилер кеңешинин жыйынында, ИШИМ радикал уюмунун Ооганстандагы тарапташтары “Вилаят Хорасан” учурда Ооганстандын түндүк аймактарына 5 миңдей согушкерди топтогун билдирди. Анын айтымында, согушкерлер Сирия өкмөтү тарабынан көзөмөлдөнбөгөн аймактарда жаңы топ түзүүгө же качкындардын лагеринде жашынууга аракет кылышууда. Бортниковдун билдирүүсүнө караганда, бул террордук уюмдун…

Прочитайте больше

Ооганстан: Аял киши алгачкы ирет Коргоо министринин орун басары болду

Ооганстан: Аял киши алгачкы ирет Коргоо министринин орун басары болду

Ооганстанда Коргоо министринин орун басары болуп Мунира Юсуфзада дайындалды. Ал буга чейин, Президенттин Админстрациясында маданий иш-чаралар, саясий жана социалдык маселелер бөлүмүнүн жетекчиси болуп иштеп келген. Бул тууралуу АфТАГ маалымат булагы билдирди. Юсуфзаданын мындай кызматка келиши социалдык тармактарда талкууга түшүп, ар кандай пикирлерди жараткан. Коргоо министрлигине аял кишинин келиши көпчүлүктүн сынына кабылган. Сын көз караштарга жооп катары, президенттин маалымат-катчысы Хуссейн Муртазави өз баракчасына буга чейин ИИМге орун басар катары Хусан Жалил дайындалганда да дал ушундай пикирлер…

Прочитайте больше

Украина: Зеленскийдин «экинчи» анты

Украина: Зеленскийдин «экинчи» анты

Украинанын жаңы шайланган президенти Владимир Зеленский бүгүн, 20-майда ант берип, президенттик кызматка расмий киришти. Ант берүү аземи Украинанын Жогорку Радасында болуп өттү. Зеленский инаугурацияда эмнелерди айтты? Расмий иш-чарага кайсы өлкөнүн президенттери келди? Ошондой эле инаугурацияны кандай кызыктар коштоду?  Владимир Зеленский ушуну менен экинчи ирет президент катары ант берди. Тагыраак айтканда, биринчисинде өзү тартылган “Элдин кулу” сериалындагы каармандын образында ант берген. А бүгүн ал чыныгы жашоодо, 13,5 млн элдин добушунун негизинде шайланган президент катары расмий түрдө…

Прочитайте больше

Венесуэлада бомба жардырылды

Венесуэлада бомба жардырылды

Каракста кээ бир элчиликтер жана чет элдик миссиянын өкүлчүлүктөрү болгон Ла  Кастеллана районунда жол жээгине ташталган колдо жасалган жарылуучу жардырылды. Венесуэланын борбор шаары Каракста кээ бир элчиликтер жана чет элдик миссиянын өкүлчүлүктөрү болгон Ла  Кастеллана районунда жол жээгине ташталган колдо жасалган бомба жардырылды. Венесуэла басма сөзүндө чыккан кабарга караганда жол жээгинде табылган шектүү бир пакеттен улам Боливар Улуттук Чалгындоо Кызматынын бомба жардыруучу топтору борбор шаар Каракастын Ла Кастеллана районуна кирип – чыгууларды токтотту. Кээ бир элчиликтер…

Прочитайте больше

Трамп:Мен Иран менен согушка бара тургандардан эмесмин

Трамп:Мен Иран менен согушка бара тургандардан эмесмин

Бүгүн эртең менен Американын президенти Fox News агенттиги менен болгон маегинде Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга токтолуп, “Мен согушка бара тургандардан эмесмин”, – деп баса белгиледи.Американын президенти Дональд Трамп  бул маегинде дагы өзөктүк келишим боюнча буга чейинки билдирүүлөрүн кайталап, “Барак Обаманын Иран менен түзгөн келишимдери коркунучтуу болчу. Бул келишим Иранга миллиарддаган накталай акчаларды алып келди”, – деди. Ошондой эле ал Жакынкы Чыгыштагы акыркы кырдаалга токтолуп, “Мен Иран менен согуушуну каалабайм. Бирок, биз Иран өзөктүк куралга ээ болушун…

Прочитайте больше

Путин менен Макрон өзөктүк келишимди сактоого жасалган аракеттерди күчөтүүнү баса белгилешти

Путин менен Макрон өзөктүк келишимди сактоого жасалган аракеттерди күчөтүүнү баса белгилешти

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Франциянын президенти Эммануэль Макрон кечээ, 18-июлда телефон аркылуу сүйлөшүп, Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимди сактоого жасалган аракеттерди күчөтүү зарылчылыгын баса белгилешти. Бул тууралуу «Fars News» агенттиги кабарлады. Кремлден маалымдашкандай, Путин менен Макрон өзөктүк келишим Жакынкы Чыгышта коопсуздукту камсыз кылуучу жана өзөктүк куралды жайылтпоо режимин сактоочу маанилүү фактор экендигин баса белгилешти. Ошондой эле тараптар өзөктүк келишимдин сакталышы зор мааниге ээ экендигин белгилешип, аны сактап калуу үчүн өздөрүнүн күч-аракеттерин күчөтүүнү убадалашты. Мындан тышкары, эки…

Прочитайте больше

Индияда шайлоонун алгачкы жыйынтыктары :Нарендра Моди кызматында калышы мүмкүн

Индияда шайлоонун алгачкы жыйынтыктары :Нарендра Моди кызматында калышы мүмкүн

Индияда парламенттик шайлоонун акыркы күнү кечиндеги сурамжылоолордун натыйжасы өлкөдө дагы бир жолу Нарендра Моди жетектеген өкмөттүн түзүлүшү мүмкүн экенин көрсөттү. Бул тууралуу Fars агенттиги кабарлады. Indian Express агенттигинин берген маалыматына караганда, парламенттик шайлоонун акыркы күнү кечинде ар кандай төрт сурамжылоолор жүргүзүлгөн. Алардын жыйынтыгына ылайык, Нарендра Моди жетектеген “Улуттук демократиялык коалициясы” үчүн 280ден 315ге чейин депутаттык мандат берилиши мүмкүн. Негизи Индиянын парламенти 500 орундан турат жана анын көпчүлүк бөлүгүн алган партия же коалиция өлкөнүн өкмөтүн түзөт. Индияда дүйнөдөгү…

Прочитайте больше

Президент көп балалуу энелерге «Баатыр Эне» орденин тапшырды

Президент көп балалуу энелерге «Баатыр Эне» орденин тапшырды

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-майда Энелер күнүнө карата өлкөнүн бардык аймактарынан келген көп балалуу энелерди «Баатыр Эне» ордени менен сыйлап, ар кандай тармакта ийгилик жараткан жаштардын апаларына Президенттин «Ыраазычылык катын» тапшырды. Жээнбеков Энелер күнү — ар бир адам үчүн эң кымбат жана ыйык майрам экенин белгиледи. Ал байыртадан ата-бабалар энелерди терең урматтап-сыйлаганын, аларды жаңы жашоонун башаты, үй коломтосунун куту деп бийик баалап келгенин белгиледи. «Эненин сүтүн актаган адам гана бейишке кирет. Биздин улуу жазуучубуз Чыңгыз…

Прочитайте больше

Япониялыктар саатына 400 чакырым жүрүүчү дүйнөдөгү эң ылдам поездди чыгарды

Япониялыктар саатына 400 чакырым жүрүүчү дүйнөдөгү эң ылдам поездди чыгарды

Япониялык JR East темир жол компаниясы Alfa-X үлгүсүндөгү жогорку ылдамдыкта жүрүүчү жаңы поездди чыгарды. Анын максималдуу ылдамыгы саатына 400 чакырым аралыкты басып өтөт. Бул тууралуу building-tech басылмасы жазып чыкты. «Бул дүйнө жүзүндө эң ылдам жүрүүчү коммерциялык поезддердин бири. Күнүмдүк жумушунда ал саатына 360 чакырым ылдамдык менен жүргүнчүлөрдү ташыйт», — деп айтылат маалыматта. 2019-жылдын июнь айында JR East аталган поездин темир жолдо жүргүнчүлөрсүз сынактан өткөрө баштайт. Бул он вагондуу ылдам-поезд ушул жылдын июнь айынан тарта үч…

Прочитайте больше

Эркектер жана аялдар инсультка кандай жолдор менен чалдыгары айтылды

Эркектер жана аялдар инсультка кандай жолдор менен чалдыгары айтылды

Россиядагы Мордовия улуттук университетинин окумуштуулары эркектер жана аялдар инсультка кандай жолдор менен кабыларын аныктаганын “Известия” жазды. Иликтөөгө ылайык, эркектерде инсульттун пайда болушуна артериянын өнөкөт оорусу, чылым, аракечтик, зат алмашуунун бузулушу жана аз кыймылдуулук таасир этет. Ал эми аялдарда инсульттун келип чыгышына кант диабети, ашыкча салмак, кандагы липиддердин көп болушу жана аритмия себеп экени айтылды. Ошондой эле кан басымдын жогору болушу аялга да, эркекке да бирдей таасир тийгизери белгиленди.

Прочитайте больше

19-майда көпчүлүк аймакта жаан жаайт

19-майда көпчүлүк аймакта жаан жаайт

19-майда өлкөнүн көпчүлүк аймагында жаан жаап күн күркүрөйт, тоолуу аймактарга кар түшөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +20…+25; Талас облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +19…+24; Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +22…+27; Ысык-Көлдө түнкүсүн +5…+10, күндүз +20…+25; Нарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +19…+24; Бишкекте 19-майда мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +9…+11, күндүз +22…+24.

Прочитайте больше
1 2 3 4 35