“Ислам мамлекети” террордук уюму эмнеге баш көтөрдү?

“Ислам мамлекети” террордук уюму эмнеге баш көтөрдү?

“Ислам мамлекети” террордук уюму, ХАМАС-Израил жана Россия менен Украинанын ортосундагы согуштар тууралуу саясый эксперт Медербек Корганбаев менен маек. – Медербек мырза, өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атаган экстремисттик топ Сирия жана Ирактын аймактарынан сүрүлүп чыгарылып, 2019-жылы март айында “ИМ” тобу талкаланды деп жарыяланган. Бирок “ИМ” акыркы кезде “Талибан” бийликке келген Афганистанда кайрадан баш көтөрүп жандана башташынын себеби эмнеде? – “Ислам мамлекети” деп аталган террористтик уюм бир кезде Батыштын чоң геосаясий куралы болгон деп айтсам жаңылышпаймын. Анткени 2014-жылдан тартып…

Прочитайте больше

Эквадордогу мафиянын козголоңу: телеалпаруучулар түз эфирде барымтага алынды

Эквадордогу мафиянын козголоңу: телеалпаруучулар түз эфирде барымтага алынды

Эквадор бийлиги “Лос-Чонерос” кылмыштуу тобунун лидери катуу режимдеги абактан качкандан кийин коопсуздук тармагындагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу өлкөдө «ички куралдуу кагылышуу» режимин киргизди. Өлкөнүн абактарында тополоң чыгып, бүтүндөй өлкөдө баш аламандыктар башталды. Соңку маалыматтарга караганда, тополоңдо кеминде 13 адам  каза болду. Окуянын чоо-жайы 7-январда өлкөнүн Башкы прокуратурасы Эквадордогу пенитенциардык мекемелерде башаламандыктар орун алганын билдирген. Башаламандык “Лос-Чонерос” кылмыштуу тобунун лидери Фито лакап аты бар Адольфо Масиас Гуаякиль шаарынын түрмөсүнөн качып кеткенден кийин башталган. Анын кайда экени белгисиз…

Прочитайте больше

Кыргызстан Түркия менен соода-сатыктын көлөмүн 2 млрд долларга жеткирүүнү көздөөдө

Кыргызстан Түркия менен соода-сатыктын көлөмүн 2 млрд долларга жеткирүүнү көздөөдө

Кыргызстан келечекте Түркия менен соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүп, анын көлөмүн 2 млрд АКШ долларына жеткирмекчи. Бул тууралуу 9-январда  Жогорку Кеңетин Төрагасы Нурланбек Шакиев Түркия Республикасынын тышкы иштер министри Хакан Фидан менен жолугушуу учурунда айтылгандыгын кыргыз парламентинин маалымат кызматы билдирди. Жолугушууда боордош эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды. Төрага Нурланбек Шакиев Түркия мамлекетинин башкы дипломатынын Кыргызстандагы иш сапары байланыштарды мындан ары чыңдоого өбөлгө түзөрүн белгилеп, кызматташтыктын учурдагы абалына токтолду. Анын…

Прочитайте больше

Соода, өнөр жай жана энергетика: Рустам Эмомали Иранда эмнелерди макулдашты?

Соода, өнөр жай жана энергетика: Рустам Эмомали Иранда эмнелерди макулдашты?

Тажикстан парламентинин жогорку палатасынын төрагасы Рустам Эмомали 8-январда Иранда расмий сапары менен болду. Аны өкмөттүк комитеттердин төрагалары жана башка расмий адамдар коштоп барышканын парламенттин маалымат кызматы кабарлаган. Сапардын алкагында Рустам Эмомали Ирандын президенти Ибрахим Раиси жана Иран Ислам кеңешинин төрагасы Мухаммад Бакир Галибаф менен жолугушууларды өткөрдү. Өлкөлөр ортосунда соода жүгүртүү көбөйтүлөт Республиканын парламентинин басма сөз кызматы билдиргендей, Рустам Эмомали менен Галибафтын  жолугушуусунда Тажикстан менен Ирандын ортосундагы мамилелердин жана кызматташтыктын маанилүү жана приоритеттүү маселелердин кеңири чөйрөсү…

Прочитайте больше

Миллиарддаган доллар жана деңиз портторуна чыгуу – ЕАЭБ менен Ирандын ортосундагы эркин соода жүгүртүү келишиминин кандай пайдасы бар?

Миллиарддаган доллар жана деңиз портторуна чыгуу – ЕАЭБ менен Ирандын ортосундагы эркин соода жүгүртүү келишиминин кандай пайдасы бар?

 Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттер менен Ирандын эркин соода жүгүртүү жөнүндөгү келишимге кол коюшу экономикалык кызыкчылыктардын чегинен чыгып, калыптанып жаткан көп уюлдук системанын ичиндеги байланыштарды чыңдоого жардам берип, өлкөлөрдү Батыштын үстөмдүгүнө каршы күрөштө күчтүүрөөк жана ишенимдүүрөөк кылат. Мындай пикирин талдоочу жана «Правда» гезитинин Кыргызстандагы кабарчысы Сергей Кожемякин Ирандын “Fars News” агенттигине билдирди. Анын айтымында, 2023-жыл оңой болгон жок. Дүйнөнүн ар кайсы аймактарындагы буга чейинки чыр-чатактар тереңдеп, жаңылары пайда болду. АКШнын түздөн-түз катышуусу менен Палестинадагы геноцид бүткүл Жакынкы Чыгышта – Сирия…

Прочитайте больше

Талибан куруп жаткан Куштепа каналында авария болуп, андан чыккан суу чоң аймакка жайылууда

Талибан куруп жаткан Куштепа каналында авария болуп, андан чыккан суу чоң аймакка жайылууда

Ооганстанда талиптер куруп жаткан Амударыядан суу алган Куштепа каналында олуттуу авария болуп, анын кесепеттери али жоюла электигин “Чек арасыз дарыялар” экокоалициясынын эксперттери билдирди. Коалициясынын адистери Ооганстандын түндүгүндөгү Куштепа ​​каналынын курулуш аянтынын акыркы спутниктен тартылган сүрөттөрүн изилдеп чыгышкан. Амударыядан суу алган каналдын биринчи тилкесин (болжол менен 100 чакырым) Талибан быйыл октябрда ачкан. Европалык Sentinel-2 спутниги тарткан сүрөттөр канал Амударыянын суусу менен толтурула баштаган алгачкы айда эле гидротехникалык курулуштун жээги суунун басымына туруштук бере албай, каналдан агып…

Прочитайте больше

Эксперт: “Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы экономикалык кызматташтыктын келечеги позитивдүү мүнөзгө ээ”

Эксперт: “Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы экономикалык кызматташтыктын келечеги позитивдүү мүнөзгө ээ”

Жакында эле Иран Евразиялык экономикалык биримдиктин өлкөлөрү менен эркин соода зонасы (ЭСЗ) боюнча келишимге жакынкы эки айда кол кое турганы белгилүү болду. Келечекте Иран ЕАЭБдин толук кандуу мүчөсү болушу мүмкүн. Эркин соода зонасын түзүү өз ара өнүгүүгө жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Ирандын рыногу абдан чоң, ошондуктан ЕАЭБ мамлекеттери үчүн кандайдыр бир орундарды жана позицияларды ээлөөгө мүмкүнчүлүк пайда болот. Саясат таануучу Арсен Усеновдун айтымында, Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы соода-экономикалык жана гуманитардык байланыштар акыркы жылдары өнүгүп, алардын…

Прочитайте больше

Газада Израиль менен ХАМАСтын согушунда 63 журналист каза болду

Газада Израиль менен ХАМАСтын согушунда 63 журналист каза болду

Палестиналык ХАМАС кыймылы менен Израилдин ортосундагы жаңжал башталгандан бери 63 ЖМК кызматкери каза болду. Бул тууралуу Журналисттерди коргоо боюнча эл аралык комитет (CPJ) билдирди. “4-декабрга карата 63 журналист жана медиа кызматкери мерт болгону тастыкталды: 56 палестиналык, төрт израилдик жана үч ливандык”, – деп айтылат комитеттин билдирүүсүндө. Ошондой эле дагы 11 журналист жарадар болуп, үчөө дайынсыз жоголгон деп жарыяланып, 19у камакка алынган. 1-декабрдагы убактылуу элдешүүнүн мөөнөтү аяктап, Израиль Газадагы согуштук аракеттирди калыбына келтиргенде Газа тилкесинде төрт…

Прочитайте больше

Кубанын президенти 22 жылдан бери биринчи жолу Иранга барды

Кубанын президенти 22 жылдан бери биринчи жолу Иранга барды

Кубанын президенти Мигель Диас-Канель 22 жылдан бери биринчи жолу сапары менен Иранга келди. Бул тууралуу IRNA агенттиги билдирди. Маалыматка караганда, бул Куба лидеринин акыркы 22 жылда Иранга жасаган биринчи сапары болуп саналат. Буга чейин 2001-жылы Ислам республикасына Фидель Кастро келип кеткен. Диас-Канелди Ирандын президенти Ибрахим Раиси жана Жогорку лидери Али Хаменеи менен жолугушту. Президенттердин жолугушуусу жана кол коюлган документтер Диас-Канелди алгач кесиптеши Ибрахим Раиси Тегеран шаарындагы “Саадабад” сарайында кабыл алды. Hаиси Куба президентинин 22 жылдан…

Прочитайте больше

А. Медетбеков: “Тажикстандын бийлиги чек ара согуш менен чечилбестигине көзү жетип, сүйлөшүүгө мажбур болду”

А. Медетбеков: “Тажикстандын бийлиги чек ара согуш менен чечилбестигине көзү жетип, сүйлөшүүгө мажбур болду”

Тажикстан акыркы эки жыл чек ара маселесине байланышкан ар кандай шылтоолор менен Кыргызстанга кол салды. Натыйжада ондогон бейкүнөө жарандарыбыздын өмүрү кыйылды. Мындан тышкары чек арада жашаган Лейлек жана Баткен райондорунун жашоочуларынын үй-жайы тонолуп, өрттөлүп, төрт түлүк малы уурдалды. Кудай жалгап, быйыл андай каргашалар кайталанбай, эки өлкөнүн бийлиги чек ара маселесин сүйлөшүү жолу менен чечүүдө. Биз бүгүнкү күндөгү кыргыз-тажик мамилеси тууралуу УКМК төрагасынын мурдагы орун басары, белгилүү саясый серепчи, коопсуздук кызматкери Медетбеков Артур Капарович менен маектештик….

Прочитайте больше

“Жүрөгүмдөсүң Палестина”. Кыргызстандыктардын Палестина элине билдирген тилектештиги

“Жүрөгүмдөсүң Палестина”. Кыргызстандыктардын Палестина элине билдирген тилектештиги

Палестина-Израиль жаңжалы курчугандан бери Газа тилкесиндеги кыргынды токтотууну талап кылган акциялар дүйнөнүн булуң-бурчунда өтүп жатат. Палестинаны колдогон, Израилди айыптаган акциялар бир гана мусулман дүйнөсүндө эле эмес Европа өлкөлөрүндө, АКШда дагы өтүп жатат. Бул жерде кыргызстандыктар да четте калган жок: Палестина элин колдоо акциясын өткөрүп, Жогорку Кеңештин депутаттары бир күндүк маянасын которуп, муфтий баштаган дин аалымдары оор сыноого кабылган палестиндиктер үчүн дуба кылышты. «Эркин Палестина». Палестиндерди колдоо акциясы Газа тилекесинде болуп жаткан окуяларга кайдыгер карабаган бир…

Прочитайте больше

АКШнын мамкатчысы Блинкен Израилге кайра эмнеге барды?

АКШнын мамкатчысы Блинкен Израилге кайра эмнеге барды?

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Израилге кайра барды. Ал өлкө премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт, деп билдирет CNN телеканалы. Маалыматта сүйлөшүүлөр жакынкы сааттарда башталары айтылат. Блинкен Палестина-Израиль чатагы курчуп баратканына байланыштуу 11-15-октябрга чейин Жакынкы Чыгышта болду. Ал сапарын Израилден баштап, андан соң араб өлкөлөрүнө — Иордания, Бириккен Араб Эмираттары, Сауд Аравия, Египет, Бахрейн жана Катарга барып, аймактагы окуяларды талкуулаган. «Agence France-Presse» (AFP) маалымдагандай, Блинкен менен Нетаньяху жолугушуусу Иерусалимде болот. «The Washington Post» гезитинин жазганына…

Прочитайте больше

Палестина Израиль тыюу салынган фосфор колдонуп жатканын билдирди. Видео

Палестина Израиль тыюу салынган фосфор колдонуп жатканын билдирди. Видео

Израилдин аскерлери Газа тилкесинде ак фосфору бар ок-дарыларды колдонгонун Палестинанын Тышкы иштер министрлиги X социалдык тармагында билдирди. «Израилдик оккупациялык күчтөр Газа тилкесинин аль-Карама аймагында палестиналыктарга каршы эл аралык конвенциялар менен тыюу салынган ак фосфорду колдонду», — деп айтылат билдирүүдө. Израилдин ак фосфор колдонуп жаткан видеолор жарыяланды Ак фосфордун күйүү температурасы 1200-1300 градус. Бул зат кийимди дароо күйгүзүп, катуу күйүк жаратат. Күйүү өтө уулуу түтүндүн чыгышы менен коштолот. Ак фосфорду өчүрүүгө өрт өчүргүчтөрдүн күчү жетпейт, зат же…

Прочитайте больше

ХАМАСтын Израилге жасаган чабуулунун кесепети кандай болот? Эксперттин пикири

ХАМАСтын Израилге жасаган чабуулунун кесепети кандай болот? Эксперттин пикири

Израил менен палестиналык ХАМАС кыймылынын ортосундагы аскердик жаңжал премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун кызматтан кетишине алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу Израиль жана Жакынкы Чыгыш боюнча эксперт Александр Каргин Газета.Ру сайтына билдирди. Эксперт Тель-Авив акыры күчүн топтоп, ХАМАСты артка сүртө алат деп эсептейт. Ошол эле учурда ал мындай мисал, эгер Израиль бул палестиналык кыймылга туруштук бере албаса, араб дүйнөсүндөгү башка мамлекеттерди бул аскердик кагылышууга катышууга шыктандырышы мүмкүн деди. Израиль-Палестина жаңжалы Израиль менен ХАМАСтын ортосундагы жаңы жаңжал 7-октябрда башталды. Палестиналык ХАМАС…

Прочитайте больше

Кадыр Маликов: Палестинада болуп жаткан окуялар бүткүл мусулман дүйнөсү үчүн чоң мааниге ээ

Кадыр Маликов: Палестинада болуп жаткан окуялар бүткүл мусулман дүйнөсү үчүн чоң мааниге ээ

Биз бүткүл дүйнөлүк саясий системага таасир эте турган эң маанилүү тарыхый процесске күбө болдук. Бүгүнкү күндө Палестинада болуп жаткан окуялардын бүткүл эл аралык мамилелер системасы жана биринчи кезекте бүткүл мусулман дүйнөсү үчүн чоң мааниси бар. Палестиналыктардын коргонуу жана адилеттик үчүн укугу бар. Бул тууралуу кыргызстандык диний ишмер Кадыр Маликов өзүнүн соцтармактагы баракчасына жазды. Анын айтымында, дүйнөнүн булуң-бурчундагы мусулмандар бул окуялардын маанисин түшүнүшү керек. Ар бирибиздин жүрөгүбүздө Палестина үчүн, анын тургундары үчүн жана адилеттикти калыбына келтирүүгө дуба кылуу…

Прочитайте больше
1 2 3 4 9