Стамбулда калың кардан тыгындар пайда болуп, аэропорт жабылды

Стамбулда калың кардан тыгындар пайда болуп, аэропорт жабылды

Стамбулга калың кар жаап, Түрк аба жолдору Стамбул аэропортунан каттамдарды убактылуу токтотту. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлашты. Синоптиктер Стамбулдун жашоочулары үчүн аба ырайынын начар болорун бир күн мурун эскерткен. Айрыкча шаардын батыш жана түндүк аймактарында кар калың жааган. Маалыматка караганда, жолдордо эбегейсиз тыгындар пайда болуп, адамдар унааларын жол жээгине таштап, жөө басууга аргасыз болушкан. Метродо жөө адамдардын агымынан улам тыгын пайда болгон жана кээ бир автобус каттамдары эртең таңга чейин токтотулган.

Прочитайте больше

Филиппиндин жээктеринде күчү 6 баллга жеткен жер титирөө болду

Филиппиндин жээктеринде күчү 6 баллга жеткен жер титирөө болду

Бул тууралуу АКШнын геологиялык кызматы билдиргенин чет элдик маалымат каражаттар жазышты. Жер титирөө координацияланган универсалдуу убакыт боюнча саат 02.26да катталган. Жер титирөөнүн эпицентри Сарангаи муниципалитетинен 231 чакырым түштүк-чыгышта, очогу 24 чакырым тереңдикте жайгашкан. Азырынча мүмкүн болгон курмандыктар жана кыйроолор тууралуу маалымат берилле элек.

Прочитайте больше

Сауд коалициясынын авиасоккусунан Йеменде 70 киши набыт болду

Сауд коалициясынын авиасоккусунан Йеменде 70 киши набыт болду

Сауд Аравия баштаган эл аралык коалициянын аба күчтөрү Йемендин Саада шаарындагы  хуситтер  көзөмөлдөгөн түрмөгө абадан сокку уруп, натыйжада ондогон адамдар набыт болду. Бул тууралуу йемендик “Аль-Масира” телеканалы Саада провинциясынын бийликтерине таянуу менен билдирди. “Ооруканалар каза болгондор менен жарадарларга толуп калды, дары-дармектер жетишсиз болууда”, – деп айтылат провинциянын өкмөтүнүн билдирүүсүндө. Алдын ала маалыматтарга караганда, аба соккусунан 70 адам каза болуп, дагы 138и жаракат алган. Провинциянын бийлиги түрмөгө жасалган соккудан жарадар болгондор үчүн кан тапшыруу өтүнүчү менен…

Прочитайте больше

Жаңы рекорд: Дүйнөдө бир суткада коронавирус боюнча 3, 7 млн. учур катталды

Жаңы рекорд: Дүйнөдө бир суткада коронавирус боюнча 3, 7 млн. учур катталды

Дүйнөдө акыркы бир суткада коронавирусту жуктургандардын саны рекорддук көрсөткүчкө жетти.  Бул тууралуу ДССУ билдиргенин чет элдик маалымат каражаттары жазышты. Уюмдун маалыматына караганда, вирусту жуктуруу урурлары боюнча жаңы рекорд коюлуп, акыркы 24 сааттын ичинде 3 млн. 777 миң 104 учур катталды. Пандемия башталгандан бери COVID-19дан каза болгондордун саны 5 млн. 560 миң 718 адамга жетти. Акыркы суткада 8 миң 741 адам каза болду. Илдетти жуктургандардын көбү АКШда – 67 млн. 437 миң 353 адамга, андан кийин…

Прочитайте больше

Сионисттик режимдин аскердик базасында бомба жарылды

Сионисттик режимдин аскердик базасында бомба жарылды

ЖМКалар Израилдин аскерий базасында бомба жарылып, эки жоокер жарадар болгонун кабарлашты. Fars News агенттигинин эл аралык тобунун маалыматына ылайык, оккупацияланган Иерусалимдин чыгышындагы аскерий базада бомба жарылганын кабарлашты. Сионисттик каналдын 12 телеканалынын маалыматына караганда, аскерий база “Мишур Адомим” аймагына жакын жерде жайгашкан жана эки жоокер жарадар болгон. 12-канал андан ары жарылуу Тель-Авивдин аскерлери Иорданиянын Гор шаарында жаңылыш аткылоодон бир нече күндөн кийин болгонун билдирди. Израилдик армиянын «Голготц» радиосу аскерий базада аскерлерди машыктыруу учурунда граната жарылганын билдирди….

Прочитайте больше

Иерусалим менен Батыш Шериада 35 палестиналык камакка алынды

Иерусалим менен Батыш Шериада 35 палестиналык камакка алынды

Израилдин баскынчы күчтөрү Батыш Шерианын ар кайсы аймактарына чабуул жасап, Иерусалимди басып алып, палестиналыктарды кеңири масштабда камоодо. Сионисттик согушкерлер 35 палестиналыкты, анын ичинде басып алынган Иерусалимдин Шейх Жаррах аймагындагы Салехия үй-бүлөсүнөн 26 мүчөсүн жана алар менен тилектештик үчүн чогулган активисттерди камакка алганын жергиликтүү булактар билдирди.Эске салсак, сионисттик режим ушул шаршемби күнү эртең менен Салехия үй-бүлөсүнүн Шейх Жаррах районундагы үйүн талкалап, үй-бүлө мүчөлөрүнүн баарын камакка алды.

Прочитайте больше

«Омикрон» адамдын органдарына башкача чабуул жасай баштады

«Омикрон» адамдын органдарына башкача чабуул жасай баштады

Коронавирустун “омикрон” штаммы дельтадан айырмаланып, орто дем алуу жолдоруна таасир этет. Бул тууралуу АКШнын Солт-Лейк-Сити шаарынан келген генетик-окумуштуу Дмитрий Прусс билдиргенин Lentа.ru жазды. Анын айтымына караганда, дельтадан айырмаланып, вирус өпкөгө кирүүнү көздөбөй, орто дем алуу жолдоруна чабуул жасайт. Эксперттин айтымында, штаммдын мындай жайылышы COVID-19дун оор түрү менен ооруган адамдарда байкалган. “Омикрон үчүн ортоңку дем алуу жолдорунун бронхиолити көбүрөөк мүнөздүү. Ал эми дельта үчүн – өпкөнүн тереңирээк жабыркашы”, – деп түшүндүрдү генетик. Буга чейин, орусиялык реаниматолог Михаил Чуйко…

Прочитайте больше

Беларусь аркылуу Европага кирүүгө аракет кылган 4000дей качкын Иракка кайтарылды

Беларусь аркылуу Европага кирүүгө аракет кылган 4000дей качкын Иракка кайтарылды

Беларусь аркылуу Европанын аймагына өтүүгө аракет кылган 4 миңдей ирактык жаран мекенине кайтарылды. Бул тууралуу Ирактын тышкы иштер министри Фуад Хусейн журналисттерге кабарлады. Анын айтымында, Ирактын өкмөтү 18-ноябрдан бери ирактык жарандарды өз өлкөсүнө кайтаруу үчүн Беларустан Багдадга каттамдарды уюштурган. “Беларустун Польша, Литва жана Латвия менен чек араларында такалып турган 4 миңдей ирактык жаранды мекенине кайтардык”, – деп билдирди Хусейн. Ирактын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Ахмед ал-Сахаф кийинчерээк AFP агенттигине Ирактын 3817 жараны Беларустан,…

Прочитайте больше

БУУ дүйнөнү кийинки пандемияга даярданууга чакырды

БУУ дүйнөнү кийинки пандемияга даярданууга чакырды

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерреш Дүйнөлүк экономикалык форумдун жүрүшүндө дүйнөнү кийинки пандемияга даярдык көрүүгө жана ДССУнун абоюн бекемдөөгө чакырды. Бул тууралуу РИА Новости жазды. “Биз мониторингге инвестиция жасоо менен кийинки пандемияга даярдык көрүшүбүз керек, ар бир өлкөдө ооруну эрте аныктап, тез реакция жасап, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун аброюн бекемдөө зарыл”, — деди Гуттереш видео кайрылуусунда. Ал ошондой эле азыркы коронавирустук пандемия менен адилеттүү жана бирдей шартта күрөшүүгө чакырды. Гутерреш ДССУ буга чейин 2021-жылдын аягына чейин…

Прочитайте больше

Казакстандагы башаламандыкта 225 адам каза болгон

Казакстандагы башаламандыкта 225 адам каза болгон

Казакстандагы башаламандыкта 225 адам каза болуп, 4,5 миңден ашуун киши жабыркаган. Бул тууралуу өлкөнүн Башкы прокуратурасынын кылмыш ишин козгоо кызматынын башчысы Серик Шалабаев билдиргенин Tengrinews.kz сайты жазды.Маалыматка караганда, жабырланучулардын саны 4578ди түзсө, анын ичинен 4353ү жараат алган, алардын катарында 3393 полиция кызматкери бар.“Өзгөчө абал учурунда өлкөнүн өлүкканаларына каза болгон 225 адам жеткирилген, алардын ичинде 19 полиция жана аскер кызматкерлери. Каза болгондордун айрымдары ““террордук чабуулдарга катышкан, имараттарга жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кол салган куралдуу бандиттер”, – деп…

Прочитайте больше

Окумуштуулар: Дүйнөлүк океандын температурасынын жогорулашы рекорддук чекке жетти

Окумуштуулар: Дүйнөлүк океандын температурасынын жогорулашы рекорддук чекке жетти

Окумуштуулар дүйнөлүк океандын антропогендик жылуулукту сиңирүүсү рекордук чекке жеткенин билдиришти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты. Климат таануучулардын эл аралык тобу глобалдык жылуулуктан улам 2021-жылы океандагы температурасынын рекорддук жогорулашын катташкан. Маалымат Advances in Atmosheric Science журналына жарыяланган макалада жазылган. Окумуштуулар 2021-жылы океандардын жылуулук сиңирүүсүнүн өзгөрүшүнө анализ жүргүзүшүп, деңиз суусунун температурасы байкоолордун бүткүл тарыхында рекорддук көрсөткүчкө жеткенине күбө болушкан. Эң көп жылыган Түштүк жана Атлантика океандары болгон. Буга антропогендик парник газдарынын концентрациясынын жана жылуулук берүүнүн климаттык…

Прочитайте больше

БУУ: Йеменде 16 миллионго жакын адам колдоого муктаж

БУУ: Йеменде 16 миллионго жакын адам колдоого муктаж

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Йемен элине жардам берүү үчүн 4 миллиард долларга жакын каражатка муктаж. БУУга 2022-жылы миллиондогон йемендиктерди колдоо үчүн болжол менен 3,9 миллиард доллар керек болот, деди БУУнун Башкы катчысынын гуманитардык маселелер боюнча жардамчысынын милдетин аткаруучу жана Өзгөчө кырдаалдар боюнча координаторунун орун басары Рамеш Раджасингем уюмдун Коопсуздук Кенешине.    Раджасингемдин айтымында, Йеменде 16 миллионго жакын адам колдоого муктаж. “Мен бардык донорлорду Йемен элине колдоо көрсөтүүгө жана мүмкүн болсо быйылкы жардамды көбөйтүүгө чакырам”, –…

Прочитайте больше

Түштүк Кореяда көп кабаттуу имарат урап, 6 адам дайынсыз болууда

Түштүк Кореяда көп кабаттуу имарат урап, 6 адам дайынсыз болууда

Түштүк Кореянын Кванжу шаарында курулушу толук бүтө элек көп кабаттуу имараттын бир тарабы урап түштү. Кырсыктан 3 адам жаракат алып, 6 адам дайынсыз болууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты. Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, 39 кабаттуу турак жай комплексинин фасадынын бир бөлүгү урап түшкөн. Кырсык болгон учурда курулушта 400дөй адам болгон, жумушчулардын дээрлик бардыгы эвакуацияланган. Маалыматта 24 жана 31-кабаттарда иштеген алты адам дайынсыз болуп жатканы айтылат. Имарат дагы көчүп түшүшү мүмкүн деген кооптонуулардан улам аларды…

Прочитайте больше

Эксперттер: Казакстанга ЖККУнун бейпилдик күчтөрүнүн киргизилиши өлкөдөгү кырдаалды турукташтырды

Эксперттер: Казакстанга ЖККУнун бейпилдик күчтөрүнүн киргизилиши өлкөдөгү кырдаалды турукташтырды

Бир учурда бир нече аскердик эксперттер Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун бейпилдик күчтөрүн Казакстанга жөнөтүү чечими республикадагы курчуп кеткен кырдаалды турукташтырууда чечүүчү роль ойноду деген ойду айтышты.   “Национальная оборона” журналынын башкы редактору Игорь Коротченко белгилегендей, ЖККУнун бейпилдик контингенти киргизилгенден кийин Казакстандын күч түзүмдөрү жана аскер кызматкерлери өлкөдө укук тартибин орнотуп, өлкө боюнча чыңалууну басаңдатууну камсыз кылды. Токаевдин өтүнүчү менен ЖККУнун бейпилдик күчтөрү Казакстанга жөнөтүлөт “Бул бейпилдик күчтөрүн киргизүү кырдаалды турукташтырууда маанилүү аскердик-саясий фактор болгонунан кабар берет”, –…

Прочитайте больше

Нью-Йорктогу өрттөн 19 киши көз жумду

Нью-Йорктогу өрттөн 19 киши көз жумду

Нью-Йорк шаарынын Бронкс районундагы турак жайдан чыккан өрттөн өлгөндөрдүн саны 19 кишиге жетти, алардын ичинен тогузу балдар экени аныкталды. Шаардык өрт кызматынын башчысы аталган тилсиз жоону акыркы он жылдагы эң трагедиялуу окуя деп атады. Нью-Йорк мэринин башкы кеңешчиси Стефан Рингель курмандыктар жөнүндөгү маалыматты тастыктады. Шаардык администрациянын атын атабаган башка бир өкүлү Associated Press агенттигине балдар тууралуу кабарды ырастады. Рингель 50дөн ашуун адам ар кыл деңгээлде күйүк алганын, дагы 13 адамдын абалы оор экенин билдирди. Көбүнүн…

Прочитайте больше
1 15 16 17 18 19 47