АКШда «Ида» бороону 44 адамдын өмүрүн алды (видео)

АКШда «Ида» бороону 44 адамдын өмүрүн алды (видео)

АКШнын түндүк-чыгышындагы төрт штатта болгон суу ташкынынан кеминде 44 киши каза болду. Нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Нью-Йорктун метро линияларын суу каптап, ошондой эле авиакомпаниялардын каттамдары токтотулду, деп билдирет Reuters.Кырсык өлкөнүн Чыгыш жээгин каптап, Нью-Йорк баш болгон көптөгөн шаарларды суу каптады.“Ида” бороонунан улам бул аймакта катуу жамгыр жаап, көчөлөрдү, жер өтмөктөрдү, ошондой эле жер төлөлөрдөгү жана биринчи кабаттардагы турак жайларды суу каптады.Жергиликтүү бийлик учурда табигый кырсыктан кеминде 44 адам каза болгонун тастыктады.АКШнын президенти Жо Байден Нью-Йорк жана Нью-Жерсинин…

Прочитайте больше

Ооган аялдары митингге чыгышты

Ооган аялдары митингге чыгышты

Ондогон аялдар Ооганстанда өз укуктарын коргоо үчүн нааразылык акциясына чыгышты, деп жазат Daily Mail. Ооганстандын Герат шаарында 70ке жакын аял нааразылык акциясына чыгышып, талибдердин жаңы жетекчилигинен аялдардын укуктарын сактоо жана кеңейтүүнү талап кылышты.Эске салсак, “Талибандын” биринчи бийлиги учурунда, алар 2001-жылы АКШ жетекчилиги тарабынан кулатылганга чейин, аялдар менен кыздар негизинен билим алуудан жана жумушка орношуудан куржалак калышкан.Ошондой эле “бурка кийүү” (бетин толук жапкан кийим) коомдук жайларда милдеттүү болуп калды. Аялдар эркектердин коштоосусуз үйдөн чыга алышчу эмес,…

Прочитайте больше

Ооганстан: «Талибан» Ирандагыдай жогорку лидери бар башкаруу системасын түзөт

Ооганстан: «Талибан» Ирандагыдай жогорку лидери бар башкаруу системасын түзөт

“Талибан” Ооганстанда Ирандагыдай башкаруу системасы менен Ислам республикасын түзөт. Бул тууралуу “News18” агенттиги өз булактарына таянып билдирди. Булактын айтымында, бийликтеги биринчи адам жогорку лидер болот – ал формалдуу мамлекет башчысы, ошондой эле эң жогорку саясий жана диний авторитет болп саналат. “News18” маалыматы боюнча, бул адам талибтердин учурдагы лидери Хайбатулла Ахундзада болот. Ал ошондой эле 11ден 72 адамдан турган Жогорку Кеңештин лидери болот. Аткаруу бийлигин премьер-министр жетектейт деп божомолдонууда. Ал учурда Талибандын саясий кеңсесин жетектеген мулла…

Прочитайте больше

Индияда белгисиз оорудан адамдар каза болуп жатышат

Индияда белгисиз оорудан адамдар каза болуп жатышат

Индиянын Уттар-Прадеш штатында акыркы бир аптанын ичинде белгисиз оорудан 68 адам каза болду. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты. Белгисиз илдеттен акыркы бир сутка ичинде эле 12 киши көз жумган. Курман болгон 68 кишинин 40ы жаш балдар.   Маалыматка караганда, ооругандардын көпчүлүгүнүн дене табы көтөрүлүп, калчылдап, кандагы тромбоциттердин деңгээлинин төмөндөп кеткен. Айрымдарында катуу баш оору, булчуң оорусу, жүрөк айлануу жана лимфа түйүндөрүнүн шишүүсү сыяктуу денге синдромунун симптомдору байкалган. Табышмактуу оорууга чалдыгып жаткандарды…

Прочитайте больше

Пакистандын аскер күчтөрү чек арада оогандарга ок чыгарышты

Пакистандын аскер күчтөрү чек арада оогандарга ок чыгарышты

Пакистандын аскер күчтөрү Торхам өткөрмө бекетинин жанына өлкөгө мыйзамсыз кирүүнү каалаган ооган жарандарына карата ок чыгарды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги “Талибан” кыймылынын өкүлдөрүнө шилтеме берип билдирди. Маалыматта айтылгандай, жалпысынан он адам чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылышкан. Натыйжада үчөө каза болуп, бешөө жаракат алган. “Өлгөндөрдүн сөөгү чек ара бекетинде жатат”,- деп кошумчалаган агенттикке маалымат берген адам. Талибдер Кабулду ээлеп алган 15-августтан бери Ооганстандан чыгып кетүүнү көздөгөн качкындардын саны көбөйгөн. Алар кошуна Тажикстан, Өзбекстан, Иран,…

Прочитайте больше

Кабулдагы жардырууларда өлгөндөрдүн саны 90го жетти

Кабулдагы жардырууларда өлгөндөрдүн саны 90го жетти

Ооганстандан чыгып кетүү үчүн миңдеген адамдар чогулган Кабул аэропортуна жакын жерде эки катуу жардыруу болуп, өлгөндөрдүн саны кеминде 90го жетип, 150дөй киши жаракат алды. Бул тууралуу Кабулдун Саламаттык сактоо органдарынын өкүлү Би-Би-Сиге билдирди.Жардыруу жоопкерчилигин радикалдуу исламчылар өзүнө алды.Пентагондун маалыматтары боюнча, окуядан 13 америкалык аскер кызматчысы каза болуп, дагы 18и жаракат алышкан. Каза тапкан аскерлердин 10у деңиз пехотасында кызмат кылган.Биринчи жардыруу аэропорттун кире беришине жакын качкындар топтолгон жерде, экинчиси аба майдандан алыс эмес жайгашкан Barron мейманканасынын…

Прочитайте больше

«Талибан» музыка угууга жана аялдардын үйдөн чыгууларына тыюу салды

«Талибан» музыка угууга жана аялдардын үйдөн чыгууларына тыюу салды

«Талибан» кыймылы акырындык менен өлкөдө шарыят мыйзамдарын орнотууга кадам таштады. Музыкага тыюу салынат жана аялдарга азырынча үйлөрүнөн чыгууга тыюу болот, анткени талиб күчтөрү аялдарга коомдо туура мамиле кылууга али үйрөтүлө элек.Бул тууралуу кыймылдын өкүлү Забихулла Мужахид New York Times басылмасына берген маегинде билдирди.«Исламда музыкага тыюу салынган. Бирок биз адамдарды кысым көрсөтүүнүн ордуна мындай нерселерди жасабоого көндүрө алабыз деп үмүттөнөбүз », – деди ал.Ал эми аялдардын үйдө отуруулары боюнча мындай деп билдирилди:“Толук коопсуздук камсыз кылынмайынча, биз аялдардан үйдө…

Прочитайте больше

БУУ: Ооганстанда катуу ачарчылык болушу мүмкүн

БУУ: Ооганстанда катуу ачарчылык болушу мүмкүн

“Талибан” бийликке келгенден кийинки кризистен улам ачкачылыкка кабыла турган оогандардын саны 14 миллионго жеткенин БУУнун Азык-түлүк программасынын директору Дэвид Бизли Reuters агенттигине билдирди. Анын айтымында, акыркы бир нече жылдан берки кургакчылыктын, куралдуу чыр-чатактардын жана COVID-19 пандемиясынын айынан экономика алсырап, Ооганстанды катуу “бороон” күтүүдө.Гуманитардык кыйроонун алдын алуу үчүн БУУга сентябрга карата кеминде 200 миллион доллар керектелет. Бул мезгилде өлкөдө жашоочулар үчүн тамак-аштын запасы түгөнүп, гуманитардык жардамга муктаж оогандыктардын саны эки эсе өсүшү мүмкүн экени боолголонуп жатат.БУУ Ооганстанга керектүү…

Прочитайте больше

Дүйнөдөгү эң коопсуз шаар кайсы?

Дүйнөдөгү эң коопсуз шаар кайсы?

Эксперттер дүйнөдөгү эң коопсуз шаарды аташты. The Economist журналы дүйнөдөгү эң коопсуз шаарлардын жаңы рейтингин жарыялады.Белгилей кетсек, эксперттер жыл сайын коопсуздуктун индексин категорияларга байланыштуу 76 критерийдин негизинде эсептешет.Алар: ден соолук, жеке коопсуздук, санариптик маалыматтарды коргоо, инфраструктура жана экологиялык коопсуздуктар. Бул критерийлердин негизинде Даниянын борбору Копенгаген 2021-жылы дүйнөдөгү эң коопсуз шаар деп жарыяланган.Андан кийин Торонто (Канада) жана Сингапур (Сингапур) турат.Биринчи ондукка ошондой эле Сидней (Австралия), Токио (Япония), Амстердам (Нидерланд), Веллингтон (Жаңы Зеландия), Гонконг (Кытай), Мельбурн (Австралия) жана…

Прочитайте больше

“Талибан” АКШ долларын Ооганстандан тышка алып чыгууга тыюу салды

“Талибан” АКШ долларын Ооганстандан тышка алып чыгууга тыюу салды

“Талибандын” өкүлү АКШ долларын жана байыркы буюмдарды чет өлкөгө чыгарууга тыюу салынганын жарыялады. Белгилей кетсек,  “Талибандын” өкүлү Забихулла Мужахид Твиттерде Ооганстандан АКШ долларын жана байыркы буюмдарды тышка чыгарууга тыюу салынганын билдирди.“Талибандын” өкүлүнүн айтымында, табылган ар бир байыркы буюмдар дароо конфискацияланып, мыйзам бузгандар жоопко тартылат. Эске салсак, “Талибандын” Ооганстандын чоң бөлүгүн, айрыкча Кабулду көзөмөлдөшүнөн улам тургундар Кабулдун эл аралык аэропортуна кол салып, өлкөдөн ар кандай жол менен чыгып кетүүгө аракет кылды. Ошол эле учурда талиптер ооганстандыктарды үйлөрүнө кайтууга…

Прочитайте больше

Орусияда эмгек мигранттардын жетишсиздигинен улам, эмгек акылары 25%га жогорулады

Орусияда эмгек мигранттардын жетишсиздигинен улам, эмгек акылары 25%га жогорулады

Орусияда жумушчуларга болгон суроо-талап 2021-жылдын биринчи жарымында өстү. Белгилей кетсек, пандемиянын башталышы менен пайда болгон эмгек мигранттарынын жетишсиздиги дагы эле сакталууда. Бул тууралуу РБКнын суранычы боюнча HeadHunter атайын статистика даярдаган.Пандемиянын биринчи толкуну миграциянын төмөндөшүнө алып келди – Борбор Азия өлкөлөрүнүн жумушчулары массалык түрдө үйлөрүнө кайтып келе баштаган. Абалга байланыштуу Орусияда мигрант жумушчуларга болгон муктаждык кыйла өскөн.Орусия менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы үзгүлтүксүз аба каттамдары 2021-жылдын апрелинде гана жанданган, бирок май айында өлкөдө “пандемиянын үчүнчү толкуну”…

Прочитайте больше

Путин: Ооганстандагы абал Орусияга жана Борбор Азиянын коопсуздугуна коркунуч туудурат

Путин: Ооганстандагы абал Орусияга жана Борбор Азиянын коопсуздугуна коркунуч туудурат

Орусиянын президенти Владимир Путин «Единая Россия» партиясынын өкүлдөрү менен болгон жолугушууда Ооганстандагы абалга баа берди. Орус лидеринин айтымында, учурда оогандык качкындарды Борбор Азия өлкөлөрүнө жайгаштыруу коркунучтуу. Анткени, миңдеген качкындар арасында ар кандай террордук топтор болушу мүмкүн. Ал эми Орусияга коңушу өлкөлөрдөн визасыз кирип чыгууга мүмкүн болгон соң, Орусияга да бир катар террорчулар кирип кетиши толук ыктымал.“Биз үрөйдү учурган окуяларга 1990-2000 жылдары күбө болгонбуз. Ооганстандагы бүгүнкү көрүнүштөр ал убакта Түндүк Кавказда да болгон жана ага эч ким кайтып…

Прочитайте больше

Иранда коронавирустан каза болгондор рекорддук санга жетти

Иранда коронавирустан каза болгондор рекорддук санга жетти

Иран Ислам Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги өлкөдө акыркы суткада коронавирустан 684 бейтап каза болгонун билдирди. Белгилей кетсек, бул сан пандемия башталгандан берки рекорддук көрсөткүч болуп кады.Берилген маалыматтарга караштуу, өлкөдө акыркы бир сутканын ичинде КOVID-19 менен ооруган 36 419 жаңы пациент аныкталган.Калкы 80 миллиондук Ирандын төрттөн бир бөлүгү вакцина алды.Ал эми пандемиядан бери COVID-19га чалдыккандардын жалпы саны 4 677 114гө жетти.Тилекке каршы, акыркы 24 саатта бул оорудан 684 бейтап курман болуп, каза болгондордун жалпы саны 102…

Прочитайте больше

«Талибан» Панжшерге чабуул жасоого даярданууда

«Талибан» Панжшерге чабуул жасоого даярданууда

«Талибан» жоочулары каршылык көрсөтүү күчтөрү жайгашкан Панжшерге чабуул коюу буйругун күтүп жатышат. Радикалдуу «Талибан» кыймылынын согушкерлери өздөрүнүн көзөмөлүндө эмес Ооганстандын жалгыз провинциясы – Панжшерге кол салууга даярданып жатканын РИА Новостиге булак билдирди.Бул аймакка жүздөгөн талибтер жана курал-жарактар жайгаштырылды.Белгиленгендей, учурда согушкерлер каршылык көрсөтүү күчтөрү жайгашкан Панжшерге кол салуу боюнча буйрукту күтүп жатышат.Бир күн мурун талибтер 20 жыл мурда террорчулар тарабынан өлтүрүлгөн талибтерге каршы “Түндүк альянсынын” лидери  Ахмад Шах Масуддун уулу, жергиликтүү каршылыктын лидери Ахмад Масудга багынып берүү үчүн…

Прочитайте больше

“Талибан” “жалпы мунапыс” тууралуу жарыясынан кийин, Бадгис полиция башчысын өлүм жазасына тартты

“Талибан” “жалпы мунапыс” тууралуу жарыясынан кийин, Бадгис полиция башчысын өлүм жазасына тартты

Талибдер Оогантандын Бадгис провинциясынын полиция башчысын өлүм жазасына тартты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары маалымдашты. Мындан бир нече күн мурун Ооганстанды басып алган “Талибан” кыймылы “жалпы мунапыс” жарыялаган. Бул билдирүүдөн көп өтпөй, “Талибандын” согушкерлери Ооганстандын Гератка жакын Бадгис провинциясынын полиция башчысы Хаджи Мулла Ачакзайды өлүм жазасына тартты. Бейшемби күнү Твиттерде тараган видеодо Ачакзайдын көзү байланып, талибдердин курчоосунда тизе бүгүп турганын жана аны бир нече жолу атып салганын көрүүгө болот. Бул маалыматты Ачакзайды тааныган Ооганстандын коопсуздук боюнча…

Прочитайте больше
1 24 25 26 27 28 47