Орусияда COVID-19га каршы вакцина тамчы түрүндө жасалат

Орусияда COVID-19га каршы вакцина тамчы түрүндө жасалат

Гамалея борборунун башчысы Александр Гунцбург Орусияда тамчы түрүндөгү коронавируска каршы вакцина качан пайда болорун алдын-ала айтты. Бул тууралуу ал Биринчи каналдын эфиринен билдиргенин “Eurasia Today” агенттиги маалымдайт. Анын айтымында, мындай препарат 2021-жылдын аягында же 2022-жылдын башында пайда болушу мүмкүн. Ошол эле учурда Гунцбург мындай вакцинанын берилген мөөнөттө иштелип чыгышына кепилдик бере албастыгын баса белгиледи. Препараттын бул формасы балдарды эмдөө процессин жеңилдетет, ошондой эле иммунитеттин башка түрүн түзөт деп болжолдонууда. Апрелдин башында Гунцбург РИА Новостиге берген маегинде борбордо мурун куюлуучу…

Прочитайте больше

Кайрадан тандалган Чаддын президенти атышуудан набыт болду

Кайрадан тандалган Чаддын президенти атышуудан набыт болду

Чаддын президенти Идрис Деби Итно экстремисттерге каршы операциянын жүрүшүндө жаракаттан көз жумду. “Eurasia Today” агенттигинин маалыматына ылайык, Идрис Деби Итно козголоңчуларга каршы күрөшүп жатканда алган жаракатынан улам көз жумду.Бул тууралуу France Press агенттиги өлкөнүн мамлекеттик телеканалына шилтеме берүү менен билдирди. “Президент жана Жогорку командир Идрис Деби Итно жаңы эле көз жумду», -деп жарыялады Чад армиясынын расмий өкүлү Азема Бермандоа. Белгилей кетсек, мамлекет башчы өткөн дем алыш күндөрү өлкөнүн түндүк тарабындагы козголоңчулардын аскерлерин жок кылуу боюнча операцияны жеке өзү…

Прочитайте больше

ИШИМдин миллиондогон доллары жана алтындары табылды

ИШИМдин миллиондогон доллары жана алтындары табылды

Талкаланган Мосул шаарында ИШИМдин миллиондогон долларлары жана алтын күмүштөрү табылды. 20-апрель, 2021-жыл /Eurasia Today/. Согуштун натыйжасынан дээрлик толугу менен талкаланган Мосулдун үйлөрүнүн биринде Ирактын коопсуздук күчтөрү 1,6 млн. доллар, ошондой эле бир нече килограммдаган күмүш жана алтын монеталарды табышкан. Shafaq news жаңылыктар порталы билдиргендей, бул байлыктын бардыгы бир кездерде шаарды узак мезгилден бери көзөмөлдөп турган «Ислам мамлекети» террордук тобунун согушкерлерине таандык болгон жана алардын казынасы деп аталган жерде сакталган. Бардык акча жана баалуу металлдар жергиликтүү тургундардан…

Прочитайте больше

Иранда Covid-19га каршы массалык эмдөө башталды

Иранда Covid-19га каршы массалык эмдөө башталды

Иранда коронавирустук кырдаал күчөгөндөн улам, алгачкы массалык эмдөө 1 млн. доза менен башталды. Eurasia Today агенттиги ирандык ЖМКаларга шилтеме берип билдиргендей, Ирандын Саламаттыкты сактоо министри 20-апрелден баштап өлкөдө бир миллион адам коронавируска каршы вакцинасын алаарын жарыялады. Белгилей кетсек, Ирандын Саламаттыкты сактоо министри Саид Намаки бул тууралуу Хельсинкидеги Саясий кеңештин Европа өлкөлөрүнүн, Перс булуңунун, Чыгыш Жер Ортолук деңизинин жана Түндүк Африканын Ковид 19 пандемия аймагындагы кызматташтыгын чыңдоого арналган жогорку деңгээлдеги жыйынынын алкагында билдирди. Ал, өз өлкөсү коронавирус менен күрөшүүгө…

Прочитайте больше

Орусияда Кыргызстандын 115 миң жараны мыйзамсыз түрдө жашашат

Орусияда Кыргызстандын 115 миң жараны мыйзамсыз түрдө жашашат

Орусия КМШ өлкөлөрүнөн мыйзамсыз мигранттарын алып келүүнү талап кылды. Орусиянын Ички иштер министрлиги КМШ мамлекеттеринен өлкөдө мыйзамсыз жүргөн жарандарынын 15-июнга чейин чыгып кетишин талап кылууда. Бул тууралуу Шериктештиктин Парламенттер аралык ассамблеясынын жыйынында департаменттин башчысынын орун басары Александр Горовой билдирди. Ички иштер министрлигинин статистикасы боюнча, бүгүнкү күндө Орусияда Өзбекстандан 332 миңден ашуун, Тажикстандан 247 миң, Украинадан 152 миң, Азербайжандан 120 миң, Кыргызстандан 115 миң,  Армениядан 61 миң, Молдовадан 56 миң  жана Казакстандан 41 миң легалсыз мигранттар бар. Александр…

Прочитайте больше

Натанздагы аварияны ким жасаган?

Натанздагы аварияны ким жасаган?

Натанздагы аварияны жасаган деп айыпталуучу өлкөнүн аба чек арасынан качып кетти. Eurasia Today агенттигинин ирандык ЖМКаларга шилтеме берип маалымдоосуна ылайык, Ирандын Натанз өзөктүк заводунда авария уюштурган деп айыпталуучу өлкөнүн аба чек арасынан качып кетти. Бул  тууралуу Ирандын Ислам Консультативдик Ассамблеясынын Улуттук коопсуздук жана тышкы саясат комиссиясынын коопсуздук комитетинин башчысы билдирди. Белгилей кетсек, Натанздагы уран байытуу комплексиндеги авариянын күнөөкөрүнүн сүрөтү биринчи жолу Иран Ислам Республикасынын Биринчи каналында жарыяланды. Чалгын министрлиги бул адамдын ысымын Реза Карими деп жарыялады жана ал…

Прочитайте больше

Дүйнөдө коронавирустан көз жумгандардын саны 3 миллиондон ашты

Дүйнөдө коронавирустан көз жумгандардын саны 3 миллиондон ашты

Жон Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, дүйнөдө коронавирустан каза болгондордун саны үч миллион адамдан ашты. Бул тууралуу орус маалымат каражаттары жазып чыкканын “Eurasia Today” агенттиги кабарлайт. Аталган университеттин эксперттери жүргүзгөн статистикага ылайык, COVID-19ду жуктуруп алган адамдарда оору татаалдашып жатканыдыктан каза болгондордун саны дүйнө жүзү боюнча үч миллиондон ашты. Дүйнөдө бул илдеттен улам каза болгондордун саны 3 000 225 адамга жетти. Жалпысынан дүйнөдө COVID-19 менен ооруган 39,9 миллиондон ашык учур катталган. Буга чейин, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору…

Прочитайте больше

“11 – сентябрь” окуясынын 20 жылдыгына карата

“11 – сентябрь” окуясынын 20 жылдыгына карата

“11-сентябрь” окуясынын 20 жылдыгына карата АКШ өз аскерлерин Ооганстандан чыгарып кетет. 16-апрель, 2021-жыл, /Eurasia Today/. Америка бийлигинин Ооганстандагы өз аскерлерин 11-сентябрга чейин толук чыгарып кетүү убадаларына карабастан, талибандар Ооганстан тынчтык конференциясына катышуудан баш тартышты. Анын себеби талибандардын АКШга  ишениминин жоктугу болду. Белгилей кетсек, талибандын өкүлдөрү бардык чет элдик аскерлер өлкөдөн чыгып кетмейинче, Стамбулда өтө турган Ооганстан боюнча конференцияга катышуудан баш тартышты. Мындай билдирүү АКШнын президенти Жо Байден АКШдагы бир катар террордук актылардын 20 жылдыгына карата, 11-сентябрга чейин Ооганстандан…

Прочитайте больше

Чек ара: Кыргызстанда нааразычылыктар болууда

Чек ара: Кыргызстанда нааразычылыктар болууда

15-апрель күнү Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнө караштуу Ынтымак айылынын 100гө жакын тургуну Кемпир-Абад суу сактагычынын жээгине боз үй тигип, жол тосушканын “Турмуш” агенттиги жарыялады. 16-апрель, 2021-жыл, /Eurasia Today/. Маалыматта айтылгандай, алар УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин келип кетүүсүн талап кылышып, Өзбекстан тарапка жерди бербей тургандыктарын айтышкан. Социалдык тармакка тараган тасмаларда көрүнгөндөй, чек ара маселеси боюнча Бишкектен келген делегация жана өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Алайчиев, Кара-Суу районунун акиминин убактылуу милдетин аткаруучу Капар Адиев, райондук мамкаттоо кызматынан өкүлдөрү…

Прочитайте больше

Баткен: Зардалыга чакан ГЭС, автожол салууга 25 млн доллар коротулат

Баткен: Зардалыга чакан ГЭС, автожол салууга 25 млн доллар коротулат

Баткен облусундагы Зардалы айылына авто жол салынып, чакан ГЭС курулат. Бул тууралуу демилгени көтөрүп жаткан жеке ишкер Дүйшөн Муратов “Евразия тудей” агенттигине билдирди. Ага 25 млн. доллар керектелет. Муну ишке ашырыш үчүн ички же сырткы инвесторлордун бири тандалат. Бул тууралуу демилгени көтөрүп жаткан жеке ишкер Дүйшөн Муратов билдирди. Анын айтымында, учурда геологиялык жана гидрологиялык чалгындоо иштери жүрүп жатат. Ал аяктаган соң, алгач автожол салына баштайт. Зардалы айылында 100дөй түтүн жашаганы менен ушул убакка чейин электр энергиясы тургай, авто…

Прочитайте больше

Матраимовго карата козголгон кылмыш иши токтотулду

Матраимовго карата козголгон кылмыш иши токтотулду

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго карата козголгон кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын (УКМК) басма сөз кызматынан кабарлашты. УКМК мурда билдиргендей, 2021-жылдын 18-февралында Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып жана аны камакка алуу түрүндө ага карата баш коргоо чарасы каралган. Белгилей кетсек, бул сотко чейинки өндүрүштү баштоого Интернетте кеңири тараган Р. Матраимовдун Дубай Эмиратында кымбат мүлкү…

Прочитайте больше

Жапаров жугуштуу оорулар ооруканасындагы «кызыл зонага» барды

Жапаров жугуштуу оорулар ооруканасындагы «кызыл зонага» барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-апрелде, Бишкек шаарындагы Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасындагы «кызыл зонага» барды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет. Оорукананын башкы врачы Гүлжигит Аалиев учурда 354 бейтап дарыланып жатканын, алардын 14ү өтө оор абалда, 144ү оор абалда экенин маалымдады. Ал медициналык мекеменин иши, бейтаптарды дарылоо жана медициналык жардам көрсөтүүнүн сапаты жөнүндө айтып берди. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев өлкө аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы көрүлүп жаткан чараларга токтолуп, пандемиянын…

Прочитайте больше

Иран уранды 60 пайызга чейинки деңгээлде байыта баштайт

Иран уранды 60 пайызга чейинки деңгээлде байыта баштайт

Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Аббас Арагчи өзөктүк келишим боюнча биргелешкен комиссиянын жыйынында өлкөсү уранды 60 пайызга чейинки деңгээлде байыта баштарын билдирди. Бул тууралуу “EurasiaToday” агенттиги” ирандык басылмаларга шилтеме берип кабарлайт. Өзөктүк келишим боюнча 5 + 1 тобунун биргелешкен комиссиянын жыйынына катышуу үчүн Венага барган Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Сейед Аббас Арагчи кечээ, 13-апрелде өлкөсү уранды 60 пайызга чейинки денгээлде байытууну баштаганын жар салды. Анын айтымында, Иран кечээ күнү Атомдук энергия боюнча эл аралык…

Прочитайте больше

Кыргызстанда канча киши Covid-19га каршы эмдөө алды?

Кыргызстанда канча киши Covid-19га каршы эмдөө алды?

Өлкөдө акыркы сутка ичине коронавирус менен 240 адам катталып, 2сү каза болду. Eurasia Today  агенттигинин маалыматына ылайык, кытайдын «Beijing Institute of Biological Product Co.Ltd” компаниясынан чыгарылган коронавируска каршы “Синофарм” вакцинасын бүгүнкү күндө 3807  кыргызстандыктар алды.Бул тууралуу Саламаттыкты Сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Эмдөөнү Бишкекте 503, Ош шаарында 435, Чүй облусунда 432, Ош облусунда 1469, Ысык-Көл 217, Талас 10, Нарын 379, Жалал Абад 299 жана Баткенде 63 бейтап алган. Белгилей кетсек, “Синофарм” вакцинасы эки ирет, 25-28…

Прочитайте больше

Муфтият: Никеге туруу максатында кыз ала качуу арам

Муфтият: Никеге туруу максатында кыз ала качуу арам

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы уурдалып, киши колдуу болгон 27 жаштагы Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу жалпы кыргызстандыктарга кайрылып, никеге туруу максатында кыз ала качуу арам экендигин жана шариятта ала качууга тыюу салынганын эскертти. Бул тууралуу “Eurasia Today” агенттиги муфтиятка шилтеме берүү менен маалымдайт. Муфтият адамдын жаны аманат экендигин дагы бир ирет баса белгилеп, үйлөнөм деп башканын тагдырына балта чаппаш керектигин кошумчалады. «Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы Айзаданын ата-энесине, бир туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Шариятыбызга жана…

Прочитайте больше
1 35 36 37 38 39 47