Японияда катуу жамгырдан улам 10 миңдеген адамдар жай которушууда

Японияда катуу жамгырдан улам 10 миңдеген адамдар жай которушууда

Япониянын алты префектурасында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам суу каптоо жана жер көчкү коркунучу жаралып, 107 миңден ашуун киши убактылуу жер которууга мажбур болууда. Бул тууралуу Известия басылмасы жазды. Япониянын Хонсю аралынын түндүгүндө, түндүк-батышында жана түндүк-чыгышында нөшөрлөгөн жамгыр уланууда. Жамгырдын ылдамдыгы айрым аймактарда 161 мм/саатка жетүүдө. Өлкө бийлиги Хонсю аралынын жашоочуларына үйлөрдөн чыгып, эвакуациялоо борборлоруна көчүү буйругун берди. Бул жерлерде жаандан улам бир нече дарыялар жээгинен ашып кеткен. Бул аймактарда коркунучтун эң жогорку деңгээли байкалып жаткандыктан, бешинчи деңгээлдеги…

Прочитайте больше

Кытай Тайванга жакын сууларга баллистикалык ракеталарды учурду

Кытай Тайванга жакын сууларга баллистикалык ракеталарды учурду

Кытайдын армиясы Тайвань булуңундагы машыгуулар учурунда бир нече баллистикалык ракеталарды учурду. Бул тууралуу Тайвандын борбордук маалымат агенттиги жергиликтүү коргоо министрлигине шилтеме берүү менен билдиргенин РИА Новости жазды. “Болжол менен саат 13:56да (Москва убактысы менен 08:56) Кытайдын Коммунисттик партиясы Тайвандын түндүк-чыгышындагы жана түштүк-батышындагы сууларга Дунфэн сериясындагы бир нече баллистикалык ракеталарды учурду”, – деп айтылат билдирүүдө. Бир күн мурун Кытайдын мамлекеттик Global Times гезити өлкө армиясы Тайван булуңу аркылуу узак аралыкка учуучу согуштук артиллерияны жана DF-17 (Дунфэн-17)…

Прочитайте больше

Иранда сел жүрдү

Иранда сел жүрдү

Селде каза болгондордун саны 90го жетти. Иранда борбор шаар Тегеран жана өлкөнүн чоң бөлүгүн таасири астына алган жамгырдан улам сел жүрүп, селде каза болгондордун саны 14 сөөктүн дагы табылышы менен 90го жетти.  Иран Кызылайынын төрагасы Пир Хүсейин Куливенд Ирандын расмий маалымат агенттиги ИРНАга берген билдирүүсүндө сел апаатында каза болгондордун саны 90го жеткендигин, 8 кишинин дагы деле дайынсыз экендигин белгиледи.  Иран расмий булактарына караганда сел болгон 24 аймакта издөө  –  куткаруу иштери менен бирге селден жабыр тарткандарга…

Прочитайте больше

Пелосинин Тайванга сапарына кытайлык өкүл каршылык көрсөттү

Пелосинин Тайванга сапарына кытайлык өкүл каршылык көрсөттү

Чжан, Пелосинин Тайванга жасай турган сапары тууралуу сереп салды. Кытайдын БУУдагы туруктуу өкүлү Чжан Цзюнь, АКШнын Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин Тайванга сапарынын Кытайдын эгемендигине доо кетирерин айтты. БУУнун Коопсуздук Кеңешинин август айындагы төрагалыгынын Кытайга өткөрүлүп берилгенине байланыштуу маалымат жыйын уюштурган Чжан, Индо-Тынч океан жолугушууларынын алкагында Пелосинин Тайванга жасай турган сапары тууралуу сереп салды.  Чжан, Пелосинин Тайванга ыктымалдуу сапары үчүн: «Мындай визит Кытайдын эгемендигине жана аймактык бүтүндүгүнө, Тайвань кысыгындагы тынчтыкка жана коопсуздукка доо кетирет, ошондой эле Пекин…

Прочитайте больше

Ирандагы табигый кырсык: Садыр Жапаров Иран элине жана президентине көңүл айтты

Ирандагы табигый кырсык: Садыр Жапаров Иран элине жана президентине көңүл айтты

 Президент Садыр Жапаров Иран Ислам Республикасынын президенти Сейед Эбрахим Раисиге Ирандагы суу ташкындарынын кесепеттерине байланыштуу көңүл айтты. «Иран Ислам Республикасынын көптөгөн аймактарын нөшөрлөп жааган жамгыр жана суу ташкындары бүлгүнгө учуратып, адам курмандыктарына алып келгендиги тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Жалпы Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан жаратылыш кырсыгынын кесепетинен каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм. Жабыр тарткан жарандардын тез арада айыгып кетүүсүн каалайм», — деп айтылат Мамлекет башчысынын…

Прочитайте больше

Иранда селден каза болгондордун саны 56га жетти

Иранда селден каза болгондордун саны 56га жетти

Соңку жумада Ирандын бир катар провинцияларында нөшөрлөп жааган жаандан улам сел жүрүп, каза болгондордун саны 56га жетти.  Бул тууралуу өлкөнүн Кызыл Жарым Ай коомунун куткаруу бөлүмүнүн башчысы Мехди Валипур билдирди. “Табигый кырсыктан каза болгондордун саны 56га жетип, 39у жаракат алып, 28 адам дайынсыз болууда”, – деди ал.   Учурда дайынсыз болгондорду издөө операциялары уланууда.  Валипурдун айтымында, табигый кырсыктан Исфахан, Йезд, Лорестан, Мазандеран, Тегеран, Чехармехал жана Бахтиярия провинциялары эң көп жапа чеккен. Буга чейин селден 32…

Прочитайте больше

Мыйзамсыз жөөт конуштарынын саны көбөйүүдө

Мыйзамсыз жөөт конуштарынын саны көбөйүүдө

Евробиримдиктин Палестина өкүлчүлүгү, Израилдин Батыш Шериа жана Чыгыш Кудста мыйзамсыз жөөт конуштары боюнча 2021-жылдагы отчетун жарыялады. Европа Биримдиги (ЕБ), басылып алынган Чыгыш Кудс жана Батыш Шериадагы мыйзамсыз жөөт конуштарында жаңы турак жайлардын саны 2021-жылы 22 миңге жеткенин билдирди. Евробиримдиктин Палестина өкүлчүлүгү, Израилдин Батыш Шериа жана Чыгыш Кудста мыйзамсыз жөөт конуштары боюнча 2021-жылдагы отчетун жарыялады. Отчетто Батыш Шериа жана Чыгыш Кудста мыйзамсыз жөөт отурукташуу пландарынын мурунку жылдарга салыштырмалуу ылдамдаганы жана 22 миң 30 жаңы турак жай…

Прочитайте больше

Индиянын тарыхында экинчи ирет аял президент болду

Индиянын тарыхында экинчи ирет аял президент болду

Индияда президенттик шайлоодо Улуттук демократиялык альянстын талапкери Драупади Мурму жеңип чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты. Ал штаттардын жана аймактардын парламенттеринин жана жергиликтүү ассамблеяларынын мүчөлөрүнүн ичинен шайлоочулардын 64% добушун алды. Ал эми анын оппозициядагы атаандашы Яшвант Синха 36% добушка ээ болду. Драупади Мурму өлкөнүн бардык штаттарында добуш алган, негизги атандашы Синха үч штатта утулуп калды. Ал өлкөнүн тарыхында мамлекет башчы болгон экинчи аял. Биринчиси 2007-2012-жылдары өлкөнү башкарган Пратибха Девисингх Патил болгон. Мурму азыркы президент Рам Натх…

Прочитайте больше

Испания менен Португалияда ысыктан 1700дөн ашуун адам каза болду

Испания менен Португалияда ысыктан 1700дөн ашуун адам каза болду

Испания менен Португалияда адаттан тыш ысыктан улам 1700дөн ашуун адам каза болду. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) Европадагы бюросунун башчысы Ханс Клюгенин бүгүн, 22-июльда жарыялаган билдирүүсүндө айтылат.  Клюге токой өрттөрү учурда алыскы түндүктө, Скандинавияда дагы болуп жатканына тынчсызданып жатканын айтып, бул аптада Лондондогу өрттөн 41 үй жок болгонун билдирди. Испаниянын айрым аймактарында абанын температурасы 45 градуска чейин жеткен. Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, он күндүн ичинде 1000ден ашуун испаниялыктар катуу ысыктан каза болгон.  Алардын…

Прочитайте больше

Ирандын түштүгүндө жүргөн сел кеминде 11 адамдын өмүрүн алды

Ирандын түштүгүндө жүргөн сел кеминде 11 адамдын өмүрүн алды

Ирандын Фарс провинциясында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам, катуу сел жүрүп, 11 адам каза болду. Бул тууралуу ирандык басылмалар жазышты. Маалыматка караганда, селден кеминде 55 адам жабыркаган. Учурда 13ү дайынсыз болууда. Кырсыктан жабыркагандар тууралуу акыркы маалыматты жергиликтүү Кризистик башкаруунун башкы директору Халил Абдуллахи билдирди. Анын айтымына караганда, кырсыкка нөшөрлөп жааган жамгыр себеп болгон. Суу ташкынынан кийин дароо куткаруу топтору кырсык болгон жерге барып, жабыркагандарга жардам көрсөтүшкөн. Облустук бийликтин маалыматы боюнча, учурда жабыркагандардын жалпы саны 55 адамды түзөт. Бирок бул акыркы көрсөткүч…

Прочитайте больше

Жо Байден коронавирус жуктурупм алды

Жо Байден коронавирус жуктурупм алды

АКШнын президенти Жо Байден COVID-19 жуктуруп алды.  Бул тууралуу Ак үй кабарлаганын чет элдик басылмалар жазышты. Байден толук эмдөө курсунан өтүп, эки жолу ревакцинацияланган. Учурда обочолонуу режимине өткөнү жана анда оорунун белгилери жеңил өтүп жатканы айтылды.  “Ал Ак үйдүн кызматкерлери менен телефон аркылуу байланышууда жана пландаштырылган жолугушууларга резиденциядан онлайн катышат”, – деп жазылат маалыматта. Президент тапшырган тесттен коронавирустун терс жыйынтыгы чыкканда гана кадимки режимде иштөөгө кайтып келет.  Белгилей кетсек, АКШнын президенти 13-июлдан 16-июлга чейин Жакынкы…

Прочитайте больше

Багдаддагы элчилигинен түрк желегин түшүрүү

Багдаддагы элчилигинен түрк желегин түшүрүү

Бир нече миңдеген ирактыктар шаршембиде Анкаранын Багдаддагы элчилигинин алдына чогулуп, Түркиянын өлкөнүн түндүгүндөгү аскерий агрессиясына нааразылык билдиришти.  Fars News агенттигинин маалыматына ылайык, Ирактын маалымат каражаттары бейшемби күнү эртең менен Түркиянын Багдаддагы элчилигинин алдында массалык демонстрациялар болгонун кабарлашты. “Sabrin News” гезити Түркиянын өлкөнүн түндүгүндөгү аскерий агрессиясына нааразылык билдирип, Анкаранын Багдаддагы элчилигинин алдына бир нече миңдеген ирактыктар чогулганын кабарлады. Маалыматтарга караганда, Түркиянын Ирактын түндүгүнө кол салуусуна каршы чыккандар өлкөнүн Багдаддагы элчилигинин алдына чогулгандан кийин бул имараттын үстүндөгү…

Прочитайте больше

Пакистанда нөшөр: 90 адам каза болду

Пакистанда нөшөр: 90 адам каза болду

1-июндан бери нөшөрлөп жааган жамгырдан каза болгондордун саны 90го жетип, 63 адам жаракат алды. Пакистандын Белужистан провинциясында 1-июндан бери уланып жаткан нөшөрлөгөн жамгырдан каза болгондордун саны 90го жетти. Белужистандын Апаат Башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда, Кетта жана Жаффарабад шаарларында акыркы 24 саатта жааган жамгырдан улам дагы 3 киши каза тапты. Аймакта 1-июндан бери нөшөрлөп жааган жамгырдан каза болгондордун саны 90го жетип, 63 адам жаракат алды. Аймак боюнча 706 айыл чарба жаныбары селден кырылып, 4000ге жакын үй жараксыз абалга…

Прочитайте больше

Өзбекстанда ысыктан улам 4 миңден ашык адам ооруканага түштү

Өзбекстанда ысыктан улам 4 миңден ашык адам ооруканага түштү

Өзбекстанда акыркы 4-5 күндүн ичинде катуу ысыктан жабыр тарткан 4 миңден ашуун адам ооруканага жаткырылды. Жалпысынан өлкө боюнча жарандардан медициналык тез жардам кызматына 130 миңдей кайрылуу болгон. Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги катуу ысык башталган 17-июлдан 20-июлга чейинки аралыкта 23421 адамдын ден соолугунун абалы оорлошконун, дарыгерлерге кайрылгандардын ичинен 4215 адам ооруканага жаткырылганын билдирди. Бул убакыт аралыгында Ташкент шаарында эле медициналык тез жардам кызматына 11 821 чалуу болгон. Шаардагы ооруканаларга 2185 адам түшкөн. Буга чейин Узгидромет шашылыш…

Прочитайте больше

Сейед Хасан Насралла: Ливан укугуна жетмейинче, сионисттик режимге уруксат берилбейт

Сейед Хасан Насралла: Ливан укугуна жетмейинче, сионисттик режимге уруксат берилбейт

Хизбулланын баш катчысы өзүнүн жылдык «Ашура» сөзүндө Ливан согушту каалабайт, бирок ал татыктуусун ала албаса, сионисттик режимге мунай ресурстарын чыгарып кетүүгө уруксат берилбейт деп билдирди. Аль-Алам  агенттигинин маалыматына ылайык, Ливан “Хезболланын” баш катчысы “Сейд Хасан Насралла” миссионерлер жана аалымдардын катышуусу менен өтүп жаткан жылдык Ашура жыйынында мындай деп баса белгиледи: “Эгер Ливан мунай жана газ ресурстарын казуу укугуна ээ болбосо, сионисттик режим бүтүндөй оккупацияланган Палестинада аны чыгаруусуна жол берилбейт.  “Аль-Ахбар” кабарына ылайык, ал мындай кошумчалаган:…

Прочитайте больше
1 5 6 7 8 9 47