Европада ысыктан улам чыккан токой өртүндө 100 миң гектардан ашык аянт күйүп кетти. Аптаптан улам Испания менен Португалияда каза болгондордун саны миңден ашты. Европада ысыктан улам чыккан токой өртүндө 100 миң гектардан ашык аянт күйүп кетти. Испания бийлиги өлкөдө катуу ысыктан улам 510 адам каза болгонун, ушул убакка чейин 70 миң гектардан ашуун жер күйүп кеткенин, бул акыркы 10 жылдагы эң жогорку көрсөткүч экенин билдирди. Өткөн аптада Португалияда 47 градуска жеткен ысыктан 659 адам каза…
Прочитайте большеДүйнө
Ооганстанда Тажикстан аймагын аткылаган топ кармалды
Талибан өкмөтү Ооганстан аймагынан Тажикстан менен Өзбекстанды аткылаган кылмыштуу топ кармалганын кабарлады. 16-июлда Талибандын расмий өкүлү Забиулла Муджахиддин “Твиттерде” билдиришинче, талибдердин атайын бөлүгү 15-июлга караган түнү Кундуз провинциясынын Имам Сахиб уездиндеги Канжага айлында харижиттердин (ИМ жоочулары) борборун талкалаган. “Атайын операциянын жыйынтыгында кылмыштуу топтун үч мүчөсү өлтүрүлүп, бешөө камакка алынган. Алардын автоунаалары менен курал-жарактары конфискацияланган. Мунун алдында алар Өзбекстан менен Тажикстанды ракеталар менен аткылаган”, – деп жазды Талибандын расмий өкүлү. Азырынча бул билдирүүнү көз карандысыз булактардан тастыктоого мүмкүн…
Прочитайте больше«Гадир Хум»; Ислам революциясынын жогорку лидери бир катар соттолгондорду кечирүүгө же жазаларын жеңилдетүүгө макул болду.
Ислам революциясынын жогорку лидери бир катар соттолгондорду кечирүүгө же жазаларын жеңилдетүүгө макул болду. Курман айт (курман айт) жана Гадир-Хум майрамдарынын келишине байланыштуу Ислам революциясынын жогорку лидери коомдук жана революциялык соттор, соттор тарабынан соттолгон бир катар адамдарды кечирүүгө же жазаларын жеңилдетүүгө макул болду. Ислам революциясынын жогорку лидеринин кеңсесинин сайтынын маалыматына караганда, Ирандын сот бийлигинин башчысы Хужатул-Ислам валь-Муслимин Голам-Хусейн Мохсени-Эжей Ислам революциясынын жогорку лидери аятоллага жазган катында. Хаменеи ырайым кылуу иштери кечирим берүү комиссиясында каралып, жарамдуу деп…
Прочитайте большеХашоггинин өлтүрүлүшү; Бенсалмандын баш тартуусу жана Байдендин жактоосу
Жамал Хашоггинин коркунучтуу өлтүрүлүшү үчүн аны изоляциялоону убада кылган Сауд Арабияга сапары учурунда Байден Саудиянын мураскор ханзаадасы менен жолуккандан кийинки билдирүүсүндө ал киши Хашоггини өлтүрүүгө тиешеси жок экенин айткан. Fars News Agency International Group агенттигинин маалыматына ылайык, АКШнын президенти Жо Байден Саудиянын мураскор ханзаадасы Мухаммед бин Салман менен жылмайып, кол алышып учурашкандан кийин Жиддадагы маалымат жыйынында саудиялык оппозициячыл журналист Жамал Хашоггинин өлтүрүлүшү боюнча маселе ЦРУ бен Салмандын ырастаганын тастыктаганын айтты. Хашоггинин өлтүрүлүшүнө Салмандын катыштыгы бар,…
Прочитайте большеИзраиль Газага абадан кол салды
Израиль армиясынан берилген маалыматта аскердик учактардын Хамаска таандык жер астындагы ракета чыгаруучу жерди бутага алгандыгы билдирилди. Израилдин аскердик учактарынын Газанын түштүк – батышында Хамаска таандык бир жерди аткылагандыгы белгиленди. Израиль армиясынан берилген маалыматта аскердик учактардын Хамаска таандык жер астындагы ракета чыгаруучу жерди бутага алгандыгы билдирилди. Кол салуунун түнү Газадан Израилге учурулган ракеталарга жооп катары ишке ашырылгандыгы, бутага алынган жердин Газадагы ракета чыгаруучу жерлердин эң чоңу экендиги тууралуу маалымат берилди. Кол салуудан улам аймакта катуу жарылуу…
Прочитайте большеБорбор Азия өлкөлөрүндө экстремисттик-террордук коркунуч дагы эле күч
Борбор Азия аймагында, анын ичинде Кыргызстанда экстремисттик-террордук коркунуч жоголо элек. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Борбор Азия чөлкөмүндө экстремисттик жана террордук коркунучтун даражасы ашкере жогорулагандыгын акыры шардана кылды. Аталган мамлекеттик мекеме эл аралык экстремисттик жана террорчул уюмдар аймактагы өлкөлөрдүн ички чыр—чатактарына деле абдан батыл жана дагы өтө эле активдүү аралашууга умтулуп жатышкандыгын танган жок. Расмий маалыматка караганда, согуштан башы чыкпаган Ооганстандын түндүк провинцияларында топтолгон түрдүү мыйзамсыз куралдуу түзүмдөр жана эл аралык террордук уюмдар позицияларын ого…
Прочитайте большеБатыш Африкада 4 жылда 14 миң 500 адам каза болду
Батыш Африкада күчөгөн террордук кол салуулардан улам 4 жылда 14 миң 500 адамдын каза болгондугу билдирилди. Батыш Африкада күчөгөн террордук кол салуулардан улам 4 жылда 14 миң 500 адамдын каза болгондугу билдирилди. Батыш Африка мамлекеттеринин Экономикалык коомчулугунун (ECOWAS) мурдагы комиссиясынын төрагасы Жан-Клод Касси Броу жана жаңы дайындалган Комиссиянын төрагасы, доктор Омар Алиеу Турай, Нигериянын борбору Абуджада жолугушту. Броу бул жердеги билдирүүсүндө Батыш Африка өлкөлөрүнүн эң негизги проблемаларынын бири — терроризм экендигин белгиледи. Аймакта акыркы 4 жылда көбөйгөн террордук кол…
Прочитайте большеДүйнө калкынын саны 8 миллиардга жетет
Бириккен Улуттар Уюмунун Экономикалык жана социалдык иштер департаменти “Дүйнө калкынын келечеги 2022” баяндамасын жарыялады. Дүйнө калкынын саны ноябрда 8 миллиардга жетет. Бириккен Улуттар Уюмунун Экономикалык жана социалдык иштер департаменти тарабынан жарыяланган “Дүйнө калкынын келечеги 2022” баяндамасына ылайык, 2022-жылдын 15-ноябрында дүйнө калкынын саны 8 миллиардга жетет. Отчетто дүйнө калкынын 2030-жылы 8,5 миллиардга, 2050-жылы 9,7 миллиардга, 2080-жылы 10,4 миллиардга жетээри жана 2100-жылга чейин бул деңгээлде кала турганы болжолдонду. Отчеттогу маалыматка караганда, өлкөлөрдүн орточо жашы 19дан (Сахаранын түштүгүндөгү…
Прочитайте большеИндияда сел жүрдү
Селде 15 киши каза болду. Индияда катуу жамгыр жаап, сел жүрүп, 15 киши каза болду. Өлкөдө катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп Кашмир шаарындагы Амарнат Хинду храмынын айланасындагы 25тен ашуун чатыр кулады. Жетекчилер окуяда 15 кишинин каза болгондугун, 50 кишинин дайынсыз жоголгондугун билдиришти. Индия армиясы окуя болгон жерге издөө – куткаруу жана саламаттыкты сактоо топторунун жиберилгендигин, өзгөчө жаралуулардын ооруканаларга алып берилгендыгын кабарлашты.
Прочитайте большеЕвропа Биримдигинде Covid-19дун жаңы толкуну
EMA кызматкерлери Ковид-19 жана вакциналарга байланыштуу акыркы абал боюнча маалымат жыйын өткөрүштү. Европа Биримдигинин (ЕБ) Дары-дармектерди жөнгө салуу агенттиги (EMA), ЕБнин Ковид-19нун жаңы толкунун башынан өткөрүп жатканын билдирди. EMA кызматкерлери Ковид-19 жана вакциналарга байланыштуу акыркы абал боюнча маалымат жыйын өткөрүштү. EMAнын вакцина стратегиясы боюнча жооптуу кызматкери Марко Кавалери, ЕБнин көптөгөн өлкөлөрүндө омикрон вариантынын өтө жугуштуу мутациялары себеп болгон Ковид-19дун жаңы толкуну болуп жатканын айтты. BA.4 жана BA.5 мутацияларынын бардык континентте үстөмдүк кылышынын күтүлгөнүн белгилеген Кавалери:…
Прочитайте большеШри-Ланкада миңдеген демонстранттар президенттик сарайды басып алды
Бүгүн, 9-июль Шри-Ланканын борбору Коломбо шаарында массалык түрдө нааразычылык акциясына чыккан эл полициянын тосмолорун бузуп өтүп, президенттик сарайды басып алышты. Президент Готабая Раджапакса демонстранттар анын резиденциясын курчоонун алдында ал жерден чыгып кетүүгө үлгүргөн. Полиция демонстранттарды таркатуу үчүн суу менен атып, көздөн жаш агызуучу газ колдонууда. Башаламандык учурунда кеминде 33 киши жаракат алганы айтылууда. Чукул жыйынга чогулган партиялык лидерлер өлкө президенти Готабая Раджапаксаны кызматтан кетүү тууралуу арызын берүүгө чакырышты. Шри-Ланка 1948-жылы эгемендик алгандан бери эң…
Прочитайте большеСиндзоАбэколсалуудануламказаболду
Япониянын мурдагы премьер-министри Синдзо Абэ кол салуудан кийин алган жараатынан улам каза болду. Бул тууралуу РИА Новости NHK телеканалына шилтемке берүү менен жазды. Саясатчы Нара шаарынын Медициналык университетинин ооруканасында каза болгон. Ал 67 жашта болчу. Абэге кол салуу жергиликтүү убакыт боюнча саат 11.30дар чамасында болгон. Чабуулчу экс-премьер Нара шаарында эл алдында сүйлөп жаткан маалда артынан 10 метр аралыктан эки жолу ок аткан. Абэ мойнунан жана көкүрөгүнөн жаракат алган. Саясатчы тик учак менен ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер ага кан куюп, бир…
Прочитайте большеӨзбекстанга Ооганстан тараптан беш ракета атылды
5-июлда жергиликтүү убакыт боюнча саат 16.20ларда Өзбекстандын аймагына Ооганстан тараптан беш ракета атылган. Бул тууралуу Өзбекстандын Ички иштер министрлиги билдирди. «Түшкөн снаряддар жарылган эмес. Мындан улам адам курмандыктары болгон жок. Термез шаарынын «Мажнунтол» айылындагы жеке турак жайларга зыян келтирилген. Ал эми бешинчи снаряд футбол талаасынан табылды. Алардын баардыгын саперлер зыянсыздандырды», – деп жазылат маалыматта. Ушул тапта Өзбекстандын тийиштүү мекемелери ооган тарап менен окуянын себептерин иликтеп жатышат. 18-апрелде социалдык тармактарда Ооганстандын аймагынан Өзбекстандын Сурхандарья облусундагы аскердик…
Прочитайте большеАвстралияда 85 миң адамды эвакуациялоо чечими
Катуу жамгырдын себебинен дамбалар жана каналдар ташкындаган Сиднейде шаардын көпчүлүк бөлүгү селге багынды. Австралиянын Жаңы Түштүк Уэльс (NSW) штатынын борбору Сиднейде 30-июндан бери уланып жаткан нөшөрлөгөн жамгыр жана селдерден улам шаардагы жана анын айланасындагы аймактардан 85 миң кишиге эвакуация чечими чыгарылды. Акыркы күндөрдө күчөгөн жамгырдын себебинен дамбалар жана каналдар ташкындаган Сиднейде шаардын көпчүлүк бөлүгү селге багынды. Жаңы Түштүк Уэльстин премьер-министри Доминик Перротет, үйлөрүн суу каптаган же селден улам коркунучта турган 85 миң кишинин эвакуациялана турганын…
Прочитайте большеЙеменде жарылуу болду
Жарылууда 6 киши каза болуп, 30 киши жараланды. Йемендин Эбян провинциясында курал сактоочу жайда болгон жарылууда 6 киши каза болуп, 30 киши жараланды. Аймактын тургундарынан алынган маалыматка караганда, Эбяндын Левдер шаарында курал сатуучуга таандык 3 кабаттуу имараттагы кампада жарылуу болду. Саламаттык сактоо булактарынан алынган маалыматка караганда, толугу менен талкаланган кампанын урандыларында 6 адам каза болуп, 30 адам жаракат алды. Махнеф ооруканасына жаткырылган жаралуулардын айрымдарынын абалынын оор экендиги кабарланды.
Прочитайте больше