Аялдардын стресске кабылган жумуштарда иштөөсү алардын тукумсуз болушуна шарт түзөт

Аялдардын стресске кабылган жумуштарда иштөөсү алардын тукумсуз болушуна шарт түзөт

Жаңы иликтөөлөрдүн негизинде аялдардын басымдуу жумуштары алардын тукумсуз болууларына көрүнөөрлүк себеп болоору аныкталды. Fars агенттигинин илимий тобу Daily Mail порталына шилтеме берип маалымдоосуна ылайык, жаңы изилдөөлөрдүн натыйжасы аялдардын стресстүү кесиптери алардын тукумсуздугуна шарт түзөөрүн далилдеди. Бостон ЖОЖнун илимпоздорунун иликтөөлөрү боюнча, аялдардын психологиялык жактан басымдуу жайларда эмгектенүүлөрү алардын боюнда болуу мүмкүнчүлүктөрүнүн төрттөн бир бөлүгүн жок кылмакчы. Белгилей кетсек, бул изилдөөлөр 5 миң аялга карата жасалган. Алардын жумуш шарттары канчалык оор жана стрестүү болсо, алардын боюна бүтүү шарттарына…

Прочитайте больше

Кайсы азыктарды ачкарын жегенге болбойт?

Кайсы азыктарды ачкарын жегенге болбойт?

Айрым азыктарды ачкарын жесе, ашказанга зыян келтирет. Fars агенттигинин илимий тобунун маалыматына ылайык, Спутниктин билдирүүсүнүн негизинде бадыраң, помидор, апельсин, банан, алмурут жана башка азыктарды ачкарын жеш сунушталбайт. Төмөнкүдө бул азыктарды ачкарын жегенде кандай терс таасирлер болоорун билсеңиз болот: 1-Апельсин: апельсин жемишин ачкарын жесе, ашказан кислотасын көбөйтүп, анын былжырлуу кабыгына жагымсыз таасир этип, оору пайда кылуу менен кээде кусууга алып барат. 2-Алмурут: алмурутта чийки фиберлер көп болгондуктан, бош турган ашказандын кабыгын кырып, катуу оорутат. 3-Банан: ал эми бананда магний  көп…

Прочитайте больше

Дүйнөдөгү эң коркунучтуу жугуштуу оору кайсы?

Дүйнөдөгү эң коркунучтуу жугуштуу оору кайсы?

Дүйнөдө эң көп адам өлүмү катталган жугуштуу оору кургак учук оорусу болуп саналат. Fars агенттигинин илимий тобунун маалыматына ылайык, кургак учуктан катталган өлүмдөрдүн саны азайганы менен бул оору дагы деле дүйнөдөгү өлүм алып келүүчү эң коркунучтуу жугуштуу ооорулардын тизмесинде биринчи катталууда. Спутник агенттиги Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунун адистер төмөнкүдөй маалыматты жарыялаганын кабарлады: 2000-жылдан бери кургак учуктан каза тапкандардын саны дүйнө жүзү боюнча 54 млн. адамга азайганы менен, азыркыга чейин бул илдет менен күрөшүүгө жетишээрлик чаралар…

Прочитайте больше

Көпчүлүк адамдардын эпилепсия тууралуу маалыматы аз

Көпчүлүк адамдардын эпилепсия тууралуу маалыматы аз

Ирандын Эпилепсия форумунун жетекчиси: Тилекке каршы адамдардын көбүнчөсү эпилепсия боюнча туура маалыматтарга ээ эмес жана айрым ырым-жырымдарга ишенишет. IRNA агенттигинин маалыматына ылайык, Ирандын Эпилепсия форумунун жетекчиси Дарвиш Насби форумдун 33-конференциясында сөз сүйлөп мындай деди: Эпилепсияны дарылоодо бир гана дары-дармектер жетишсиз.  Бейтаптын абалына анын жашоо шарты, кесиби, окуусу, уйкусу, тамактануусу жана маанайы да таасир берет. Эпилепсияны өз убагында текшериш керек, анын айрымдары коркунучсуз болгону менен айрымдары ден соолукка коркунучтуу. Эпилепсияга кабылган адамдар ар дайым дарыларын үзбөй ичүүлөрү…

Прочитайте больше

Өзбекстанда ата мекендик дарылар өндүрүлүүдө

Өзбекстанда ата мекендик дарылар өндүрүлүүдө

Өзбекстандын дары-дармек чыгарган агенттигинин жетекчиси Орусиянын дары өндүрүүчүлөрү менен жолугушууда, Ташкент өлкөдө жетишпеген дарыларды чыгарып жатканын билдирди. Fars агенттигинин маалыматына ылайык, Ташкент шаарында Өзбекстандын дары өндүрүүчү агенттигинин башчысы Азиз Абдулаев Орусиянын дары-дармек өндүрүүчү компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууда Орусиянын компаниялары Өзбекстандын дары-дармек өнөр жайы жана жергиликтүү өндүрүүчүлөр менен таанышып чыгышты. “Өзбекстан дары-дармектин импортунун үлүшүн кыскартууну көздөөдө жана жергиликтүү өндүрүшкө басым жасоодо. Азыркы учурда Кытай, Индия жана Корея компаниялары Өзбекстанда дары-дармек өндүрүү тармагын өнүктүрүүгө кызыгып жатышат”, –…

Прочитайте больше

Аялдардын салматтыгын кантип сактоо керек?

Аялдардын салматтыгын кантип сактоо керек?

Аялдардын бетиндеги бырыштар жүрөк оорусунун белгиси. Mehr агенттигинин маалыматына ылайык, Салматтыкты сактоо чөйрөсүндө жарыяланган эң маанилүү акыркы кабарлардын негизинде төмөнкү маалыматтар берилди: Абанын булгануусу бөйрөккө зыян келтирет;  Мичиган ЖОЖунун илимпоздору тамеки тартуунун зыянына окшош эле абанын булгануусу бөйрөккө терс таасирин тийгизээрин аныкташты. Иликтөөлөрдүн негизинде бөйрөк оорулары аба өтө булганган жерлерде көп кездешкен. Аялдардын саламаттыгын кантип сактоо керек? Жүрөк ооруларынан каза тапкандардын саны акыркы убактарда азая түшкөнү менен аялдар арасында бул көрсөткүч дагы деле өз ордунда турууда….

Прочитайте больше

Тамакты мүнөздөп ичүү рак оорусунан көз жумууну 65%га кыскартат

Окумуштуулар жаңы иликтөөлөрдүн жыйынтыгында туура тамактануу менен рак оорудан каза табуу коркунучун 65%га чейин кыскартса болоорун аныкташты. Fars агенттигинин илимий тобунун маалыматына ылайык, илимпоздор тамактануу дээрлик рак оорусунун үчтөн бир бөлүгүнө таасирин тийгизээрин билдиришүүдө. Бир нече изилдөөлөрдүн көрсөтүүсү боюнча, туз жана нитраттарды жогорку деңгээлде пайдалануу рак оорусунун пайда болушуна шарт түзөт. Ошондой эле ашыкча салмак, туура эмес жашоо ыкмасы, аз кыймылдоо, жер-жемиш, жашылчалар, балык жана тоок эттерин аз пайдалануу төш жана ичеги рактарынын пайда болуусуна…

Прочитайте больше

Кытайда 230 миң журналист бар

Акыркы маалыматтарга ылайык, Кытайда 231 564 кабарчы бар экени аныкталды. IRNA агенттигинин маалыматына ылайык, Кытай журналисттер Улуттук биримдиги өзүнүн расмий сайтында өлкө боюнча 231 миң 564 кабарчы иштей турганын билдиришкен. Белгилей кетсек, алардын 2081и агенттиктерде, 84761и гезиттерде, 6234ү мезгилдүү басылмаларда иштешээри аныкталган. Ал эми 136 миң 224 кабарчы маалыматтык жана радио-телевидение компанияларында иштешсе, 1406сы сайттарда жана маалымат порталдарда эмгектенишет. Кытай журналисттер Улуттук биримдиги ошондой эле күнүнө 500 миллионго чукул кытайлыктар чөнтөк телефондору аркылуу гезит окушааарын…

Прочитайте больше

Шакый оорусу жыл сайын Улуу Британиянын экономикасына 3,3 млрд. фунт зыян келтирет

Улуу Британиянын саламаттык сактоо министрлигинин берген жаңы статистикасы боюнча, шакый жыл сайын бул өлкөгө 3,3 млрд. фунт зыян келтирүүдө. Fars агенттигинин эл аралык тобунун маалыматына ылайык, жаңы көрсөткүчтөр шакый оорусуна кабылган адамдар орточо эсеп менен бир жылда 33 күн катуу баш ооорулардан кыйналып жашайт. Изилдөөчүлөр бул оорунун себебин бейтаптардын кесиптерине жана жумуш шарттарына байланыштырышууда. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, шакый оорусу менен ооруган адам дарыланууга айына 26 фунт каржылайт. Белгилей кетсек, иликтөөлөргө ылайык, АКШда 38…

Прочитайте больше

Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна карата Эл аралык мото жүрүш Кыргызстанга келди

Ош, 21-июнь, 2018-жыл. /ca-irnews.com/. Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан жана Тажикстандын байкерлери мамлекеттер аралык уланган сапарынан кийин 20-июнда Ош шаарына келишти. 20 чакты мотожүргүнчү сапарын Казакстандан башташкан. Алматыдан чыккан байкерлер Кыргызстанга келгенге чейин эки жарым миң чакырымды басып өтүп, Өзбекстанда жана Тажикстанда болушкан. Бул тууралуу Кыргызстандын мотоциклисттер коомунун жетекчиси Аскат Сейитбеков билдирип, жүрүштүн максаты – Борбордук Азиядагы байкерлердин достугун күчөтүү экенин айтты. Кыргызстанда өтө турган III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата уюштурулган мотожүрүш 20 адам менен жолун баштаган….

Прочитайте больше

Сионисттик режимдин согушкерлери палестиналык коргонуучулардын жайларына чабуул жасашты

Сионисттик режимдин аба күчтөрү Газа секторунун түштүгүндөгү Хамастын 3 базасына чабуул койду. Mehr агенттигинин Спутникке шилтеме берип маалымдоосуна ылайык, сионисттик режимдин күчтөрү (IDF) 20-июнда өз Твиттер баракчасына режимдин (IAF) JET согушкер учактары Газа секторунун түштүгүндөгү Хамастын 3 базасына чабуул жасаганын жазып чыкты. Белгилей кетсек, сионисттик режим бул чабуул Газа сектору тарабынан режимге карата жардыргыч шарлар менен күйүүчү шарлар аттырылганына жооп катары жасалганын билдиришкен. Бул режим ошондой эле “палестиналык коргонуучулар басып алынган жерлерге 3 ракета аттырган”-…

Прочитайте больше

Лондондо метродогу жарылуудан 5 адам жабыркады

Кечээ, 19-июнда жергиликтүү убакыт боюнча саат 19:03тө Лондондун түндүк метросунда жарылуу болуду. Tasnim агентттигинин маалыматына ылайык, англиялык ЖМКалар жарылуу Southgate станциясында болгонун кабарлашкан. Берилген маалыматтарга караштуу, окуядан кеминде 5 адам жабыркаган. Учурда полиция кызматкерлери жарылуунун себептерин иликтешүүдө. Ошондой эле жергиликтүү полиция метронун аялдамасында бир канча шектүү баштыктар табылгандыктан, тегерек четтерде жашагандарды тезинен өз үйлөрүн бошотуп чыгып кетүүлөрүн суранган. Азырынча бул жарылуунун террорчулукка байланышы бар экени тактала элек.

Прочитайте больше

Сауд Аравиянын футболчулары бараткан учактын кыймылдаткычы асманда өрттөндү

Сауд Аравиянын футбол боюнча курама командасынын оюнчулары бараткан учактын кыймылдаткычы асманда өрттөндү. Бул тууралуу ISNA агенттиги Daily Mirror гезитине шилтеме берип кабарлады. Маалыматка караганда, Ростов-на-Дону шаарына учуп бара жаткан учакта техникалык бузулуу болуп, кыймылдаткычы күйө баштаган. Учкучтар учактын күйгөндүгүнө карабай ийгиликтүү конуу жасады. Жүргүнчүлөрдүн ичинен эч ким жабыркаган жок. ММКлардын билдиришинче, Сауд Аравиянын футбол боюнча курама командасы 20-июнда Орусиянын Ростов-на-Дону шаарында Уругвайдын курамасы менен боло турган беттешке учуп бара жаткан. Эске салсак, Сауд Аравиянын курама…

Прочитайте больше

Тажикистандын Башкы прокуратурасы кызматкерлерин велосипедге мингизди

Тажикистандын Башкы прокуратурасынын жетекчилиги өз кызматкерлерин жумушка ишемби күндөрү велосипед менен келүүгө буйрук берди. CA-NEWS (TJ) агенттигинин маалыматына ылайык, мындай жөрөлгө тажик прокурорлорунун саламаттыгына карата камкордук жана шаардагы экологиялык абалды коргоо максатында жасалууда. Белгилей кетсек, жаңы буйрукка караштуу бөлүмдүн кызматкерлери 9-июнда жумушка велосипед минип келишкенин “Ахбор” агенттиги билдирген.

Прочитайте больше

АКШ менен Түндүк Корея лидерлеринин тарыхый жолугушуусу

Дональд Трамп менен Ким Чен Ын Сингапурда АКШ менен Түндүк Кореянын тарыхта биринчи жолу болуп жаткан саммитинде жолугушту. Бул тууралуу Tasnim агенттиги жазды. Алардын жолугушуусу бүгүн эртең менен Сентос курорттук аралындагы “Капелла” мейманканасында өттү. Трамп менен Ким алгач кол кармашып учурашты. “Сүйлөшүүлөр ийгиликтүү болот деп ишенем. Биздин мамилелер эң жакшы болот, андан күмөн санабайм”, – деп билдирди Трамп журналисттердин алдында. Ким Чен Ын өз кезегинде “Бул этапка жетүү жеңил болгон жок. Өткөн окуялар биздин алдыга…

Прочитайте больше
1 2 3 29