Эрдоган кайрадан президенттикке талапкер катары көрсөтүлдү

Эрдоган кайрадан президенттикке талапкер катары көрсөтүлдү

Түркиянын бийликтеги  “Адилет жана өнүгүү партиясы” учурдагы президенти Режеп Тайип Эрдоганды кайрадан президенттикке талапкер катары көрсөттү. Бул тууралуу партиянын маалымат катчысы Өмер Челик партиянын курултайынын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты. “Президентибиз Режеп Тайип Эрдоган 2023-жылы боло турган шайлоодо Элдик альянстын талапкери”, – деп билдирди Өмер Челик. Эске салсак, өткөн жылы бийликтеги “Адилет жана өнүгүү партиясы” менен “Улуттук кыймыл партиясы” “Элдик альянс” коалициясы деп бириккен. Түрк оппозициясы азырынча өз талапкерин көрсөтө элек. Буга чейин, Түркиянын мурдагы…

Прочитайте больше

Fox News: Кытай бир чечим менен АКШнын куралсыз калтыра алат

Fox News: Кытай бир чечим менен АКШнын куралсыз калтыра алат

Эгерде Кытай АКШга сейрек кездешүүчү минералдарды берүүнү токтотуу чечимин кабыл алса, америкалык аскерлер куралсыз калат. Бул тууралуу РИА Новости Fox News телеканалына шилтеме берип жазды. Телеканалдын маалыматына караганда, Пекиндин сейрек казылуучу материалдарга болгон монополиясы АКШнын улуттук коопсуздугуна коркунуч туудурат. Кытай жөн гана Пентагон үчүн электрондук жабдуулардын көбүн, анын ичинде F-35 согуштук учактарын жасоодо колдонулган сейрек кездешүүчү минералдарды АКШга жеткирүүнү токтотуп койсо, Американын армиясы чоң көйгөйгө туш болот. “Бул ресурссуз учактар учпай калат, танктар токтойт жана…

Прочитайте больше

Кытайдын тышкы иштер министри АКШнын саясаттары тууралуу билдирди

Кытайдын тышкы иштер министри АКШнын саясаттары тууралуу билдирди

Ван Кытай Элдик тышкы карым  – катнаштар институтунун онлайн өткөргөн «Киссенжер жана Кытай-АКШ мамилелери» панелинде сөз сүйлөдү. Кытайдын тышкы иштер министри Ван И Америка Кошмо Штаттарынын   өлкөсүнө каршы жүргүзгөн стратегиясы эки улуу державаны тирешүүгө алып келгенин жана мунун бүткүл дүйнөнү бөлүнүү жана баш – аламандыкка сүйрөө коркунучу бар экенин билдирди. Ван Кытай Элдик тышкы карым  – катнаштар институтунун онлайн өткөргөн «Киссенжер жана Кытай-АКШ мамилелери» панелинде сөз сүйлөдү. АКШ жана Кытайдын орток жоопкерчилигинин айырмачылыктарга сый көрсөтүлгөн,…

Прочитайте больше

Зеленский Орусия Украинанын 20% аймагын ээлеп алганын маалымдады

Зеленский Орусия Украинанын 20% аймагын ээлеп алганын маалымдады

2-июнда Украинанын президенти Владимир Зеленский Люксембургдун парламентинде видео кайрылуу жасап, Орусиянын өлкө аймагындагы баскынчылыгы тууралуу маалымат берди. Ал Москва 2014-жылы Крымды аннексиялап, Донбасста жикчилдерди колдогон маалда Украинанын 43 миң чарчы чакырым аянтын ээлеп турганын, 24-февралдан кийин мындан үч эсе көп аймагын басып алганын айтты. “Орусиянын аскерлери Украинанын 3 миң 620 айылына кирди. Анын миңден ашыгын кайра бошоттук. Дагы эки жарым миңден ашыгын боштондукка чыгарышыбыз керек. Учурда биздин аймактын 20% жакыны баскынчылардын көзөмөлүндө турат. Бул деген…

Прочитайте больше

Рахмон Иранга эмнеге барды?

Рахмон Иранга эмнеге барды?

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 29-майда Ирандын президенти Ибрагим Раисинин расмий чакыруусу менен Тегеранга барды. Бул тууралуу иран басылмалары жазды. Маалыматка караганда, Рахмонду Иранга Тажикстандын тышкы иштер, энергетика, экономикалык өнүгүү, транспорт жана каржы министрлери, башкы прокурору, ошондой эле бир катар расмий бийлик өкүлдөрү коштоп барган. Аны аэропорттон Ирандын энергетика министри  Али Акбар Мехрабян тосуп алган. Рахмон Иранга болгон эки күндүк расмий сапарынын алкагында ирандык кесиптеши менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Ошондой эле эки өлкөнүн жогорку делегацияларынын консультациялары болуп, экономикалык, илимий, саясий жана маданий тармактарда…

Прочитайте больше

Эрдоган: Түркия Швеция жана Финляндия боюнча позициясын өзгөртпөйт

Эрдоган: Түркия Швеция жана Финляндия боюнча позициясын өзгөртпөйт

Швеция менен Финляндия тараптан кадам жасалмайынча Түркия аларга карата НАТОдогу позициясын өзгөртпөйт. Мындай пикирин Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган The Economist журналына жазганын чет элдик басылмалар кабарлашты. “Түркия Швеция менен Финляндиядан Түндүк Атлантика альянсына кошулуу үчүн “зарыл кадамдарды” күтөт”,-  деп билдирди Эрдоган. Макалада Анкара бул өлкөлөрдүн “ушуга чейин терроризмдин объектиси болгон бардык мүчөлөрдүн атынан” НАТОго кошулуусуна каршы экенин баса белгиленген. “Түркия бул өлкөлөрдүн НАТО мүчөлөрү тарабынан жүргүзүлө турган антитеррордук операцияларга колдоо көрсөтүүсүн каалайт. Терроризм альянска мүчө бардык…

Прочитайте больше

Иран жаңы канаттуу ракета жана учкучсуз учуучу аппаратын көрсөттү

Иран жаңы канаттуу ракета жана учкучсуз учуучу аппаратын көрсөттү

Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн эки жаңы жетишкендиги, тактап айтканда, “Хайдер-1” аттуу канаттуу ракетасы жана “Хайдер-2” деген учкучсуз учагы көрсөтүлдү. Бул тууралуу ирандык басылмалар жазды. Иш-чара Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы, бригадалык генерал Мухаммад Багеринин өлкө армиясынын 313-стратегиялык учкучсуз учак базасына болгон иш сапарынын алкагында болду. Биринчи жетишкендик Иран армиясынын Аба күчтөрүнө таандык “Каман-22” жана “Фатрас” учкучсуз учактары тарабынан алып жүрүүгө жөндөмдүү “Хайдер-1” канаттуу ракетасы. Ракета 200 чакырым аралыкка жетет, ал эми бутага тийген учурда анын ылдамдыгы саатына 1000 чакырымга жетет. Ал…

Прочитайте больше

Ирандын өч алуу эскертүүсү сионисттерди титиретти

Ирандын өч алуу эскертүүсү сионисттерди титиретти

Ислам революциясынын сакчылар корпусунун башкы командачысынын шейит Саяд Ходайинин каны үчүн өч алуу эскертүүсүнөн кийин сионисттер дүрбөлөңгө түшүп, сионист отурукташкандарды Түркияга саякат кылуу тууралуу эскертишти. Fars News агенттигинин эл аралык тобунун маалыматына ылайык, сионисттер шейит Хасан Саяд Ходаинин өлтүрүлүшүн мойнуна алгандан кийин Ислам революциясынын сакчылар корпусунун башкы командачысы генерал Хоссейн Салами мындай деп эскертти: «Сионисттердин колунан көптөгөн шеиттер кетти. Алар жогорку даражалуу жана бир топ эмгектерге ээ болушкан жана Аллах кааласа, биз андан душмандардан өч…

Прочитайте больше

Байден Кытай Тайванга аскерин киргизсе, АКШ кийлигише турганын эскертти

Байден Кытай Тайванга аскерин киргизсе, АКШ кийлигише турганын эскертти

АКШнын президенти Жо Байден 24-майда Токиодо Азия-Тынч океаны чөлкөмүндөгү өлкөлөрдүн “Төрт тараптуу диалог” деп аталган бейрасмий саммитинде Жапониянын, Австралиянын жана Индиянын лидерлери менен жолукту. Анда алар Орусиянын Украинага жасаган баскынчылыгын жана Кытайдын Тайванга кол салуу ыктымалдыгын талкуулашып, бул боюнча бир пикирде экенин, баары айыптай турганын билдиришти. Саммиттин 23-майдагы учурашуу учурунда Байден эгер Кытай Тайвандын аймагына аскерин киргизсе, кырдаалга АКШ кийлигише турганын айтты. Журналисттердин тактоо иретиндеги суроосуна америкалык президент 24-майдагы билдирүүсүндө да ырастады. “Бул боюнча позиция…

Прочитайте больше

Финляндия менен Швеция НАТО боюнча сүйлөшүү үчүн Түркияга чабарман жөнөттү

Финляндия менен Швеция НАТО боюнча сүйлөшүү үчүн Түркияга чабарман жөнөттү

Финляндия менен Швеция өздөрүнүн НАТОго киришине каршылык билдирип жаткан Анкара менен сүйлөшүү үчүн Түркияга атайын чабармандарын жөнөттү. Бул тууралуу Финляндиянын тышкы иштер министри Пекка Хаависто журналисттерге кабарлады. Эки өлкөнүн аталган уюмга кошулушуна ачык каршы пикирин айткан түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган 21-майда эки өлкөнүн лидерлери менен телефондон баарлашканы маалымдалды. Эрдоган НАТОго Финляндия менен Швецияны кабыл алууга каршы экенин 13-майда жарыялап, аларды “террордук уюмдарды көбөйтүүдө” деп айыптаган. Аталган өлкөлөр бир топ күрд тектүүлөргө башпаанек берген. Анкара…

Прочитайте больше

Медведев: Украинаны НАТОдода, Евробиримдикте эч ким көргүсү келбейт

Медведев: Украинаны НАТОдода, Евробиримдикте эч ким көргүсү келбейт

Эми Украинаны НАТОдо эч ким күтпөйт жана Түндүк Атлантика альянсына мүчө болбосо, аны Евробиримдиктен көргүсү келбей турганы анык. Бул тууралуу Орусиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев өзүнүн Telegram-каналына жазганын РИА Новости билдирди. Анын айтымына караганда, учурда НАТОдо Украинаны күтүп турган эч ким жок. Эгер Киев НАТОго мүчө боло албаса, анад аны Евробиримдик да көргүсү да келбейт деп эсептейт. “Нейтралдуу макам боюнча баары туура. Бирок Евробиримдикке мүчө болуу боюнча… Алар мунун жалган экенин билишет да. Киев…

Прочитайте больше

Европарламентте АКШга каршы санкция киргизүү сунушталды

Европарламентте АКШга каршы санкция киргизүү сунушталды

Европа Биримдиги Йемендеги жаңжалдан улам АКШ менен Сауд Аравияга каршы санкцияларды киргизиши керек. Бул тууралуу хорватиялык депутат Мислав Колакушич Европарламенттин жыйынында айтты. Сүйлөшүүнүн видеосу анын Twitter баракчасына жарыяланганын РИА Новости жазды. «Эгер бул чын болсо, эгер биз тынчтык үчүн чындап күрөшкөн болсок, анда бир нече жылдан бери Йеменде согушту тутандырып жаткан Сауд Аравиясына каршы ошол эле санкцияларды дароо киргизишибиз керек. Биз акыркы он жылдыкта Европадагы, балким, дүйнөдөгү башка өлкөлөргө караганда көбүрөөк аскерий кагылышууларга катышкан АКШдан…

Прочитайте больше

АКШ: Түркияны НАТОдон чыгарууга убакыт келди

АКШ: Түркияны НАТОдон чыгарууга убакыт келди

Түркия альянсты кеңейтүүгө карата позициясынан улам НАТОдон чыгарылыш керек. Мындай билдирүүнү Жакынкы Чыгыш форумунун президенти, тарыхчы жана чыгыш таануучу Дэниел Пайпс TVP World телеканалынын эфиринде билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. “Мындай кырдаалдагы Анкаранын аракети “шантаж”. Эгер ага кандайдыр бир артыкчылыктар берилсе, ал альянсты кеңейтүүгө макул болушу мүмкүн”, – деди Пайпс. Мындан тышкары, эксперт Түркиянын акыркы жыйырма жылдагы эл аралык саясатын сынга алды. “1952-жылдан 2002-жылга чейин Түркия НАТОнун абдан жакшы өнөктөшү болгон, бирок акыркы 20 жылда ал…

Прочитайте больше

АКШнын Сенаты Украинага жардам пакетин жактырды

АКШнын Сенаты Украинага жардам пакетин жактырды

Каражаттын көбү куралданууга жумшалат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар маалымдашты. Мыйзам долбоору эми АКШнын президенти Жо Байденге кол коюуга жөнөтүлөт. Ал Украинага дароо жардам бериле башташы үчүн жакынкы бир нече сааттын ичинде документке кол коюусу күтүлүүдө. Бөлүнгөн каражат эмнеге жумшалат: –  6 миллиард доллар – коргонууга (машыгуу, жабдуулар жана курал); –  8,7 миллиард доллар – АКШдан Украинага жөнөтүлүп жаткан курал-жарактардын запасын толтурууга; –  3,9 миллиард доллар – АКШнын куралдуу күчтөрүнүн европалык командачылыгына жардам катары; –  5 миллиард…

Прочитайте больше

Тоолуу Бадахшанда оппозицияга кимдер курал берген?

Тоолуу Бадахшанда оппозицияга кимдер курал берген?

Тоолуу Бадахшан автоном облусунун Рушан районундагы “контртеррористтик операциянын” жүрүшүндө 114 киши кармалды. Бул тууралуу 19-майда Тажикстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирди. Тоолуу Бадахшандын тургундары Рушан районундагы операциянын максаты – андагы нааразылык акциясын токтотуу болгонун билдирүүдө. Ал акциянын катышуучулары Тажикстанды Кытай менен бириктирген Душанбе-Кульма автоунаа жолун бөгөп турушкан. 19-майда улуттук “Ховар” агенттиги ИИМдин басма сөз кызматына шилтеме кылып, операциянын жүрүшүндө “террордук топтордон” Калашников үлгүсүндөгү 24 автомат, 5 пулемет, түрдүү маркадагы 18 тапанча, ТОЗ-18 үлгүсүндөгү 4 винтовка,…

Прочитайте больше
1 8 9 10 11 12 36