ШКУнун саммити. Ооганстандагы кырдаал ШКУ өлкөлөрүнүн коопсуздугуна таасирин тийгизеби?

ШКУнун саммити. Ооганстандагы кырдаал ШКУ өлкөлөрүнүн коопсуздугуна таасирин тийгизеби?

Бүгүн, 4-июлда, Нью-Делиде видео-байланыш режиминде өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынында Ооганстандагы кырдаал тууралуу да сөз болду.     Индиянын төрагалыгы алдында өтүп жаткан бул саммитке ШКУга мүчө мамлекеттердин: Кыргызстан, Индия, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын башчылары, ошондой эле Иран Ислам Республикасынын, Беларустун, Монголиянын башчылары катышууда. Кыргызстан Ооганстандын тынч жана туруктуу болушуна кызыкдар Коопсуздук маселелерине токтолгон президент Садыр Жапаров ооган көйгөйүн көңүл сыртында калтырбоого чакырды. “Кыргызстан үчүн, биздин досторубуз сыяктуу эле, Ооганстандагы…

Прочитайте больше

Иран ШКУга толук кандуу мүчө болду

Иран ШКУга толук кандуу мүчө болду

Иран Ислам Республикасы Шанхай кызматташтык уюмуна толук кандуу мүчө болду. Бул туурасында ШКУнун Нью-Делидеги онлайн саммитинин жыйынтыгы боюнча кабыл алынган декларацияда айтылат. “Мүчө мамлекеттер Иран Ислам Республикасынын ШКУга толук кандуу мүчө мамлекет катары кабыл алынышынын тарыхый маанисин баса белгилешти”, — деп айтылат документте. Мындан тышкары, ШКУга мүчө мамлекеттердин башчылары Беларустун уюмга кирүү боюнча милдеттенмелери тууралуу меморандумга кол коюшту. Индиянын төрагалыгы алдында өтүп жаткан бул саммитке ШКУга мүчө мамлекеттердин: Кыргызстан, Индия, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан…

Прочитайте больше

Швециядагы абал…

Швециядагы абал…

Швециянын тышкы иштер министри Тобиас Биллстрем Швецияда Куран өрттөлгөн провокацияга болгон реакциялар тууралуу Syndsvenskan гезитине билдирүү жасады. Швециянын тышкы иштер министри Тобиас Биллстрем Стокгольмдо Курман айттын биринчи күнү, 28-июнда мечиттин алдында Куран өрттөлүшү анын өлкөсүнүн жакшы имиджин жаманга айландырышы мүмкүн экенин айтты. Биллстрем Швецияда Куран өрттөлгөн провокацияга болгон реакциялар тууралуу Syndsvenskan гезитине билдирүү жасады. Биллстрем: «Швецияда Курандын өрттөлүшү өлкөбүздүн жакшы имиджин жаман өңүткө айландырышы мүмкүн», – деди. Швециянын аброюн сактап калуу үчүн күрөшүп жатканын белгилеген…

Прочитайте больше

Саясий серепчи: Иран ШКУнун коопсуздугун бекемдейт

Саясий серепчи: Иран ШКУнун коопсуздугун бекемдейт

Ирандын ШКУга толук кандуу мүчө болуп кирүү ыктымалы жогору, анткени бул өлкө аймактагы коопсуздуктун маанилүү элементи. Бул тууралуу РФ президентине караштуу Эл аралык мамилелер боюнча кеңештин мүчөсү Богдан Безпалко РИА Новостиге билдирди. Буга чейин Индиянын Тышкы иштер министрлиги ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйырма үчүнчү саммити 4-июлда виртуалдык форматта өтөөрүн билдирген. Россия президентинин ШКУ боюнча атайын өкүлү Бахтиёр Хакимов Ирандын Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) толук кандуу мүчө катары кабыл алынышы ШКУнун Нью-Делидеги саммитинде негизги чечим болорун билдирген. “Ирандын ШКУга кирүү…

Прочитайте больше

Ислам Кызматташтык Уюму Швецияда кезексиз чогулат

Ислам Кызматташтык Уюму Швецияда кезексиз чогулат

Ислам Кызматташтык Уюмунан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Сауд Арабиянын талабы боюнча Ислам Кызматташтык Уюмунун ачык катышуучу болгон аткаруу комитетинин алдыдагы жумада Жиддадагы башкы кеңсесинде чогула турганы белгиленди. Ислам Кызматташтык Уюму  Швецияда  Куран Каримдин өрттөлүшү боюнча кезексиз чогулат. Ислам Кызматташтык Уюмунан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта кезектешкен башкаруучу Сауд Арабиянын талабы боюнча Ислам Кызматташтык Уюмунун ачык катышуучу болгон аткаруу комитетинин алдыдагы жумада Жиддадагы башкы кеңсесинде чогула турганы белгиленди. Жыйында Швецияда Курман айт майрамынын биринчи күнүндө Куран Каримдин…

Прочитайте больше

Россиянын президенти Путин Аббас менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү

Россиянын президенти Путин Аббас менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү

Палестинанын лидери Аббас Россия башкаруусунун 24 –  июндагы окуяларда конституциялык тартипти жана мыйзамды коргоого карата таштаган кадамдарына толук колдоо бергендигин билдирди. Россиянын президенти Владимир Путин Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас менен телефон аркылуу сүйлөштү. Кремлден берилген маалыматка караганда Палестинанын лидери Аббас Россия башкаруусунун 24 –  июндагы окуяларда конституциялык тартипти жана мыйзамды коргоого карата таштаган кадамдарына толук колдоо бергендигин билдирди.  Эки лидер сүйлөшүүдө Россия менен Палестинан ортосундагы карым  – катнаштарды мындан ары өнүктүрүү боюнча пикирлерин билдиришти.  Орус тарабы Палестина …

Прочитайте больше

Пакистан Индияга нааразылык нотасын берди.

Пакистан Индияга нааразылык нотасын берди.

Пакистандын Тышкы иштер министрлигинен жасалган билдирүүдө бейкүнөө жарандардын бутага алынышы айыпталганы жана тышкы иштер министрлигине чакырылган жогорку даражалуу индиялык дипломатка нааразылык нотасы берилгени белгиленди. Индиянын Кашмир көзөмөл сызыгында ок атышпоону бузуу менен себепсиз ачкан окто Пакистандан 2 жарандын каза болушунан кийин Пакистан Жаңы Делиге нааразылык нотасын берди. Пакистандын Тышкы иштер министрлигинен жасалган билдирүүдө бейкүнөө жарандардын бутага алынышы айыпталганы жана тышкы иштер министрлигине чакырылган жогорку даражалуу индиялык дипломатка нааразылык нотасы берилгени белгиленди. Билдирүүдө жарандарды бутага алуунун…

Прочитайте больше

Израиль менен илимий-техникалык кызматташтыкты токтотууга АКШнын чечими

Израиль менен илимий-техникалык кызматташтыкты токтотууга АКШнын чечими

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп 2017-2021-жылдары бийликте турганда өлкөсү Израилдин Кудс жана Голан дөңсөөлөрүнүн эгемендигин расмий тааныганын жарыялаган. Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) администрациясы Израиль менен илимий-техникалык кызматташтыкты 1948-жылдагы чек араларды белгилеген «Жашыл линиядан» тышкары токтотууга буйрук берди. Израилдин Коомдук телерадио уюму КАНдын кабарына караганда Жо Байден башкаруусу 1948-жылкы араб-Израиль согушунан кийин жарыяланган ок атышпоого ылайык аныкталган чек ара сызыгы «Жашыл сызыктан» тышкары Израиль менен илимий жана технологиялык кызматташтыкты токтотуу чечимин чыгарды. Бул чечимге ылайык, эки…

Прочитайте больше

Түркиянын кийинки президенти ким болот?

Түркиянын кийинки президенти ким болот?

Түркиядагы кезектеги президенттик шайлоодо кайрадан учурдагы мамлекет башчы Режеп Тайип Эрдоган жеңишке жетишти. Консервативдүү саясатчы өлкөнү 20 жылдан бери башкарууда, алгач – премьер-министр катары, андан соң – президент. Бирок Эрдоган азыр жаш эмес: азыр 69да, ал эми президенттик мөөнөтү бүткөндө 74кө толот экен.  Жергиликтүү ММКнын маалыматы боюнча, түрк лидери эми мураскору тууралуу ойлоно баштады, талапкерлердин арасында бир ысым башкалардан көбүрөөк айтылууда — Сельчук Байрактар. 43 жаштагы ишкер Эрдогандын кичүү кызына үйлөнгөн жана бүгүнкү күндө Украинанын Куралдуу күчтөрү тарабынан…

Прочитайте больше

Гутерреш Израилдин жаңы отурукташуу жери тууралуу чечимине каршылык көрсөттү

Гутерреш Израилдин жаңы отурукташуу жери тууралуу чечимине каршылык көрсөттү

Оккупацияланган Палестина аймактарында мыйзамсыз конуштарды курууну уланткан Израиль чоң еврей конушун курууну пландап жатат. БУУнун баш катчысы Антонио Гутерреш Изриалге «бардык отурукташуу жерлерине байланыштуу аракеттерин чукул түрдө токтотууга» чакырды. БУУнун басма сөз катчысынан темага байланыштуу жазуу түрүндө билдирүү жасалды. Гутерреш Израилдин басып алган Батыш Шериада 4 миңден ашуун жаңы конуш куруу пландарынан «терең тынчсыздангандыгын», бул пландын Израилдин отурукташуу иш-аракеттерин ылдамдата тургандыгын айтты. Отурукташуу жерлеринин эл аралык мыйзамдын ачык түрдө бузулушу экендигин баса белгилеген Гутерреш ошол…

Прочитайте больше

Казакстан менен Германиянын президенттери жолукту. Эмне кеп болду

Казакстан менен Германиянын президенттери жолукту. Эмне кеп болду

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев республикага мамлекеттик сапар менен келген Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен жолукту. Штайнмайер Токаевдин чакыруусу менен бир күн мурда келген. Астанадагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Казакстан менен Германиянын президенттери Каспий аралык эл аралык транспорттук маршрутун өнүктүрүүнүн алкагында, ошондой эле мунай жана газ тармагында кызматташууну активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти, деп билдирет казак президентинин маалымат кызматы.Мындан тышкары, президенттер казак-герман стратегиялык өнөктөштүгүнүн абалын жана өнүгүү келечегин талкуулашты. Тараптар саясий диалогду чыңдоого, соода-экономикалык, инвестициялык, энергетикалык, транспорттук-логистикалык тармактарда кызматташууну тереңдетүүгө өзгөчө көңүл бурушту. ”…

Прочитайте больше

Россия ТИМи: Америкалыктар Сириядагы ички жаңжалды чечүүгө кызыкдар эмес

Россия ТИМи: Америкалыктар Сириядагы ички жаңжалды чечүүгө кызыкдар эмес

Америкалыктар Сириядагы ички чыр-чатакты чечүүгө кызыкдар эмес, деп билдирди Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Богданов. Бул туурасында ал  Казакстандын борборунда Сириядагы абалды жөнгө салуу боюнча Астана форматындагы сүйлөшүүлөрдүн алкагында билдирди. Сириядагы абалды жөнгө салуу боюнча Астана форматындагы сүйлөшүүлөр бүгүн, 20-июнда Россия менен Сирия өкмөтүнүн делегацияларынын жолугушуусу менен башталды. Бул мындай форматтагы сүйлөшүүлөрдүн 20-раунду. Россия тараптан Россиянын президентинин эки атайын өкүлү – Александр Лаврентьев жана Тышкы иштер министринин орун басары да болгон Михаил Богданов катышууда. “Америкалыктар ал жерде өздөрүнүн…

Прочитайте больше

Россия тактикалык өзөктүк курал колдонсо, ал АКШ Хиросимага таштаган бомбадан үч эсе жогору болот

Россия тактикалык өзөктүк курал колдонсо, ал АКШ Хиросимага таштаган бомбадан үч эсе жогору болот

АКШнын президенти Жо Байден орус мамлекет башчысы Владимир Путиндин Украинадагы согуштун жүрүшүндө тактикалык өзөктүк курал колдонууга буйрук берүү боюнча коркутуусун “реалдуу” деп атады. Байден бул тууралуу дүйшөмбү күнү өзүнүн шайлоо өнөктүгүнүн демөөрчүлөрү менен Калифорния штатында жолукканда айтканын Reuters агенттиги жазды. “Эки жыл мурда Колорадо дарыясы соолуп калышы мүмкүн деп айтканымда баары тең мени таңыркап карашкан. Путин тактикалык өзөктүк курал колдонушу мүмкүн экенин айтканда да мага ошондой карашты. Бирок бул реалдуу”, – деди Байден. Акыркы бир жылдын ичинде АКШнын түштүк-батышы…

Прочитайте больше

Садыр Жапаров Палестинанын президенти Махмуд Аббас менен жолукту

Садыр Жапаров Палестинанын президенти Махмуд Аббас менен жолукту

Президент Садыр Жапаров  16-июнда, Пекин шаарынан (Кытай Эл Республикасы) мамлекеттик сапардан кийин, Кыргызстанга жол ара (кыска мөөнөттүү) сапар жасаган Палестина мамлекетинин президенти Махмуд Аббас менен жолугушту. Кыргыз-Палестина эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелери жана биргелешкен өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды. Садыр Жапаров баса белгилегендей, Кыргызстан боордош Палестина Мамлекети менен достук мамилелерди өнүктүрүүгө жана ар кандай өз ара пайдалуу тармактарда кызматташууну чыңдоого кызыкдар. Эки элди жалпы тарыхый жана руханий достук байланыштар бириктирип турат. Ал Кыргызстандын эки тараптуу байланыштарды өнүктүрүүгө…

Прочитайте больше

АКШ Россияга Украинанын 20%ын берүүнү сунуштаганбы?

АКШ Россияга Украинанын 20%ын берүүнү сунуштаганбы?

АКШнын Борбордук чалгындоо башкармалыгынын башчысы Уильям Бернс расмий Киевге тынчтык келишимин орнотуу үчүн Украинанын 20 пайызга жакын аймагын орус тарапка өткөрүп берүүнү сунуштаган. Бул тууралуу “Neue Zürcher Zeitung” гезити атын атабаган жогорку даражалуу булактарга таянуу менен жазды.  Москва менен Киевге мындай сунуш менен кайрылууну январдын ортосунда АКШнын президенти Жо Байден чалгын кызматынын башчысына тапшырган. Басылманын маалыматына алайык, бул сунуштан эки тарап тең баш тартышкан. Бернс миссиясы ишке ашпай калгандан кийин гана Байден Украинага Абрамс танктарын берүүнү чечти, деп жазган басылманын авторлору. …

Прочитайте больше
1 2 3 4 36