Путин-Алиев сүйлөшүүсү

Путин-Алиев сүйлөшүүсү

Орусиянын Президенттик сарайы Кремлден жасалган билдирүүгө караганда Путин менен Алиев телефондук сүйлөшүүсүндө Түштүк Кавказдагы учурдагы абалды сүйлөштү. Орусиянын президенти Владимир Путин Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен сүйлөштү. Орусиянын Президенттик сарайы Кремлден жасалган билдирүүгө караганда Путин менен Алиев телефондук сүйлөшүүсүндө Түштүк Кавказдагы учурдагы абалды сүйлөштү. Анда Армения-Азербайжан чек арасындагы туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылуу жана аймактагы экономикалык жана транспорттук байланыштарды түзүү боюнча координацияланган аракеттердин маанилүүлүгү баса белгиленип, бул контекстте лидерлер кол койгон үч тараптуу келишимдерди ырааттуу ишке ашыруу…

Прочитайте больше

Трамп: Байден жинди жана акылы кем

Трамп: Байден жинди жана акылы кем

 АКШнын президенти Жо Байдендин Дональд Трампка карата жаңы сөздөрү анын реакциясын алып келди. Fars International News Agency агенттигинин маалыматына ылайык, Американын азыркы президенти Жо Байден менен өлкөнүн мурдагы президенти Дональд Трамптын ортосундагы АКШдагы партиялар аралык шайлоонун алдында тирешүүнү улантууда.  Кабар булактарына ылайык, Трамп Байдендин Филадельфиядагы сөзү жөнүндө: “Ал жинди болсо керек же акылынан азап тартып жатса керек” деди. Бул кабарга ылайык, Кошмо Штаттардын президенти жума күнү кескин сөз сүйлөп, Дональд Трампка каршы ар тараптан чабуул…

Прочитайте больше

Россия Кытай жана Борбор Азия өлкөлөрү менен аскердик машыгуусун баштайт

Россия Кытай жана Борбор Азия өлкөлөрү менен аскердик машыгуусун баштайт

Москва 50 миңдей аскер катыша турган кезектеги машыгууга даярданууда. Маневр 1-сентябрда башталат жана бир жумага созулат. Ага Кытай, Индия, Лаос, Монголия, Никарагуа, Алжир, Сирия, мындан тышкары Беларус, Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстандын аскер кызматкерлери катышат. Машыгуу кургактык менен катар суудагы ар түрдүү операцияларды камтыйт. Ошол эле маалда Россиянын Тынч океан флоту менен Кытайдын Аба-деңиз күчтөрү Жапон деңизинин акваториясында деңиз коммуникацияларын жана деңиз экономикалык ишмердүүлүгүн коргоо боюнча биргелешкен иш-аракеттерге катышат. Россия Коргоо министрлиги машыгуу коргонуу мүнөзүнө гана…

Прочитайте больше

Казакстанда кезексиз президенттик шайлоо болот

Казакстанда кезексиз президенттик шайлоо болот

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 1-сентябрда парламент жыйынында элге кайрылуу жасап, быйыл күзүндө кезексиз президенттик шайлоо өтөрүн билдирди. “Адилеттүү Казакстанды куруу жолунда негизги жана комплекстүү реформаларды ишке ашыруу үчүн элдин жаңы ишеним мандаты зарыл. Мен үчүн мамлекеттин кызыкчылыгы баарынан жогору турат. Ошондуктан өзүмдүн ыйгарым укуктарымдын мөөнөтүн азайтып, кезексиз президенттик шайлоого барууга даярмын”, – деди президент. Токаев президенттин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүн жети жылга узартууну жана кайра шайлануу укугун алып салууну “сунуштай турганын” кошумчалады. “Мен сунуштап жаткан конституциялык новелла бийликтин…

Прочитайте больше

Кытай АКШнын эки согуштук кемесинин Тайван кысыгынан өтүшүн кылдат байкады

Кытай АКШнын эки согуштук кемесинин Тайван кысыгынан өтүшүн кылдат байкады

Бул тууралуу Кытай Элдик боштондук армиясынын (PLA) Чыгыш фронт командирлигинен жасалган билдирүүдө айтылды. Кытай армиясы, Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) деңиз күчтөрүнө таандык эки согуштук кеменин Тайван кысыгынан өтүшүнө байланыштуу «коргоо абалында» болгонун жарыялады. Кытай Элдик боштондук армиясынын (PLA) Чыгыш фронт командирлигинен жасалган билдирүүдө «USS Antietam жана USS Chancellorsville кемелеринин Тайван кысыгынан өтүшү көзөмөлдөндү», «Жоокерлер күжүрмөн абалда жана ар кандай провокацияларды кайтарууга даяр» экени жарыяланды. АКШнын Тынч океандагы 7-деңиз флотунун билдирүүсүндө USS Antietam жана USS Chancellorsville согуштук…

Прочитайте больше

ЕӨАК отурумунун жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду

ЕӨАК отурумунун жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги отурумунун жыйынтыгында Евразиялык экономикалык биримдикке кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчылары бир катар документтерге кол коюшту. Кол коюлган документтер:   – «Евразия экономикалык биримдигинде өнөр жай кооперациясын каржылоо жөнүндө» буйрук; – «Евразия экономикалык биримдигинин алкагында алкоголдук продукция рыногун жөнгө салуу жөнүндө макулдашуунун долбоору боюнча иштин жүрүшү жөнүндө» маселенин алкагындагы тапшырма; – «2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге жеке жактар тарабынан сатылуучу товарлардын электрондук соодасынан кыйыр салыктарды…

Прочитайте больше

Армения-Азербайжан лидерлери 31-августта Брюсселде жолугушат

Армения-Азербайжан лидерлери 31-августта Брюсселде жолугушат

Брюсселде 31-августта Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен Азербайжандын президенти Илхам Алиев жолугушат деп күтүлүүдө. Бул маалыматты Армения өкмөтүнүн басма сөз кызматы ырастаганын “Азаттыктын” армян кызматы жазды. Эки өлкөнүн лидерлеринин жолугушуусунда “мурда талкууланган маселелер каралат” деген кыска гана маалымат берилди. Мурдараак Азербайжандын бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары да Пашинян менен Алиев жолуга турганын жазып чыгышкан. Азербайжандын Тоолуу Карабак жикчил аймагында акыркы жолу 3-августта атышуу болуп, эки тараптан тең адамдар каза болгон. Бул үчүн расмий Баку менен Ереван…

Прочитайте больше

Россия Кыргызстан менен Тажикстандагы базаларынын даярдыгын жогорулатат

Россия Кыргызстан менен Тажикстандагы базаларынын даярдыгын жогорулатат

Россия Ооганстандагы кырдаалдан улам Кыргызстан менен Тажикстандагы базаларынын кагылыштарга даярдыгын жогорулатат. Бул тууралуу Россиянын Коргоо министри Сергей Шойгу билдиргенин РИА Новости жазды. “Россия мүмкүн болуучу ар кандай кризистик кырдаалдарга даяр туруш үчүн Кыргызстан менен Тажикстандагы аскердик базаларыбыздын жана башка күчтөрдүн даярдыгын жогорулатып жатат”, – деди Шойгу ШКУ өлкөлөрүнүн аскердик ведомстволорунун жетекчилеринин кеңешмесинде. Анын айтымында, Ооганстанда “Ислам мамлекети” жана “Аль-Каида” сыяктуу эл аралык террордук уюмдардын активдешип жатканы Борбор Азиянын коопсуздугуна олуттуу чакырык бойдон калууда. “Ооганстанда уланып…

Прочитайте больше

Польшанын президенти “Түндүк агым – 2” газ куурун алып салууну колдоду

Польшанын президенти “Түндүк агым – 2” газ куурун алып салууну колдоду

Шейшемби күнү украин президенти Владимир Зленскийдин чакыруусу менен Киевге барган Польшанын президенти Анжей Дуда Орусиянын “Түндүк агым – 2” газ куурун алып салууну (демонтаждоону) колдоду. “Орусия Украинага каршы согушуп, Украинанын мыйзамдуу, эл аралык таанылган чек араларын, анын аймактарына кол салып, оккупациялап жатканда Орусия менен адаттагыдай бизнеске кайтуу жок. Батыштагы саясаттын өзгөрүшү – “Түндүк агым-2″ газ куурун жөн эле толук токтотуу эмес, аны жок кылып жана демонтаждоо”, – деген Дуданын сөзүн “Азаттыктын” украин кызматы жазды. Ал…

Прочитайте больше

Түркия менен Сирия презденттери Өзбекстанда жолугушуусу мүмкүн

Түркия менен Сирия презденттери Өзбекстанда жолугушуусу мүмкүн

Россия президенти Владимир Путин түркиялык кесиптеши Режеп Тайып Эрдоганды 15-16-сентябрда Самаркандда өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитине чакырды. Путин саммитке Сирия президенти Башар Асадды да чакырган. Tasnim агенттиги билдиргендей, Эрдоган менен Асад Өзбекстанда эки тараптуу жолугушууларды өткөрүшү ыктымал. Жакын арада түркиялык “Ватан” партиясынын жетекчиси Догу Перинчек Сирияга барып, Асад менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү өткөрөрү күтүлүүдө. Перинчек менен бирге түрк делегациясынын курамында бир нече мурдагы министрлер жана түрк дипломатиясынын ардагерлери болот. Басылма түрк делегациясы 12 орунду атайын учак менен жеткирилери, бул түрк аэропортунан Сириянын…

Прочитайте больше

Шольц Орусиянын газына альтернатива табуу үчүн Канадага келди

Шольц Орусиянын газына альтернатива табуу үчүн Канадага келди

Шольц сапарга байланыштуу сөзүндө “Канада дагы Орусия сыяктуу жаратылыш кендерине бай, бирок алар ишенимдүү демократия” экенин айтты. Ал ошондой эле Германия Канададан суюлтулган газды жана никель, кобальт, литий, графит сыяктуу кендерди алууга кызыкдар экенин кошумчалады. Соңку аталган кендер аккумулятор өндүрүү үчүн зарыл. “Биздин өлкөдө кескин чараларга барбай туруп, кыштан чыгууга жакшы мүмкүнчүлүктөр бар. Ооба, оор мезгилдер күтүп турат, анткени Германия Орусиядан газды алууну мындан ары да кыскартуусун улантышы керек”, – деди экономика министри Роберт Хабек…

Прочитайте больше

Пакистандын экс-премьер-министри Имран Ханга террорчулук боюнча айып тагылды

Пакистандын экс-премьер-министри Имран Ханга террорчулук боюнча айып тагылды

Пакистандын полициясы мурдагы өкмөт башчы Имран Ханга террорчулук боюнча айып такты. Бул тууралуу 22-августта мамлекеттик маалымат агенттиктери кабарлады. Мурдараак полиция Хандын жардамчысы Шахбаз Гиллди мамлекеттик чыккынчылыкка айыптап, камакка алган. Гилл нааразылык акцияларында аскерлерди жана офицерлерди бийликке баш ийбөөгө чакырган. Буга байланыштуу сөздөрүндө Имран Хан жардамчысы камакта кыйноого алынып жатканын билдирип, полицияны жана судьяны сотко берерин айтып чыккан. Бийлик мындан кийин анын YouTube каналын бөгөттөгөн. Экс-премьер-министрдин тарапташтары бир нече күндөн бери анын үйүн кайтарууга алып, Ханды…

Прочитайте больше

Владимир Путин ноябрда G20 саммитине катышары күтүлүүдө

Владимир Путин ноябрда G20 саммитине катышары күтүлүүдө

Индонезиянын президенти Жоко Видодо Орусиянын президенти Владимир Путин 15-16-ноябрда Индонезиянын Бали аралында өтө турган “Чоң жыйырмага” (G20) кирген өлкөлөрдүн саммитине келет деп күтүлүп жатканын кабарлады. Виодо Bloomberg агенттигине берген маегинде саммитке келүү ниетин Владимир Путин өзү билдиргенин айтты. Маалыматка караганда, Бали аралына Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин да барат. Кремль комментарий берүүдөн баш тартты. Атын атагысы келбеген орусиялык чиновник Bloomberg басылмасына Владимир Путин G20 лидерлеринин жолугушуусуна катышууну пландап жатканын ырастады. Июндун аягында Видодо Москвада Владимир Путин…

Прочитайте больше

Жапаров менен Мишустин телефон аркылуу сүйлөштү

Жапаров менен Мишустин телефон аркылуу сүйлөштү

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, тараптар соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты. Өзгөчө басым үстүбүздөгү жылдын 25-26-августунда Кыргызстандын төрагалыгы астында Чолпон-Ата шаарында өтүүчү Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынын эске алуу менен Евразия экономикалык биримдигиндеги интеграциялык өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө жасалды.

Прочитайте больше

Львовдо Эрдоган, Зеленский жана Гутерриш эмне тууралуу сүйлөштү?

Львовдо Эрдоган, Зеленский жана Гутерриш эмне тууралуу сүйлөштү?

Кечээ, 18-августта Украинанын Львов шаарында өлкөнүн президенти Владимир Зеленский, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган, жана БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриштин жолугушуусу өттү. Бул тууралуу чет элдик ЖМКлар жазды. Маалыматка караганда, 40 мүнөткө созулган сүйлөшүүлөр Потоцкий сарайында, жабык эшик артында өттү. Жолугушууга Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Түркиянын Улуттук чалгындоо уюмунун башчысы Хакан Фидан жана президенттин басма сөз катчысы Ибрахим Калын да катышты. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар биргелешкен маалымат жыйынын өткөрүштү. Анда Эрдоган Анкара «Украина тарапта» экенин билдирип, Түркия – НАТОнун башка мүчөлөрүнөн айырмаланып, Россия менен…

Прочитайте больше
1 3 4 5 6 7 36