Израиль кечээ парламентти таратты

Израиль кечээ парламентти таратты

Лапид 1 –  ноябрда боло турган шайлоолорго чейин өлкөнү убактылуу премьер  – министр катары башкарат.  Кечээ Израилде парламент таркатылып, 1 –  ноябрда мөөнөтүнөн эрте өтүүчү шайлоо тууралуу чечимдин жарыяланышынан кийин Нафтали Беннетт премьер  – министрлик кызматын коалиция өнөктөшү Яир Лапидге өткөрүп берди. Мөөнөтүнөн эрте болуучу шайлоо чечими чыгарылган түнү коалиция өкмөтүндө тышкы иштер министри катары кызмат кылган Лапид өлкөнүн 14 –  премьер  – министри болду. Лапид 1 –  ноябрда боло турган шайлоолорго чейин өлкөнү убактылуу премьер …

Прочитайте больше

Россия Ирандын ШКУжана БРИКС менен жакындашуусуна кызыкдар

Россия Ирандын ШКУжана БРИКС менен жакындашуусуна кызыкдар

Россия Ирандын Шанхай Кызматташтык Уюму жана БРИКС сыяктуу интеграциялык долбоорлор менен мындан аркы жакындашуусуна кызыкдар. Бул тууралуу 29-июнда Россиянын Федерация кеңешинин вице-спикери Константин Косачев Ирандын ички иштер боюнча комиссиясынын жана Ислам кеңешинин ассамблеясынын кеңешинин төрагасы Мохаммед Салех Жокар менен жолугушуусунда билдирди. “Биз Ирандын Россия катышкан интеграциялык бирикмелерге активдүү катышууга кызыкдар экенин көрүп жатабыз. Биздин көз карашыбызда, бул жерде эң келечектүү нерсе – Ирандын ШКУ менен мындан ары жакындашуусу”, – деди Косачев. “Иран БРИКС мамлекеттер тобу менен жакындашууга кызыкдар экенин…

Прочитайте больше

НАТО ыкчам күчтөрүн 300 миң аскерге жеткирет

НАТО ыкчам күчтөрүн 300 миң аскерге жеткирет

27-июнда НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Орусиянын Украинага басып киргенине байланыштуу альянс ыкчам аракет көрүүчү күчтөрүн 300 миң жоокерден ашыра турганын билдирди. Баш катчы блок чыгыш флангдагы аскерлерин күчтөндүрөрүн Мадриддеги саммит алдында белгиледи. Азыркы тапта НАТОнун ыкчам аракеттенүүчү күчтөрү 40 миң жоокерден турат. 28-29-июнда өтүүчү саммитте Москваны “стратегиялык өнөктөш” деп атаган аныктама өзгөртүлмөкчү. Мындай чечим 2010-жылы кабыл алынган. Столтенбергдин айтымында, стратегиялык концепциядан ал сөздөрдү алуу Мадридде макулдашылмакчы. “Орусия коопсуздугубузга, баалулуктарыбызга, мыйзам үстөмдүгү өкүм сүргөн эл…

Прочитайте больше

Иран менен Аргентина БРИКСке мүчө болуу үчүн арыз беришти

Иран менен Аргентина БРИКСке мүчө болуу үчүн арыз беришти

Ирандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Саид Хатибзаде өлкө бийлиги БРИКСке мүчө болуу үчүн арыз бергенин билдирди. Бул тууралуу ведомствонун Telegram-каналында маалымдалды. “Кытай Эл Республикасынын төрагасы Ирандын президенти Раисини чакырды. Ал БРИКСтин жыйынына катышып, сөз сүйлөдү. Биз БРИКСте мындан ары да пайдалуу боло алабыз жана топ дагы биздин баалуулугубузду арттырат деп үмүттөнөм”, – деп билдирди Саид Хатибзаде. Маалыматка караганда, аталган топко ушундай эле арыз Аргентина тарабынан да берилген. Иран менен Аргентина БРИКСке мүчө болуу үчүн арыз бергенин…

Прочитайте больше

Түркия Россияга каршы санкцияга кошулбайт

Түркия Россияга каршы санкцияга кошулбайт

Түркия энерго көз карандуулугуна байланыштуу Россияга санкция салбайт. Россияга киргизилген санкциялар орус экономикасына караганда Түркияныкына көбүрөөк зыян тийгизет. Бул тууралуу түрк президентинин өкүлү Ибрахим Калын билдирди. Анкара өз кызыкчылыктарын коргоодо, ошондуктан көптөгөн Батыш өлкөлөрү киргизген чектөөлөргө кошулган жок. Калындын айтымында, Батыш бул позицияны түшүндү. Анкаранын расмий өкүлү Түркия чет өлкөлүк энергия булактарына көз каранды экенин, ошондуктан “Иран сыяктуу эле Россия менен да мамилени өнүктүрүп жатканын” баса белгиледи. Украинада аскердик операция башталгандан бери Батыш өлкөлөрү Россияга карата алты…

Прочитайте больше

Иран өзөктүк келишим боюнча сүйлөшүүлөрдү кайрадан жанданта турганын маалымдады

Иран өзөктүк келишим боюнча сүйлөшүүлөрдү кайрадан жанданта турганын маалымдады

Ирандын тышкы иштер министрлиги өзөктүк курал боюнча сүйлөшүүлөрдү кайрадан жандантуу үчүн Евробиримдиктин башкы дипломаты Жозеп Боррел 24-июндун кечинде Тегеранга келерин маалымдады. “Иран менен Европа Биримдигинин сүйлөшүүлөрүнүн уландысы болуп саналган бул иш-сапарда эки тараптуу мамилелер, чөлкөмдүк жана эл аралык маселелер, санкцияларды алуунун соңку макамы талкууланат”, – деди Ирандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Саид Хатибзаде. 2015-жылы Иран алты мамлекет – Кытай, Орусия, Германия, Франция, АКШ жана Британия менен өзөктүк макулдашууга жетишкен. Ага ылайык, Ислам жумурияты өзүнүн…

Прочитайте больше

Лавров: Россия менен Ирандын кызматташтыгы жаңы стратегиялык деңгээлге чыгууда

Лавров: Россия менен Ирандын кызматташтыгы жаңы стратегиялык деңгээлге чыгууда

Россия менен Ирандын кызматташтыгы жаңы стратегиялык деңгээлге чыгып, эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү Батыштын санкцияларына карабастан 80 пайызга өсүп, 4 миллиард доллардан ашты. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Тегеранга жасаган иш сапарында кесиптеши Хоссейн Амир Абдоллахян менен жолугушуусунан кийин өткөргөн биргелешкен маалымат жыйынында билдирди. Бул тууралуу ирандык басылмалар жазды. “Биздин кызматташтык жаңы стратегиялык деңгээлге чыгууда. Өткөн жылы Москва менен Тегерандын ортосундагы соода жүгүртүү Батыштын санкцияларына карабастан 80 пайыздан ашык өсүп, 4 миллиард доллардан ашты. Быйыл тенденция уланууда…

Прочитайте больше

Украина менен Молдовага ЕБге талапкер макамы берилди

Украина менен Молдовага ЕБге талапкер макамы берилди

23-июнда Брюсселде өткөн Европа Биримдигинин саммитинде Украина менен Молдовага аталган уюмга кирүүгө талапкер макамы берилди. Бул Еврошаркеттин тарыхындагы эң чукул кабыл алынган чечим болуп калды. Украинанын президенти Владимир Зеленский бул чечимди кубаттады жана “Бул жеңиш. Биз аны 120 күн жана 30 жыл күткөнбүз” деп билдирди. Ошондой эле талапкер макамынын берилишин Украина менен Еврошаркеттин алакасындагы “өзгөчө учур” катары сыпаттады. 16-июнда Франциянын, Германиянын, Италиянын жана Румыниянын лидерлери Киевге барып, өлкө жетекчилиги менен жолугушууда Украинага Евробиримдикке кошулууга талапкер макамын берүүнү…

Прочитайте больше

Стамбулда Россия, Украина, Түркия жана БУУнун жолугушуусу болот

Стамбулда Россия, Украина, Түркия жана БУУнун жолугушуусу болот

Келерки аптада Стамбулда Россия, Украина, Түркия жана БУУнун өкүлдөрү жолугат. Сүйлөшүү Украинадан дан алып чыгуу маселесине арналат. Бул тууралуу Milliyet гезити түрк президентинин айланасындагы өз булактарына таянуу менен жазды. Басылма жолугушууга Түркия президенти Режеп Эрдоган менен БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш да катышуусу мүмкүн экенин белгилейт. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Украинадан дан алып чыгуу боюнча Түркия менен байланыш бар экенин тастыктап, сүйлөшүү коргоо министрлигинин линиясы боюнча жүрөрүн айтты. БУУнун маалымат кызматы сүйлөшүү кайсы күнү болорун так айткан жок. Украина…

Прочитайте больше

Медведев: Евробиримдик Украинаны кабыл алганга чейин өзү жок болуп кетиши мүмкүн

Медведев: Евробиримдик Украинаны кабыл алганга чейин өзү жок болуп кетиши мүмкүн

Украинанын Евробиримдикке кошулуусу үчүн шарттарды аткаруу ондогон жылдарды талап кылат, бирок ал убакытка чейин ЕБ коммунизмди курбай кыйраган СССРдин тагдырына кабылышы мүмкүн. Мындай пикирин Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев Telegram-каналына жазды. Ал 1961-жылы кабыл алынган КПССтин программасына токтолуп, анда жарандарга коммунизм учурунда жашоо убада кылынганын, бирок ал ишке ашпай СССР кулап, Коммунисттик партия жоюлганын эске салып өттү. “Бирок кырдаал СССРдин тагдырындагыдай болушу мүмкүн. Союздун өзү сакталып калганда, балким, коммунизм келмек. Ал эми Союз,…

Прочитайте больше

Минскиде Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны өтөт

Минскиде Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны өтөт

20-21-июнь күндөрү  Минск шаарында Кыргызстандын төрагалыгы астында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өтөт. Бул тууралуу Министрлер Кеңешинин  маалымат кызматы билдирди. Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн, интеграциялык бирикменин байкоочу мамлекеттеринин өкмөт башчылары, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы катышат.  Күн тартибинде электрондук соода, бажы кызматташтыгы маселелерин талкуулоо, мурда берилген тапшырмалардын аткарылышы боюнча отчет каралган.  Жыйындын жүрүшүндө өкмөт башчылары ошондой эле товарларды идентификациялоо жолу менен маркировкалоону киргизүү, өнөр жайдын артыкчылыктуу жана жогорку технологиялуу…

Прочитайте больше

Токаев Казакстан Донбасстагы жикчилдерди “республика” катары тааныбай турганын билдирди

Токаев Казакстан Донбасстагы жикчилдерди “республика” катары тааныбай турганын билдирди

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Санкт-Петербургдагы Эл аралык экономикалык форумга катышып, бир катар темаларда пикирлери менен бөлүштү. Форумдун 17-июнь күнкү отурумунда ал Орусиянын президенти Владимир Путин менен бир пленардык жыйынга чыкты. Бул күнкү жыйынды алып барган RT телеканалынын башкы редактору Маргарита Симоньян Токаевге ачык суроо коюп, “Донецкидеги жана Луганскидеги түзүмдөрдү Казакстан тааныйбы?” деп сурады. Казак президенти ага Нур-Султан аларды тааныбай турганын айтты. “Азыркы эл аралык укук Бириккен Улуттар Уюмунун уставына негизделет. Бирок анда камтылган эки принцип…

Прочитайте больше

Зеленскийдин Европа лидерлери менен жолугушуусу кандай өттү?

Зеленскийдин Европа лидерлери менен жолугушуусу кандай өттү?

Кечээ, 16-июнда Украинанын президенти Владимир Зеленский Киевге келген Германиянын канцлери Олаф Шольц, Франциянын президенти Эммануэль Макрон, Италиянын премьер-министри Марио Драги жана Румыниянын президенти Клаус Йоханнис менен жолугушту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды. Жолугушуудан кийин Зеленский ЕБдин башчылары менен бирге маалымат жыйын өткөрдү. Италиянын премьер-министри Марио Драги өлкө Украинаны Евробиримдиктин бөлүгү катары көргүсү келерин билдирди. Европа лидерлери Киевге тез арада уюмга талапкер деген макамды берүү идеясын колдошту. Зеленский менен ЕБдин лидерлери Россиянын Киевге каршы атайын операциясы башталгандан бери анын айланасындагы маселелерди биринчи жолу жекеме-жеке талкуулашты. Макрон Франция…

Прочитайте больше

Италия, Франция жана Германиянын лидерлери Украинага барышты

Италия, Франция жана Германиянын лидерлери Украинага барышты

Италиянын премьер-министри Марио Драги, Франциянын президенти Эммануэль Макрон жана Германиянын федералдык канцлери Олаф Шольц Украинага барышты. Бул тууралуу маалыматты италиялык телеканал RaiNews24 кабарлаганын РИА Новости жазды. Маалыматка караганда, аталган каналдын таңкы жаңылыктарында Драги, Макрон жана Шольцтун поездде столдо баарлашып жаткан учурундагы сүрөтүн көрсөткөн. Буга чейин чет элдик басылмалар украин жана француз өкмөттөрүндөгү булактар Драги, Макрон жана Шольц Киевге барууну пландап жатышканын маалымдаган. Кийинчерээк алар Украинанын борборуна бейшемби күнү эртең менен поезд менен келээри белгилүү болгон. Евробиримдиктин лидерлери Киевде Украинанын президенти Владимир Зеленский менен…

Прочитайте больше

АКШ Россияга санкция киргизген өлкөлөрдүн коалициясын түзүүнү сунуштады

АКШ Россияга санкция киргизген өлкөлөрдүн коалициясын түзүүнү сунуштады

АКШнын каржы министри Жанет Йеллен Украинадагы атайын аскердик операциядан улам Россияга каршы санкция киргизген өлкөлөрдүн коалициясын түзүүнү сунуштады. “Менин оюмча, бизге Россияга каршы санкцияларды киргизүүгө макул боло турган өлкөлөрдүн абдан чоң тобу керек. Дүйнөлүк масштабда санкцияларды натыйжалуурак кылуу үчүн мындай коалицияны түзүү зарыл”, – деди АКШнын каржы министри New York Times гезити уюштурган талкууда. Белгилей кетсек, Россия армиясынын Украинаны  демилитаризация жана денацификациялоо боюнча операциясы башталгандан кийин Батыш өлкөлөрү Москвага каршы жаңы санкцияларды жарыялашууда. Ал учурда Американын президенти…

Прочитайте больше
1 7 8 9 10 11 36