Рафаэль Физиев: «Мындан ары Кыргызстандын желеги менен чыгууну токтотом»

Рафаэль Физиев: «Мындан ары Кыргызстандын желеги менен чыгууну токтотом»

Кыргызстандык UFC мушкери Рафаэль Физиев мындан ары Кыргызстандын желеги менен чыгууну токтоторун жар салды. Бул тууралуу ал өзүнүн Инстаграмдагы расмий баракчасына жарыяланган видео кайрылуусунда билдирди. Мушкер анын мындай кадамга барышына Кыргызстан муфтиятынын кийлигишүүсү себеп болгонун айтты. “Бүгүнкү күндө мен жана менин үй-бүлөм муфтият тараптан жана Кыргызстандагы кээ бир белгилүү адамдардын тукуруусуна туш болдук. Мен эч качан динди үгүттөгөн эмесмин. Мен миллиондогон адамдар сыяктуу эле Инстаграмдан өз жашоомду көрсөткөм. Светтик мамлекетте ар ким мыйзамдын чегинде каалаганын…

Прочитайте больше

Кыргызстандык спортчулар дүйнөлүк рейтингде алдыңкы саптарга көтөрүлдү

Кыргызстандык спортчулар дүйнөлүк рейтингде алдыңкы саптарга көтөрүлдү

Кыргызстандык спортчулар спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынан кийин United World Wrestling уюмунун рейтингинде алдыңкы саптарга көтөрүлдү. Бул туурасында  аталган уюмдун сайтында айтылат. Осло шаарында өткөн Дүйнө чемпионатында Айсулуу Тыныбекова менен Мээрим Жуманазарова алтын, Айпери Медет кызы (кыз-келиндер арасында) коло, Жоламан Шаршенбеков (грек-рим күрөшү) күмүш, Эрназар Акматалиев күмүш, ал эми Алибек Осмонов (эркин күрөш) коло медаль багындырган. Мелдештен кийин кыргыз балбандарынын рейтинги тизменин алдыңкы саптарына чыкты. Айсулуу Тыныбекова 62 кг салмакта United World Wrestling уюмунун тизмесинин биринчи орунун сактап калды. Ал эми Мээрим Жуманазарова 68 кг салмакта тизменин…

Прочитайте больше

Кыргызстан бешинчи орунда. Дүйнө чемпионатынын акыркы рейтинги жарыяланды

Кыргызстан бешинчи орунда. Дүйнө чемпионатынын акыркы рейтинги жарыяланды

Күрөш боюнча Дүйнө чемпионатына катышкан 27 өлкөнүн ичинен Кыргызстан алдынкы беш өлкөнүн катарына кирди. Кечээ, 10-октябрда Норвегиянын Осло шаарында күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты аяктады. Анын жыйынтыгы боюнча жарыяланган рейтингде, медалдар жарышы боюнча Кыргызстан алдыңкы ири державалардын катарынан 5-орунду ээледи. Иран – 7 алтын, 3 күмүш, 3 коло;АКШ – 5 алтын, 5 күмүш, 5 коло;Япония – 5 алтын, 3 күмүш, 4 коло;Орусия – 4 алтын, 5 күмүш, 9 коло;Кыргызстан – 2 алтын, 2 күмүш, 2 коло;…

Прочитайте больше

Видео: Ирандык балбан америкалык атаандашып утуп, дүйнө чемпионуб олду

Видео: Ирандык балбан америкалык атаандашып утуп, дүйнө чемпионуб олду

Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча Дүйнө чемпионатынын финалында ирандык балбан Хасан Яздани америкалык атаандашы Дэвид Тейлорду 6:2 эсеби менен утуп, алтын медаль тагынды. Токиодогу Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси Хасан Яздани  86 килограмм салмакта күч сынашты. Ирандык балбан акыркы жолу Дэвид Тейлор менен Токио Олимпиадасында беттешип,  женилип калган. Буга чейин ирандык спортчу чемпиондукка ат салышууда казакстандык балбан Азамат Даулетбековду 12:2, Пуэрто-Риколук атаандашы Эйтан Рамосту 10:0 эсебинде жана орусиялык спортчу Артур Найфоновду…

Прочитайте больше

Олимпиадага барган спортчулар 23-августта сыйланат

Олимпиадага барган спортчулар 23-августта сыйланат

Президент Токиодо өткөн Олимпиадага катышкан спортчуларды качан сыйлай тургандыгы белгилүү болду. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдиргенин жергиликтүү басылмалар маалымдашты. Маалыматка ылайык, спортчуларды сыйлоо аземи 23-августта “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтөт. Буга чейин, президент Садыр Жапаров Олимпиададан байгелүү кайткан спортчуларга өзүнүн атынан белек убадалаган. Белгилей кетсек, Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында Акжол Махмудов күмүш, Айсулуу Тыныбекова күмүш жана Мээрим Жуманазарова коло медал алышкан.

Прочитайте больше

Токио-2020 олимпиадасынын жыйынтыктары кандай болду?

Токио-2020 олимпиадасынын жыйынтыктары кандай болду?

Токио – 2020 олипиадасын өткөрүүдө 25 млрд.$ каража сарпталган жана бул тарыхта рекорддук көрсөткүч болуп калды. Белгилей кетсек, жайкы олимпиадалык оюндарга 206 өлкөнүн спортчулары катышып, 93 өлкөнүн жараны медалдарга ээ болушкан. Албетте, олимпиаданын каржысы рекорддук көрсөткүчкө жетип, пандемияга байланыштуу 2, 8 млрд. $ га ашыкча сарпталганы аныкталды.Буга себеп, чет өлкөлүк күйөрмандарга билеттер сатылбастан, жергиликтүүлөр гана чектелүү түрдө билетке ээ болушкан. Анткени менен Covid – 19дан толук сактанууга мүмкүн болгон эмес. Оюндар учурунда 343 адам, алардын…

Прочитайте больше

Олимпиадада байгеге ээ болгон спортсмендердин урматына Ала-Тоо аянтында салтанат уюштурулат

Олимпиадада байгеге ээ болгон спортсмендердин урматына Ала-Тоо аянтында салтанат уюштурулат

КРнын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги эртең, 7-августта Токио Олимпиадасынан байге алган балбандар Кыргызстанга кайтып келерин билдирди. Маалыматка ылайык, ушул эле күнү саат 13:00дө “Ала-Тоо” аянтында Олимпиадалык курама команданын мүчөлөрүнө арналган салтанаттуу кече уюштурулат.Аталган агенттик спортчуларды тосуп алууну каалаган жарандарга борбордук аянтка келүүнү сунуштап, “Салтанаттуу иш-чарага өлкөбүздүн намысын Токиодогу XXХII жайкы Олимпиадалык оюндарында коргогон спортчуларыбыз, машыктыруучуларыбыз катышып, сиздер менен жүз көрүшөт. Кече кыргыз эстрадасынын белгилүү жылдыздарынын коштоосунда өтөт. Ушул жылдын чыныгы каармандарын биргеликте…

Прочитайте больше

Токио 2020: Борбор Азия боюнча Кыргызстан экинчи орунда

Токио 2020: Борбор Азия боюнча Кыргызстан экинчи орунда

Токио 2020 Олимпиада оюндарында багындырылган медалдар боюнча Кыргызстан Борбор Азия мамлекеттеринин арасында экинчи орунда келе жатат. Ал эми дүйнө жүзү боюнча 4-августка карата 200дөн ашык мамлекеттин ичинен 61-орунга көтөрүлдү. Коңшу өлкөлөрдөн Тажикстандын спортчулары Олимпиада оюндарынан байгесиз кайтып келишти. Өзбекстан 2 алтын, 1 коло менен 30-орунда, Түркмөнстан 1 күмүш менен 71-орун жана Казакстан 4 колосу менен 72-орунда турат. Кыргызстандын спортчулары бул Олимпиадада үч медалга ээ болшту. 3-августта Акжол Махмудов күмүш медал жана балбан кыз Мээрим Жуманазарова коло медаль утушкан. Кечээ, 4-августта Айсулуу…

Прочитайте больше

Айсулуу Тыныбекова: Кыргызстанга алтын алып келгим келген

Айсулуу Тыныбекова: Кыргызстанга алтын алып келгим келген

Токио – 2020 олимпиадасынын кыз-келиндер күрөшү мелдешиндеги финалда күмүш медалга ээ болгон Айсулуу Тыныбекова Токиодогу акыркы беттеши тууралуу билдирди. “Мен өзүмө да, мелдештин натыйжасына да нааразымын. Бардыгы мени алтын алат деп күтүшкөн, бирок элдин ишеничин актап, тарых жарата алган жокмун.”Анын айтымында, мелдештен алдыраак өзү жакшы даярдыкта болгону менен беттешүүдө тилекке каршы машыктыруучунун айткандарын толук аткара алган эмес.Айсулуу Тыныбекова мындай деп кошумчалады: “Жараткандын буюругу менен күмүшкө ээ болуп отурам, бүгүн муну кабыл алышым керек. Биздин жашоо бул күрөш,…

Прочитайте больше

Бүгүн кыргыз балбаны Акжол Махмудов алтын үчүн ат салышат

Бүгүн кыргыз балбаны Акжол Махмудов алтын үчүн ат салышат

Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшү боюнча катышып жаткан кыргызстандык балбан Акжол Махмудов  бүгүн, 3-августта финалдык беттешке чыгат. Финалдык беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 16:30да башталат. Махмудов килем 77 кг салмакта алтын үчүн атаандашы венгриялык балбан Тамаш Лоринц менен килем үстүнө чыгат.

Прочитайте больше

Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанга келди

Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанга келди

Бүгүн, 3 -августта UFCнин жеңилбес чемпиону жана промоушендин мыкты мушкери Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанга келгенин EFC 38 турниринин PR-кызматынан билдиришти. Аны «Манас» эл аралык аэропортунан EFC 38 турниринин уюштуруу комитетинин өкүлдөрү салтанаттуу тосуп алышты.Нурмагомедов кыргызстанга Зубайра Тухугов, Имар Нурмагомедов, Умар Нурмагомедов, Усман Нурмагомедовдор менен чогуу келди, алар Хабибдин командасына кирет.Хабиб Нурмагомедов Чолпон-Ата шаарында (Ысык-Көл облусу) 3-августта өтө турган Eagle Fighting Championship (EFC 38) лигасынын аралаш мушташ боюнча турниринин ардактуу коногу болот. Турнир саат 17: 00дө башталат.Спорттук иш-чара 19 беттешти камтыйт, алардын…

Прочитайте больше

Токио-2020 олимпиадасынын күрөш мелдештеринин үчүнчү күнү: кыздар утуп, жигиттер утулушууда

Токио-2020 олимпиадасынын күрөш мелдештеринин үчүнчү күнү: кыздар утуп, жигиттер утулушууда

Токиодо өтүп жаткан олимпиаданын күрөш боюнча мелдештеринин үчүнчү күнү кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова менен Мээрим Жуманазарованын жеңиши менен башталды. Белгилей кетсек, Мээрим Жуманазарова коло медалына жолдомо алуу үчүн азербайжандык атаандашын 4:1 упай менен жеңди.Ошондой эле, Айсулуу Тыныбекова латвиялык атаандашын 8:0 упай менен утуп, 1/8 финалга чыкты.Ал эми, Узур Жузупбеков финляндиялык атаандашына утулуп, коло медалга жолдомо алууга жетпей калган. Буга кошумча, Атабек Азизбеков бүгүнкү биринчи мелдешинде венгриялык атаандашына 6:1 упайга уттуруп,  1/4 финалга чыкпай калды. Алдыда Акжол Махмудовдун финалдык беттеши бүгүн, 3-августта саат 15:00дө өтмөкчү.

Прочитайте больше

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов финалга чыкты

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов финалга чыкты

Токио 2020 олимпиадасында 77 килограммга чейинки салмакта грек-рим күрөшчүсү Акжол Махмудов финалга чыкты. Белгилей кетсек, ал Армениядан келген Карапет Чалянды 6: 2 эсебинде утуп алды. Буга чейин Акжол тунистик күрөшчүнү (11: 0) жана азербайжандык спортчуну (9: 1) мөөнөтүнөн мурда утуп алган. Эртең финалда (3-август) анын атаандашы Тамаш Леринц (Венгрия) болмокчу.Ал эми, бүгүн балбандар Узур Жузупбеков менен Мээрим Жуманазарова жарым финалга өтө албай калган жолугушууларын өткөрүштү.Эске салсак, анын алдында 74 килограммга чейинки салмакта Айпери Медет кызы кыз-келиндер күрөшү боюнча турнирдин жарым финалына чыккан.

Прочитайте больше

Токио Олимпиадасында канча медал ойнотулат?

Токио Олимпиадасында канча медал ойнотулат?

Япониядагы оюндарда 339 комплект сыйлык ойнотулат жана 2016-жылы Рио -де -Жанейродо өткөн жайкы Олимпиада оюндарына караганда 33 медалга көбүрөөк. Белгилей кетсек,  Токио Олимпиадасынын программасына спорттун 33 түрү кирет, алар 50 дисциплинаны бириктирет. Оюндарда 339 медаль топтому ойнотулат.Учурда Кытай 33 (16 алтын, 7 күмүш, 10 коло) медал алуу менен Япониядан озуп алдыда келе жатат.Бүгүнкү күндо Япониянын капчыгында 15 алтын, 4 күмүш жана 7 коло медаль толсо, ал эми 3-орунга АКШ 14 алтын, 16 күмүш жана 11…

Прочитайте больше

Каныкей Кубанычбекова Олимпиада оюндарында орунга илинбей калды

Каныкей Кубанычбекова Олимпиада оюндарында орунга илинбей калды

Кыргызстандык спортчу Каныкей Кубанычбекова Олимпиада оюндарында 10 метр аралыктан ок атуу спорту боюнча 48-орунга илинди. Бул тууралуу Олимпиада оюндарынын сайтында айтылат. Ал 24-июлда 50 спортчунун ичинен 612,8 упайы менен 48-орунга жайгашты. Финалга өтүш үчүн спортчулар 628,5 упай топтоо керек эле. Белгилей кетсек, кечээ, 23-июлда Токиодо Олимпиада оюндары расмий ачылды. Салтанаттуу параддан Кыргызстан командасы 56-катар менен өтүп, Каныкей Кубанычбекова менен Денис Петрашов тууну көтөрүп чыгышты. Олимпиада оюндарына Кыргызстандын атынан 16 спортчу катышууда.

Прочитайте больше
1 2 3