COVID-19: Кытайда сутка ичинде 23 минден ашуун учур катталды

COVID-19: Кытайда сутка ичинде 23 минден ашуун учур катталды

Кытайда коронавирус боюнча сутка ичинде 23 миңден ашуун жаңы учур аныкталып, кайрадан антирекорд катталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар маалымдашты. Маалыматка караганда, жугузуп алгандардын көбү Шанхайда катталган жана көбүндө симптомсуз болууда. Буга чейин, Кытай бийлиги өлкөнүн эң ири шаарларынын бири болгон Шанхайга миңдеген аскер жана медициналык кызматкерлерди жөнөтүп, шаарда жалпы тестирлөө жарыяланып, 26 миллионго жакын тургуну сөзсүз өтүүгө милдеттендиргени маалымдалган. 5-апрелде Шанхайда карантин бүтүшү керек болчу. Бирок кайра жугузуп алгандар көбөйүп, белгисиз мөөнөткө узартылды. Кытайда…

Прочитайте больше

Испаниялык компания Ысык-Көлдө күн электр станциясын жана ГЭС курууга ниеттенүүдө

Испаниялык компания Ысык-Көлдө күн электр станциясын жана ГЭС курууга ниеттенүүдө

Кыргызстандын министрлер кабинети Испаниянын «EcoEner» энергетикалык компаниясы менен Ысык-Көл облусунда 260 МВт күн электр станциясын жана ГЭС куруу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол койду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет. Документке министрлер кабинетинин атынан энергетика министри Доскул Бекмурзаев жана «EcoEner» испан энергетикалык компаниясы кол койгон. Меморандумга кол коюу аземи «Кыргызстандын энергетика секторун трансформациялоо» форумунун алкагында өттү. Маалымдама: «EcoEner» энергетикалык компаниясы энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагында гана иштейт. Компания Испания Королдугу, Сербия Республикасы, Гондурас…

Прочитайте больше

БУУ Орусиянын Адам укуктары боюнча кеңешине катышуусун токтотту

БУУ Орусиянын Адам укуктары боюнча кеңешине катышуусун токтотту

БУУнун Башкы ассамблеясы Орусиянын Адам укуктары боюнча кеңешке катышуусун токтотуу боюнча резолюция кабыл алды. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады. Резолюцияга Сербия жана Израиль баш болуп 93 мамлекет “макул” деп добуш беришсе, 24 өлкө каршы болушту. Алар: Алжир, Беларусь Республикасы, Боливия, Бурунди, Борбордук Африка Республикасы, Кытай, Конго Республикасы, Куба, Түндүк Корея, Эритрея, Эфиопия, Габон, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Лаос, Мали, Никарагуа, Орусия, Сирия, Тажикстан, Өзбекстан, Вьетнам жана Зимбабве. Ал эми 58 өлкө добуш берүүдөн карманган. Документтин долбоору Батыш…

Прочитайте больше

Краматорск вокзалындагы чабуулдан өлгөндөрдүн саны 50гө жетти

Краматорск вокзалындагы чабуулдан өлгөндөрдүн саны 50гө жетти

Украинанын Краматорск шаарындагы темир жол вокзалын бутага алган ракета чабуулунан каза тапкандардын саны 50 кишиге жетти. Алардын арасында беш бала бар экенин 8-апрелде Донецк облусундагы аймактык аскердик администрациянын башчысы Павел Кириленко билдирди. Ал Орусиянын бул чабуулунун курмандыктарынын саны дагы өсүшү мүмкүндүгүн, жаракат алган жүздөй адамдын арасында 16 өспүрүм бар экенин Телеграмга жазды. Буга чейин украин өкмөтү вокзалга эки ракета тийгенин билдиришкен. Президент Владимир Зеленский орус күчтөрү жайкын тургундарды атайылап бутага алганын айтты. Краматорсктогу чабуулду бир катар дүйнө…

Прочитайте больше

“12 жыл мурда тийген ок алып тынды”. Апрель окуясынын унутта калган мүдөөсү

“12 жыл мурда тийген ок алып тынды”. Апрель окуясынын унутта калган мүдөөсү

Кыргызстандагы Апрель ыңкылабына 12 жыл болду. Бул күнү Бакиевдин үй-бүлөлүк режимине каршы чыккан демонстранттарга ок атылган. Бишкектеги Ак үйдүн алдында 87 киши каза таап, 400дөн ашууну жараат алган. Андан бери 12 жыл арылыгында жараат алгандардан дагы 65 киши көз жумду. Азыркы тапта Апрель ыңкылыбынын курмандыктарынын жалпы саны 150дөн ашты. “12 жылдан кийин Дуулаттан айрылдык…” 2010-жылы 7-апрелде борбордук аянтта ок тийген жарандар “Айкөл Ала-Тоо” деген коом түзгөн. Алардын эсебинде, соңку 12 жыл ичинде ошондо алган жараатынан…

Прочитайте больше

Европарламент Орусиянын мунай-газына тыюу салууга чакырды

Европарламент Орусиянын мунай-газына тыюу салууга чакырды

Европарламент Европа кеңешин Орусияга кошумча санкция салууга чакырды. Тиешелүү резолюция 7-апрелде кабыл алынды. Депутаттар Орусиядан газ, мунай, көмүр жана өзөктүк отун алууга эмбарго киргизүүнү жактайт. Deutsche Welle жазгандай, бул документти Европа парламентинин 513 депутаты колдоп, 22си каршы добуш берди, 19у калыс калды. Реолюцияда Украинанын “Буча жана башка шаарларында Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн окккупациясы учурундагы зордуктоо, тынч тургундарды соттун өкүмү жок өлүм жазасына тартуу, күчкө салып көчүрүү, мародерлук, жарандык инфраструктурага кол салуу, алдын ала макулдашылган гуманитардык коридорлордон…

Прочитайте больше

БУУ «Кумтөр» тынчтык келишими боюнча комментарий берди

БУУ «Кумтөр» тынчтык келишими боюнча комментарий берди

Бириккен Улуттар Уюму Кумтөр кени боюнча Кыргыз Республикасы менен Centerra Gold Inc ортосунда тынчтык келишимине кол коюлгандыгы боюнча комментарий берди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. БУУнун Башкы катчысынын пресс-катчысынын орун басары Ф.Хан журналисттер үчүн өткөргөн пресс-конференциясында,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен канадалык Centerra Gold Inc компаниясынын ортосунда Кумтөр кени боюнча тынчтык келишимине кол коюлгандыгы БУУ тарабынан кабыл алынгандыгын билдирди.  “Тынчтык келишимине кол коюу – маселесин эл аралык коммерциялык укуктун алкагында чечилишин билдирет, аны кыргыз…

Прочитайте больше

Бейшеналиев: Балдар эми 6 жаштан 1-класска барат

Бейшеналиев: Балдар эми 6 жаштан 1-класска барат

Кыргызстандагы мектептерге 12 жылдык билим берүү системасын киргизүү пландалып жатат. Бул тууралуу билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев фейсбук социалдык тармагындагы баракчасына жазды. Анда ал, эми балдар 7 жашынан эмес, 6 жашынан милдеттүү түрдө 1-класска аттанып, мектепке чейинки даярдоо классы (0-класс) жоюларын билдирди. “12 жылдык окуу боюнча: Эми бала 7 жашынан эмес, 6 жашынан милдеттүү түрдө биринчи класска аттанып, 0-класс деген жоюлат. Ошондо бала жылдан утулбайт. Дүйнөлүк стандартка ылайык болобуз”, – деп жазды  Бейшеналиев.

Прочитайте больше

Песков Путиндин G20 саммитине катышуусу тууралуу билдирүү жасады

Песков Путиндин G20 саммитине катышуусу тууралуу билдирүү жасады

Орусиянын президенти Владимир Путиндин Индонезияда өтүүчү G20 саммитине катышуу маселеси боюнча Кремль иш-чаранын уюштуруучуларынын позициясына карайт. Бул тууралуу орус лидеринин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости жазды. Анын айтымында, Орусия президентинин G20 саммитине катышуусу уюштуруучулардын позициясынан көз каранды. Тактап айтканда, Москва саммитке катышуу же катышпоону кырдаалдын өнүгүшүнө жараша чечет. Ошол эле учурда, Песков бул иш-чара “Чоң жыйырманын алкагындагы иштин абдан маанилүү багыты” экенин белгилеп өттү. Буга чейин, АКШнын Каржы министри Жанет Йеллен Индонезияда өтө турган Чоң жыйырмалыктын саммитинде америкалык өкүлдөр…

Прочитайте больше

ЕБ Кыргызстандын билим берүү системасын колдоого 32 млн евро грант бөлөт

ЕБ Кыргызстандын билим берүү системасын колдоого 32 млн евро грант бөлөт

Бүгүн, 6-апрелде “Кыргызстандын билим берүү секторунда реформаларды жүргүзүүгө контракт” программасы боюнча Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосундагы финансылык макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, макулдашууга кыргыз тараптан КР финансы министри Алмаз Бакетаев жана Европа биримдигинин Жакынкы Чыгыш жана Борбор Азия бөлүмүнүн жетекчиси, Еврокомиссиянын эл аралык кызматташтык маселеси боюнча башкы директору Сара Ринальди кол койду. Бул макулдашуунун алкагында ЕБ КР Билим берүү жана илим министрлигине 32,0 млн евро өлчөмүндө…

Прочитайте больше

Будапешт орус газы үчүн рубль менен төлөөгө даяр экенин жарыялады

Будапешт орус газы үчүн рубль менен төлөөгө даяр экенин жарыялады

Венгрия Москванын газга рубль менен төлөө талабына макул экенин билдирди. Премьер-министр Виктор Орбан Орусиянын мунайына жана газына санкция салууга, Батыштын курал-жарагын Украинага Венгриянын аймагы аркылуу ташууга каршы чыгып келатат. Шаршембидеги маалымат жыйында өкмөт башчы газ үчүн орус валютасы менен төлөө маселеси президент Владимир Путин менен макулдашылганын айтты. Украинага кол салгандыгы үчүн Батыштын санкцияларына туш болгон Орусиянын президенти Европа газ үчүн рубль менен төлөбөсө, газ бербей коерун эскерткен. Европа биримдиги келишимдерде евро менен төлөм каралганын, андыктан…

Прочитайте больше

Владимир Жириновский көз жумду

Владимир Жириновский көз жумду

Орусиянын ЛДПР саясий партиясынын лидери Владимир Жириновский узакка созулган оорудан кийин каза болду. Бул тууралуу Мамлекеттик Думанын спикери Вячеслав Володин билдирди. «Бул баарыбыз үчүн орду толгус жоготуу. Анын жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө ар дайым сакталат», – деп жазды Володин өзүнүн Telegram-каналына. Жириновский коронавируска чалдыгып 2-февралда оор абалда Москванын Борбордук клиникалык ооруканасына түшкөн. Саясатчы көзү тирүү болгондо 25-апрелде 76 жашка чыкмак. Эске салсак, буга чейин 25-мартта Владимир Жириновскийдин каза болгону тууралуу маалыматтар тарап, кайра Вячеслав Володин тарабынан четке кагылган.

Прочитайте больше

Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү

Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-апрелде, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Токаев Жапаровду «Центерра» компаниясы менен талашты жөнгө салуу жөнүндө макулдашууга кол коюлушу менен куттуктады. Бул тууралуу КРнын Президентинин Аппаратынын маалымат кызматы билдирди. Өз кезегинде Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевге ыраазычылык билдирип, макулдашууга жетишүү оңой болбогонун белгиледи. Ал кыргыз тараптан кыргыз элинин кызыкчылыгы гана биринчи орунга коюлганын белгиледи. Узакка созулган сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында бүгүнкү күндө Кыргызстан үчүн мүмкүн болушунча пайдалуу жыйынтыктарга жетишүү мүмкүн болду. Тараптар алдыдагы мааракелик дата —…

Прочитайте больше

Чек арадагы аткезчиликтен ага-ини окко учту

Чек арадагы аткезчиликтен ага-ини окко учту

Өзбекстан аймагына мыйзамсыз жүк киргизип жаткан Кыргызстандын эки жараны өзбек чек арачыларынын огунан каза тапканы кабарланды. Окуя 5-апрелде кечке жуук болгонун УКМКнын Чек ара кызматы ырастады. Окуя Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Дейрес айылына жакын жерде болгон. Бир нече кыргыз жараны Өзбекстандын аймагына атчан жүк алып өтүүгө аракет кылып, кошуна өлкөнүн аймагына 500 метр кирип барган деп айтылды. Өзбекстан тарап 4-апрель түнү белгисиз адамдар чек арадан мыйзамсыз товар алып кирип, кармоо учурунда качууга аракет кылып,…

Прочитайте больше

Орусиянын рубль менен соодалашуу ниети

Орусиянын рубль менен соодалашуу ниети

Эл аралык санкцияларга кабылган Орусиянын ЕАЭБ ичинде жана союздаштары менен сооданы рубль менен жүгүртүү сунушу ара жолдо турат. Москва рубль зонасын түзүүгө киришип, ЕАЭБ ичинде бажы төлөмдөрү рубль менен бөлүнөт дегенин Казакстан жокко чыгарып, бул азыр Орусия менен Беларуска гана тиешелүү экенин айтты. Орусиянын калган өнөктөштөрү толук макулдук бере элек. Орусиянын экономика министри Максим Решетников жакында ЕАЭБге кирген өлкөлөр бирдиктүү рубль мейкиндигин түзүүгө кирише баштаганын жарыялаган. Бирок расмий Нур-Султан ЕАЭБ алкагында өз ара соода жүгүртүүлөр үчүн эсептешүүлөрдө…

Прочитайте больше
1 36 37 38 39 40 133