Жириновскийдин «каза болгону» тууралуу маалымат четке кагылды

Жириновскийдин «каза болгону» тууралуу маалымат четке кагылды

Мамлекеттик Думанын спикери Вячеслав Володин ЛДПР саясий партиясынын лидери Владимир Жириновскийдин каза болгону тууралуу маалыматтарды четке какты. Буга чейин бир катар орус ЖМКлары Жириновский каза болгондугун жазып чыгышкан. Бул тууралуу РБК басылмасы жазды. “Ал тирүү. Анын абалы чындап эле оор. Бүгүн ал компьютердик томографиядан өттү. Анын өмүрү үчүн дарыгерлер күрөшүп жатышат”, — деп жазды Володин Telegram каналына. Саясатчынын абалы туруктуу деп бааланып, дарыгерлер мүмкүн болгон бардык медициналык жардам көрсөтүүнү улантып жатканын Саламаттыкты сактоо министрлиги РИА Новостиге билдирген. Эске салсак, Жириновский коронавируска…

Прочитайте больше

Көптөгөн өлкөлөрдө «стелс-Омикрон» өтө тездик менен жайылууда

Көптөгөн өлкөлөрдө «стелс-Омикрон» өтө тездик менен жайылууда

Коронавирустун жаңы штамы “стелс-Омикрон” көптөгөн өлкөлөрдө өтө тездик менен жайылууда. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб маалымдады. Улуу Британиядагы коронавирустун “стелс-Омикрон” деп аталган жаңы штаммы “омикронго” караганда апта ичинде ооруну жуктургандардын санынын көбөйүшүн тездеткен. Илдеттин бул түрүн бир катар ПЦР-тесттер аныктай албай тургандыгынан жана “Дельтадан” айырмалай албай жаткандыгынан улам “Стелс-Омикрон” деп аталган. Адистер жаңы штаммдын өтө жугуштуулугун, керек болсо, оорукчан адам менен бир бөлмөдө отуруп жуктуруп алуу мүмкүн экендигин билдиришүүдө.

Прочитайте больше

БУУ: Украинадан 3,5 миллиондон ашык адам чыгып кетти

БУУ: Украинадан 3,5 миллиондон ашык адам чыгып кетти

Украинадан 24-февралдан бери 3 миллион 557 миң 245 киши чыгып кетти.  Бул тууралуу БУУнун Качкындар иштери боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын (КЖКБ) сайтында маалымдалды. БУУнун маалыматы боюнча, Польшага 2,1 миллиондон ашык адам, Венгрияга 317 миңден ашык, Словакияга 253 миң, Орусияга 252 миң, Молдовага 367 миң, Румынияга 543 миң, Беларуска 4308  адам жана Европанын башка өлкөлөрүнө 301 миңден ашуун адам кеткен. Эске  салсак, Орусия Украинаны демилитаризациялоо боюнча атайын операциясын 24-февралда баштаган.

Прочитайте больше

Песков Орусия өзөктүк куралды кайсы учурда колдонушу мүмкүн экенин айтты

Песков Орусия өзөктүк куралды кайсы учурда колдонушу мүмкүн экенин айтты

Орусия өзөктүк куралды өлкөнүн коопсуздугуна реалдуу коркунуч жаралган учурда колдонушу мүмкүн. Бул тууралуу Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков CNN телеканалынын эфиринде билдиргенин РИА Новости жазды. “Бизде улуттук коопсуздук боюнча концепция бар, ал баарына ачык жеткиликтүү. Өзөктүк курал кайсы учурда колдонула турганын ал жактан окусаңар болот. Башкача айтканда, эгер өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч жаралса, анда ал биздин концепцияга ылайык колдонулушу мүмкүн”, — деп билдирген ал. Кремлдин өкүлү белгилегендей, текстте башка себептер көрсөтүлгөн эмес.

Прочитайте больше

«Камбар-Ата-1» ГЭСинин курулушу үчүн быйыл бюджеттен 20 млн. доллар каралды

«Камбар-Ата-1» ГЭСинин курулушу үчүн быйыл бюджеттен 20 млн. доллар каралды

Жакын арада “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушу башталат. Бул тууралуу 24-мартта Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Ал курулуштун башталышынын так мөөнөтүн айткан жок, бирок “жакынкы 3-5 жылда “Камбар-Ата-1″ ГЭСи ишке берилерин белгиледи”. “Каржы ресурстары бар, Каржы министрлиги курулуштун биринчи айлампасы үчүн жакын арада 498 миллион доллар жумшайт. Курулуштун башталышы үчүн быйыл бюджетке 20 миллион доллар киргизилген жана жакын арада курулушту баштайбыз”, – деди Жапаров. Быйыл январь айында энергетика министри Доскул Бекмурзаев апрел-май айында “Камбар-Ата-1” ГЭСинин тегерегинде инфраструктуралык курулушту баштоо пландалып…

Прочитайте больше

Орусия «дос эмес өлкөлөргө» газды рубль менен сатат

Орусия «дос эмес өлкөлөргө» газды рубль менен сатат

Орусия “дос эмес өлкөлөргө” газды жеткирүүдө төлөмдү рубль менен алат. Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путин 23-мартта өкмөт мүчөлөрү менен болгон кеңешмеде билдирген. “Товарларды Евробиримдикке, АКШга  жеткирип, төлөмдү доллар , евро жана башка бир катар валюталар менен алуунун мааниси жок. Ошондуктан, кыска убакыт аралыгында “дос эмес өлкөлөргө” газды экспорттоодо төлөмдү рубль менен алуу боюнча комплекстүү чараларды ишке ашыруу чечимин кабыл алдым. Башкача айтканда, өзүн-өзү актабаган валюталар менен эсеп жүргүзүүдөн баш тартуу чечимин кабыл алдым”, –…

Прочитайте больше

АКШ Украинадагы согуштук аракеттерге катышуудан баш тартты

АКШ Украинадагы согуштук аракеттерге катышуудан баш тартты

Пентагондун башчысы Ллойд Остин АКШ Украинадагы согуштук аракеттерге катышуудан жана бул өлкөнүн үстүнөн учууга тыюу салынган зонаны түзүүдөн баш тартарын билдирди. Бул тууралуу ал CNN телеканалына берген маегинде жарыялады. “Президент [АКШ Жо Байден] биздин армия Украинадагы Орусия менен согушууга катышпай турганын ачык айтты”, – деди министр. Ошондорй эле ал Украинада учууга тыюу салынган зонаны түзүү да АКШнын түздөн-түз катышуусун билдирерин, анткени укук бузуучуларга каршы чара көрүү зарыл болорун баса белгиледи. “Бул биздин Орусияга каршы экенибизди билдирмек, сөз эки…

Прочитайте больше

БУУ дүйнөдөгү эң бактылуу өлкөнү атады

БУУ дүйнөдөгү эң бактылуу өлкөнү атады

Финляндия бешинчи жолу “World Happiness Report” пректисинин тизмесинде биринчиликти ээледи. БУУнун дүйнөлүк бакыт боюнча жылдык баяндамасы- World Happiness Report жыл сайын чыгарылып келет. Дүйнөлүк бакыт боюнча БУУнун биринчи баяндамасы 2012-жылы жарык көргөн. Анда дүйнөнүн 146 өлкөсүндөгү жашоонун узактыгы, социалдык колдоо, коррупция жана башка көрсөткүчтөр эске алынып, калктын бактылуулугу бааланат. Эң бактылуу өлкөлөрдүн ондугуна ошондой эле Дания, Исландия, Швейцария, Нидерланды, Люксембург, Швеция, Норвегия, Израиль жана Жаңы Зеландия кирди. Рейтингде мурдагы СССРдин курамындагы өлкөлөрдүн ичинен Литва жана…

Прочитайте больше

Ташкентте Борбор Азиядагы алгачкы океанариум ачылды

Ташкентте Борбор Азиядагы алгачкы океанариум ачылды

Борбор Азиядагы эң чоң океанариум Өзбекстандын борбор калаасы Ташкентте ачылды. Бул тууралуу шаардын акимчилигинин басма сөз кызматы билдирди. Гигант аквариум Ташкенттеги ири “Magic City” оюн-зоок паркында ачылган. Узундугу 20, тереңдиги 3,8 метрди  түзгөн аквариум-туннельде балыктын, жыландардын, медузанын жана курт-кумурскалардын жүздөн ашык түрү жашайт. Ошондой эле, келген коноктордун чордонунда болуп жаткан чоң акулалар бар. Маалыматка ылайык, океанариумга кирүү баасы балдар үчүн 75 000 сумду (болжол менен 7 доллар) жана чондор үчүн 100 000 сумду (9 доллар) түзөт.

Прочитайте больше

Иран президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады

Иран президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады

Иран Ислам Республикасынын президенти Сейед Эбрахим Раиси президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. «Нооруз жалпы адамзат баалуулуктарына багытталган цивилизациянын символу жана Жаратканды урматтоо, үй-бүлөнү кадырлоо жана дүйнөнү түзүү маданияты — анын жетишкендиктеринин бийик чокусу болуп саналат. Жаңы кылымда дүйнөнүн диний жана адамдык баалуулуктарга умтулуусу күчөп, ар бир күн Сиздин өлкөңүздөгү бардык адамдардын жүрөгүнө Нооруз сымал кубаныч тартуулап, биздин аймактын элдеринин биримдигин жана ынтымагын бекемдейт…

Прочитайте больше

Орусияда өлкө рыногун таштап кеткен батыш өндүрүшчүлөрүнүн ордун толтуруу аракеттери көрүлүүдө

Орусияда өлкө рыногун таштап кеткен батыш өндүрүшчүлөрүнүн ордун толтуруу аракеттери көрүлүүдө

Орусиянын Ямал аралында “Арктикалык суу” заводу орус рыногун таштап кеткен батыштык өндүрүүчүлөрдүн ордун толтуруу үчүн өзүнүн продукциясынын ассортиментин кеңейтүүнүн үстүндө иштеп, анын ичинде ата мекендик Кока-Коланы өндүрүүнү пландап жатат. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты. “Биз жеткирүүчүлөрдөн валюта айырмасын, өлкөгө экспорттолгон тетиктердин бир аз жетишсиздигин сездик. Бирок жеткирүүчүлөр жаңы жеткирүү түйүндөрүн түзө башташты жана бааларда артка жылды. Ири чет элдик компаниялар рынокту таштап кетүүдө, биздин милдет – бош орундарды мүмкүн болушунча тезирээк толтуруу”, – деп билдирди…

Прочитайте больше

Кытайда Boeing 737 кыйраган жерде жүргүнчүлөрдүн сөөгү табылган жок

Кытайда Boeing 737 кыйраган жерде жүргүнчүлөрдүн сөөгү табылган жок

Куткаруучулар Кытайдын түштүгүндө Boeing 737 учагы кыйраган жерде экипаждын жана жүргүнчүлөрдүн аман калгандарын же сөөктөрүн таба алышкан эмес. Бул тууралуу Кытайдын борбордук телевидениеси кабарлаганын чет элдик маалымат каражаттары жазышууда. Белгилей кетсек, “FlightRadar24” агенттигинин маалыматына караганда, MU 5735 рейси Кытайдын түштүк-батышындагы Юньнань провинциясындагы Куньмин-Чаншуй аэропортунан учкан жана Кытайдын түштүгүндөгү Гуандун провинциясынын Гуанчжоу шаарына келмек. Учуу учурунда жердеги кызматтардын учак менен байланышы үзүлгөн. Кырсыктын себептери азырынча белгисиз. Учакта 123 жүргүнчү жана тогуз экипаж мүчөсү болгон. “Учурда кырсык…

Прочитайте больше

Дагы 100 тонна гумжардам: Орусия Украинанын карапайым жарандарына жардам жеткирүүнү улантууда

Дагы 100 тонна гумжардам: Орусия Украинанын карапайым жарандарына жардам жеткирүүнү улантууда

Орус аскерлери Харьков облусунун Чугуевский районундагы конуштардын тургундарына жүз тоннага жакын гуманитардык жардам жеткиришти. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлиги билдирди. “Харьков облусунун Чугуев районунун бошотулган конуштарындагы жергиликтүү тургундар үчүн Орусиядан дагы бир гуманитардык жардам жиберилди. Аскерлердин коштоосунда Белгород облусундагы чек ара бекети аркылуу жалпы көлөмү 100 тоннага жакын гуманитардык жүктүн партиясы жеткирилди”, – деп жазылат министрликтин билдирүүсүндө.  Маалыматка караганда, гумжардамдын ичинде азык-түлүк, балдар үчүн тамак-аштар, медициналык мекемелер үчүн дары-дармектер бар. Гуманитардык жүк балдар үйлөрүнө жана…

Прочитайте больше

Кыргызстан Орусия менен КРга дан азыктарын жеткирүү маселесин сүйлөшүүдө

Кыргызстан Орусия менен КРга дан азыктарын жеткирүү маселесин сүйлөшүүдө

Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Орусия Федерациясына болгон иш сапарынын алкагында «Бириккен дан компаниясы» ААКнын башкы директору Дмитрий Сергеев менен жолугушту. Тараптар Орусиядан Кыргызстанга дан азыктарын жеткирүү, мындай ташып келүүлөрдүн көлөмүн көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн жана Кыргыз Республикасындагы «Бириккен дан компаниясы» ААК филиалынын ишин илгерилетүү боюнча биргелешкен кадамдарды таштоо маселесин талкуулашты. «Бириккен дан компаниясы» – дүйнөлүк рынокто орус дан азыктарынын экспорттук потенциалын ишке ашырууну камсыз кылуучу айыл чарба продукциясынын соода-логистикалык оператору. Аталган компания өзүнүн уникалдуу инфраструктурасынын аркасында…

Прочитайте больше

Кытай: Украина кризисинин ачкычы НАТО менен АКШнын колунда

Кытай: Украина кризисинин ачкычы НАТО менен АКШнын колунда

Кытай Украина кризисинин чечилиши АКШ менен НАТОнун колунда деп эсептейт. Бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Чжао Лицзян билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты. “Биз АКШ менен НАТО кризистин күнөөкөрлөрү катары Украина кризисин чечүүдөгү ролу тууралуу ойлонушат деп үмүттөнөбүз. Украинадагы кризисти чечүүнүн ачкычы НАТОнун, өзгөчө америкалыктардын колунда”, – деди ал. Чжао Лицзяндын айтымына караганда, көптөгөн эл аралык эксперттер НАТОнун Орусияга каршы экспансионизми “чоң жаңылыштык” экенин баса белгилешкен, бирок Вашингтон эскертүүлөргө көңүл бурбай, НАТОну Чыгыш Европага жайылтуу…

Прочитайте больше
1 39 40 41 42 43 133