С. Шойгу: Афганистандагы “ИМ” согушкерлеринин саны бир жылда 15%га көбөйдү

С. Шойгу: Афганистандагы “ИМ” согушкерлеринин саны бир жылда 15%га көбөйдү

Россиянын коргоо министри маңзатты өндүрүүнүн дээрлик 20%га өсүүсү жана аны Борбор Азия республикалары аркылуу ташуу күч алуусу мүмкүн экендигин билдирди.  РФнын Коргоо министрлигинин коллегиясында сүйлөгөн сөзүндө министр Шойгу Борбор Азия стратегиялык багытында аскердик коопсуздукту камсыз кылуу маселеси боюнча айтты. «Аймактагы кырдаал татаал бойдон калууда. Көбүрөөк коркунуч мурдагыдай эле Афганистандын аймагынан болууда.  Өткөн жылы Ислам мамлекетинин согушкерлеринин саны 15%га көбөйдү. Алардын негизги максаты ЖККУнун түштүк  чек араларында радикалдуу идеологияны жана диверсиялык ишмердүүлүктү жайылтуу болуп саналат», —…

Прочитайте больше

Иранда эки маанилүү шайлоо өтүп жатат

Иранда эки маанилүү шайлоо өтүп жатат

Иранда парламенттик (Межлис) шайлоо өтүп жатат. Парламенттик шайлоо менен кошо эле Эксперттер кеңешинин мүчөлөрү (дин өкүлдөрүнөн турган парламенттеги орган) да шайланмакчы. Ирандын улуттук шайлоо штабынын маалыматына караганда, шайлоодо добуш берүү үчүн шайлоо участкалары өлкө боюнча бардык провинцияда жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:00дөн баштап иштей баштады. Участкалар жергиликтүү убакыт боюнча 18:00гө чейин ачык болот. Добуш берүүгө өлкөнүн 87 миллион жаранынын 61 миллиондон ашыгы  укуктуу. Быйыл Межлиске шайлоого 15 миңге жакын талапкерге, Эксперттер кеңешинин мүчөлөрүн шайлоого 144…

Прочитайте больше

Газада курмандыктардын саны 30 миңден ашты – көбү балдар жана аялдар

Газада курмандыктардын саны 30 миңден ашты – көбү балдар жана аялдар

Газа тилкесинде каза болгон палестиналыктардын саны 30 миңден ашты, 70 миңден ашуун адам жаракат алды. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус Х социалдык тармагында билдирди. “Газада каза болгондордун саны 30 миңден ашты, алардын басымдуу көпчүлүгү аялдар жана балдар. 70 миңден ашуун палестиналык жараат алды”, – деп жазды ал. Гебрейесус бул коркунучтуу зомбулук жана азап токтошу керектигин айтып, ок атышууну токтотуу зарыл экендигин баса белгиледи. Израиль-палестина жаңжалы. Газадагы кырдаал Жакынкы Чыгыштагы…

Прочитайте больше

Борбор Азия өлкөлөрү сууну кантип бөлүштү?

Борбор Азия өлкөлөрү сууну кантип бөлүштү?

Трансчегаралык дарыялар аларга куйган агымдын азайгандыгынан улам  каалагандай сууну бере албайт Борбор Азия жыл сайын Амударья жана Сырдарья бассейндеринен сугат үчүн 60 млрд кубометрден ашык сууну колдонот. Бул Нурек суу сактагычынын долбоордук сыйымдуулугунан 6 эсе чоң. Бирок акыркы жылдары иш жүзүндө суу кампалардын өлчөмүнүн болжолдуу 70-80%ы пайдаланылат. Себеби трансчегаралык дарыялар аларга куйган агымдын азайгандыгынан улам каалагандай сууну бере албайт. Кар канчалык көп болсо, ошончолук жакшы Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкүлдөрү Мамлекеттер аралык координациялык суу чарба комиссиясынын…

Прочитайте больше

Зеленский Сауд Аравияга эмнеге барды?

Зеленский Сауд Аравияга эмнеге барды?

Украинанын президенти Владимир Зеленский 27-февралда Сауд Аравияда иш сапар менен болуп, мураскор ханзаада Мухаммед бин Салман менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, андан соң Албанияга жөнөп кетти. Украин президенти буга чейин Telegram-каналына Сауд ханзаадасы менен эки негизги тема талкууланарын жазган: “тынчтык формуласы” жана туткундарды кайтаруу. “Тынчтык формуласы” жөнүндө сөз кылган украин лидери 2023-жылы аны ишке ашыруу боюнча кеңешчилердин деңгээлинде Жидда шаарында “натыйжалуу жолугушуу” болгонун белгилеген. “Биз азыр биринчи Тынчтык саммитин өткөрүүгө жакындап калдык жана биз Сауд Аравиянын мындан…

Прочитайте больше

Израилдин Рафахтагы операциясы Тель-Авивдин Египет жана АКШ менен мамилесин начарлатабы? Эксперттин пикири

Израилдин Рафахтагы операциясы Тель-Авивдин Египет жана АКШ менен мамилесин начарлатабы? Эксперттин пикири

Израиль армиясы ХАМАСка каршы аскердик кысым саясатын “толук жеңишке чейин” улантарын өлкөнүн премьер-министри Биньямин Нетаньяху билдирди. Израилдин Рафахтагы операциясы 12-февралга караган түнү болуп, массалык аба соккулары менен коштолуп, анклавда кеминде 100дөй киши набыт болуп, 230дан ашууну жарадар болгонун Al Mayadeen телеканалы билдирди.  Израиль Рафахта жүргүзгөн рейд учурунда ХАМАС кыймылы барымтада кармап турган жарандарынын экөөнү бошотконун билдирди. Тель-Авив бул аймакта чабуул жасоо операциясына даярдык көрүлүп жатканын өткөн аптада жарыялаган. ХАМАС Израилдин Рафахка жасаган соккусун палестиналыктарды геноцид…

Прочитайте больше

Базарлар кайрадан мамлекеттин карамагына өтүш керекпи?

Базарлар кайрадан мамлекеттин карамагына өтүш керекпи?

Эгер улуу муундагылардын эсинде болсо, улуу держава СССР кулар алдындагы 1990-жылдары өлкөдө завод, фабрикалар токтоп, анда күнүмдүк жашоосуна гана жете турган маяна алып иштеген жумушчулар көчөдө калышкан. Бирок адам баласынын тиричилиги токтоп турбайт да, кара курсакты багуу үчүн бирөө кийим-кечесин, дагы башкасы темир-тезек, тетиктерди көчөгө алып чыгып сатып, Бишкек шаарынын көчөлөрү бүтүндөй эле жайма базар болуп кеткен. Ал тургай катуу стреске кабылгандар ичип кеткендиктенби, аракка суроо-талап көбөйүп, анча-мынча жөндөмү барлар Кытайдан жарым литрлик желим бөтөлкөдөгү…

Прочитайте больше

Иранда аялдар жетекчилик кызматтарда да иштешет

Иранда аялдар жетекчилик кызматтарда да иштешет

Ирандагы ислам революциясынын жеңиши монархиялык режимдин миң жылдык тарыхына чекит койгон 20-кылымдын экинчи жарымындагы эң маанилүү саясий окуялардын бири катары каралат. Шахтын бийлигине каршы миңдеген карапайым жарандар, өлкөнүн бардык социалдык топторунун өкүлдөрү, алардын арасында ирандык аялдар да чыгышкан. Мындан 45 жыл мурун болгон Ислам революциясынын жеңишинен кийин коомдун саясий жана социалдык турмушу түп-тамырынан бери өзгөрүп, ал бардык социалдык топтордун, анын ичинде аялдардын абалына оң таасирин тийгизип, үй-бүлө жана аялдар маселесине жаңыча мамилени жана жаңыча көз карашты…

Прочитайте больше

Кыргыз-иран саясий кеңешмесинде түз аба каттамдарын жандандыруу тууралуу сөз болду

Кыргыз-иран саясий кеңешмесинде түз аба каттамдарын жандандыруу тууралуу сөз болду

Бишкекте 1-февралда өткөн кыргыз-иран өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын деңгээлинде кезектеги саясий кеңешмелерде эки өлкөнүн өз ара соода жүгүртүүсүн өнүктүрүү үчүн Бишкек менен Тегерандын ортосунда түз аба каттамдарын жандандыруу маселеси көтөрүлдү. КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Кыргызстандын делегациясын тышкы иштер министринин орун басары Авазбек Атаханов, ал эми ирандык тарапты тышкы иштер министринин орун басары Али Багери жетектеди. Белгилей кетсек, Иран өкмөтү туризмди өнүктүрүү жана өлкөгө туристтик агымдарды көбөйтүү максатында 4-февралдан тарта 28 өлкө менен виза…

Прочитайте больше

Ирандын акыркы 20 жылдагы илимий жетишкендиктери. Статистика

Ирандын акыркы 20 жылдагы илимий жетишкендиктери. Статистика

Иран өлкөсү Ислам революциясынын арты менен акыркы 20 жылда бардык тышкы кысымдарга, эл аралык санкцияларга карабастан, элдин жана ирандык адистердин күч-аракеттери менен илим, изилдөө, медицина, өнөр жай, космос жана башка тармактарда көптөгөн ийгиликтерге жетишти. Ирандын илимдеги орду, 2018-жылдын статистикасына ылайык, илимий изилдөөлөр боюнча дүйнөдө 16-орунда, Ислам дүйнөсүндө биринчи орунда турат. Жыл сайын жарыяланып турган Web of Science, Scopus жана ISC сыяктуу ишенимдүү маалымат базаларынын статистикасы 1996-жылдан 2017-жылга чейинки мезгилде Ирандын илимий абалы жакшырганын көрсөтөт. 20…

Прочитайте больше

Америка Куш-Тепа каналынын курулушун кандай максатта каржылоодо?

Америка Куш-Тепа каналынын курулушун кандай максатта каржылоодо?

«Талибан» 2022-жылдын мартында эле «Куш-Тепа» каналын кура баштаган. Алардын максаты  – Балх, Жаузжан, Фарьяб провинцияларында какшып жаткан жерди сугат аянтка айлантуу жана 250 миң адамды жумуш менен камсыз кылуу. 285 километр аралыктагы объект толугу менен 2028-жылы курулуп бүтүш керек. Каналдын курулушу өтө тездик менен жүрүүдө, биринчи этаптагы 108 км өткөн жылы, белгиленген мөөнөттөн 8 ай эрте пайдаланууга берилди. «Куш-Тепанын» курулушу 700 млн долларга бааланган. Алгач каржылоо Афганистандын бюджетинен пландаштырылган. Бирок жакында 600 млн долларды  Мамлекеттик…

Прочитайте больше

Ооганстандагы «ИМ» террордук уюму Борбор Азияга кандай коркунуч туудурат?

Ооганстандагы «ИМ» террордук уюму Борбор Азияга кандай коркунуч туудурат?

Ирак менен Сириядагы «ИМ» (Кыргызстанда жана көптөгөн мамлекеттерде тыюу салынган эл аралык террордук уюм) Иран, Орусия жана Түркиянын биргелешкен аракеттери менен күчүн жоготкон, бирок алар кийинчерээк Ооганстанда айрыкча азыр өлкөнүн башында турган, көптөгөн өлкөлөрдө террордук деп таанылган “Талибан” кыймылы турганда баш көтөрүп, күч ала баштады. Бирок айрым эксперттер бул  террордук уюм олуттуу коркунуч туудурбайт деп эсептешет, анткени талибдер аларга каршы турарын убада беришкен. Ооганстандагы террордук топтор Борбор Азия өлкөлөрүнө олуттуу коркунуч жаратабы жана окуялардын өнүгүшүндө…

Прочитайте больше

Пакистан Иранга сокку урду. Өзөктүк держава өз аймагындагы чабуулга жооп кайтардыбы?

Пакистан Иранга сокку урду. Өзөктүк держава өз аймагындагы чабуулга жооп кайтардыбы?

Пакистан Ирандын түштүк-чыгышындагы Систан жана Белужистан провинциясындагы “террорчулардын баш калкалоочу жайларына” бир катар сокку урду. Бул тууралуу Пакистандын тышкы иштер министрлиги билдирди. Ведомство аскердик операциянын натыйжасында бир нече согушкер жок кылынганын билдирди. Ирандын Пакистан менен чектеш Сераван аймагындагы бир нече аймактарда жарылуулар болгонун ирандык “Mehr” агенттиги провинция губернаторунун коопсуздук боюнча орун басары Алиреза Мархаматиге таянуу менен билдирди. “Франс Пресс” агенттиги Пакистандын чалгындоо кызматынын өкүлүнө шилтеме берип, пакистандык аскерлер коңшу өлкөнүн аймагында «антипакистандык топторго» сокку урганын маалымдады. Пакистан…

Прочитайте больше

Согушка жүз күн болду. Израиль Газада өз максаттарына жеткен жок

Согушка жүз күн болду. Израиль Газада өз максаттарына жеткен жок

Израил Палестинанын Газа тилкесиндеги 100 күндүк согушта буга чейин айткан максаттарына жете алган жок, барымтадагылар бошотула элек, ал эми палестиндер дээрлик толугу менен оккупацияланган анклавдын түндүгүнөн кол салууларын да улантууда. Бул тууралуу жазуучу жана саясий серепчи Мхаймер Абу Саада 100 күндүк согуштун жыйынтыгы боюнча РИА Новости агенттигине берген комментарийинде билдирди. “Израиль Газа тилкесинде палестиналыктардын 4%га жакынын өлтүрүп, жарадар кылды, ошондой эле үйлөрдүн жана жарандык инфраструктураларынын 70%га жакынын талкалады. Бирок Израил аскердик күчтүн жардамы менен дагы деле ХАМАСты…

Прочитайте больше

“Ислам мамлекети” террордук уюму эмнеге баш көтөрдү?

“Ислам мамлекети” террордук уюму эмнеге баш көтөрдү?

“Ислам мамлекети” террордук уюму, ХАМАС-Израил жана Россия менен Украинанын ортосундагы согуштар тууралуу саясый эксперт Медербек Корганбаев менен маек. – Медербек мырза, өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атаган экстремисттик топ Сирия жана Ирактын аймактарынан сүрүлүп чыгарылып, 2019-жылы март айында “ИМ” тобу талкаланды деп жарыяланган. Бирок “ИМ” акыркы кезде “Талибан” бийликке келген Афганистанда кайрадан баш көтөрүп жандана башташынын себеби эмнеде? – “Ислам мамлекети” деп аталган террористтик уюм бир кезде Батыштын чоң геосаясий куралы болгон деп айтсам жаңылышпаймын. Анткени 2014-жылдан тартып…

Прочитайте больше
1 2 3 9