Казакстандын бейпилдик күчтөрү Голан дөңсөөсүнө жетти

Казакстандын бейпилдик күчтөрү Голан дөңсөөсүнө жетти

Казакстандын аскер кызматкерлери Голан дөңсөөсүнө жетти. Бул тууралуу 16-мартта коңшу өлкөнүн Коргоо министрлиги кабарлады. Алар Дамаскка учак менен барышып, ал жактан Фауар бейпилдик базасына автоунаа менен жетишкен. Ведомство кабарлагандай, тапшырманы аткаруу үчүн ал жакка керектүү аскердик техника жөнөтүлдү. Казак отрядынын курамында 139 аскер кызматкери бар. Бөлүм брондолгон унаалар, КамАЗ, микроавтобус жана жол тандабастар менен жабдылган. Буга чейин казак бийлиги 430 чакты жоокер Голан дөңсөөлөрүндөгү жана Түштүк Судандагы байкоочу миссияларына катыша турганын билдирген. Быйыл январда парламенттин…

Прочитайте больше

Канаданын Ванкувер шаарында самолётко чагылган түштү

Канаданын Ванкувер шаарында самолётко чагылган түштү

Канаданын Ванкувер шаарында жүргүнчүлөр учуп бараткан самолётко чагылгандын соккусу түштү.  Кырсык учурунда Boeing 777-300 самолётунда 550 жүргүнчү болгон. Ванкуверден Лондонго учуп бараткан Air Canada авиакомпаниясынын Boeing 777-300 самолёту чагылгандын соккусуна кокусунан туш болгон. Бактыга жараша трагедиядан лайнерге орнотулган атайын чагылганды басуучу системанын жардамы менен аман калууга мүмкүнчүлүк болгон. АКШнын Улуттук метрологиялык кызматынын маалыматы боюнча, жүргүнчүлөр самолётуна «чагылган орто эсеп менен бир жылда бир-эки ирет тиет».

Прочитайте больше

Америка Куш-Тепа каналынын курулушун кандай максатта каржылоодо?

Америка Куш-Тепа каналынын курулушун кандай максатта каржылоодо?

«Талибан» 2022-жылдын мартында эле «Куш-Тепа» каналын кура баштаган. Алардын максаты  – Балх, Жаузжан, Фарьяб провинцияларында какшып жаткан жерди сугат аянтка айлантуу жана 250 миң адамды жумуш менен камсыз кылуу. 285 километр аралыктагы объект толугу менен 2028-жылы курулуп бүтүш керек. Каналдын курулушу өтө тездик менен жүрүүдө, биринчи этаптагы 108 км өткөн жылы, белгиленген мөөнөттөн 8 ай эрте пайдаланууга берилди. «Куш-Тепанын» курулушу 700 млн долларга бааланган. Алгач каржылоо Афганистандын бюджетинен пландаштырылган. Бирок жакында 600 млн долларды  Мамлекеттик…

Прочитайте больше

Түркия биринчи жолу астронавтын космоско жөнөттү. Видео

Түркия биринчи жолу астронавтын космоско жөнөттү. Видео

Түркия тарыхта биринчи жолу астронавтын Эл аралык космос станциясына жөнөттү. Түркиялык биринчи астронавт Альпер Гезеравжи бар экипаж SpaceX ракетасы менен аалам мейкиндигине ийгиликтүү учту. Муну менен Түркия автронавттарды космоско ийгиликтүү жөнөткөн өлкөлөрдүн бири болуп калды. Гезеравжи эки жуманын ичинде Эл аралык космос станциясында 13 түрдүү илимий тажрыйба жүргүзөт. Ax-3 миссиясынын экипажынын курамында түрк астронавтынан тышкары, НАСАнын мурдагы астронавты Майкл Лопез-Алегри (АКШ), италиялык аскердик учкуч Уолтер Вилладеи жана швециялык адис Маркус Вандт бар. “Бул абдан символикалык жана маанилүү…

Прочитайте больше

Турсунбай Бакир уулу: Кутурган жөөттөргө ХАМАС күчүн көрсөттү. Видео

Турсунбай Бакир уулу: Кутурган жөөттөргө ХАМАС күчүн көрсөттү. Видео

 Экс-депутат Турсунбай Бакир уулу «ИЛИМ КЕНИ» илимий изилдөө каналына Палестина-Израиль жаңжалы тууралуу маек курду.

Прочитайте больше

Турсунбай Бакир уулу: ХАМАСтын лидери менен жеке таанышмын

Турсунбай Бакир уулу: ХАМАСтын лидери менен жеке таанышмын

Экс-депутат Турсунбай Бакир уулу журналист Нурсейит Анаркуловдун «Накта Подкаст» көрсөтүүсүндө конокто болуп, Палестина-Израиль жаңжалы эмнеден башталды, согуш эмне менен бүтөт жана ХАМАС кыймылы тууралуу ойлорун бөлүштү.

Прочитайте больше

АКШда еврейлер уюштурган Палестинаны колдоо митингинде жүздөгөн демонстранттар Конгресстин имаратына кирип барышты.

АКШда еврейлер уюштурган Палестинаны колдоо митингинде жүздөгөн демонстранттар Конгресстин имаратына кирип барышты.

Газа тилкесиндеги аскердик аракеттерге нааразычылык билдирип көчөгө чыккан демонстранттар АКШ Конгрессинин имаратына кирип барышты. Капитолий полициясы аларды имараттан сүрүп чыгарып, бир нечесин кармаганын Капитолий полициясы X соцтармагынан билдирди. https://youtube.com/watch?v=yQXP5zzYF1M%3Fstart%3D289%26feature%3Doembed «Кармалгандардын арасында үч киши камакка алуу учурунда полиция кызматкерлерине кол салган деп айыпталууда», — деп айтылат билдирүүдө. Буга чейин Капитолийдин алдына палестиналыктарды колдоо митингине жүздөй адам чогулганы  кабарланган. Окуяга чейин Конгрессмен Марджори Тейлор Грин полиция күтүлүп жаткан нааразылык акциясынын алдында тосмолорду орнотконун маалымдап, Конгресстин мүчөлөрү анын…

Прочитайте больше

Израиль-Палестина жаңжалынын кыскача тарыхы

Израиль-Палестина жаңжалынын кыскача тарыхы

12.10.2023мажбурлап көчүрүлүп, ондогон жылдар бою оккупация астында жашоого аргасыз болду.PauseMuteLoaded: 0%Progress: 0%Remaining Time -0:10SubtitlesFullscreen Израиль-Палестина жаңжалынын кыскача тарыхы

Прочитайте больше

Ливиянын түндүк-чыгышындагы суу ташкыны 2000ден ашуун адамдын өмүрүн алды

Ливиянын түндүк-чыгышындагы суу ташкыны 2000ден ашуун адамдын өмүрүн алды

Ливиянын түндүк-чыгышындагы суу ташкыны 2000ден ашуун адамдын өмүрүн алды, деп билдирди өлкөнүн чыгыш өкмөтүнүн премьер-министри Усама Хаммад. Анын айтымында, миңдеген адамдар дайынсыз болууда. Суу ташкынына «Дэниел» циклону себеп болгон. Жаратылыш кырсыгынан айрыкча Дерна шаары катуу жабыркады, ал жерде эки дамба кыйрап, натыйжада шаарга 33 миллион кубометр суу куюлуп, турак жайлардын бир бөлүгүн толугу менен суу каптады.

Прочитайте больше

Лавров Кыргызстандын тил мыйзамы тууралуу эмне деди? (видео)

Лавров Кыргызстандын тил мыйзамы тууралуу эмне деди? (видео)

 Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров Кыргызстанда жакында эле кабыл алынган кыргыз тили жөнүндө мыйзамга байланыштуу пикирин билдиргени 23-июлда белгилүү болду. Орусия ТИМинин маалыматына караганда, Лавров бул тууралуу 19-июлда коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушканда айткан. Ал “Орусиядагы кырдаал боюнча объективдүү маалымат жеткирүүгө, орус тилин, маданиятын, чет мамлекетте атамекендик билимди илгерилетүүгө аракет кылуу зарылдыгы турганын белгилеп, азыр КМШда оңой эмес процесстер болуп жатканына” токтолгон. “Борбор Азияда мыйзамдарды жигердүү сүрөп жатышат. Кыргызстанда бир канча ай мурда мыйзам кабыл…

Прочитайте больше

Тажик жарандары: Рахмон кыргыздарды душман көрсөткүсү келет

Тажик жарандары: Рахмон кыргыздарды душман көрсөткүсү келет

Тажикстандын жарандары социалдык тармактарга Эмомали Рахмон чек арадагы абалды курчутуп, кыргыздарды душман көрсөткүсү келээрин ачык айтып чыгууда. Ошол эле учурда коңшу мамлекеттин жарандары Рахмондун мыйзамсыз аракеттерин ашкерелеп чыгууда. Алардын айтымында элден мамлекеттин ичиндеги ички саясий көйгөйлөрдү жашырып, бийлигин күчөтүү үчүн Рахмон чек арадагы чырларды байма-бай уюштуруп келет.

Прочитайте больше

Түркияда өтө турган Көчмөндөр оюндарынын проморолиги чыкты (видео)

Түркияда өтө турган Көчмөндөр оюндарынын проморолиги чыкты (видео)

Сентябрь айында Түркияда өтө турган көчмөндөр оюндарынын проморолиги жарыяланды. Видео ролик “Dünya Göçebe Oyunları 2022” Youtube-каналына жүктөлдү. Анда көчмөндөрдүн баары бир түндүктүн алдына бириккени чагылдырылган. Көчмөн элдер көптөгөн окуялардан кийин кайрадан табышып, бири-бирин толуктап, маданиятын сактоо менен тарых уланып жатканы айтылган. Белгилей кетсек, IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 29-сентябрдан 2-октябрга Түркиянын Бурса провинциясынын Изник шаарында өтөт. Ага 74 мамлекеттен 2050 этноспортчунун катышуусу күтүлүүдө. Буга чейин Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары үч ирет Кыргызстанда өтүп, 2016-жылы эстафета Түркияга өткөрүп…

Прочитайте больше

Бразилияда нөшөрлөгөн жаан 104 кишинин өмүрүн алды

Бразилияда нөшөрлөгөн жаан 104 кишинин өмүрүн алды

Бразилиянын Рио-де-Жанейро штатындагы Петрополис шаарында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам каза болгондордун саны 104кө жетти, алардын 8и балдар экенин G1 порталы билдирди. Буга чейин 94 киши каза болгону кабарланган. Табигый кырсыктан 50дөн ашык турак-жай кыйраган. Буга чейин жарандык коргонуу кызматтары 24 адамды куткарып калууга жетишкени маалымдалган. Дагы 35 адам дайынсыз болдон калууда. 15-январда нөшөрлөп жааган жамгырдын айынан жер көчкү жаралып, суу ташкындаган. Рио-де-Жанейро штатынын губернатору Клаудиу Каштру шаршемби күнү жабыркаган аймакка барган. Буга чейин ал маалымат…

Прочитайте больше

Көк-Арттагы узундугу 3890 метр болгон тоннелди тешүү аяктады (видео)

Көк-Арттагы узундугу 3890 метр болгон тоннелди тешүү аяктады (видео)

Түндүк-Түштүк унаа жолундагы Көк-Арт ашуусу аркылуу тоннелди тешүү иштери аяктап, магистралдык тоннелдин курулушу уланууда. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Түндүк-Түштүк, Фаза 1, Казарман айылы – Жалал-Абад шаары альтернативдүү унаа жолун куруунун алкагында узундугу 3890 метрди түзгөн тоннелдин курулушу жүрүп жатат. Тоннелдин бийиктиги болжол менен 9 метрди, туурасы 10 метрди түзөт, бул экинчи техникалык категориядагы эки тилкелүү кыймылды эркин өткөрүүгө мүмкүндүк берет. Салыштыруу үчүн айта кетсек, Бишкек-Ош унаа жолундагы Көлбаев тоннелинин…

Прочитайте больше

Өзбекстанда Борбор Азиядагы алгачкы учкучсуз учуучу аскердик аппарат жасалды (видео)

Өзбекстанда Борбор Азиядагы алгачкы учкучсуз учуучу аскердик аппарат жасалды (видео)

Өзбекстан учкучсуз учуучу аскердик аппараттарды чыгарууну өздөштүрдү. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан жазды. “Коргонуу өнөр жайы боюнча мамлекеттик комитеттин алдында учкучсуз учуучу авиациялык комплекстерди өндүргөн илимий борбор түзүлгөн. Бул борбор эл аралык техникалык талаптарга жана стандарттарга жооп берген “Лочин” аталышындагы учкучсуз аппараттарды чыгара баштады”, — деп айтылат Мамлекеттик комитеттин маалыматында. Ошентип Өзбекстан учкучсуз аппараттарды чыгарган Борбор Азиядагы биринчи өлкө болуп калды. Жабдыктардын техникалык мүнөздөмөлөрү жана өндүрүштүн кубаттуулугу ачыкталбай турганы айтылды. Аппараттардын техникалык мүнөздөмөлөрү жана өндүрүштүк кубаттуулугу…

Прочитайте больше
1 2 3