Грузияда “чет элдик өкүл” жөнүндө мыйзам долбоору депутаттарды мушташтырып, элди көчөгө чыгарды

Грузияда “чет элдик өкүл” жөнүндө мыйзам долбоору депутаттарды мушташтырып, элди көчөгө чыгарды

15-апрелде Грузия парламентинин Юридикалык маселелер боюнча комитети “чет элдик өкүл” жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Өлкөдөгү оппозиция өкүлдөр бул мыйзамдын кабыл алынышына каршы чыгууда. Талаштуу мыйзам долбоору парламент депутаттарын мушташтырып, миңдеген адамды көчөгө чыгарды. Демонстранттар тартип сакчылары менен кагылышып, бир канча адам кармалганы маалымдалды. Депутаттарды мушташтырган мыйзам Грузияда кабыл алынганы жаткан “чет элдик өкүл” жөнүндөгү мыйзам долбоору парламент комитетинде каралып жатканда оппозициячыл “Жарандар” партиясынын лидери Алеко Элисашвили парламенттеги көпчүлүк коалициянын өкүлү, “Грузин кыялы” партиясынын…

Прочитайте больше

“Бейиш – эненин таманында” тасмасы Голливуддан да алдыга чыкты

“Бейиш – эненин таманында” тасмасы Голливуддан да алдыга чыкты

Кыргыз тасмасы Казакстанда 4 күндүн ичинде 1 млн доллардан ашык каражат топтоду. Режиссер Руслан Акун тарткан “Бейиш – эненин таманында” кыргыз тасмасы Казакстанда прокатка чыккан төрт күндүн ичинде (21-марттан 24-мартка чейин) $1 млн доллардан ашык акча жыйнаганга жетишти. Кыргыз тасмасы чет элдик фильмдерди артка калтырып, кассалык сатуулар боюнча коңшу өлкөдө биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу Казакстандын Ticketon билеттерди сатуу кызматы билдирди. Тактап айтканда, Руслан Акундун тасмасы бардык Голливуд жана Казакстан тасмаларынан, анын ичинде “Кунг-фу Панда…

Прочитайте больше

Ирандын президенти Ибрахим Раиси Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады

Ирандын президенти Ибрахим Раиси Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады

Иран Ислам Республикасынын Президенти Сейед Ибрахим Раиси президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. Раиси Нооруз – бул байыркы салт гана эмес, тынчтыктын, ынтымактын жана жаңылануунун символу экенин, региондогу элдердин маданияты менен тарыхында бекем орун алгандыгын белгиледи. “Жазгы күн менен түндүн теңелиши жана жаратылыштын гүлдөп, жердин кубулушу менен бардык адамдардын жүрөгүн жана рухун жакшы, жогорку сапаттар ээлеп, ал эми жаман жана ыплас нерселер адамдын жүрүм-турумунан жана…

Прочитайте больше

Нооруз – Иранда Жаңы жыл. Видео

Нооруз – Иранда Жаңы жыл. Видео

Нооруз – Ирандын ЮНЕСКОнун дүйнөлүк материалдык эмес маданий мурастар тизмесине кирген руханий жана маданий мурасы. “Нооруз” сөзү перс тилинен «жаңы күн» деген маанини берип, жаңы жылдын келишин билдирет. Нооруз майрамы белгиленген 21-март Иранда расмий түрдө кабыл алынган күн календары боюнча жаздын биринчи күнү болуп саналат.

Прочитайте больше

Ирандыктар ыйык Рамазан айын кандай өткөрүшөт?

Ирандыктар ыйык Рамазан айын кандай өткөрүшөт?

Рамазан айы башталып, дүйнөдөгү миллиондогон мусулмандар мусулмандар отуз күндүк орозо тутууда. Орозо кармоо ислам дининин беш негизги парзынын бири болуп саналат. Бул айда мусулмандар күн чыккандан күн батканга чейин оозуна наар албайт, суу да ичпейт, жаман иштерден алыс болуп, жакшылыктарды тилек кылып намаздарды калтырбай окуйт. Рамазан айы ар бир өлкөнүн мусулман коомчулугунда калыптанып калган кылымдардан бери келе жаткан салттар боюнча өткөрүлөт. Ар бир улуттун же өлкөнүн бул айды кандай өткөргөнүнүн өзүнүн өзгөчөлүктөрү бар. Биз алдыдагы…

Прочитайте больше

Дүйнө мусулмандары Орозо айын кандай өткөрүп жатышат? Сүрөт

Дүйнө мусулмандары Орозо айын кандай өткөрүп жатышат? Сүрөт

Азыркы учурда дүйнөдөгү мусулмандар отуз күндүк орозо тутууда. Орозо кармоо ислам дининин беш негизги парзынын бири болуп саналат. Бул айда мусулмандар күн чыккандан күн батканга чейин оозуна наар албайт, суу да ичпейт, жаман иштерден алыс болуп, жакшылыктарды тилек кылып намаздарды калтырбай окуйт. Быйыл Орозо айы 11-мартта башталды. Дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө Орозо  айы кандай өтүп жактанын сүрөт түрмөгүнөн көрүңүз. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Улуттук Курултайдын катышуучуларына ооз ачар өткөрдү.  Ирандын Мешхед шаарындагы Имам Реза мавзолейинин аянтындагы ооз ачууга…

Прочитайте больше

Жаздын жана жаңылануунун символу. Ирандыктар Нооруз майрамын кандай белгилешет?

Жаздын жана жаңылануунун символу. Ирандыктар Нооруз майрамын кандай белгилешет?

Нооруз – Иран жана түрк элдеринин улуттук майрамы, адамзат тарыхындагы эң байыркы майрамдардын бири. “Нооруз” сөзү перс тилинен которгондо «нав» – жаңы жана «руз» – күн деген эки түшүнүктөн туруп, «жаңы күн» дегенди билдирип, күн календары боюнча жаңы жылдын башталышын билдирет. Ал күн менен түн теңелген маалда, иран календары боюнча фарвардин айынын биринчи күнү (21-мартта) белгиленет. Нооруз түрдүү элдерде ар кандай – Новруз, Навруз, Нуруз, Невруз, Наурыз, Нооруз ж.б. деп аталат. 2010-жылдын февраль айынын аягында…

Прочитайте больше

Бишкекте Ирандын маданият күндөрү өтөт

Бишкекте Ирандын маданият күндөрү өтөт

13-марттан 16-мартка чейин Бишкекте Ирандын маданият күндөрү өтөт. Иш-чаранын расмий ачылышы 13-март, саат 11: 00дө Гапар Айтиев атындагы көркөм өнөр сүрөт музейинде болот. Маданият күндөрүнүн алкагында Ирандын каллиграфия, миниатюра, сырдалган эмаль, торевтика жана маркетри сыяктуу искусство түрлөрү менен таанышууга болот. Иш чаранын алкагында көргөзмө жана мастер-класстар өткөрүлүп, келген коноктор перс каллиграфиясынын дээрлик бардык кол жазмаларын (куфи, насх, сулс, наста’лик, шекасте ж.б.) жана сефевид жана кажар стилинде жазылган миниатюраларды көрө алышат. Мындан тышкары, Исфахандагы минакари мектебинин…

Прочитайте больше

Канаданын Ванкувер шаарында самолётко чагылган түштү

Канаданын Ванкувер шаарында самолётко чагылган түштү

Канаданын Ванкувер шаарында жүргүнчүлөр учуп бараткан самолётко чагылгандын соккусу түштү.  Кырсык учурунда Boeing 777-300 самолётунда 550 жүргүнчү болгон. Ванкуверден Лондонго учуп бараткан Air Canada авиакомпаниясынын Boeing 777-300 самолёту чагылгандын соккусуна кокусунан туш болгон. Бактыга жараша трагедиядан лайнерге орнотулган атайын чагылганды басуучу системанын жардамы менен аман калууга мүмкүнчүлүк болгон. АКШнын Улуттук метрологиялык кызматынын маалыматы боюнча, жүргүнчүлөр самолётуна «чагылган орто эсеп менен бир жылда бир-эки ирет тиет».

Прочитайте больше

Бишкекте Кыргызстан менен Ирандагы аялдардын орду жана ролу талкууланды

Бишкекте Кыргызстан менен Ирандагы аялдардын орду жана ролу талкууланды

Кыргызстан менен Ирандын маданияты жана салттары абдан окшош. Бул өлкөлөрдүн элдеринин арасында аялдар жана аларга болгон мамилеси чоң мааниге ээ. Мунун баары алардын адабиятында, кинематографиясында, искусствосунда жана башкаларда да чагылдырылган. 8-март – Аялдардын эл аралык күнүн майрамдоонун алдында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде “Эки өлкөнүн коомдорундагы аялдардын орду жана ролу” аттуу эл аралык конференция болуп өттү. Уюштуруучулар Ирандын Кыргызстандагы элчилиги, КУУнун ректораты, Ирандын Маданий өкүлчүлүгү, ошондой эле КР Аялдар Конгресси болду. Ирандын Кыргызстандагы Элчиси Голам…

Прочитайте больше

“Мусулман айым” кароо-сынагынын жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктар тапшырылды. Сүрөт

“Мусулман айым” кароо-сынагынын жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктар тапшырылды. Сүрөт

“Ак Багыт” коомдук фонду жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан уюшулган “Мусулман айым” кароо-сынагынын сыйлоо аземи болуп өттү. Иш-чаранын демөөрчүсү Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин Маданий өкүлчүлүгү болду. Онлайн кароо-сынак 2 багыт боюнча жүргүзүлдү: Мусулман айымдын кийими сиздин жашооңузда; Катышуучулар видео форматта 1-2 минуттук видео менен интернет желесине, өз баракчаларына жарыялоосу керек болгон. Бул сынак 1 ай мурун жарыяланып 20-февралга чейин созулуп, жыйынтык чыккан. Кароо-сынактын катышуучуларын сыйлоо аземи борбор калаадагы “Ыйман” мечитинде өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө акчалай…

Прочитайте больше

Иранда эки маанилүү шайлоо өтүп жатат

Иранда эки маанилүү шайлоо өтүп жатат

Иранда парламенттик (Межлис) шайлоо өтүп жатат. Парламенттик шайлоо менен кошо эле Эксперттер кеңешинин мүчөлөрү (дин өкүлдөрүнөн турган парламенттеги орган) да шайланмакчы. Ирандын улуттук шайлоо штабынын маалыматына караганда, шайлоодо добуш берүү үчүн шайлоо участкалары өлкө боюнча бардык провинцияда жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:00дөн баштап иштей баштады. Участкалар жергиликтүү убакыт боюнча 18:00гө чейин ачык болот. Добуш берүүгө өлкөнүн 87 миллион жаранынын 61 миллиондон ашыгы  укуктуу. Быйыл Межлиске шайлоого 15 миңге жакын талапкерге, Эксперттер кеңешинин мүчөлөрүн шайлоого 144…

Прочитайте больше

Борбор Азия өлкөлөрү сууну кантип бөлүштү?

Борбор Азия өлкөлөрү сууну кантип бөлүштү?

Трансчегаралык дарыялар аларга куйган агымдын азайгандыгынан улам  каалагандай сууну бере албайт Борбор Азия жыл сайын Амударья жана Сырдарья бассейндеринен сугат үчүн 60 млрд кубометрден ашык сууну колдонот. Бул Нурек суу сактагычынын долбоордук сыйымдуулугунан 6 эсе чоң. Бирок акыркы жылдары иш жүзүндө суу кампалардын өлчөмүнүн болжолдуу 70-80%ы пайдаланылат. Себеби трансчегаралык дарыялар аларга куйган агымдын азайгандыгынан улам каалагандай сууну бере албайт. Кар канчалык көп болсо, ошончолук жакшы Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкүлдөрү Мамлекеттер аралык координациялык суу чарба комиссиясынын…

Прочитайте больше

“Палестинага боштондук!”: Израилдин Вашингтондогу элчилигинин алдында өзүн өзү өрттөгөн америкалык аскер каза болду

“Палестинага боштондук!”: Израилдин Вашингтондогу элчилигинин алдында өзүн өзү өрттөгөн америкалык аскер каза болду

Израилдин Газа тилкесиндеги операцияларына нааразычылык көрсөтүп, Вашингтондогу Израилдин элчилигинин алдында өзүн өзү өрттөгөн америкалык аскер алган жараатынан улам каза болду. Бул тууралуу АКШнын аба күчтөрүнүн басма сөз кызматынын башчысы Энн Стефанек ырастаганын ТАСС агенттиги жазды.  АКШнын аба күчтөрүнүн аскери нааразылык акциясын жекшемби күнү Израилдин Вашингтондогу элчилигинин кире беришинин алдында  өткөргөн. Ал эмне болуп жатканын Twitch стриминг кызматы аркылуу түз эфирде көрсөткөн. Ал АКШнын Аба күчтөрүнүн аскер кызматчысы экенин билдирген. “Мен мындан ары геноцидге катышпайм”, – деген…

Прочитайте больше

Кыргызстан менен Иран мындан ары дагы ар тараптуу кызматташтыкты бекемдейт

Кыргызстан менен Иран мындан ары дагы ар тараптуу кызматташтыкты бекемдейт

19-январда тышкы иштер министринин орун басары Авазбек Атаханов Ирандын Кыргызстандагы элчиси Голам Хоссейн Ядегари менен жолугушту. КР тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн учурдагы абалын, бийик жана жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштурууну жана Бишкекте боло турган Тышкы иштер министрликтер аралык саясий кеңешмелерди өткөрүү маселелерин талкуулашты. Министрдин орун басары Атаханов эки тараптуу соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүнүн жана чыңдоонун, анын ичинде транспорт, айыл чарба, логистика, туризм жана башка тармактарда өз ара пайдалуу долбоорлорду илгерилетүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Маектешүүнүн соңунда…

Прочитайте больше
1 2 3 5