Иранда аялдар жетекчилик кызматтарда да иштешет

Иранда аялдар жетекчилик кызматтарда да иштешет

Ирандагы ислам революциясынын жеңиши монархиялык режимдин миң жылдык тарыхына чекит койгон 20-кылымдын экинчи жарымындагы эң маанилүү саясий окуялардын бири катары каралат. Шахтын бийлигине каршы миңдеген карапайым жарандар, өлкөнүн бардык социалдык топторунун өкүлдөрү, алардын арасында ирандык аялдар да чыгышкан. Мындан 45 жыл мурун болгон Ислам революциясынын жеңишинен кийин коомдун саясий жана социалдык турмушу түп-тамырынан бери өзгөрүп, ал бардык социалдык топтордун, анын ичинде аялдардын абалына оң таасирин тийгизип, үй-бүлө жана аялдар маселесине жаңыча мамилени жана жаңыча көз карашты…

Прочитайте больше

Акылбек Жапаров: «Бүгүн тарыхый күн, Кыргызстан деңизге чыгууга мүмкүнчүлүк алды»

Акылбек Жапаров: «Бүгүн тарыхый күн, Кыргызстан деңизге чыгууга мүмкүнчүлүк алды»

Бүгүн тарыхый күн. Дүйнөлүк океандан эң алыс жайгашкан мамлекеттердин бири болгон Кыргызстане деңизге чыгууга мүмкүнчүлүк алды. Бул алдыга карай жасалган чоң секирик.  Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров БّАЭге болгон иш сапарынын алкагында AD Ports Group жана Maqta Gateway ири компаниялары менен келишимдерге кол коюу салтанатында айтты. Жапаровдун айтымында, кол коюлган макулдашуулар эки тараптуу кыргыз-эмират мамилелеринин өнүгүшүнө чоң түрткү гана бербестен, Кыргызстанга кубаттуу экономикалык бурулуш жасоого жардам берет. Маалыматка караганда, Бириккен Араб Эмираттары менен сооданы өнүктүрүү…

Прочитайте больше

Орус окумуштуулары көмүр кычкыл газына каршы антидот ойлоп табышты

Орус окумуштуулары көмүр кычкыл газына каршы антидот ойлоп табышты

Россиянын Федералдык медициналык жана биологиялык агенттигинин адистери көмүр кычкыл газына каршы антидот ойлоп табышты. Бул тууралуу ФМБАнын жетекчиси Вероника Скворцова журналисттерге билдиргенин орус басылмалары жазышты. Маалыматка караганда, аталган препарат буга чейин каттоодон өткөн. “Биз фосфорорганикалык кошулмаларга каршы антидоттордун бүтүндөй линиясын жана көмүртек кычкыл газына каршы инновациялык, жаңы катталган антидотту сунуштайбыз”, – деди Скворцова. Ал белгилегендей, биринчи кезекте мындай антидоттор Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жана өрт өчүрүүчүлөр үчүн керек. Агенттик ошондой эле пес (кислотага туруктуу бацилла…

Прочитайте больше

Ооруларды айыктыруу үчүн оригами роботу иштелип чыкты

Ооруларды айыктыруу үчүн оригами роботу иштелип чыкты

Адамдын денесинин ичинде кыймылдап иштеген робот каалаган убакта формасын өзгөртүп, бурулуп, тар мейкиндикте кыймылдап, багытын өзгөртө алат. Япониялык илимпоздор, кагазды бүктөө өнөрү “оригамиден” шыктанышып, адамдын денесиндеги ооруларды айыктыра турган роботту ойлоп табышты. Адамдын денесинин ичинде кыймылдап иштеген робот каалаган убакта формасын өзгөртүп, бурулуп, тар мейкиндикте кыймылдап, багытын өзгөртө алат. «Миллибот» деп аталган жана дене суюктуктарынан күч алуу менен иштеген аппарат, дарылоону камсыздай турган дары-дармекти алып жүрүүгө жана көйгөйлүү жердеги процесс боюнча маалыматтарды чогултууга жөндөмдүү. Окумуштуулар…

Прочитайте больше

Жакынкы келечекте илим ракка дабат абары божомолдонду

Жакынкы келечекте илим ракка дабат абары божомолдонду

Америкалык Pfizer компаниясынын башкы директору Алберт Бурла жакын арада илим рак оорусун айыктыра турган дары чыгарарын божомолдоду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар ERT3 телеканалына таянуу менен жазышууда. “Рак илими бышып жетилди жана биз жакынкы жылдарда колдонулуп жаткан дарылоо методдорунда олуттуу жакшыртууларды көрөбүз”, – деди Бурла. Фармацевтикалык компаниянын өкүлү башка ооруларга анчалык деле оптимист эмес экенин тактап, бирок рак оорусунда илимпоздор максатка жакындап калышканын айтты. Мындан тышкары, ал илимий коомчулуктун коронавируска каршы күрөштө алдыга жылганын белгилеп, вакцина жана…

Прочитайте больше

Ирандык генерал: Иран космоско спутник учурган биринчи мусулман өлкө

Ирандык генерал: Иран космоско спутник учурган биринчи мусулман өлкө

Иран “Нур-2” деп аталган спутнигин космоско ийгиликтүү учурганын, аппарат орбитага жеткенин билдирди. Спутникти учуруу иш-чарасында сөз сүйлөгөн Иран Ислам революциясынын сакчылар корпусунун башкы командачысы, генерал-майор Хусейн Салами Иран космоско спутник учурган алгачкы мусулман өлкөсү экенин белгиледи. Генерал космосто болуу дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүнүн критерийлеринин жана көрсөткүчтөрүнүн бири экенин баса белгилеп, “Биз кайрадан асмандан көз салып, космостон жерди карай алганыбыз чоң жетишкендик”, – деди. Ал иран элинин уулдары эл аралык санкцияларга карабастан өз күчүнө таянып космоско спутник учура алганы…

Прочитайте больше

НАСА биринчи жолу башка планетадан ракета учурат

НАСА биринчи жолу башка планетадан ракета учурат

НАСА америкалык учак чыгаруучу Lockheed Martin корпорациясы менен Марстан Жерге жеткирүүгө жардам бере турган Mars Ascent Vehicle ракетасын иштеп чыгуу боюнча келишимге кол койду. Бул тууралуу НАСАнын басма сөз кызматына шилтеме берип UNN агенттиги жазды. Космостук аппаратты учуруу 2026-жылга пландалып, долбоордун баасы 194 миллион долларга бааланган. Маалыматта НАСА мындай кадам менен Марста жашоо барбы деген суроого жооп табары айтылат. Белгилей кетсек, Mars Ascent Vehicle башка планетадан учурулган биринчи ракета болот.

Прочитайте больше

Дарыгер «омикрон» балдар үчүн коркунучтуу экенин эскертти

Дарыгер «омикрон» балдар үчүн коркунучтуу экенин эскертти

Коронавирустун омикрон штаммы көбүнчө балдардын бронхасына таасир этет, бул баланы ооруканага, анын ичинде реанимацияга жатуусун талап кылышы мүмкүн. Бул тууралуу Орусиянын Роспотребнадзор кызматынын Борбордук эпидемиология илимий-изилдөө институтунун директорунун илимий иштер боюнча орун басары, Жугуштуу оорулардын улуттук илимий коомунун төрагасы Александр Горелов билдиргенин өлкөнүн маалымат каражаттары жазышты. Буга чейин, ал  омикрон штаммы пайда болгондон бери балдардын арасында коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 10-15%га чейин өскөнүн айткан. “Балдарда оорунун жүрүшүнүн айрым өзгөчөлүктөрү аныкталган. Оору стереотиптүү башталат, бирок көбүнчө бронхиолиттин пайда…

Прочитайте больше

Окумуштуулар: Жакынкы жылдарда миопия эпидемиясы башталышы мүмкүн

Окумуштуулар: Жакынкы жылдарда миопия эпидемиясы башталышы мүмкүн

Окумуштуулар жакынкы жылдарда дүйнөдө миопия эпидемиясы башталышы мүмкүн экенин эскертишти. Бул тууралуу Лондон университеттик колледжинин адистери иликтөө жүргүзшкөнүн чет элдик  басылмалар жазды. Окумуштуулардын айтымында, 1960-жылдан кийин туулган адамдардын арасында көзү жакшы көрбөй калгандар андан мурда туулгандарга караганда көбүрөөк болуп жатат. Мындай бүтүмгө келүү үчүн UK Biobank Eye жана Vision Consortium окумуштуулар тобунун адистери 100 миңден ашык британиялыктын офтальмологиялык маалыматтарын текшерип көрүшкөн. Адистердин 1960-жылдан кийин туулган адамдардын арасында көзү жакшы көрбөй калгандар андан мурда туулгандарга караганда…

Прочитайте больше

Өзбекстанда Борбор Азиядагы алгачкы учкучсуз учуучу аскердик аппарат жасалды (видео)

Өзбекстанда Борбор Азиядагы алгачкы учкучсуз учуучу аскердик аппарат жасалды (видео)

Өзбекстан учкучсуз учуучу аскердик аппараттарды чыгарууну өздөштүрдү. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан жазды. “Коргонуу өнөр жайы боюнча мамлекеттик комитеттин алдында учкучсуз учуучу авиациялык комплекстерди өндүргөн илимий борбор түзүлгөн. Бул борбор эл аралык техникалык талаптарга жана стандарттарга жооп берген “Лочин” аталышындагы учкучсуз аппараттарды чыгара баштады”, — деп айтылат Мамлекеттик комитеттин маалыматында. Ошентип Өзбекстан учкучсуз аппараттарды чыгарган Борбор Азиядагы биринчи өлкө болуп калды. Жабдыктардын техникалык мүнөздөмөлөрү жана өндүрүштүн кубаттуулугу ачыкталбай турганы айтылды. Аппараттардын техникалык мүнөздөмөлөрү жана өндүрүштүк кубаттуулугу…

Прочитайте больше

Ирандык студенттер “INEX 2021” эл аралык көргөзмөсүндө биринчи орунду алышты

Ирандык студенттер “INEX 2021” эл аралык көргөзмөсүндө биринчи орунду алышты

Индияда өткөн инновациялар жана ойлоп табуулар боюнча эл аралык көргөзмөдө (INEX 2021) 30 өлкөнүн студенттеринин арасынан ирандык студенттер биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу ирандык маалымат каражаттары жазышты. Ирандын Авиценна атындагы студенттик фестивалдын туруктуу катчылыгынын жетекчиси Мехди Рашиди Жахан ирандык студенттер электроника, жасалма интеллект жана программалоо тармактарында үч алтын медалга ээ болушкандыгын билдирди. Маалыматка караганда, бул жылы көргөзмө Индиянын Хайдарабад шаарында коронавирустук пандемия шартында саламаттык сактоо протоколдорун сактоо менен дүйнөнүн 30 өлкөсүнөн мектеп окуучулары жана студенттердин катышуусунда өттү.

Прочитайте больше

Жумуртканы ашыкча жеп алуу эрте өлүмгө алып келиши мүмкүн – изилдөө

Жумуртканы ашыкча жеп алуу эрте өлүмгө алып келиши мүмкүн – изилдөө

Америкада Түндүк-Батыш университетинин окумуштуулары жумуртканы ашыкча жеп алуу эрте өлүмгө алып келиши мүмкүн экенин божомолдошту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды. Адистердин айтымында, жумуртканын сарысында холестерин көп болгондуктан, адам жумасына үч гана жумуртка жесе кээ бир олуттуу оорулардын өнүгүшүнө алып келиши мүмкүн. Окумуштуулар изилдөө жүргүзүп, анын жүрүшүндө Америкадагы 29 миңден ашык адамдын ден соолугу тууралуу маалыматтарды изилдешкен. Катышуучулардын орточо жашы 51,6 жашты түзгөн, алардын абалы 17,5 жыл бою көзөмөлгө алынган. Адистер изилдөөнүн катышуучуларынын тамактануу адаттарын…

Прочитайте больше

Видео: Японияда учуучу мотоцикл жасалды

Видео: Японияда учуучу мотоцикл жасалды

Япониянын “ALI Technologies” компаниясы саатына 100 чакырым жүрүүгө жөндөмдүү болгон “учуучу мотоциклин” көрсөттү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты. Бул укмуштуу техниканы “Xturismo” деп аташкан. Ал катуу ылдамдыкта токтобой 40 мүнөткө чейин жүрө алат. Баасы 682 миң доллар. Презентация учурунда “Xturismo” жерден бир нече метр бийиктикке көтөрүлүп, абада бир жарым мүнөттөй айланып турду. Аппараттын салмагы 300 кг. жана ал бир адамды көтөрүүгө ылайыкталган. *ALI Technologies” компаниясы заказдарды ала баштады. 200 даанадан турган биринчи партиясын чыгарууну…

Прочитайте больше

Видео: Голландиялык студенттер күн энергиясы менен жүргөн дөңгөлөк үстүндөгү үй жасашты

Видео: Голландиялык студенттер күн энергиясы менен жүргөн дөңгөлөк үстүндөгү үй жасашты

Эйндховен Технологиялык университетинин студенттеринен турган команда толук күн энергиясы менен жүргөн дөңгөлөк үстүндөгү үй жасашты.  “Stella Vita” деп аталаган унаанын ичинде керебет, муздаткыч, ажаткана, диван жана кичинекей ашкана аянты бар. Унаа күн ачык мезгилде 730 чакырым жол жүрө алат.Унаанын чатырына күн панелдери орнотулган.Авторлордун айтымында, унаанын аккумулятору аба ырайына жараша эки-үч күндө толук кубатталат.Аба ырайы начар болгон учурларда аккумуляторду электромобилдерди кубаттоочу станциялардан  кубаттаса болот.Унаанын ичиндеги бардык тиричилик техникалары күндүн энергиясы менен иштейт.Команданын мүчөсү Тийна Тер Хорсттун айтымында, мындай…

Прочитайте больше

Окумуштуулар: Кулакчын дүлөйлүккө алып келет

Окумуштуулар: Кулакчын дүлөйлүккө алып келет

Учурда жаштар кулакчын менен музыка угууну адатка айландырып алышты. Адистердин айтымында, кулакчынды күнүнө 1 сааттан ашык пайдаланып, ыр уккан адам эртеби-кеч дүлөй болот. Кулакчын ден-соолукка терс таасирин тийгизип эле койбостон, коомдо ар кандай жагымсыз окуяларга да себеп болуп келет. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму бул боюнча иликтөө жүргүзүп, дүйнөдө 1,1 миллиард жаштар убакыттын көп бөлүгүн кулакчын менен ыр угуп өткөрүшөрүн билдирген. Натыйжада, жер бетиндеги 12-35 жаш аралыгындагы адамдардын басымдуу бөлүгүнүн угуу жөндөмдүүлүгү начарлап кеткенин аныкташкан….

Прочитайте больше
1 2 3