Орозонун жана Рамазан айынын пазилети

Орозонун жана Рамазан айынын пазилети

Суроо: Рамазан айынын пазилети эмне? ЖООП: Бул маселеде Имам Раббани хазреттери мындай дейт:  Касиеттүү Рамазан айы өтө кадырлуу. Бул айда окулган нафил намазга, зикирге, садака жана бардык нафил ибадаттарга берилген сооп башка айларда кылынган парздар сыяктуу. Бул айда орундалган бир парз башка айларда орундалган жетимиш парз сыяктуу. Бул айда бир орозолууга ифтар берген адамдын күнөөлөрү кечирилет. Тозоктон азат болот. Ал орозолуунун сообундай ага да өзүнчө сооп берилет. Ал орозолуунун сообу эч кемибейт.  Бул айда кол астындагылардын иштерин…

Прочитайте больше

Ыймандуу адамды кийин ыймансыздыкка алып бара турчу нерселер

Ыймандуу адамды кийин ыймансыздыкка алып бара турчу нерселер

Азыр ыйманы болуп туруп илгериде ыйманынын кетүүсүнө себеп болгон нерселер [40] чамасында: 1- Бидат ээси болуу. Б.а., итикады бузук болуу. [Ахли сүннөт аалымдары билдирген туура итикаддан аз болсо дагы айрылган адам жолдон адашкан же капыр болот. Ишенүү зарыл болгон нерсеге ишенбесе дароо капыр болот. Инешүү зарыл болбогон нерсени четке какса (Бидат) же (Далалат)болот. Акыркы демде ыймансыз кетүүгө себеп болот.] 2- Алсыз ыйман, б.а., амалсыз ыйман. 3- Тогуз мүчөсүн туура жолдон чыгаруу. 4- Чоң күнөө кылууну улантуу. [Бул үчүн алкоголдук ичкилик ичпөө, мусулман…

Прочитайте больше

Палестина тарыхы: Сионисттик Израил жүргүзгөн 75 жылдык кыргын

Палестина тарыхы: Сионисттик Израил жүргүзгөн 75 жылдык кыргын

Мындан 75 жыл мурун Израил деген өлкө картада жок эле. Азыр 10 миллионго чукул еврейлер жашаган Жакынкы Чыгышта, Жер Ортолук деңизинин чыгыш жээгинде Иерусалим деген мамлекетте мусулмандар кылымдар бою бактылуу жашап келишкен. Сионисттик Израилдин палестиналыктарга карата зомбулугу быйыл эле баштала калган жок. Палестиналыктар канча кылымдан бери жашап келген жерлеринен, үй-жайынан айрылып, 75 жылдан бери дүйнөнүн көз алдында зулумдукка дуушар болуп келишет. Бул материалдан сионисттер кантип Иерусалимди оккупациялап алгандыгын, миллиондогон палестиналыктардын тагдырын өзгөрткөн адилетсиздик кандайча башталгандыгын…

Прочитайте больше

55 жыл Иерусалимдеги Аль-Акса мечитин кайтарган осмон жоокеринин баяны

55 жыл Иерусалимдеги Аль-Акса мечитин кайтарган осмон жоокеринин баяны

Бул – болгон окуя. Аны окуган адам көзүнө жаш алып, өзүнүн ислам баалуулуктарынын алдындагы жоопкерчилигин сезери шексиз. Баянды кунт коюп окууга чакырабыз. 1-дүйнөлүк согуштан жеңилүүгө дуушар болгон Осмон дөөлөтү карамагындагы жерлерден, анын ичинде Иерусалимден да чегинүүгө мажбур болот. Анткени эми аларга ээликти согуштан жеңип чыккан тарап жүргүзүшү керек эле. Бирок ошол кездеги эл аралык эреже, салт боюнча, бошотулган жерлерге жеңген тараптын аскерлери келгенге чейин шаардагы тартипти көзөмөлдөп турууга жеңилген тараптын аскерлери дайындалчу. Бул баянда Иерусалимде…

Прочитайте больше

Талашка түшкөн Иерусалимдин (Куддустун) 9 артыкчылыгы

Талашка түшкөн Иерусалимдин (Куддустун) 9 артыкчылыгы

Палестинада орун алган акыркы окуялар бүткүл үммөттүн жүрөгүн орутууда. Эмне себептен мусулмандар үчүн Куддус ыйык эсептелинет? Иерусалимдин Исламдагы орду кандай? Алдыда бул суроолордун жообун табасыз. 1. Иерусалим – бардык пайгамбарлар жана периштелердин изи түшкөн жер. Иерусалимде Ибрагим, Исхак, Якуб, Муса, Дауд, Лут, Аюб, Сулайман, Закария, Яхья, Иса (аларга Аллахтын тынчтыгы болсун) пайгамбарлар жашашкан. Ошондой эле айрым сахабалардын сөөктөрү коюлган. 2. Иерусалим – Мекке жана Мединадан кийинки ыйык эсептелген жер. 3. Куддуста Исламдагы ыйык мечиттердин бири…

Прочитайте больше

Мусулмандар Палестинага кантип жардам бере алышат?

Мусулмандар Палестинага кантип жардам бере алышат?

“Биз жөнөкөй мусулман болсок, Палестинадагы бир туугандарыбызга кантип жардам беребиз?” – деп ойлошуңуз мүмкүн. Бирок ар бир мусулман аларды колдоп, жардамын көрсөтө алат. 1. Чын жүрөктөн дуба кылыңыз Дуба – мусулмандын куралы. Бул нээматты баалап, көбүрөөк бир туугандарыбыз үчүн дуба кылыңыз. Палестинадагы бир туугандарыбызга жеңилдик беришин Аллахтан жалынып-жалбарып сураныңыз. Аллах гана абалды өзгөртөт. Аллах Таала жардам берсе, эч ким мусулмандарга зыяндык кыла албайт. 2. Тарыхты окуңуз Пайгамбарыбыздын ﷺ Куддус жөнүндө айткан хадистерин окуп, Иерусалимдин тарыхын…

Прочитайте больше

Балдарды тарбиялоодогу негизги пункттар

Балдарды тарбиялоодогу негизги пункттар

Көңүл буруу жана ойноого дем берүү Оюн – балдардын, өзгөчө балдардын олуттуу муктаждыктарынын бири. Оюн баланын жан дүйнөсүн тарбиялайт; Үйдү куруп, аны бузуп, кайра куруу менен баланын демилгелүү күчү өсөт. Андыктан ата-эне баланын оюнун бузбашы керек. Тескерисинче, алар кээде ага дем берип, тарбиялоо үчүн оюнга катышуулары керек. Ибн Аббас риваят кылган хадисте, Аллахтын Элчиси Имам Хасанды ийнине көтөрүп баратканда, бир киши балага: «Ана, сен арабага минген белең?» – деп сурайт. Ошондо Пайгамбар: «Ал жакшы атчан….

Прочитайте больше

Ашура күнү абдан маанилүү окуялар болуп өткөн.

Ашура күнү абдан маанилүү окуялар болуп өткөн.

Ошондуктан бул күнгө өзгөчө мамиле кылууга тийишпиз. Ашура күнү кандай окуялар болгондугун алдыда биле аласыз: • Аалам, периштелер жана Адам (а.с) жаратылган. • Адам (а.с) тобосу кабыл кылынган. • Муса пайгамбар (а.с) жана анын эли фараондун эзүүсүнөн кутулушкан. Заалым фараон кыйроого учураган. • Ибрахим пайгамбар (а.с) төрөлгөн жана Намруддун отунан сак-саламат чыгарылган. • Аюб пайгамбар (а.с) катуу оорудан айыгып, азаптардан куткарылган. • Юнус пайгамбар (а.с) киттин ашказанынан аман-эсен чыгарылган. • Сулайман пайгамбарга (а.с) өкүмдарлык тартууланган….

Прочитайте больше

Кымындай ыйман деген эмне?

Кымындай ыйман деген эмне?

Суроо: Бир да жакшылыгы жана ибадаты жок болгон, күнөөлөргө баткан бир адам чын жүрөктөн калима-и шахадатты айтса жана ошол абалда өлсө Бейишке киреби?  ЖООП: Күнөөлөргө батып, ибадаттан алыс адамдын ыйман менен өлүүсү өтө кыйын. Эгер ыйман менен өлө алса гана күнөөлөрүнүн жазасын тарткандан кийин кийин сөзсүз Бейишке барат.  Ибадат менен жакшылыкты төмөнсүнтпөө керек. Биз жөнөкөй деп ойлогон бир жакшылык кутулушубузга себеп болушу мүмкүн. Бир хадиси шарифтин мааниси да төмөнкүчө: “Өмүрүндө бир да жолу жакшылык кылбаган бир мусулман [башка…

Прочитайте больше

Зуль-Хижжа айы кирди. Бул айды кантип өткөрүү керек?

Зуль-Хижжа айы кирди. Бул айды кантип өткөрүү керек?

Ислам дининде тыюу салынган 4 ай бар. Бул айларда жакшы иш жасаса, башка айларга караганда көбүрөөк сооп берилет; ал эми күнөө иш жасаса, башка убакытка караганда жазасы оор болот. Тыюу салынган айлардын бири Зуль-Хижжа кечээ кирип келди. Бул айда мусулмандар ажылык милдетин аткарышат. Зуль-Хижжа айынын алгачкы 10 күнү ыйык жана берекелүү күндөр болуп саналат. Аллах Таала бул 10 күн менен ант берген. Аллах улуу нерселер менен гана ант берет.“Таңга Ант! Он түнгө ант! (Куран, 89:1–2)….

Прочитайте больше

Орозолуу адам күнөөдөн да сактанууга тийиш

Орозолуу адам күнөөдөн да сактанууга тийиш

Суроо: Орозо кармаган бир адам жеп-ичүүдөн гана тыйылууга тийишпи же күнөөлөрдөн дагыбы? ЖООП: Орозо кармоо бир гана жеп-ичүүдөн тыйылуу эмес. Колду, тилди, көздү, кулакты жана бардык дене-мүчөлөрдү да күнөө кылуудан сактоо керек. Анткени, Пайгамбарыбыз алейхиссалам: “Эгер орозо кармаган адам жалган сөздү таштабаса, ал адамдын жеп-ичүүдөн тыйылуусуна Аллаху таала муктаж эмес”, – деген. Пайдасыз нерселерди сүйлөө, жалган айтуу, гыйбат кылуу кармалган орозонун сообун кетирет. Кыйынчылыкка, азапка чыдап, ибадат кылып, бирок, анын сообун жок кылуу акылдуу адам кыла турган иш эмес….

Прочитайте больше

Израиль аскерлеринин Орозо айында Аль-Акса мечитине бастырып кириши. Видео

Израиль аскерлеринин Орозо айында Аль-Акса мечитине бастырып кириши. Видео

 Бир катар мусулман өлкөлөрү Израиль күчтөрүнүн Иерусалимдеги Аль-Акса мечитине кол салуусун расмий түрдө айыпташты. Израилдик аскелер менен палестиналыктардын кагылышуусу  5-апрелге караган түнү башталып, эки күндөн бери уланууда.  Мусулмандар үчүн анын мааниси азыр болуп көрбөгөндөй жогору, анткени мечитке кол салуу ыйык Рамазан айында болууда.  Палестинанын WAFA агенттиги өз булактарына таянып, Аль-Акса мечитинде Израилдин коопсуздук күчтөрү менен кагылышууда ондогон палестиналык жарадар болгонун маалымдады. Кийинчирээк Almayadeen агенттиги жаракат алган палестиналыктардын саны 100гө жеткенин маалымдады. Булактардын маалыматына караганда, 4-апрель күнү кечинде Израиль аскерлери мечитке бастырып…

Прочитайте больше

Күнөө кылгандын орозосу

Күнөө кылгандын орозосу

Суроо: Кээ бир адамдар: “Намаз окубаган, ичкилик ичкен, ачык кийинип жүргөн же башка күнөө кылгандар бекер эле орозо кармашпасын”, – деп айтышат. Бул сөз туурабы? ЖООП: Жок, динге каршы келген сөз. Бир канча күнөө кылган адамдын сөзсүз эле калган күнөөлөрдү да кылуусу керек эмес. Орозо кармап, ошол эле убакта күнөө кылган адам орозо кармоо менен пайда болчу чоң соопко ээ боло албайт, бирок, акыретте “эмне үчүн орозо кармабадың” делип эсепке тартылбайт. Орозо карызын өтөгөн болот, жада калса,…

Прочитайте больше

Жүрөгүбүздү кантип тазалайбыз? Маанилүү 6 кеңеш

Жүрөгүбүздү кантип тазалайбыз? Маанилүү 6 кеңеш

Бардык көйгөйлөрдүн башталышы – жүрөктүн ыпластыктарга толуп, ыймандын алсырашынан. Чыныгы ыйман келтирген адам жүрөгүн тазалап, Аллахка жакындоо үчүн болгон аракетин жумшайт. Пайгамбарыбыз ﷺ айткан: “Кабардар болгула! Чындыгында, денеде бир үзүм эт бар. Ал бузулса, бүткүл дене бузулат. Ал оңолсо, бүткүл дене оңолот. Көңүл бургула! Ал – жүрөк” (Бухари). 1. Тобо келтирүү Пайгамбарыбыз ﷺ айткан: “Амал китебинде көп Аллахтан көп кечирим суроо табылган адамга куш кабар болсун” (Ибн Маажа). 2. Бардык күнөөлөрдү таштоо Аллах Таала айтты:…

Прочитайте больше

Куран – акыретке чейин кала турган жалгыз керемет

Куран – акыретке чейин кала турган жалгыз керемет

Куран – Аллахтын бүткүл адамзатка түшүргөн акыркы аяны жана ислам илими менен мыйзамдарынын негизги булагы. Курани Карим – кыяматка чейин бурмаланбай сакталчу жалгыз китеп. Куран түшкөндөн тартып Ислам душмандары андан ката табууга жана ага окшошту жаратууга жандалбас уруп келишет. Бирок алардын аракети майнапсыз. Ыйык китебин жокко чыгарып, ага ишенбегендерге Аллах Таала мындай деп кайрылат: “Эгер бардык адамдар жана жиндер чогулуп, Куранга окшогон нерсени жаратууга аракет кылышса да, атүгүл бири-бирине жардам беришсе да, эч качан ага…

Прочитайте больше
1 2 3 12