“Баасы жогору” болот. Хуситтер АКШ менен Британиянын чабуулуна жооп кайтарарын убада кылды

“Баасы жогору” болот. Хуситтер АКШ менен Британиянын чабуулуна жооп кайтарарын убада кылды

11-январдан 12-январга караган түнү АКШ Улуу Британия менен бирге Австралиянын, Бахрейндин, Канаданын жана Нидерландиянын колдоосу менен Кызыл деңизде коммерциялык кемелерди аткылап жаткан Йемендеги «Ансар Аллах» (хуситтер) кыймылынын бир катар объекттерине сокку урду. Чабуулга өлкөнүн борбору Сана жана порт шаарлары дуушар болду. Соккулар үчүн согуштук учактар колдонулуп, деңизден эсминецтерге орнотулган Tomahawk канаттуу ракеталары учурулган. Йемендин түндүгүндө жана борбордук бөлүгүндө өкүмдарлык кылган хуситтер АКШ менен Улуу Британия үчүн массалык бомбалоонун “баасы жогору” болорун айтып коркутту. Окуя эмнеден…

Прочитайте больше

Эквадордогу мафиянын козголоңу: телеалпаруучулар түз эфирде барымтага алынды

Эквадордогу мафиянын козголоңу: телеалпаруучулар түз эфирде барымтага алынды

Эквадор бийлиги “Лос-Чонерос” кылмыштуу тобунун лидери катуу режимдеги абактан качкандан кийин коопсуздук тармагындагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу өлкөдө «ички куралдуу кагылышуу» режимин киргизди. Өлкөнүн абактарында тополоң чыгып, бүтүндөй өлкөдө баш аламандыктар башталды. Соңку маалыматтарга караганда, тополоңдо кеминде 13 адам  каза болду. Окуянын чоо-жайы 7-январда өлкөнүн Башкы прокуратурасы Эквадордогу пенитенциардык мекемелерде башаламандыктар орун алганын билдирген. Башаламандык “Лос-Чонерос” кылмыштуу тобунун лидери Фито лакап аты бар Адольфо Масиас Гуаякиль шаарынын түрмөсүнөн качып кеткенден кийин башталган. Анын кайда экени белгисиз…

Прочитайте больше

100гө жакын адамдын өмүрүн алган теракт: Бишкектеги Иран элчилигинде көңүл айтуу китеби ачылды

100гө жакын адамдын өмүрүн алган теракт: Бишкектеги Иран элчилигинде көңүл айтуу китеби ачылды

Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинде Ирандын Керман шаарындагы терактка байланыштуу көңүл айтуу китеби ачылганын дипломатиялык өкүлчүлүктүн маалымат кызматынан билдиришти. Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 3-январында Ирандын түштүк-чыгышында жайгашкан Керман шаарындагы көрүстөндө ирандык генерал Касем Сулейманини эскерүү иш-чарасы өтүп жаткан учурда көрүстөнгө жакын жерде кош жарылуу болгон. Расмий маалымат боюнча, кол салуудан 95 адам каза таап, жалпысынан 284 адам жаракат алган. Терактка жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу өзүнө алган. Иран өкмөтү 4-январды улуттук аза күнү деп белгилеген….

Прочитайте больше

Кыргызстан Түркия менен соода-сатыктын көлөмүн 2 млрд долларга жеткирүүнү көздөөдө

Кыргызстан Түркия менен соода-сатыктын көлөмүн 2 млрд долларга жеткирүүнү көздөөдө

Кыргызстан келечекте Түркия менен соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүп, анын көлөмүн 2 млрд АКШ долларына жеткирмекчи. Бул тууралуу 9-январда  Жогорку Кеңетин Төрагасы Нурланбек Шакиев Түркия Республикасынын тышкы иштер министри Хакан Фидан менен жолугушуу учурунда айтылгандыгын кыргыз парламентинин маалымат кызматы билдирди. Жолугушууда боордош эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды. Төрага Нурланбек Шакиев Түркия мамлекетинин башкы дипломатынын Кыргызстандагы иш сапары байланыштарды мындан ары чыңдоого өбөлгө түзөрүн белгилеп, кызматташтыктын учурдагы абалына токтолду. Анын…

Прочитайте больше

Соода, өнөр жай жана энергетика: Рустам Эмомали Иранда эмнелерди макулдашты?

Соода, өнөр жай жана энергетика: Рустам Эмомали Иранда эмнелерди макулдашты?

Тажикстан парламентинин жогорку палатасынын төрагасы Рустам Эмомали 8-январда Иранда расмий сапары менен болду. Аны өкмөттүк комитеттердин төрагалары жана башка расмий адамдар коштоп барышканын парламенттин маалымат кызматы кабарлаган. Сапардын алкагында Рустам Эмомали Ирандын президенти Ибрахим Раиси жана Иран Ислам кеңешинин төрагасы Мухаммад Бакир Галибаф менен жолугушууларды өткөрдү. Өлкөлөр ортосунда соода жүгүртүү көбөйтүлөт Республиканын парламентинин басма сөз кызматы билдиргендей, Рустам Эмомали менен Галибафтын  жолугушуусунда Тажикстан менен Ирандын ортосундагы мамилелердин жана кызматташтыктын маанилүү жана приоритеттүү маселелердин кеңири чөйрөсү…

Прочитайте больше

Рустам Эмомали Ирандын жетекчилиги менен мамилелердин жаңы өнүгүшүн талкуулайт

Рустам Эмомали Ирандын жетекчилиги менен мамилелердин жаңы өнүгүшүн талкуулайт

Тажикстан Республикасынын милли Мажилисинин төрагасы, Дүйшөмбү шаарынын мэри  Рустам Эмомали Иранга расмий иш сапары менен барды. Бул тууралуу Тажикстандын ASIA-PLus сайты билдирди. Жогорку палатанын маалымат кызматынын билдирүүсүндө, аны өкмөттүн комитеттеринин төрагалары жана башка кызмат адамдары коштоп жүрүшүүдө. Иш сапар тууралуу  башка маалыматтар берилген эмес. Ал эми Ирандын  Мехр агенттигинин маалымдашынча, Рустам Эмомали Иранга эки  күндүк иш сапар менен барган, анын алкагында Ислам кеңешинин спикери, президент жана башка Ирандын расмий адамдары менен жолугушат. «Биз бул иш…

Прочитайте больше

“Үрөй учурган сандар”. Газадагы курмандыктардын саны айтылды

“Үрөй учурган сандар”. Газадагы курмандыктардын саны айтылды

Израиль менен палестиналык ХАМАС кыймылынын ортосундагы куралдуу кагылышуу башталгандан бери Газа тилкесинде жана Иордан дарыясынын батыш жээгинде 30 миңден ашуун палестиналык Израилдин аскерий аракеттеринин курмандыгы болду. Мындай билдирүүнү кыймылдын жетекчилигинин мүчөсү Усама Хамдан билдиргенин ТАСС агенттиги жазды. “Газа тилкесинде каза болгондордун саны 29 722ге жетти, анын ичинде 10 000ге жакын бала жана 7 000дей аял бар, дагы 58 166 адам жарадар болду”, – деди ал маалымат жыйынында. Хамдан кеминде 7000дей газалык дайынсыз жоголгондугун кошумчалады. Анын…

Прочитайте больше

Ирандын атайын кызматтары Кермандагы терактка тиешеси бар 11 адамды кармады

Ирандын атайын кызматтары Кермандагы терактка тиешеси бар 11 адамды кармады

Иран Ислам Республикасынын Керман шаарындагы генерал Касем Сулейманинин сөөгү коюлган мүрзөдө болгон терактка байланышы бар  деген шек менен 11 адам кармалганы белгилүү болду.  Бул тууралуу Ирандын  Fars News маалымат агенттиги билдирди. Аталган басылманын маалыматына ылайык, мындай билдирүүнү Иран ТИМнин башчысы  Ахмад Вахиди жасады. Керманда ошондой эле эки террорчу-өз өмүрүн кыйган адамдар жашаган үй аныкталды. Андан жардыргыч заттар, анын ичинде ар түрдүү жарылуучу жабдыктар тагылган белкурчоо табылды. Ирандын дагы бир  Tasnim маалымат агенттигинин билдирүүсүндө, Керман шаарындагы…

Прочитайте больше

Япониядагы жер титирөөнүн курмандыктары 161 адамга жетти

Япониядагы жер титирөөнүн курмандыктары 161 адамга жетти

1-январдан бери токтобой жаткан Японядагы жер титирөөдөн каза болгон адамдардын саны 161 адамга жетти. Бул тууралуу япониялык аймактык бийликтердин маалыматында айтылат. Акыркы маалыматтар боюнча, 560тан ашык адам жердин силкинүүсүнөн улам соккудан ар кандай жаракаттарды алышкан. Япониядагы жер титирөөнүн курмандыктары 2016-жылдан бери биринчи ирет 100дөн ашты. Анда өлкөнүн түштүк-батышындагы Кумамото префектурасында  болгон зилзаладан 273 адам каза болгон. Чукул кызматтар азыркыга чейин 195 адамдын кайда экендигин аныктай албай жатышат.  Табигый кырсыктан өтө көп зыян Исикава префектурасына келтирилген:…

Прочитайте больше

Ирандын Жогорку лидери Кермандагы теракттын уюштуруучуларына катуу жооп кайтарыларын убадалады

Ирандын Жогорку лидери Кермандагы теракттын уюштуруучуларына катуу жооп кайтарыларын убадалады

Ирандын Жогорку лидери Али Хаменеи Керман шаарындагы жүздөгөн кишинин өмүрүн алган террордук кол салуунун уюштуруучуларына жана аны аткаргандарга катуу жооп кайтарып, өзүнө жараша жаза берерин убадалады. Бул туурасында “Fars News” агенттиги жазды. Өлкөнүн Ички иштер министринин акыркы маалыматы боюнча, көрүстөнгө жакын жерде болгон кош жардыруудан набыт болгондордун саны 84кө, жаракат алгандар 284кө жетти. Буга чейин иран ЖМКлары окуядан 103 киши каза таап, 211и жаракат алганын Кермандын чукул кырдаал кызматынын жетекчисине шилтеме берүү менен маалымдашкан. Жардыруулар…

Прочитайте больше

Токио аэропортунда эки учак сүзүшүп, беш киши каза болду

Токио аэропортунда эки учак сүзүшүп, беш киши каза болду

Токио шаарындагы “Ханэда” аэропортунун учуу-конуу тилкесинде Japan Airlines авиакомпаниясына таандык жүргүнчү ташыган учак өрттөнүп кетти. Андагы 400гө жакын жүргүнчү менен экипаж мүчөлөрүнүн баары куткарылды. Бул тууралуу жергиликтүү NHK телеканалы кабарлады. Маалыматка караганда, Хоккайдо шаарынан учуп келген учак өлкөнүн Жээк күзөт кызматынын учагы менен сүзүшкөн. Жыйынтыгында экинчи учактагы алты кишиден турган экипаж мүчөлөрүнүн бешөө каза болду.Видеоплеер00:0000:001. 85727353834849768580:12 Жээк күзөт кызматына таандык учак жер титирөөдөн жабыркаган Нигата шаарына жардам жеткирүүгө камданып жатканы кабарланды. 1-январдан бери Японияда 150дөн ашык…

Прочитайте больше

Иранда көрүстөндөгү кош жардыруудан 103 киши набыт болуп, 200дөн ашууну жаракат алды

Иранда көрүстөндөгү кош жардыруудан 103 киши набыт болуп, 200дөн ашууну жаракат алды

Бүгүн, 3-январь күнү Ирандын Керман шаарында көрүстөндүн жанында болгон кош жардыруудан 103 киши набыт болуп, жаракат алгандардын саны 211ге жетти. Бул тууралуу Fars News агенттиги Кермандын чукул кырдаал кызматынын жетекчисине шилтеме берип маалымдады. Жардыруулар 2020-жылы Ирактын Багдад шаарында АКШнын ракеталык чабуулунан өлтүрүлгөн ирандык генерал Касем Сулейманинин төрт жылдыгы белгиленип жаткан маалда көрүстөнгө жакын жерде болгон. Ал жерге генералды эскерүү үчүн миңдеген киши топтолгон. Окуянын себептери тууралуу расмий маалымат азырынча айтыла элек. Эске салсак, мындан төрт…

Прочитайте больше

Илон Маск 2024-жыл кандай болорун айтты

Илон Маск 2024-жыл кандай болорун айтты

Дүйнөдөгү эң бай адам, белгилүү ишкер жана бизнесмен Илон Маск Х социалдык тармагынын колдонуучусунун жаңы жылдан эмнени күтсө болору тууралуу суроосуна жооп берди. Анын пикиринде, 2024-жыл мурдагыдан да оор жана күтүлбөгөн окуялар болушу мүмкүн. Маск адамдар башка планетага көчүш керек деп эсептейт.Илон Маск демографиялык көйгөйлөрдөн улам бүтүндөй мамлекеттер жоголуп кетиши мүмкүн деп божомолдойт.“Менин божомолум: 2024-жыл мурдагыдан да акылсыз болот”, – деп жазды дүйшөмбүдө  Маск X соцтармагында (мурдагы Twitter). Ошентип бизнесмен өзүнө караштуу платформанын колдонуучуларынын биринин…

Прочитайте больше

Э. Рахмон мигранттардын тагдырына тынчсыздануусун билдирди

Э. Рахмон мигранттардын тагдырына тынчсыздануусун билдирди

Тажикстандын президенти 28-декабрда парламентке жолдогон кайрылуусунда өз өлкөсүнүн чет мамлекеттерде иштеп жаткан мигранттардын абалына байланыштуу тынчсызданган пикирин айтты. “Мен мигранттардын жашоо шартын жакшы билем. Миңдеген адамдар кетип жатат. Кайра жүздөгөн табыттар келүүдө. Булар балдарына бир сындырым нан таап келгени барышат. Анткени биз, жогорудан ылдыйга чейинки бардык жетекчилер өзүбүздүн жыргалчылыгыбызды гана ойлойбуз”, – деген Эмомали Рахмон. Орус бийлигинин маалыматы боюнча, жылына бир миллионго жакын адам Тажикстандан Орусияга эмгек миграциясына сапар алат. Соңку жылдары Орусияда мигранттарга кысым…

Прочитайте больше

Президент кыргызстандыктарды руханий өзөгүбүзгө кайтууга үндөдү

Президент кыргызстандыктарды руханий өзөгүбүзгө кайтууга үндөдү

Бул тууралуу мамлекет башчы 2023-жылы 31-декабрда Чүй облусунун “Орловка” лыжа базасында жалпы Кыргызстандын элин жаңы – 2024-жылы менен куттуктоосунда айтты. Президент мекендештерин куттуктоосунда мындай деди: – Урматтуу мекендештер! Дал ушул куттуу Чүй жергесинен туруп, маданиятыбызды көтөрүүгө жана билимибизди арттырууга үндөп кетер элем. Чынында, соңку 30 жылдык тарыхыбызда жалаң саясий окуяларга басым жасап жүрүп, элибиз мектеп жашындагыларга чейин тегиз саясатташып кетти. Коомдо кандай маселе жалпы талкууга түшпөсүн, ага түшүнүп-түшүнбөй эле, билип-билбей эле ызы-чуу салган жарандарыбыздын катмары…

Прочитайте больше
1 12 13 14 15 16 184