Грузияда “чет элдик өкүл” жөнүндө мыйзам долбоору депутаттарды мушташтырып, элди көчөгө чыгарды

Грузияда “чет элдик өкүл” жөнүндө мыйзам долбоору депутаттарды мушташтырып, элди көчөгө чыгарды

15-апрелде Грузия парламентинин Юридикалык маселелер боюнча комитети “чет элдик өкүл” жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Өлкөдөгү оппозиция өкүлдөр бул мыйзамдын кабыл алынышына каршы чыгууда. Талаштуу мыйзам долбоору парламент депутаттарын мушташтырып, миңдеген адамды көчөгө чыгарды. Демонстранттар тартип сакчылары менен кагылышып, бир канча адам кармалганы маалымдалды. Депутаттарды мушташтырган мыйзам Грузияда кабыл алынганы жаткан “чет элдик өкүл” жөнүндөгү мыйзам долбоору парламент комитетинде каралып жатканда оппозициячыл “Жарандар” партиясынын лидери Алеко Элисашвили парламенттеги көпчүлүк коалициянын өкүлү, “Грузин кыялы” партиясынын…

Прочитайте больше

А. Жапаров Вашингтондо бир катар маанилүү жолугушууларды өткөрдү

А. Жапаров Вашингтондо бир катар маанилүү жолугушууларды өткөрдү

Министрлер Кабинетинин Төрагасы  Акылбек Жапаров Вашингтон шаарына болгон жумуш сапарынын алкагында америка-кыргыз соода палатасынын өкүлдөрү менен жолукту. “Кыргызстан – маданий мурастарга бай, жаратылыш ресурстарына жана стратегиялык географиялык абалга ээ өлкө. Биз чет өлкөлүк инвесторлор жана бизнес-коомчулуктар үчүн туруктуу жана ачык экономиканы түзүүгө умтулабыз”, – деген МинКаб Төрагасы бул жолугушуу эки тараптуу салттуу достук мамилелерди чыңдап, эки өлкөнүн бизнес-чөйрөлөрүнүн эки тараптуу кызматташуусуна кошумча түрткү берерин белгиледи. МинКаб Төрагасы энергетика, айыл чарба, тоо-кен жана туризм сыяктуу тармактарга…

Прочитайте больше

Борбор Азия өлкөлөрү Иран менен Израилдин ортосундагы чыр-чатактын курчушун алдын алууга чакырышууда

Борбор Азия өлкөлөрү Иран менен Израилдин ортосундагы чыр-чатактын курчушун алдын алууга чакырышууда

Борбор Азиядагы мамлекеттер Иран менен Израилдин ортосундагы чыр-чатактын курчуп кетишин алдын алууга чакырган билдирүүлөрүн жарыялашууда. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Иран менен Израилдин ортосундагы чыр-чатактын курчушуна чоң кооптонуусун билдирип, тараптарды бүткүл Жакынкы Чыгышта (Батыш Азия) кырдаалды туруксуздаштырууга алып келиши мүмкүн болгон мындан аркы аскердик аракеттерден баш тартууга чакырды. “Кыргыз Республикасы тараптарды чыр-чатакты эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана нормаларына, биринчи кезекте БУУнун Уставына ылайык тынчтык жолу менен чечүүгө дагы бир жолу чакырат”,-деп айтылат ТИМдин маалыматында….

Прочитайте больше

Эксперт: Ирандын Израилге жообу дүйнөнү поляризациялоо процессиндеги жаңы бурулуш болот

Эксперт: Ирандын Израилге жообу дүйнөнү поляризациялоо процессиндеги жаңы бурулуш болот

Ирандын Израилге ракеталык жана пилотсуз учактар менен жообу дүйнөнү көп поляризациялоо процессиндеги жаңы бурулуш жана эл аралык мамилелерди кайра конфигурациялоодо көптөгөн өлкөлөрдүн позицияларын так аныктоого болот. Бул тууралуу россиялык эксперт Александр Князев “Eurasia Today” агенттигине билдирди. Иран 14-апрелге караган түнү Дамасктагы Иран консулдугуна кол салууга жооп иретинде Израилге жүздөгөн учкучсуз учактар жана ракеталар менен сокку урду. “Бул жерде Россиянын реакциясына көңүл буруу кызык. Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин чукул жыйынына чейин эле Израилдин Москвадагы элчиси орус тарап Ирандын…

Прочитайте больше

Саясат таануучу Карине Геворкян: Эмне үчүн Иран Израилге кол салууда өз максаттарына жетти?

Саясат таануучу Карине Геворкян: Эмне үчүн Иран Израилге кол салууда өз максаттарына жетти?

Иран Израилдин буталарына сокку уруу менен бардык максаттарына жетти. Бул тууралуу саясат таануучу Карине Геворкян Беларустун Белта порталына берген маегинде билдирди. Ал белгилегендей, Иран тарап Батыштын пропагандасына карама каршы келип, мыйзамдуулуктун принциптерин карманат. Ирандыктар эл аралык аспектиден алганда, кандайдыр бир мыйзамсыз аракеттер үчүн айыпталып калууну каалашпайт. Дамасктагы консулдугуна кол салуудан кийин Иран расмий түрдө БУУга кайрылып, Израилди Вена конвенциясын бузганы үчүн айыптоону талап кылган. Тегеран белгилегендей, эгер БУУ жана Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши тийиштүү…

Прочитайте больше

Россиянын Казакстан менен чектешкен эки облусунда суу ташкын коркунучу күтүлүүдө

Россиянын Казакстан менен чектешкен эки облусунда суу ташкын коркунучу күтүлүүдө

Ушул жуманын ортосунда Россиянын эки – Курган жана Тюмень облусттарында суу ташкын болору күтүлүүдө. Белгилей кетүүчү жагдай, аталган аймактар Казакстан менен чектешет.  Кремлдин пресс-катчысы Дмитрий Песков суу ташкын Россиянын Курган жана Тюмень облусттарында күтүлүп жаткандыгын маалымдады. “Бул жерде биздин адистердин, эң оболу ӨКМдин адистеринин тыянагын күтүү керек. Алар берген маалымат боюнча, бул жуманын ортосу – бул эки аймакка же Тюмень жана Курган облусттарына суу келе турган учур. Биз бул табият кырсыгына каршы чараларды көрүүдөбүз”, – деди ал….

Прочитайте больше

Коопсуздук Кеңешинде Израилдин агрессиясына Ирандын жообу тууралуу өлкөлөр эмне дешти?

Коопсуздук Кеңешинде Израилдин агрессиясына Ирандын жообу тууралуу өлкөлөр эмне дешти?

14-апрелде Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши Ирандын Израилге жасаган чабуулуна байланыштуу чукул жыйынга чогулду. Жыйын Израилдин демилгеси менен өткөрүлдү. Анда бир катар өлкөлөр Иран Израилдин агрессиясына жооп кайтарууга укуктуу болгонун айтса, кээ бири Иранды айыпташты. Иран бул сокку өзүн-өзү коргоого болгон ажырагыс укугунун алкагында гана жасалганын белгиледи. Иран 14-апрелге караган түнү Израилдин аймагына ракета жана дрондор менен абадан сокку урду. Бул Израилдин аймагына Тегеран түз жасаган биринчи чабуул болуп калды. Тегеран муну Дамасктагы  консулдугуна 1-апрелде…

Прочитайте больше

Ооганстандагы суу ташкындан 33 кишинин өмүрү кыйылып, 600дөн ашык үй талкаланды

Ооганстандагы суу ташкындан 33 кишинин өмүрү кыйылып, 600дөн ашык үй талкаланды

Ооганстанда бир нече күн катары менен тынбай жааган нөшөрдөн улам башталган суу ташкын 33 кишинин өмүрүн алды. Баш калаа Кабулду жана башка аймактарды каптаган селден жүздөгөн үй кыйрады. Бул тууралуу Ооганстандын башында турган “Талибан” кыймылы билдирди. “Тилекке каршы 33 адам набыт болду, 27 киши жараат алды. Айыл-кыштактарда 600дөн көп үй талкаланды”-деди талибдердин өкүлү, мулла Жанан Сайик. Учурда Казакстандын жана Орусиянын бир катар аймактарында дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүп, жүз миңдеген үй-жайларды каптап кетти. Миңдеген адамдар коопсуз…

Прочитайте больше

Бишкектеги Азия чемпионаты: эркин күрөш боюнча Иран 1-орунду, Кыргызстан 3-орунду алды

Бишкектеги Азия чемпионаты: эркин күрөш боюнча Иран 1-орунду, Кыргызстан 3-орунду алды

Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында Ирандын эркин күрөш боюнча курама командасы жалпы эсепте 1-орунду, Япония 2-орунду жана Кыргызстан 3-орунду ээледи. «Eurasia Today» маалымдагандай, жалпы командалык эсепте Иран 190 упай, Япония 130 упай жана Кыргызстан 121 упай алды. Кыргыз балбандары 1 алтын, 1 күмүш жана 2 колого ээ болгон. Мелдештин биринчи күнүндө, 11-апрель күнү, 65 кг чейинки салмакта Улукбек Жолдошбеков жана 70 кг чейинки салмакта Алибек Осмонов 3-орунду ээлеп, коло медалга татышкан. Жыйынтыктоочу, 12-апрель күнү, Тайырбек…

Прочитайте больше

Оренбургдагы суу ташкындын кесепети

Оренбургдагы суу ташкындын кесепети

Россиянын Оренбург облусундагы Урал дарыясында суунун деңгээли 12-апрель күнү 11 метр 62 сантиметрге чейин жетти. Облус администрациясынын маалыматы боюнча, 12 миңден ашуун үй, 17 миң 203 короо-жай суу алдында калууда. Оренбург облусунун жабыркаган райондорунан 10 миңден ашык киши коопсуз жактарга эвакуацияланды. 1,5 миңдей киши убактылуу баш калкалоочу жайларга жайгаштырылды. Түштүк Уралдын аймактары быйыл болуп көрбөгөндөй суу ташкындарына дуушар болушту. Эң оор абал Оренбург облусунда. Облуска федералдык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Сүрөт: Известия 

Прочитайте больше

Кытай Палестинанын БУУга толук кандуу мүчө болушун колдойт

Кытай Палестинанын БУУга толук кандуу мүчө болушун колдойт

Кытай Палестинанын БУУга толук мүчөлүгүн колдойт. Бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мао Нин маалымат жыйында Палестинанын БУУга мүчөлүгү боюнча Кытайдын позициясын билдирип жатып айтты. Синьхуа маалымат агенттиги маалымдагандай, Палестина администрациясы жакында БУУнун Коопсуздук Кеңешине бул эл аралык уюмга толук кандуу мүчө болуу арызын кайра карап чыгууну расмий түрдө суранган. Мындай өтүнүч биринчи жолу 2011-жылы жасалган. Коопсуздук кеңеши 8-апрелде жыйын өткөрүп, бул өтүнүчтү жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу боюнча комитеттин талкуусуна тапшырды. Мао Ниндин айтымында,…

Прочитайте больше

Ирандын ТИМ башчысы: Агрессорду жазалоо – зарылчылык

Ирандын ТИМ башчысы: Агрессорду жазалоо – зарылчылык

Иран Батыш Азиядагы жаңжалды кеңейтүүнү көздөбөйт, бирок Израилди тизгиндөөнү аймактагы коопсуздукту калыбына келтирүү үчүн зарыл шарт деп эсептейт. Бул тууралуу Ирандын тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиан билдирди. “Eurasia Today” маалымдагандай, Абдоллахиан Австралия, Улуу Британия жана Германиянын ТИМ башчылары менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөнүн, анда аларды Израилдин Дамасктагы Иран консулдугуна кол салуусун айыптоодо так позицияны жарыялоого чакырганын Х соцтармактагы баракчасына жазды. Министр Израиль эл аралык мыйзамдарды жана Вена конвенцияларын бузуп, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн кол тийбестигин бузганын айтып, бул агрессорду жазалоону камтыган мыйзамдуу…

Прочитайте больше

БУУнун Коопсуздук Кеңеши Газадагы гуманитардык кызматкерлердин өлүмү боюнча толук иликтөөнү талап кылды

БУУнун Коопсуздук Кеңеши Газадагы гуманитардык кызматкерлердин өлүмү боюнча толук иликтөөнү талап кылды

БУУнун Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрү Газадагы World Central Kitchen (WCK) гуманитардык уюмунун 7 кызматкеринин өлүмүнө алып келген Израилдин “үрөй учурган” чабуулуна “олуттуу тынчсызданууларын” билдиришип, бул окуя боюнча “толук, ачык-айкын жана ар тараптуу иликтөө” зарылдыгын билдирди. Мындан тышкары, Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү Израиль бийликтери курчоого алынган жана бомбаланган аймактарга жардам жеткирүүнү жакшыртуу үчүн дагы көп аракет кылышы керектигин белгилешти. Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү ошондой эле Газадагы кагылышуулардын адам курмандыктарына, катастрофалык гуманитардык кырдаалга жана ачарчылык коркунучуна терең тынчсызданууларын дагы бир…

Прочитайте больше

Москвада полиция КР дипломатынын үйүндө мыйзамсыз тинтүү жүргүзгөн. ТИМ нота жөнөттү

Москвада полиция КР дипломатынын үйүндө мыйзамсыз тинтүү жүргүзгөн. ТИМ нота жөнөттү

Бүгүн Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинде Россиянын элчилигинин кеңешчи-консулу Андрей Бурьевой менен жолугушуу болуп өттү. КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тарабы Россиянын ички иштер органдарынын кызматкерлеринин Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин кеңешчисинин үй-бүлө мүчөлөрүнө карата “Дипломатиялык мамилелер жөнүндө” 1961-жылдагы Вена конвенциясынын жоболорун одоно бузган аракеттерине өзүнүн тынчсыздануусун билдирди. “Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн аккредитациялан кызматкерлерине карата Россиянын укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан мындай аракеттер кабыл алынгыс болуп, кылдаттык териштирүүнү жана күнөөлүлөрдү кыска мөөнөттө жоопко тартуу талап кылынды”,…

Прочитайте больше

Казакстандагы суу ташкын: акыркы сааттарга карата абал кандай?

Казакстандагы суу ташкын: акыркы сааттарга карата абал кандай?

Өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар министрлиги суу каптаган аймактардагы акыркы кырдаал тууралуу маалымат бергендигин Tengrinews.kz. маалымат агенттиги билдирди. Суу ташкын башталгандан бери жалпысынан 99 869 адам куткарылган, анын 36 591и балдар. Убактылуу жайгаштыруу пункттарында 6 586 адам жайгаштырылып, алардын 3 197си балдар. 9 миллион кубометр сел суусу сордурулуп, 1,6 миллион даана кап жана 1,2 миллион тонна инерттик материал суунун нугун тосуу үчүн орнотулган. Авариялык-куткаруу иштерине 34 272 адам жана 4 миң даана техника, 17 тик учак тартылган….

Прочитайте больше
1 2 3 4 184