Газанын элине жардам. Атайын эсепке 300 миң сомдон ашык каражат түштү

Газанын элине жардам. Атайын эсепке 300 миң сомдон ашык каражат түштү

Бүгүнкү күндө Газа секторуна жардам берүүгө ачылган атайын эсепке 303 миң 465,39 сом жана 1000 рубль түштү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Эске салсак, Кыргызстандын Финансы министрлиги Газа секторунун жарандарына жардам берүү үчүн каражат топтоого атайын мультивалюталык эсеп ачканы 18-декабрда аталган мекеменин расмий сайтына жарыяланган. Министрлик эсеп ыктыярдуу жарандардан жана юридикалык жактардан Газанын элине жардам чогултуу максатында ачылганын кошумчалаган. Эсептин номери: №1350158030000557 “КР ФМ (Газа секторунун жарандарына жардам берүүгө акча каражаттарын топтоо үчүн эсеп) “(сом,…

Прочитайте больше

ХАМАС Израилдин убактылуу элдешүү сунушун четке кагып, агрессияны токтотууну талап кылды

ХАМАС Израилдин убактылуу элдешүү сунушун четке кагып, агрессияны токтотууну талап кылды

Палестиналык ХАМАС кыймылы Израилдин бир же эки жумалык элдешүү сунушун четке кагып, ок атууну токтотууну талап кылды. Бул тууралуу ХАМАСтын чет өлкөдөгү жетекчилигинин мүчөсү Али Барака al-Mayadeen телеканалына билдирди. Мурдараак Asharq телеканалы египеттик булактарга таянуу менен ХАМАС Каирдеги сүйлөшүүлөрдө туткундарды алмашуу келишими боюнча позициясын ырастап, бардык туткундарды алмашуу жана  Израилдин ок атуусун токтотуу шартын койгонун маалымдаган. “Бир нече сунуштар айтылды, бирок каршылык көрсөтүү күчтөрүнүн позициясы ачык: адегенде Израилдин Газа тилкесиндеги агрессиясын токтотуу керек. ХАМАС бир…

Прочитайте больше

Кыргызстанда вакф институту пайда болот

Кыргызстанда вакф институту пайда болот

21-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Вакуф (вакф) негиздери жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи окууда каралды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди. Аталган мыйзам долбоору  депутаттар – Маматалиев М.А., Нурбаев Ж.П., Алимжанов Ф.А., Мамытов Т.Т., Атазов Ш.К., Исмаилов Ф.Д., Козуев А.А., Ашимова Д.А., Ханджеза К.Л. тарабынан демилгеленген. Мыйзам долбоору тууралуу маалыматты демилгечилердин бири, депутат Марлен Маматалиев берди. Анын айтымында, мыйзам долбоору калктын керектөөлөрүн канааттандыруу, жагымдуу чөйрөнү калыптандыруу, калктын социалдык-экономикалык жактан жетишкенин колдоо, уюштурууга жана жүзөгө ашырууга талаптарды коюу…

Прочитайте больше

ХАМАС Израилдин согуштук аракеттерди бир аптага токтотуу сунушун четке какты

ХАМАС Израилдин согуштук аракеттерди бир аптага токтотуу сунушун четке какты

Палестиналык ХАМАС тобу Израилдин согуштук аракеттерди бир аптага токтотуу сунушун четке какты. Бул тууралуу The Wall Street Journal гезити египеттик аткаминерлерге шилтеме кылып кабарлады. Египет Катар сыяктуу эле Израиль менен ХАМАСтын ортосундагы сүйлөшүүлөрдө ортомчу болууда. Шаршемби күнү ХАМАСтын лидерлеринин бири Исмаил Хания Каир шаарында Газа тилкесиндеги ыктымал жаңы гуманитардык тыныгуу боюнча египет бийлигинин өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. The Wall Street Journal басылмасынын булактары кабарлагандай, бул сүйлөшүүлөр жыйынтыксыз аяктады. Израилдин сунушуна ылайык, ХАМАС 7-октябрдагы кол салуу…

Прочитайте больше

Сауд Аравия Жаңы жылды майрамдоо үчүн Россиядан 200 млн тонна кар сатып алат

Сауд Аравия Жаңы жылды майрамдоо үчүн Россиядан 200 млн тонна кар сатып алат

Эр-Риядда Жаңы жылда биринчи жолу балаты орнотулуп, кышкы шаарча курулат – мындай маалыматты королдуктун маданият министри ханзаада Фатх бен Фейсаль Аль Сауд жарыялады. Ал эми дөңчөлөрдү куруу жана жерге төшөө үчүн карды Якутиядан алмакчы. Жалпысынан Аравия жарым аралына 200 млн тонна кар ташылып келип, анын 85 млн тоннасы борбор калааны жасалгалоого, калганы курорттук шаарларда кар шаарчаларды курууга колдонулат. Эксперттердин баалоосуна ылайык, кардын орточо баасы бир куб метрге $1400га сатылууда. Анткен менен кардын кымбаттыгы саудиялык бийликти…

Прочитайте больше

РФнын президенттигине 16 талапкерден арыз түштү

РФнын президенттигине 16 талапкерден арыз түштү

Россия Федерациясынын Борбордук шайлоо комиссиясына (РФнын БШК) 16 президенттике талапкерлер мамлекет башчысы болуу ниетин билдирип, арыз менен кайрылышты. Бул тууралуу РФнын БШКсынын төрайымы Элла Памфилова билдирди. “Бүгүнкү күнгө карата РФнын президенттигине шайлоого катышуу үчүн 16 талапкерден арыз түштү. Кампания кызыган абалга келди”, – деп айтты Памфилова, андан ары да алдын ала маалыматтар боюнча, арыз берүүчүлөрдүн саны көбөйө тургандыгын жыйын учурунда кошумчалап. РФнын Борбордук шайлоо комиссиясы шаршемби күнү өткөн жыйынында 2024-жылы боло турган өлкө башчысын шайлоого…

Прочитайте больше

Украинада дагы жарым миллион адамды мобилизациялоо сунушталды

Украинада дагы жарым миллион адамды мобилизациялоо сунушталды

Аскер кызматкерлери Украинанын президенти Владимир Зеленскийге кошумча 450-500 миң адамды мобилизациялоону сунушташты. Бул тууралуу украин лидери 19-декабрда маалымат жыйынында билдиргенин ТАСС агенттиги жазды. «Алар (аскер кызматкерлери – ред.) кошумча 450-500 миң адамды мобилизациялоону сунуш кылышты», – деди ал. Киев режиминин башчысы бул чечимди азырынча беките электигин, анткени алгач мобилизациялангандарды камсыздоо үчүн каражатты кайдан алууну түшүнүү, ошондой эле Куралдуу Күчтөрдүн катарына чакырылгандардын эмгек өргүү маселесин чечүү керектигин айтты.  Ошондой эле аскерлерди демобилизациялоо маселеси дагы иштелип чыга…

Прочитайте больше

ЖМК: Израиль ХАМАСка согуштук аракеттерди бир жумага токтотууну сунуштады

ЖМК: Израиль ХАМАСка согуштук аракеттерди бир жумага токтотууну сунуштады

Израиль палестиналык ХАМАС кыймылына туткундарды бошотуу боюнча жаңы келишимдин алкагында согуштук аракеттерди бир жумага токтотууну сунуштаганын, Axios порталы булактарга таянуу менен билдирди. Паорталдын маалыматы боюнча ХАМАС менен сүйлөшүүлөрдү кайра баштоонун жолун израилдик Моссаддын башчысы Дэвид Барнеа 40ка жакын туткунду бошотуу үчүн  сунуштаганын жазат. Алардын арасында 60 жаштан ашкан аялдар, эркектер жана тез арада медициналык жардамга муктаж адамдар бар. Сунуштун алкагында Израиль кеминде бир жумага убактылуу ок атышпоого макул болоорун билдиргенин, Axios жазды. Күн мурун Израилдин…

Прочитайте больше

Парламент тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун кабыл алды

Парламент тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун кабыл алды

Бүгүн, 20-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө” КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда каралып, кабыл алынды. Эл өкүлдөрүнүн 59у “макул” болсо, бешөө “каршы” добуш берди. Депутат Дастан Бекешев мамлекеттик желекти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгын өзүнүн Telegram-каналына жарыялады. Мыйзам долбоорунун демилгечиси-Жогорку Кеңештин депутаттары Нурланбек Шакиев, Улан Примов. Мыйзам долбоору тууралуу Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрайымы Чолпон…

Прочитайте больше

Путин: Орусиянын НАТО өлкөлөрү менен согушууга ниети жок

Путин: Орусиянын НАТО өлкөлөрү менен согушууга ниети жок

Орусия президенти Владимир Путин Орусиянын НАТО өлкөлөрү менен согушууга ниети жана кызыкчылыгы жок экенин билдири. Путин ВГТРКнын кабарчысы Павел Зарубинге берген маегинде АКШ президенти Жо Байдендин Украина жеңилсе, Орусия НАТО өлкөлөрүнүн бирине кол салышы мүмкүн деген сөзүнө жооп кайтарды. Ал бул сөздөрдү “нонсенс” деп атап, Байден өзү да муну түшүнөрүн айтты. “Орусия НАТО өлкөлөрү менен согушууга геосаясий да, экономикалык да, саясий да, аскердик да жактан кызыкдар эмес”, – деди Путин. Анын айтымында, Орусия НАТО өлкөлөрү…

Прочитайте больше

Путин Россияны Батыш кантип бөлүп-жарууну көздөгөнүн айтып берди

Путин Россияны Батыш кантип бөлүп-жарууну көздөгөнүн айтып берди

РФ лидери АКШдагы белгилүү саясий ишмер Збигнев Бжезинкийдин сөзүн мисал келтирген. Батыш Россияны майдалап бөлүп, өзүнө багындырып, ресурсун пайдалануу менен кыйроого учуратууну көздөгөн. Бул тууралуу РФ лидери Владимир Путин “Россия 1” телеканалынын “Москва. Кремль. Путин” программасында билдирген. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Путин 2000-жылдардын башында дүйнө жүзү Россиянын өзгөргөнүн түшүндү деп ойлоп жаңылышканын, чындыгында Батыш СССР кыйрагандан кийин Россияны биротоло талкалоону көздөгөнүн белгилеген. Анын айтымында, калкы көп мындай өлкө Батышка керек эмес болчу. “Андан көрө…

Прочитайте больше

Кувейттин эмири 86 жашында көз жумду – монархияны эми ким башкарат?

Кувейттин эмири 86 жашында көз жумду – монархияны эми ким башкарат?

Кувейттин жаңы эмири мураскор ханзаада Мишаал аль-Ахмед аль-Жабер ас-Сабах болду. Ал 86 жашында көз жумган башкаруучу Наваф аль-Ахмед аль-Жабер ас-Сабахтын бир тууган иниси. Бул тууралуу Al Qabas басылмасы жазды. Жаңы дайындалган эмир 1940-жылы туулган. Мишаал өзүнүн үч бир тууганы – Наваф, Сабах жана Жабер сыяктуу эле эмир Ахмед аль-Жабер ас-Сабахтын (1921-1950-жылдары Кувейтти башкарган) уулу. Тиешелүү билдирүүнү Кувейттин телевидениеси аркылуу өкмөт башчынын орун басары, министрлер кабинетинин иштери боюнча мамлекеттик министр Исса аль-Кандари билдирди. Кувейттин Конституциясына ылайык, эмир…

Прочитайте больше

Эң узун түн. «Шаб-е Ялда» эмне болгон майрам?

Эң узун түн. «Шаб-е Ялда» эмне болгон майрам?

«Шаб-е Ялда» же «Челле түнү» – жылдын эң узун түнү катары бегиленүүчү ирандыктардын байыркы майрамы. Кыргызстанда аны кыштын эң суук 40 күнү келген «Чилде түнү» деп аташат. Күздүн кетишин, кыштын келишин айгинелеген бул түнү бүт үй-бүлө мүчөлөрү чогулуп, өзгөчө майрамдашат. Ялда түнү күз мезгилдин акыркы күнү күн баткандан баштап, кыш мезгилинин биринчи күнү күн чыкканга чейин майрамдалат, анткени бул күндөн баштап түн кыскара баштайт. Ирандыктар бул күнү кыш мезгилин тосушуп, өзгөчө жөрөлгөлөрдү өткөрүп, алдыда кыш…

Прочитайте больше

Дүйнөлүк климаттын өзгөрүшү тоолуу өлкөлөрдүн өнүгүшүнө көз каранды

Дүйнөлүк климаттын өзгөрүшү тоолуу өлкөлөрдүн өнүгүшүнө көз каранды

30-ноябрдан 12-декабрга чейин Бириккен Араб Эмираттарынын ири шаарларынын бири болгон Дубайда БУУнун климат боюнча жыл сайын өтүлүүчү конференциясы болуп өттү. Кыргызстан үчүн бул конференция тарыхый мааниге ээ жана тагдырды чечүүчү иш-чара болору шексиз. Себеби президент С. Жапаровдун тоо эко тутумунун маанилүүлүгү жана анын ролу, климаттын глобалдуу өзгөрүү шартында тоо регионунда жашаган калктын аярлуулугу, социалдык-экономикалык жыргалчылыгы жана ушул багытта диалогдун болушунун зарылдыгы туурасындагы жасаган кайрылуусу менен бирге кылган аракеттери колдоо эле таппастан, практика жүзүндө да иш…

Прочитайте больше

Бүгүн Казакстандын эгемендүүлүк күнү

Бүгүн Казакстандын эгемендүүлүк күнү

Бүгүн, 16-декабрда Казакстан эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгын белгилөөдө. 1991-жылы 16-декабрда Казакстан Республикасынын эгемендүүлүгү жана мамлекеттик суверенитети тууралуу мыйзам кабыл алынгандыгын  Tengrinews.kz маалымат агенттиги билдирди. Бул күндү майрамдоонун мамлекет үчүн өзгөчө мааниси бар. Себеби ал Казакстандын суверенитети жана элдин эркиндиги үчүн күрөшкөндөргө таазим кылуу болуп саналат. Дал ушул күнү, 1991-жылы 16-декабрда биздин республиканын көз карандысыздыгы жана мамлекеттик суверенитети тууралуу мыйзам кабыл алынган. “Түркия Казакстан СССРдин курамынан чыгуу тууралуу жарыя кылгандан бир нече саат өтөрү менен биздин өлкөнүн…

Прочитайте больше
1 13 14 15 16 17 88