Путин Украинадагы согушта Израилдин куралы менен жок кылынат.

Путин Украинадагы согушта Израилдин куралы менен жок кылынат.

Израилдин Болгариядагы элчиси: Путин Украинадагы согушта жок кылынат. Босниялык Klix кабар сайтынын кабарына караганда Израилдин Болгариядагы элчиси Йосси Леви Сафари Израилдин темир куполу менен коргонуу жана ракеталык күчү Украина менен Европаны коргоп жатканын, Израилдин куралдары Европа базарында барган сайын популярдуу болуп жатканын айтты.  Орусиянын Украинага кол салуусунун башында Израил аздыр-көптүр нейтралдуу позицияга ээ болсо да, акыркы бир нече ай ичинде барган сайын Европа менен Украинанын эң чоң колдоочусу жана коргоочусу болуп баратат. Израилдин расмий өкүлдөрү…

Прочитайте больше

Садыр Жапаров «Барселонанын» легендалары менен футбол ойнойт

Садыр Жапаров «Барселонанын» легендалары менен футбол ойнойт

Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарында испаниялык «Барселона» клубунун легендалары менен жолдоштук беттеште ойнойт. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди. «30-августта Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо кечки саат 19:00дө «Барселона» футболдук клубунун ардагерлери менен Орто Азиянын футбол ардагерлеринин ортосунда беттеш өтөт. Орто Азия командасынын курамында Мамлекет башчыбыз Садыр Жапаров да ойнойт», — деп жазды Орунбеков. Белгилей кетсек, «Барселонанын» жылдыздары Кыргызстанда үч күн, 28-августтан 30-августка чейин болот.  Белгилүү футболчулардын арасында Роналдиньо, Ривалдо, Карлес Пуйоль, Хавьер Педро Савиола бар. Алар испаниялык…

Прочитайте больше

Хиросима менен Нагасаки геатомдук бомба ташталганына 78 жыл болду

Хиросима менен Нагасаки геатомдук бомба ташталганына 78 жыл болду

1945-жылдын августунда америкалык учкучтар Япониянын Хиросима жана Нагасаки шаарларына атомдук бомбаларды ташташкан. Атомдук жарылуудан жана анын кесепетинен 350 миң калкы бар Хиросимада 140 миң адам, 200 миңге жакын калктуу Нагасакиде 74 миң киши каза болгон. Атомдук бомбалоонун курмандыктарынын басымдуу көпчүлүгү карапайым калк болгон. Япондуктар Хиросима менен Нагасакидеги каргашалуу окуянын курмандыктарын жыл сайын 6-9-августта эскеришет. Америкалык учкучтар Хиросимага “Балакай” деп аталган бомбаны таштап, акыркы 43 секундду санашкан. Ал эми бир аздан кийин башына өлүм келе турган адамдар…

Прочитайте больше

Дүйнөдөгү эң эмгекчил беш адам ким?

Дүйнөдөгү эң эмгекчил беш адам ким?

 Эмгекчилдик же иштермандык адамдын артыкчылык сапатыбы же кемчилигиби? Деги алар коомго пайда келтиришеби же зыяны тиеби? Эмгекчил адамдар дайыма жаны тынч албай иштешкендигине карабай, айрым психологдор аларды коом үчүн коркунучтуу деп эсептешет. Эгер эмгекчилдер болбосо, анда бизде Дисней мультфильмдери жана Microsoft системасы жасалмак эмес. Бул продукцияларды түзгөн адамдар эң оболу эмгекти баарынан биринчи орунга коюшкан. Бирок жаны тынбай иштегендердин баары эле өзүнүн энергиясы менен күч-кубатын пайдалуу ишке жумшап, ийгиликке жетише бербейт. Тегерегинде жумуштан башканы көрбөгөн…

Прочитайте больше

Ашура күнү абдан маанилүү окуялар болуп өткөн.

Ашура күнү абдан маанилүү окуялар болуп өткөн.

Ошондуктан бул күнгө өзгөчө мамиле кылууга тийишпиз. Ашура күнү кандай окуялар болгондугун алдыда биле аласыз: • Аалам, периштелер жана Адам (а.с) жаратылган. • Адам (а.с) тобосу кабыл кылынган. • Муса пайгамбар (а.с) жана анын эли фараондун эзүүсүнөн кутулушкан. Заалым фараон кыйроого учураган. • Ибрахим пайгамбар (а.с) төрөлгөн жана Намруддун отунан сак-саламат чыгарылган. • Аюб пайгамбар (а.с) катуу оорудан айыгып, азаптардан куткарылган. • Юнус пайгамбар (а.с) киттин ашказанынан аман-эсен чыгарылган. • Сулайман пайгамбарга (а.с) өкүмдарлык тартууланган….

Прочитайте больше

Ушул жылдын башынан бери 180 палестиналык шейит болду

Ушул жылдын башынан бери 180 палестиналык шейит болду

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлиги ушул жылдын башынан бери 180 палестиналык сионисттер тарабынан шейит болгонун жарыялады.  Fars агенттигинин маалыматына ылайык, Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлиги (Палестинанын автономиясына караштуу) бүгүн (шаршемби) ушул жылдын башынан бери (2023-жылы) 180 палестиналык шейит болуп, 5871 киши жарадар болгонун жарыялады. Shahab News сайтынын маалыматына ылайык, билдирүүдө ошондой эле 180 шейиттин 31и 18ге чыга элек, сегизи карылар экени айтылат.  Буга байланыштуу Палестина маалымат борборунун (Маати) интернет сайты да дүйшөмбү күнү жарыя кылып, сионисттер быйыл…

Прочитайте больше

Замир кары Ракиев: «Бачабаздык улут тамырына доо кетирет». Видео

Замир кары Ракиев: «Бачабаздык улут тамырына доо кетирет». Видео

 Лут пайгамбардын тушунда да бачабаздык (аял менен аял, эркек менен эркек баш кошуп жашоосу) күч алып кеткенде Аллаа Таала асмандан таш жаадырып, аларды жазалаган экен. Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Замир кары Ракиев коомчулукка азыркы учурда кызуу талкууланып жаткан бачабаздык (гейлер – аял менен аял, эркек менен эркектин баш кошуп жашоосу) тууралуу кайрылуу жасап, бул көрүнүш улутубуздун тамырына балта чаба турган жагдай деп атады. Белгилей кетүүчү жагдай, бул маселе өткөн жумада Жогорку Кеңеште депутаттар тарабынан көтөрүлүп, анда эл…

Прочитайте больше

Садыр Жапаров Москвадагы жеңиш парадына катышты. Сүрөт

Садыр Жапаров Москвадагы жеңиш парадына катышты. Сүрөт

 Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-майда, Россияга жасаган расмий сапарынын алкагында Москва шаарындагы Кызыл аянтта Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгына арналган парадга ардактуу конок катары катышты. Салтанаттуу жүрүшкө 30 параддык эсепте 8 миңден ашык аскер кызматкерлери жана 125тен ашык аскердик техника катышты. Жеңиш парады аяктагандан кийин президент Садыр Жапаров жана Россиянын президенти Владимир Путин Армения, Беларусь, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын лидерлери, ошондой эле делегация башчылары жана Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери менен бирге…

Прочитайте больше

Кыргыз футбол союзунун жаңы кеңсеси ачылды. Видео

Кыргыз футбол союзунун жаңы кеңсеси ачылды. Видео

 Президент Садыр Жапаров жана ФИФА Президенти Джанни Инфантино биргеликте Бишкек шаарында Кыргыз футбол союзунун жаңы кеңсесин ачышты. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) Президенти Джанни Инфантино бүгүн, 5-майда, биргеликте Бишкек шаарында Кыргыз футбол союзунун жаңы административдик кеңсесин ачышты. Төрт кабаттуу имарат ФИФАнын Форвард (FIFA Forward) программасынын долбоору боюнча курулуп, заманбап жабдуулар менен жабдылган. Жаңы кеңсенин ачылышында сүйлөгөн сөзүндө Мамлекет башчысы ФИФАнын кыргыз футболунун өнүгүшүнө кошкон салымын белгилеп, спорттук инфраструктураны жакшыртууга көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык…

Прочитайте больше

Орус бизнесмендери менен спортсмендери эмнеге кыргыз жарандыгын алышууда?

Орус бизнесмендери менен спортсмендери эмнеге кыргыз жарандыгын алышууда?

 “Хроники”: бир катар орус бизнесмендери жана спортчулары кыргыз жарандыгын алган. 2021-жылдан 2023-жылдын май айына чейин Орусиянын 352 жараны кыргыз жарандыгын алган. Бул тууралуу “Хроники” иликтөө долбоору билдирди. Долбоор Кыргызстан президентинин коомчулукка жарыяланган жарлыктары менен таанышып чыккан соң ушундай бүтүмгө келгенин ырастоодо. Иликтөөчү журналисттер өз өлкөсүнүн жарандыгын алган кыргыздарды эсепке алган эмес. Орусияда туулган жана жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте жарандык алгандарга гана анализ жасашкан. “Хроники” Түндүк Батыш федералдык округунун статистикасын өзүнчө карап чыккан. Алардын эсеби боюнча 2021-жылдан бери…

Прочитайте больше

Раъй ал-Яум: Палестиналык каршылык Израилдин кылмышына 48 саатта жооп берет

Раъй ал-Яум: Палестиналык каршылык Израилдин кылмышына 48 саатта жооп берет

Палестинанын жогорку даражалуу жетекчилеринин бири “Рай Аль Яум” гезитине берген интервьюсунда “Исламдык Жихад” кыймылы сионисттик режимдин “Хызыр Аднандын” шейит болушундагы кылмышына 48 сааттын ичинде жооп кайтарарын билдирди.  Fars эл аралык кабар агенттигинин кабарына ылайык, палестиналык жогорку даражалуу аткаминер “Рай Аль-Яум” гезитинин интернет сайтына берген интервьюсунда алдыдагы 48 сааттын чечүүчү жана маанилүү сааттар болорун жана “Хызыр Аднандын” шейит болушуна дароо реакция болушу ыктымалдыгын билдирген. Бул жакшы кабардар палестиналык булак Газа тилкеси азыр кайнап жатканын жана палестиналыктардын…

Прочитайте больше

Жасалма интеллект көптөгөн кесиптерди алмаштырып, жумушсуздукту жаратат

Жасалма интеллект көптөгөн кесиптерди алмаштырып, жумушсуздукту жаратат

 Министрлер Кабинетинин Төрагасы  Акылбек Жапаров Кыргыз маалыматтык технологиялар форумуна катышты. МинКаб башчысы өз сөзүндө азыркы учурда жаңы технологиялык тартип өнүгүүнүн эмбрионалдык фазасынан өсүү фазасына өтүп жатканын белгиледи. “Экономика билимге негизделет, бирок билим анын товардык наркына карата гана каралат. Экономикада илимдин ролу жогорулайт: илимдин өзү негизги инновацияга айланат. Туруктуу өнүгүү концепциясына оңой шайкеш келген чаралар: “инновациялык экономика”, “билимге негизделген экономика”, “интеллектуалдык коом”, – деди Акылбек Жапаров. Ал кошумчалагандай, акыркы он жылда маалыматтардын өндүрүмдүүлүгү 5000% га өстү…

Прочитайте больше

Кытайды Борбордук Азиядан эч кандай күч сүрүп чыгара албайт

Кытайды Борбордук Азиядан эч кандай күч сүрүп чыгара албайт

 Дүйнөлүк державалардын Борбор Азия өлкөлөрүнө кызыгуусу артууда. Алардын бул аймакта кандай кызыкчылыгы бар?. Миссионерлер неге тынбай каттап жатышат? Жакында Франциянын президентинин атайын өкүлү Изабель Дюмон Кыргызстанга келди. Атайын өкүл болгон соң ал Франциянын президенти Э. Макрондун бир салам-дубайын биздин президентке жеткирүү үчүн келгени айтпаса да түшүнүктүү. Ал кандай салам-дубай болду экен? Андан мурда Сербиянын өкмөт башчысынын биринчи орун басары, Тышкы иштер министри Ивица Дачич иш сапары менен келип, президент Садыр Жапаров, Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев…

Прочитайте больше

Сионисттик режимдин Палестинаны басып алуунун жылдыгынын алдында коркуулары

Сионисттик режимдин Палестинаны басып алуунун жылдыгынын алдында коркуулары

 Сионисттик маалымат каражаттары бул режимдин коопсуздук күчтөрү «Палестинанын басып алынышынын» жылдыгынын алдында чыңалган жума менен ыктымалдуу тирешүүгө даяр экенин кабарлады. Fars эл аралык кабар агенттигинин кабарына ылайык, сионисттик маалымат каражаттары бул сионисттик режимдин коопсуздук күчтөрүнүн катарында күжүрмөн даярдык абалын жана коргоо максатында басып алынган аймактарга 30 миңге жакын полиция, аскерлер жана ыктыярчылардын жайгаштырылышын жарыялады. Алар Накба күнүн (Палестинаны басып алуу трагедиясы) бир күн мурда (14-май) сионисттик режим «Эгемендүүлүк күнү» деп атаган күндү жарыялашты. Анткени менен…

Прочитайте больше

Сирия менен Сауд Аравия элдешүүнү чечишти

Сирия менен Сауд Аравия элдешүүнү чечишти

 Араб өлкөлөрү Сириянын мындан ары изоляцияланышынын мааниси жок экенин, республика менен диалогго баруу керектигин акырындап моюнга алышууда. Сириянын президенти Башар Асад Сауд Аравиянын Тышкы иштер министри Фейсал бин Фархан Аль-Саудду расмий түрдө кабыл алды. Дамаск үчүн мындай деңгээлдеги расмий эл аралык сапар 2011-жылдан бери биринчи жолу болду. Сауд Аравия менен Ирандын Кытайдын ортомчулугу менен элдешип, дипломатиялык мамилелерди калыбына келтириши Жакынкы Чыгыштагы көптөгөн көйгөйлөрдүн оң жакка чечилишине таасирин тийгизе баштагандай. Март айынын башында Тегеран менен Эр-Рияд жети жылдык тыныгуудан кийин…

Прочитайте больше
1 2 3 4 5 6 10