Орозону бузбаган нерселер

Орозону бузбаган нерселер

Орозону бузбай турган, бирок, сообун азайта турган нерселерден да качуу керек. Орозо кармагандарга убада кылынган чоң соопко жетүү үчүн бул шарт болуп саналат. Бир ибадатты орундаганда бул ибадаттын фарздарын, важибдерин, сүннөттөрүн, макрухтарын жана муфситтерин, б.а., ал ибадатты буза турган нерселерин да билүү керек. Буларды билбей орундалган ибадат толук болбойт. Жада калса,ибадат кылдым деп ойлогон нерсе бузулуп, ибадат болуудан чыккан болуусу мүмкүн. Мисалы, орозонун фарздарынын бири орозонун алгачкы убакытынан акыркы убакытына чейин (б.а., күн чыгып батканга…

Прочитайте больше

Отуз үч парз

Отуз үч парз

Ар мусулмандын билүүсү жана кылуусу керек болгон ыйман жана ибадат маалыматтарынан эң маанилүүлөрү отуз үч парз болуп саналат. Ыймандын шарты алты (6). Исламдын шарты беш (5). Намаздын парзы он эки (12). Даараттын парзы төрт (4). Гусулдун парзы үч (3). Таяммумдун парзы үч (3). (Таяммумдун парзы эки деген аалымдар да болгон. Ушундайча баары отуз эки болот.) (Кутбуддин Изники) Нике кыйдыра турчу күйөө бала жана келин отуз үч парзды билүүлөрү жана буларга ишенүүлөрү керек. Эгер билишпесе нике…

Прочитайте больше

Ражаб айы кирип келди, Рамазанга 2 ай калды

Ражаб айы кирип келди, Рамазанга 2 ай калды

Ражаб Ыйык Куранда тыюу салынган ай катары эскерилет. “Ражаб” сөзү “даражасы көтөрүлгөн” деген маанини билдирет. Ошондой эле “даңктоо, урматттоо, коркуу” деп да которулат. Бул айдын даражасы бир нече себептерден улам жогорулатылган: 1) Бул айдын өзгөчөлүгүн Аллах Таала Куранда өзгөчө белгилейт. Зуль-каада, Зуль-хиджа, Мухаррам айлары менен бирлгеликте Ражаб айы тыюу салынган айлардан болуп эсептелинет.“Чындыгында асмандар менен жерди жараткандан бери Аллахтын өзүнүн китебинде айлардын саны-12. Булардын төртөөсү – ыйык айлар: Зуль-каада, Зуль-хиджа, Мухаррам жана Ражаб. Мына ушул…

Прочитайте больше

Куран – акыретке чейин кала турган жалгыз керемет

Куран – акыретке чейин кала турган жалгыз керемет

Куран – Аллахтын бүткүл адамзатка түшүргөн акыркы аяны жана ислам илими менен мыйзамдарынын негизги булагы. Курани Карим – кыяматка чейин бурмаланбай сакталчу жалгыз китеп. Куран түшкөндөн тартып Ислам душмандары андан ката табууга жана ага окшошту жаратууга жандалбас уруп келишет. Бирок алардын аракети майнапсыз. Ыйык китебин жокко чыгарып, ага ишенбегендерге Аллах Таала мындай деп кайрылат: “Эгер бардык адамдар жана жиндер чогулуп, Куранга окшогон нерсени жаратууга аракет кылышса да, атүгүл бири-бирине жардам беришсе да, эч качан ага…

Прочитайте больше

Жүрөгүбүздү кантип тазалайбыз? Маанилүү 6 кеңеш

Жүрөгүбүздү кантип тазалайбыз? Маанилүү 6 кеңеш

Бардык көйгөйлөрдүн башталышы – жүрөктүн ыпластыктарга толуп, ыймандын алсырашынан. Чыныгы ыйман келтирген адам жүрөгүн тазалап, Аллахка жакындоо үчүн болгон аракетин жумшайт. Пайгамбарыбыз ﷺ айткан: “Кабардар болгула! Чындыгында, денеде бир үзүм эт бар. Ал бузулса, бүткүл дене бузулат. Ал оңолсо, бүткүл дене оңолот. Көңүл бургула! Ал – жүрөк” (Бухари). 1. Тобо келтирүү Пайгамбарыбыз ﷺ айткан: “Амал китебинде көп Аллахтан көп кечирим суроо табылган адамга куш кабар болсун” (Ибн Маажа). 2. Бардык күнөөлөрдү таштоо Аллах Таала айтты:…

Прочитайте больше

Ооруп жатканда окулуучу дубалар

Ооруп жатканда окулуучу дубалар

Пайгамбарыбыздын ﷺ хадисинде мындай деп келет: «Ким бир түн бою ооруп, ага сабыр кылса жана Аллах Таалага ыраазы болсо, күнөөлөрүнөн энеси төрөгөн күндөгүдөй таптаза болуп арылат”. Бул материалда ооруп, шыпаа издеп жаткан бир туугандарыбыз үчүн пайгамбарыбыз сунуштаган дубаларды сунуштайбыз 1. Эгер дененин кайсы бир жеринде кандайдыр бир оору болсо, ошол жерге оң колду коюп, 3 жолу “Бисмиллах” деп айтылат. Андан кийин бул дубаны 7 жолу окуу керек: أعُوذُ بِعِزَّةِ اللَّهِ وَقُدْرَتِهِ مِنْ شَرّ ما أجِدُ…

Прочитайте больше

Дуба текке кетпейт

Дуба текке кетпейт

Суроо: Аллаху таала Мумин сүрөсүнүн 60-аятында: «Дуба кылгыла, кабыл кылайын», – деп билдирүүдө. Бирок, мен кылган дубалар дайым текке кетүүдө. Мунун себеби эмнеде? ЖООП: Жок, дуба текке кетпейт. Эки хадиси шарифтин мааниси: «Раббиңер, албетте, хайа жана керем ээси. Кулдары колдорун көтөрүп бир нерсе сураганда алардын колдорун бош кайтаруудан хайа кылат.» [Тирмизи, Абу Давуд] «Аллаху таала айтты: «Эй, адам баласы, мага шерик кошпой кулдук кыла турган болсоң амалыңдын жообун беремин. Дуба кылуу сенден, кабыл кылуу болсо менден.» [Табарани] Аллаху таала: «Дубаңарды кабыл кыламын, колуңарды…

Прочитайте больше

Уурулук – Аллахтын каарын келтирген чоң күнөө

Уурулук – Аллахтын каарын келтирген чоң күнөө

Чыныгы мусулман эч качан башка бирөөнүн мал-мүлкүн уруксатсыз албайт. Пайгамбарыбыз ﷺ айткан: “Мусулмандын жаны, мал-мүлкү жана намысы башка мусулман үчүн арам”. Динибизде ар бир мусулмандын укугу корголгон. Тилекке каршы, учурда биз эч кимге ишене албаган коомдо жашап жатабыз. Коомдук транспортто кетип бара жатсак, баалуу буюмдарыбызды алдырып ийбөөнүн камын жейбиз. Капчык, телефон уурдатуу кадимки көрүнүштөрдүн бирине айланган. Бул биз үчүн трагедия эмей эмне? Уурулук – Исламдагы эң чоң күнөөлөрдүн бири. Ыйык Куранда мындай деп келет:«Эй ыйман…

Прочитайте больше

Канткенде толук бактылуулукка жетебиз?

Канткенде толук бактылуулукка жетебиз?

Бул дүйнөдөгү ар бир адамдын максаты – бактылуу болуу. Бакытка жетүү тууралуу канча китептер жазылды, кинолор тартылды, эксперименттер жүргүзүлдү. Бирок эки дүйнөлүк бактылуулукка жетүү үчүн эч бир изилдөө жардам бере албайт. Чыныгы бактылуулук Исламда. Бактылуулук – бул ыйманга толгон жүрөк, Аллахка тапшырылган жан дүйнө. Бул макалада бактылуулукка жетүү үчүн айрым кеңештерди сунуштайбыз. Маалыматты жакындарыңыз менен бөлүшүүнү унутпаңыз. Ибадаттарыбызды чын жүрөктөн аткаруу менен бактылуу болобуз Аллахка жакындоо жана ыраазычылыгына жетүү үчүн кылынган ибадат жүрөккө тынчтык тартуулайт….

Прочитайте больше

Аз жештин пайдалары

Аз жештин пайдалары

Суроо: Орозо кармап, ачка болуунун кандай пайдалары бар? ЖООП: Орозо кармоо башка, ачка болуу башка. Ачка болуунун пайдалары: 1-Ачка болгондун басирети (көрөгөчтүгү, даанышмандыгы) ачылат. Түшүнүү жөндөмү күчөйт. Хадиси шарифте: “Ачка болгон адамдын түшүнүгү артат, зээни (акылы) ачылат” жана “Тафаккур (ой жүгүртүү) ибадаттын жарымы, аз жеш болсо бүтүнү”, – деп айтылган. (И. Газали) Көп жеген адам көп уктайт. Көп уктаган адамдын болсо өмүрү текке кетет. Көп жеген адамдын акылы жана зээни начарлайт. Хадиси шарифте мындай делген: “Аллаху таала көп жеп-ичкен адамды сүйбөйт.” [И.Газали] 2-Ачкалык жүрөктө кылдаттыкты пайда…

Прочитайте больше

Ыйманы алсыз адамдын 7 белгиси

Ыйманы алсыз адамдын 7 белгиси

Күчтүү ыйман инсанды эки дүйнө бактылуулукка жетелейт. Ыйманды күн сайын бекемдеп, анын үстүнөн иштөө зарыл. Ал үчүн Аллах Таалага жакындап, пайгамбарыбыздын ﷺ сүнөттөрүн карманабыз. Алсыз ыйман адамды Аллахтан алыстатып, акыры түбөлүк өкүнүчкө алып келет. Бул макалада алсыз ыймандын негизги белгилерине токтолобуз. Күнөо иштерди өкүнбөстөн кыла берет Ыйманы алсыз адам күнөө кылса да, аны мойнуна албайт. Аллахтан кечирим сурабайт. Пайгамбарыбыздын ﷺ хадисинде келет: “Пенде бир күнөө иш жасаган кезде жүрөгүндө бир кара так пайда болот. Эгер…

Прочитайте больше

Телефонго болгон көз карандылыктан арылуу үчүн 9 ыкма

Телефонго болгон көз карандылыктан арылуу үчүн 9 ыкма

Статистикалык маалыматтар боюнча адам орто эсеп менен күнүнө 47 жолу смартфонун текшерип, 7 саат убактысын коротот экен. Телефонго үңүлүү менен канча өмүрүбүздү пайдасыз өтүп жатат. Бул убакытты маанилүү иштерди бүтүрүүгө коротуу тууралуу ойлонуп көрдүңүз беле? Бул макалада смартфонго кеткен убакытты азайтып, андан алыстоо ыкмалары менен бөлүшөбүз. Эсиңизде болсун: алгач сиз телефонду кароого кеткен убакытка маани берип, арты эмнеге алып келерин жакшылап түшүнүшүңүз керек. Өзүңүз үчүн жоопкерчиликтүү боло албасаңыз, бул кеңештер эч кандай жардам көрсөтө албайт….

Прочитайте больше

Тилиң, сени бейишиң же тозогуң!

Тилиң, сени бейишиң же тозогуң!

Ислам дининде тилден чыккан сөзгө чоң маани берилет. Анткени Имам Матуриди акыйдасына ылайык, ыйман келтирүүдө жүрөк менен ынанып, тил менен тастыктоо аркылуу мусулман болуп эсептелинет. Ошондой эле көп күнөөлөрдү тил аркылуу жасайбыз. Ошондуктан тилиң сени бейишке чыгарат же тозокко түшүрөт деп айтылат. Бул боюнча «Тилден бал да тамат, уу да тамат» — деп ата-бабаларыбыздын бизге калтырган акыл-насааттарында келет. Ошондой эле Пайгамбарыбыз (с.а.в.): «Чыныгы мусулман колу жана тили менен башкаларга зыян бербейт» — деп айткан. Сөздү…

Прочитайте больше

Саид бин Жубейрдин окуясы

Саид бин Жубейрдин окуясы

Саид бин Жубайр Азирети Сажжаддын (а.с) ыкластуу жана берилген шииттеринин бири болгон жана ал дайыма имамдын насааттарынан пайдаланган.  «Саид бин Жубайр» Азирети Зайнул-Абидиндин (имам Сажжад) (а.с) имаматына ишенип, аны көп мактап, ошонун айынан Хажжаж аны шейит кылды.  Саидди бир күнү каргышы болгурдун алдына алып барышканда: «Сенби шордуу «бин Кусайр?»-деп сурады.  Саид: «Апам менин атымды сенден жакшы билчү жана менин ысымымды Саид бин Жубайр деп койду», – деди.  – Апаң экөөң тең шордуусунар.  – Кайыпты Аллах…

Прочитайте больше

Ислам тарыхындагы алгачкы азанчылар

Ислам тарыхындагы алгачкы азанчылар

Аллахтан башка сыйынууга татыктуу зат жок экендигин жана Мухаммед пайгамбарыбыз Аллахтын кулу, элчиси экендигин жарыялоодон, ошондой эле беш маал намазга чакыруудан өткөн жакшы иш барбы? Эки дүйнөлүк мындай сыймыктуу милдетти азанчылар аркалап, Жараткандын ыраазычылыгына жетишет. Бул макалада Ислам дүйнөсүнүн алгачкы азанчылары менен тааныштырабыз. БИЛАЛ ХАБАШИ (р.а) – Ислам тарыхындагы биринчи азанчы. Ал кара терилүү кул болгон. Билал (р.а) Исламды кабыл алгандан кийин кожоюну аны динден чыгаруу үчүн кыйнап баштаган. Ошондо Абу Бакр (р.а) акча төлөп, аны…

Прочитайте больше
1 2 3 4 11