Момундардын энеси Умм Саляма тууралуу кызыктуу 10 факт

Момундардын энеси Умм Саляма тууралуу кызыктуу 10 факт

Аруу энелерибиз тууралуу кызыктуу фактылар менен бөлүшүүнү улантабыз. Бул жолу пайгамбарыбыздын ﷺ сабырдуу жана акылдуу жубайы азирети Умму Саляма Хинд жөнүндө айтып беребиз. 1. Умм Саляма Бани Махзуум уруусунан биринчи мусулман болгон аял эле. Күйөөсү азирети Абу Саляма (р.а) менен бирге пайгамбарыбыздын ﷺ алдында Ислам динин кабыл алып, сыймыкка бөлөнүшкөн. 2. Исламды эркин карманыш үчүн Умм Саляма (р.а) күйөөсү менен Эфиопияга, андан кийин Мединага жер которушкан. Бул үй-бүлө күчтүү ыйманы, ынтымактуулугу менен көптөгөн кыйынчылыктарды жеңген….

Прочитайте больше

Карызга байланыштуу 9 адеп

Карызга байланыштуу 9 адеп

Карыз – бул аманаттын бир түрү. Аллах момундарга буйруйт: “Акыйкатта, Аллах силерге тапшырылган аманатты анын ээсине тапшырууну буйрук кылат…” (Куран, 4:58). Аманатка жоопкерчиликтүү мамиле кылганы үчүн момундар Жараткандын каалоосу менен бул дүйнөдө да, акыретте да соопко (сыйлыкка) ээ болушат. Пайгамбарыбыз ﷺ айтты: Карыздан сактангыла! Карыз бул – түн ичиндеги кайгы-муңдун, күндүзгү убактагы кор болуунун себеби”. Ошондуктан мусулман карыз алууга жана берүүгө олуттуу мамиле кылыш керек. КАРЫЗ БЕРҮҮЧҮГӨ ЭСКЕРТҮҮ: 1. Жакшы ниет менен карыз берүү Аллахтын…

Прочитайте больше

Шүгүр келтирүү – ыймандын жарымы

Шүгүр келтирүү – ыймандын жарымы

Жакшылап ой жүгүртсөк, Аллах Таала бизге канча деген жакшылыктарын ыроологон. Бирок биз көп убакта шүгүр келтирүүнү унутуп, наалый баштайбыз. Жараткан ыраазы болгон сайын ырыскыбызды көбөйтүп берерин унутпашыбыз керек. Аллах Таала Ыйык Куранда мындай дейт: “… Эгер берген нээматтарыма шүгүр кылсаңар, албетте, аларды дагы да арттырамын… “(14:7) Пайгамбарыбыз колуңда турган нерсеге ыраазы болуп, каниет кылууга дайым үндөгөн. Шүгүр кылуунун зарылдыгы тууралуу көптөгөн хадистер келген. Алардын айрымдарына токтолобуз. 1. Шүгүр келтирүү – Аллахтын ырайымы Абу Хурайра (р.а)…

Прочитайте больше

Ачууланганда эмне кылышыбыз керек? Эффективдүү 7 ыкма

Ачууланганда эмне кылышыбыз керек? Эффективдүү 7 ыкма

“Ачуу – душман, акыл – дос” деп элибизде бекер айтылбайт. Ачуубуз келгенде жасаган кылык-жоруктарыбыз үчүн ар дайым өкүнүп калабыз. Ошондуктан адам бул маалда өзүн кармап, сабырдуу болуш керек. Сүйүктүү пайгамбарыбыз ﷺ шайтандан болгон ачууну басуу үчүн сахабаларына бир нече кеңештерди берген. Бул макалада жардам берчү ошол ыкмалар менен бөлүшөбүз. Аллах Тааланын улуулугун эстөө Азирети Абу Масуд (р.а) өзүнүн кулун уруп жатканда, пайгамбарыбыз ﷺ мындай деген: “Албетте, сен бул кызматчыңа кудуретке ээ болгонуңа караганда, Аллах Таала…

Прочитайте больше

Жалкоолуктан арылуу үчүн маанилүү 7 кеңеш

Жалкоолуктан арылуу үчүн маанилүү 7 кеңеш

Жалкоолук – чоң көйгөйлөрдүн башталышы. Шайтан максатына жетүү үчүн адамдын жалкоолугун курал катары колдонот. Эгер жалкоолук мойнуңа минип алса, бийик максаттарыңа жете албайсың. Жадагалса бул сапат сенин Аллах менен болгон мамилеңди да суутат. Акыры жалкоо адам эки дүйнөнүн тең бактысынан кур калат. Ошондуктан жалкоолуктан кутуулууга шашылуу зарыл. Бул материалда жалкоолукту жеңүү үчүн керектүү кеңештерди сунуштайбыз. Окуп гана койбостон, жашоо-турмушуңузда колдонуңуз. 1. Дуба кылыңыз Пайгамбарыбыз мындай деп дуба кылар эле: اللّهُمَّإنِّيأعُوذُبِكَمِنالعَجزِوَالكَسلٍ “Оо, Аллахым! Алсыздыктан жана жалкоолуктан…

Прочитайте больше

Мусулмандар бири-бирине жардам берүүгө тийиш

Мусулмандар бири-бирине жардам берүүгө тийиш

Чыныгы мусулман ар убак бир туугандарын ойлоп, аларга кам көрөт. Кыйынчылыкка кабылгандарга колунан келишинче кол кабыш кылат. Момундарга жардам берүү тууралуу пайгамбарыбыздын ﷺ көптөгөн хадистери бар. Алардын айрымдарына токтолобуз. пайгамбарыбыз ﷺ айтты: “Ким кайсы бир момундун кайгысын кетирсе, ага Аллах Таала кыл көпүрөдө эки нурдун шооласын берет. Анын жарыгынан бир аалам жарык болот. Аллахтан башка эч кимде ал жөнүндө толук илим болбойт”. Аллахтын элчиси ﷺ айтты: “Ким өз бир тууганынын муктаждыгы бүтсүн деп жүрсө, Аллах…

Прочитайте больше

Сүйлөөнүн 10 адеби

Сүйлөөнүн 10 адеби

Биз айлана-чөйрөбүзгө сөзүбүз аркылуу оң, же терс таасир этишибиз мүмкүн. Ошондуктан чыныгы мусулман сүйлөө адебин сактап, өзүнө жана башкаларга зыян тийгизип албагыдай болуш керек. Бул макалада пайгамбарыбыздын ﷺ үлгүлүү жашоосунан алынган сүйлөө адептерин сунуштайбыз. 1) Ашыкча сүйлөөдөн сактануу Пайгамбарыбыз ﷺ айтты:“Пайдасыз нерсени таштоо – Исламдын кооздугунан”. Хинд бин Аби Хаала айтты: “Пайгамбарыбыз ﷺ зарылчылыксыз сүйлөбөйт эле”. 2) Жакшы сөз сүйлөө, болбосо унчукпоо Аллахтын элчиси ﷺ айткан:“Ким Аллахка жана Акырет күнүнө ыйман келтирсе, жакшы сөз сүйлөсүн,…

Прочитайте больше

Кайсы маалда уктаганга болбойт?

Кайсы маалда уктаганга болбойт?

Таң атканга чейин уктоо ырыскыны тосот Фатима (р.а) айтат: “Мен таң эрте уктап жатканмын. Пайгамбарыбыз ﷺ биздин алдыбыздан өтүп жатып, буту менен кыймылдатып айтты: “Ээ, кызым! Өз Роббиң ырыскы бөлүп жаткан учурда сен ойгоо бол, капилетте калуучулардан болбо. Таң чыккандан тартып, күн баткан мезгилдин ортосунда Аллах Таала элдерге ырыскыны бөлүштүрөт”. Таң эрте уктагандын кулагына шайтан заара кылат Ибн Масуддан (р.а) риваят: “Пайгамбарыбызга ﷺ бир кишинин таң атканга чейин уктап жата бергендиги тууралуу айтылганда: “Анын кулагына…

Прочитайте больше

Кыйынчылык келген учурда эмне кылышыбыз керек? Маанилүү 8 кеңеш

Кыйынчылык келген учурда эмне кылышыбыз керек? Маанилүү 8 кеңеш

Аллах Таала айтты:«Кандай гана кыйынчылык келбесин – ал Аллахтын буйругу менен келет. Ким Аллахка ыйман келтирсе анын жүрөгүнө хидаят [Туура Жол] берет. Аллах бардык нерсени Билүүчү» (Куран, 64:11). Бул материалда башынан оор мезгилди өткөрүп жаткан бир туугандарыбызга кеңештерди сунуштайбыз. 1. Түйшүк келер замат сабыр кылуу Пайгамбарыбыз ﷺ айткан: “Сабыр деп кыйынчылык келери менен кылынган сабырды гана айтат” (Бухари). 2. Кыйынчылыктын себебинен сооптун келүүсүн үмүт кылуу Пайгамбарыбыз ﷺ башына кыйынчылык түшкөн бир аялга минтип айткан: “Сабыр…

Прочитайте больше

Дуба кылуунун 10 адеби

Дуба кылуунун 10 адеби

Пайгамбарыбыз ﷺ: «Дуба – момундун куралы, диндин түркүгү жана асман менен жердин нуру», – деген. Бул макалабызда дуба кылуунун адептерин сунуштайбыз. Маалыматты жакындарыңыз менен бөлүшүүнү унутпаңыз. Жакшы, кененчилик абалда да дубаны көп кылуу Пайгамбарыбыз ﷺ айтат: «Кимде-ким кыйынчылык жана кыжалатчылык учурда Аллах анын дубасын кабыл кылуусун кааласа, жеңилчиликте дубаны көп кылсын” (Тирмизи) Дүйнө жана акыреттин бардык нерселерин Аллах Тааладан гана суроо Пайгамбарыбыз ﷺ айтты: “Албетте, ким Аллахтан сурабаса, Аллах андан нааразы болот” (Тирмизи). Дубанын кабыл…

Прочитайте больше

Умра

Умра

Умра ажылык заманы болгон беш күндөн башка жылдын ар күнү ихрам менен орундалган, таваф жана сай кылуу жана чач кырдыруу же кесүү болуп саналат. Умранын парзы эки. Ихрам жана таваф. Ихрам умранын шарты, таваф болсо рукну. Сай жана чач алдыруу болсо важиб. Умра өмүрдө бир жолу Ханафи жана Маликиде сүннөт, Шафии жана Ханбалиде парз. Ихрамга кирүү жерлери: Меккеге микат чегинин тышындагы жерлерден келгендер жолундагы микаттардын биринде ихрамга киришет. Меккеде болгон кезде умра кылууну кааласа Меккеликтер…

Прочитайте больше

Ашказандын туткуну болуу

Ашказандын туткуну болуу

Ким дайыма тамакты ойлосо акылын напсине туткун кылат. Ашказанга туткун болуу акылды жана аң-сезимди кетирет. Ким аз жеш менен жарышса олуяларга кошулат. Көп жеген семиз болот, жүрөк үйү мазар болот. Сени көтөрө турганчалык тамак же, сен аны көтөрө турганчалык жебе! Муну жакшы билип кой, тамакты сен жейсиң, тамак сени жебесин! Эгер сен аны жесең, баары дарман болот. Эгер тамак сени жесе, баары дарт жана түтүн болот. Мен адаммын деш керек, жеш үчүн жашабаш керек, жашоо…

Прочитайте больше

43 жылдагы революциянын жетишкендиктери

43 жылдагы революциянын жетишкендиктери

Революциядан кийинки окуяларды Батыш Азербайжанда көрүш керек. Иран Ислам революциясынын жеңиши ар кандай тармактарда олуттуу айырмачылыктарды жаратты, бул айырмачылыктарды жана өнүгүүлөрдү адамдар жакшы билишет. Урмиядан Tasnim агенттигинин маалыматына ылайык, өзгөчө географиялык жайгашуусу жана Түркия, Ирак жана Нахчыван Автономдук Республикасына жакын жайгашкан Батыш Азербайжан облусу өлкөнүн эң сезимтал жана маанилүү аймактарынын бири болуп, өзгөчө жана кайталангыс өзгөчөлүгү бар. Бул провинция көп кылымдар бою шииттер жана суннилер христиандык диний азчылыктар, анын ичинде ассирийлер жана армяндар жана аз…

Прочитайте больше

Рагаиб түнү

Рагаиб түнү

Ражаб айынын алгачкы Жума түнү Рагаиб түнү болуп эсептелет. Ар бир Жума түнү баалуу. Бул эки баалуу түн бир убакта болгондо андан да баалуу болот. Аллаху таала бул түнү момундарга жакшылыктарды берет. Бул түнгө урмат көрсөткөндөрдү кечирет. Бул түнү кылынган дуба артка кайтарылбайт жана намаз, орозо, садага сыяктуу ибадаттарга сансыз сооптор берилет. Бул түн Пайгамбарыбыздын атасы үйлөнгөн түн эмес. Мындай деп айтуу жаңылыш. Расулуллахтын тогуз айдан мурда дүнүйөгө келгендигин айткандык болот, бул болсо кемчилик болуп…

Прочитайте больше

Ражаб айы

Ражаб айы

Суроо: Ражаб айы тууралуу маалымат бересизби? ЖООП: Ражаб – касиеттүү үч айдын бири. Бул ай тообо кылуунун, сый-урматтын жана ибадаттын айы болсо, Рамазан айы жакындык менен немат айы. Зуннун Мисри: “Ражаб – үрөн себүү, Шабан айы – сугаруу айы, Рамазан болсо – түшүм жыйноо айы”, – деди. Ражаб айы кечирим айы, Шаабан айы шапаат жана Рамазан айы сооптор көп эсе бериле турган ай экени айтылды. Бул айларды урматтоо күнөөлөрдөн сактануу жана ибадат кылуу аркылуу ишке…

Прочитайте больше
1 2 3 4 5 11