Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев Сауд Араб Падышачылыгынын (САП) ажылык министринин орун басары доктор Абдель Фаттах бин Сулейман менен жолугушуп, 2023-жылдагы ажылык сапарын талкуулашты. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.
САПтын ажылык министринин орун басары Кыргызстан 2023-жылы ажылыкты жакшы уюштургандыгын белгилеп, 2024-жылы ажылык иштери эрте башталгандыгын баса белгиледи.
«Биз, 2024-жылдагы ажылык иштери боюнча кеңири форматта сүйлөшүп, кошумча квота сурадык. САПтын ажылык-умра министрлигинде бул маселе комиссия аркылуу чечилгендиктен КМДБнын атынан расмий кат тапшырдык. Учурда жатакана, тамак-аш жана ыйык өрөөндөрдөгү кыргызстандык ажылардын ибадаттарынын аткарылышы боюнча өз ишибизди баштадык»,-деди Азирети Муфтий.