Бишкекте “ПАЛЕСТИНА: зулумдук, каршылык жана жеңиш” аттуу сүрөт көргөзмө ачылды

Бүгүн, 20-ноябрда Бишкектеги Касымалы Баялинов атындагы китепкананын «Фирдоуси» атындагы перс адабияты борборунда “ПАЛЕСТИНА: зулумдук, каршылык жана жеңиш” аттуу сүрөт көргөзмөсү ачылды. Уюштуруучу Ирандын Кыргызстандагы элчилигинин алдындагы Маданий өкүлчүлүк болду.

Борбор калаанын тургундары жана коноктору көргөзмөгө төрт күн бою 20-ноябрдан 24-ноябрга чейин саат 9:00дөн 17:00гө чейин кире алышат. Кирүү акысыз.

Көргөзмөгө израилдик оккупациядан жана анын согуш кылмыштарынан зулумдук көрүп келген Палестина элинин азап-кайгысын чагылдырган түрдүү сүрөтчүлөрдүн эмгектери коюлган. Көргөзмөнү Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Голам Хоссейн Ядегари жана Ирандын Маданий өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Абузар Тугони ачышты.

 

1 of 16-+

«Көргөзмөнүн максаты — Израилдин сионисттик режиминин палестиналыктарга каршы кылмыштары жана алардын адилеттик үчүн күрөшү тууралуу кыргыз коомчулугуна маалымат берүү. Муну менен биз Палестина менен тилектеш экенибизди билдиребиз жана эл аралык коомчулукту палестиналыктардын геноцидин мүмкүн болушунча тезирээк токтотууга чакырабыз», — деди Тугони.

Ал ошондой эле көргөзмөнү өткөрүү убактысы кокусунан тандалып алынбаганын белгиледи.

«Бүгүн, 20-ноябрь — Балдардын бүткүл дүйнөлүк күнү, беш күндөн кийин 25-ноябрь – Аялдарга карата зомбулукту токтотуунун Эл аралык күнү белгиленет. Бүгүнкү күндө Палестинада бейкүнөө адамдар, аялдар жана балдар сионисттик режимдин колунан өлүп жатышат», — деп жыйынтыктады Ирандын Бишкектеги Маданий өкүлчүлүгүнүн жетекчиси.

Иран элчиси Ядегаринин айтымында, бүгүнкү күндө Палестинада болуп жаткан окуялардын бардыгы бүтүндөй адамзатка жасалган каршы кылмыш болуп саналат. Көргөзмөгө коюлган сүрөттөр Израилдин кылмыштарын дагы бир жолу далилдеп, көрсөтүп турат.

«Кыргызстан да палестиналыктарга тилектештигин билдирди. Муну республиканын расмий бийлигинин реакциясынан, Бишкекте өткөорүлгөн акциялардан, ошондой эле кыргыз элинин Палестинага  гуманитардык жардам көрсөтүп жатканынан көрүүгө болот. Иран өз кезегинде Палестинанын элине көз карандысыздык жана адилеттик үчүн күрөшүндө ар тараптан колдоо көрсөтүп келген жана аны мындан ары да улантат», — деп белгиледи Иран элчиси.

Палестина-Израиль жаңжалы

Үстүбүздөгү жылдын 7-октябрында палестиналык ХАМАС кыймылы «Аль-Акса Топон суусу» операциясынын алкагында Израилге Газа тилкесинен болуп көрбөгөндөй масштабдуу ракеталык чабуул жасады. Андан соң кыймылдын жоокерлери Израилдин түштүгүндөгү чек ара аймактарына кирип,  200дөн ашуун адамды барымтага алышкан. Израиль бийлигинин акыркы маалыматтарына караганда, 1,2 миңге жакын адам набыт болду, алардын катарында жайт тургундар, аскерлер, чет элдик жарандар бар. Ошондой эле 5 миңден ашууну жарадар болгону кабарланган.

Буга жооп катары Израилдин Коргонуу күчтөрү Газа тилкесинде ХАМАСка каршы «Темир кылыч» операциясын баштады. Бир нече күндүн ичинде Израиль армиясы Газа менен чек арага жакын жайгашкан бардык калктуу аймактарды көзөмөлгө алып, Газага абадан сокку ура баштады. Израиль андан сырткары,  Газа тилкесин толук блокадага алганын жарыялады: суу, тамак-аш, электр энергиясы, дары-дармек жана күйүүчү май менен камсыздоо токтотулду.

Октябрдын аягында Израиль Газада кургактагы операциясын баштады. Израилдин Газага жасаган соккуларынан каза болгондордун саны 12 миңден ашты, 30 миңден ашуун адам жараат алды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *