Германия Израилге курал берүүнү токтотту

Германия өлкө ичиндеги юридикалык көйгөйлөрдү чечип жаткан учурда Израилге курал экспорттоону токтоткондугун, Reuters агенттиги Экономика министрлигине жакын булакка таянуу менен билдирди.

Булак жогорку даражалуу аткаминерге шилтеме жасап, министрлик Германиядан мындай экспорт гуманитардык мыйзамды бузду деген доо арыздардын укуктук жана саясий кысымынан улам Израилге курал экспорттоо лицензиясын бекитүү ишин токтотконун билдирди.

Марттан бери курал-жарактарды экспорттоого бир дагы уруксат берилбегени, өткөн айларда алардын саны кыйла кыскарып, бардык сатуулар иш жүзүндө токтоп калганы белгиленген. Экспорт былтыркы 326 миллион евродон быйыл август айына карата 14,5 миллион еврого чейин кескин кыскарган.

Июль айынын аягында Германиянын канцлери Олаф Шольц Израилдин Палестина аймактарындагы аракеттери менен эл аралык мыйзамдарды бузганын айткан. Канцлер Эл аралык соттун чечиминен кийин Германия Израилге курал-жарак жеткирип берээр-бербестигин азырынча чече электигин билдирди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *