Жакында эле Ак үйдө Трамп менен Зеленскийдин ортосундагы кайым айтышка күбө болгон европалык лидерлер эми АКШ Европаны коопсуздук боюнча сүйлөшүүлөрдөн четтетип, Москва менен сүйлөшүүлөрдө НАТО Европанын чыгыш чек араларынан чыгып кетиши керек деген бүтүмгө келиши мүмкүн деп кооптонууда.
Бир нече күн мурун америкалык “The Washington Post” басылмасы Евробиримдиктин дипломатиялык чөйрөлөрүндөгү үч булакка шилтеме жасап, европалык дипломаттар АКШ президенти Дональд Трамп континенттен өзүнөн мурунку Жо Байден тарабынан аймакка кошумча жөнөтүлгөн 20 миңдей америкалык аскерин чыгарып кетиши мүмкүн деп күтүп жатканы боюнча макаласын жарыялаган.
Басылма белгилегендей, Евробиримдиктин лидерлеринде Трамптын АКШнын аскердик контингентинин Европада болушун улантуу пландары боюнча “жооптордон да көп суроолору бар”. Ак үйдүн башчысынын америкалык аскерлерди чыгарып кетүү идеясынын жоктугу тууралуу айткандарына карабастан, бул контингент ЕБде кала турганына Европанын борборлорунда эч кандай ишеним жок.
“The Washington Post” белгилегендей, Вашингтон Трамп бийликке кайтып келе электе эле европалыктарга АКШнын артыкчылыктары Тынч океан аймагына өтүп жатканын эскерткен. Анткен менен Евробиримдиктин лидерлери саясаттын мындай өзгөрүүсүнө даяр эмес экенин далилдешти жана бурулуш күтүлгөндөн да чукул болушу мүмкүн экенин көрүштү.
НАТОнун мурдагы кызматкери, азыр Тышкы мамилелер боюнча европалык кеңешмеде иштеген Камиль Гранд Европанын континенттин коопсуздук маселелерин европалык расмий өкүлдөрдүн катышуусусуз талкуулообону талап кылуусу дал ушул тынчсыздануудан келип чыгат деп эсептейт.

Белгилей кетсек, 19-февралда Трамп Украинадагы абалды жөнгө салуу боюнча келишимдин компоненттеринин бири катары бардык аскерлерин Европадан чыгарып кетүүнү каалабай турганын билдирген. Буга чейин НАТОнун Аскердик комитетинин төрагасы Жузеппе Каво Драгоне “Bloomberg” агенттигине берген маегинде АКШ өзүнүн айрым бөлүктөрүн чыгара аларын, бирок Түндүк Атлантика альянсынан чыкпай турганын божомолдогон.
АКШнын Коргоо министри Пит Хегсетт жакында Евробиримдиктин расмий өкүлдөрүнө Вашингтон жакынкы жылдарда Европадан миңдеген аскерлерин чыгарып кетиши мүмкүн экенин жана АКШнын европалык кесиптештери АКШнын кызыкчылыктары өзгөргөндүктөн жана Трамп администрациясы европалыктарды өздөрүнүн коопсуздугу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алууга чакырып жаткандыктан, өлкөнүн аскерий катышуусу азаят деп күтүшү керектигин айткан.
Трамптын администрациясынын расмий өкүлдөрү аскерлерди дароо чыгарып кетүүгө болбойт деп ишендиргенине карабай, анын эл аралык альянстардагы кескин өзгөрүшү, анын ичинде Украинанын президенти менен жакында болгон жолугушуусу европалыктарды Трамптын акыркы аракеттерин алдын ала айтуу мүмкүн эмес деген тыянакка алып келди.
Ушул оор учурда Кошмо Штаттардын көптөн бери келе жаткан өнөктөштөрү АКШнын душмандык мамилесине даярданууда ошол эле учурда Трампты өз тарабына тартуу аракетинде тең салмактуулукту табууга аракет кылып жатышат.

“The Washington Post” гезитинин жазганына караганда, европалыктар куралдуу күчтөрүн чыңдоо жана курал-жарактарын модернизациялоо үчүн миллиарддаган евро алуу үчүн бардык аракеттерди көрүүдө жана бул өзгөртүүлөр европалык лидерлерди НАТОнун келечеги жана АКШ менен болгон мамилеси тууралуу катуу эскертүүлөрдү жасоого түрттү.
Мындан тышкары, АКШнын вице-президенти Ж.Д.Вэнс европалык лидерлерди ашынган оңчулдардан четтеп кеткени үчүн сынга алды. Ал америкалык аскерлердин болушун европалыктардын келечектеги саясаты менен байланыштырып, Вашингтондун алардын ички иштерине кийлигишүүсү тууралуу тынчсызданууну жаратты. Германияда өлкө боюнча көптөгөн базаларда 35 миңден ашык америкалык аскер жайгаштырылган, бул Европадагы эң көп америкалык аскерлер жайгашкан жер.
Америкалык басылмалардын маалыматына караганда, Трамп Украинадагы согушту токтотуу боюнча Орусия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканда, орус бийликтери чыр-чатактын “негизги себептерин” жоюу зарылдыгын белгилешүүдө. Орусия менен чектеш көптөгөн Чыгыш Европа жана Балтика өлкөлөрү НАТОнун кеңейүүсүнө каршы тенденциянын жаралышынан чочулап, коргонуу бюджеттерин кыйла көбөйтүштү.

Талдоочулардын баамында, эгер согуштан кийин ок атышпоо келишимин колдоо үчүн Украинага европалык аскерлер жиберилсе, бул АКШнын аскерлерин чыгарып кетүүсүнөн улам калган боштукту толтуруу аракеттерин кыйындатат.
Орус кубатын ооздуктоо үчүн көптөн бери Американын колдоосуна таянып келген өлкөлөрдө, ал өлкөлөр келечектеги мүмкүн болуучу кризисте Американын колдоосун ала береби же алар өздөрүн жалгыз коргоп калабы деген кооптонуулар бар.
МаалымдамаТ: Американын Европадагы аскерлеринин жалпы саны 80 миңге жакын адамды түзөт, алардын басымдуу көпчүлүгү Улуу Британияда, Германияда, Италияда жана Польшада жайгашкан.
Пентагондун сайтындагы маалыматка караганда, Латвия менен Эстонияда 600гө жакын америкалык аскер кызматкерлери бар. АКШнын Вильнюстагы элчилигинин маалыматы Литвада болжол менен 1000 америкалык аскер бар экенин көрсөтүп турат.