Бүгүн, 4-октябрда Ирандын жогорку руханий лидери аятолла Али Хаменеи жума намазда 2020-жылдан бери биринчи жолу өзү имамдык кылды.
Аятолла акыркы жолу жума намазда 2020-жылы январь айында ирандык генерал Касем Сулеймани Багдадда АКШнын авиа чабуулунда өлтүрүлгөндөн кийин имамдык кылып, маанилүү кайрылуу жасаган.

Жума намазынын алдында Хаменеи Израилдин Бейрутка жасаган чабуулунда өлтүрүлгөн Ислам революциясынын сакчылар корпусунун командачысынын оперативдүү иштер боюнча орун басары генерал-майор Аббас Нилфорушан, ливандык “Хезболла” кыймылынын баш катчысы Хасан Насрулла жана анын шериктерин эскерүү аземине катышты.
Ирандын жогорку лидери Тегерандагы Мосалла мечитинде жума намазы алдында жасаган өз баянында Ирандын куралдуу күчтөрүнүн мындан эки-үч күн мурда Израилге жасаган ракеталык чабуулу толугу менен мыйзамдуу болгонун белгиледи.
“Биз өз милдеттерибизди аткарууну создуктурбайбыз, ошол эле учурда шашылбайбыз, саясий жана аскердик чечимдерди кабыл алуучу адамдардын пикири боюнча логикалуу, акылга сыярлык жана туура болгон нерсе өз убагында аткарылат жана зарыл болсо келечекте дагы жасалат”, – деди аятолла.
1-октябрда Иран Израилди тарыхта экинчи жолу массалык ракеталык аткылоого дуушар кылды жана муну өзүн-өзү коргоо аракети деп атады. Ислам революциясынын сакчылар корпусу чабуул ливандык “Хезболланын” баш катчысы Хасан Насралланын, ХАМАСтын саясий бюросунун башчысы Исмаил Хания жана Кудс күчтөрүнүн командири Аббас Нилфорушандын өлүмүнө жооп болгонун билдирген. Иран тарап ракеталардын 90%ы Израилдин аскердик буталарына тийгенин кабарланган.
Анын айтымында, Курандын саясаты боюнча мусулман элдери биримдикте болушу керек.
“Ирандын душманы – Палестина, Ливан, Ирак, Египет, Сирия жана Йемендин душманы. Биз Ирандан баштап, Газа, Ливанга жана бардык Ислам өлкөлөрүнө чейин көз карандысыздык курун бекем буушубуз керек”, – деп билдирди ал.
Ирандын жогорку лидери ар бир эл өз өлкөсүн жана аймагын агрессордон коргоого укуктуу экенин, палестиналык ХАМАСтын Израилге каршы “Аль-Акса топон суусу” операциясы мыйзамдуу аракет болгонун белгиледи.
Ал белгилегендей, душман Хезболла, ХАМАС же Ислам жихады жана башка каршылык көрсөтүү уюмдарына оор зыян келтире албай, террорчулук, кыйратуулар, бомбалоо жана карапайым калкты өлтүрүүнү өзүнүн жеңишинин белгиси деп эсептеп жатат.
Хаменеи Хезболланын лидери Сейед Хасан Насралланы эскерип жатып, Хезболла анын стратегиясы менен кадам сайын өскөнүн белгиледи.
Анын айтымында, сионисттик режимге (Израилге – ред.) болгон ар бир сокку – бүткүл адамзатка кызмат, ал эми Хезболланын Газаны коргоосу Ислам дүйнөсү үчүн өтө маанилүү кызмат.
“Сионисттик режим тамырсыз, жасалма жана туруксуз, ал Американын колдоосу менен гана турат. Бул да көпкө созулбайт. Ал ХАМАС менен Хезболланы эч качан жеңе албайт. Газанын каршылыгы дүйнөнүн көзүн ачты. Аймактагы каршылык көрсөтүү күчтөрү артка чегинбейт, алар жеңишке жетишет.”, – деди аятолла.