Израилдин Ливандагы чабуулдарынан эки миңге жакын жайкын тургун набыт болду

Ливанда Израилдин соккулары күчөгөндөн бери кеминде 1974 киши набыт болду, анын ичинде 127си балдар, деп билдирди өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Фирас Абяд.

«Израилдин Ливанга каршы агрессиясынын курмандыктарынын жалпы саны 1974 киши  жана 9384 киши жарадар болду, анын ичинде 127 бала, 261 аял жана 97 медициналык жана тез жардам кызматкерлери», – деди ал.

Абяд ошондой эле Израилдин чабуулдары ондогон медициналык борборлорду талкалаганын кошумчалады.

Өткөн жылдын октябрь айында Газа тилкесинде согуштук аракеттер башталгандан бери Ливан менен Израилдин чек арасындагы кырдаал курч бойдон калууда. 17-18-сентябрда Ливандын ар кайсы аймактарында байланыш жабдуулары жарылгандан кийин чыр-чатактын кескин курчушу болгон. Алгач пейжерлерди, анан рацияларды жардырышкан.

Андан соң Израиль Ливанды абадан бомбалай баштады, анын натыйжасында “Хезболланын” бир нече жогорку даражалуу командирлери, анын ичинде башкы катчы Хасан Насралла набыт болду. 1-октябрда Тель-Авив Ливанга каршы кургактан операция башталганын жарыялаган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *