Иран Израиль ага кол салмайын Жакынкы Чыгыштагы жаңжалга аралашпайт

Иран жөөт мамлекети Ислам республикасынын аймагына кол салмайын Израиль менен аскердик жаңжалга киришүүгө ниеттенбейт.

Бул тууралуу Ирандын БУУдагы туруктуу өкүлчүлүгү Reuters агенттигине билдиргенин ТАСС агенттиги жазды.

«Ирандын куралдуу күчтөрү Израилдин апартеид режими Иранга, анын кызыкчылыктарына жана жарандарына кол салууга батынбаса жаңжалга кийлигишпейт. (Палестиналык — ред.) каршылык көрсөтүү күчтөрү өзүн коргой алат», — деген дипломаттар.

АКШнын президентинин улуттук коопсуздук боюнча жардамчысы Жейк Салливан буга чейин АКШ администрациясы Иран Палестина-Израиль жаңжалга кандайдыр бир жол менен кийлигишүүгө аракет кылышы ыктымал экенин CBS телеканалында билдирген.

Буга чейин Ислам Республикасынын тышкы иштер министри Хоссейн Амир Абдоллахиан Катардын Эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани менен Дохада болгон жолугушуусунда, эгер Израиль Газа тилкесиндеги  жарандык калкына сокку урууну уланта берсе, жаңжалдын масштабы кеңейиши мүмкүн экенин билдирген.

Абдоллахиан башка өлкөлөргө сабырдуу болууга кеңеш берген Америка Кошмо Штаттары Израилге колдоосун арттырганын белгилеп, деэскалацияга кызыкдар тараптар Израилдин Газа тилкесине жасаган соккуларын токтотушу керек экенин айткан.

Абдуллахян Жакынкы Чыгышка жасаган турнесинин алкагында Багдад, Бейрут, Дамаск жана Дохада болду. Дохада палестиналык ХАМАС кыймылынын Саясий бюросунун башчысы Исмаил Хания менен жолугушуп,  Иран Палестинаны колдоодон эч качан баш тартпайт деп билдирген.

«Палестинаны колдоо диний, гуманитардык жана моралдык жоопкерчилик», — деп белгилеген министр.

Ирандык министр ошондой эле ХАМАСтын Израилге каршы «Аль-Акса топон суусу» операциясы эзилген Палестина элинин Тель-Авивдин улантып жаткан кылмыштарына жана провокациялык аракеттерине  табигый жообу экенин белгилеген.

Ал эми Ливандын борборунда Хезболла партиясынын лидери шейх Хасан Насрулла менен жолугушкан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *