Иран: Хамадан Азиянын туристтик борбору деп таанылды

Азия мэрлеринин ассамблеясы 2024-жылга карата экологиялык, маданий жана туризм борборлорун расмий түрдө тандашып, анда Ирандын Хамадан провинциясы Азиянын туристтик борбору, Шираз шаары экологиялык борбору, ал эми маданий борбору делип Ливандын Гобейри шаары аталды.

Бул макалада көздүн жоосун алган Ирандын байыркы Хамадан шаарынын туристтик-тарыхый-диний кооз жерлери менен тааныштырабыз.

Абу Али ибн Синанын күмбөзү

Хамадандын кооз жерлеринин арасында Абу Али Синанын күмбөзү өзгөчө орунду ээлейт. Бул диний комплекс шаардын илими жана маданияты менен байланышкан жана Хамадандын символу катары эсептелет. Күмбөздүн түпкү имараты Кажарлар династиясынын тушунда курулуп, жаңы имараты Пехлеви бийлигинин тушунда оңдолуп, ачылган.

Али-Садр үңкүрү

Али-Садр үңкүрү дүйнөдөгү эң кооз жана уникалдуу суу үңкүрлөрдүн бири болуп саналат. Геологиялык изилдөөлөрдөн кийин үңкүрдүн жашы болжол менен 200 миллион жыл экени аныкталган. Үңкүрдүн жалпы узундугу 11 километр, айрым жерлеринде суунун бийиктиги 50 метрге чейин жетет. Үңкүрдүн ичинде туристтер көбүнчө кайык менен жүрүшөт. Али-Садр 1963-жылы ирандык альпинисттер тарабынан ачылган. 1967-жылы жарык менен камсыз кылынып, 1970-жылы жалпы элге көрсөтүүгө даяр болгон. Башка үңкүрлөр сыяктуу эле Али-Садрдын ичинде абанын температурасы сыртка караганда бир кыйла төмөн. Ал эми суунун температурасы 12 градус жана анын түсү ачык көк, эч кандай жыты жана даамы жок. Суусу абдан таза жана тунук болгондуктан, куралсыз көз менен суунун түбүн көрүүгө болот.

Али-Садр үңкүрүн укмуштуу жаратылыш кубулуштары боюнча дүйнөдөгү ири жана уникалдуу суу үңкүрү деп айтууга болот. Бул жерге ар жыл сайын Ирандан жана башка өлкөлөрдөн миллиондогон туристтер келип турушат. Бул жерди көрүү үчүн жылдын каалаган мезгилинде келүүгө болот.

Байыркы Ганжнаме эстелиги

Хамадандан 5 км түштүк-батыш тарапта Алванд тоосунун боорундагы Ахемениддер дооруна таандык байыркы аскадагы жазуулар туристтерди тартуучу жай болуп саналат. «Ганжнаме» деп аталган тарыхый эстелик перс тилинен которгондо «казына китеби» дегенди билдирет. Аскадагы жазуулар үч тилде – байыркы перс, вавилон жана элам тилдеринде жазылган. Ганжнаме шаркыратмасы бар капчыгайда жайгашкан. Жазуулар Ахемениддердин падышалары Дарий I (б. з. ч. VI-V кылымдар) жана Ксеркс I (б. з. ч. V кылым) дооруна таандык.

Баба-Тахер мавзолейи

X кылымдын аягы XI кылымдын башында жашаган перстердин улуу мистик акыны Баба-Тахер лур диалектинде жазган ырлары менен белгилүү. Ал жөнөкөй жана мистикалык жашоосу үчүн “Ариан” деген лакап атка ээ болгон. Анын жашоосу тууралуу көп маалымат жок. Бирок кээ бир тарыхый документтерде анын Лорестанда төрөлүп, сөөгү Хамаданда коюлганы айтылат. Мавзолей тик бурчтуу аянттын так ортосунда, кичинекей дөңсөөнүн үстүндө жайгашкан. Айланасында жашыл парк бар. Бирюза түсүндөгү ткуполунун бийктиги 20 метр. Имараттын ичиндеги шыбы мозаика менен кооздолгон. Күмбөздүн ичиндеги дубалдарда 24 мрамор плита илинген, алардын үстүндө Баба Тахердин ырлары жазылган.

Экбатана дөбөсү, мидиялыктардын 3000 жылдык эстелиги

Хамадан өлкөдөгү платодо цивилизация жараткан биринчи жер болгон. Экбатана дөбөсү ушул цивилизация менен байланышкан Хамадандагы белгилүү жерлердин бири болуп саналат. Экбатананын аты Дарий I дин дубал жазуусунда, ошондой эле Бисотундагы петроглифте чегилген. 3000 жылдык тарыхы бар Экбатана шаарын грек тарыхчысы Геродот Ирандын биринчи борбору катары тандалган мидиялыктардын дооруна таандык деп эсептеген. Андан кийин Ахемениддер, Парфия жана Сасаниддер доорунда жайкы борбор болгон. Бул шаардан Ахемениддерге таандык көптөгөн баалуу күмүш жана алтын буюмдар табылган. Шаарда музейлер жана чиркөөлөр сыяктуу башка кооз жайлар да бар, бул аны Хамадан шаарынын негизги туристтик жайларынын бирине айландырды. Дөңсөөдө ар кандай археологиялык топтор тарабынан табылган калдыктардын ар бири Иран маданиятынын эбегейсиз бөлүгүн баяндайт.

Курбан мунарасы

Хамадандагы башка кызыктуу жерлердин арасында Курбан мунарасын да белгилей кетүү керек. Мунара Курбан аттуу адамдын атынан аталып калган. Сефевиддер доорунда афгандардын Зандие кварталына кол салуусунда элди коргоп, бул аймакты өзүнүн чебине айландырган. Бийиктиги 8 метрдей болгон бул мунарада кирпич жана чоподон жасалган пирамида түрүндөгү куполду көрүүгө болот. Курман мунарасында шейх ал-Ислам Хасан бин Аттар Хафиз Абул Ала Хамдани жана бир топ селжук ханзаадаларынын сөөгү коюлган.

Ареф Казвининин күмбөзү

Хамадандагы туристтер үчүн популярдуу жерлердин бири Ирандын белгилүү акыны Ареф Казвининин күмбөзү. Ал эң жөнөкөй абалда Абу Али Синанын мүрзөсүнө жакын жерде жайгашкан жана ага күн сайын көптөгөн туристтер зыярат кылышат. Арифтин мүрзөсү Ирандын улуу архитектору Хошанг Сихон тарабынан жасалган.

Лаодикия храмы

Ирандын эң көрүнүктүү тарыхый эстеликтеринин жана Хамадандын байыркы жерлеринин арасында Лаодикия храмын айтсак болот. Бул храм шаардын эски бөлүгүндө жайгашкан Селевкиддер доорунан калган эстелик болуп саналат. Бүгүнкү күндө Лаодикия тарыхый ийбадатканасына көптөгөн жергиликтүү жана чет элдик туристтер келет.

“Тарик дарре” тоо-лыжа базасы

“Тарик дарре” тоо-лыжа базасы – Хамадандагы дагы бир кооз жерлердин бири, ал эс алуучуларга чогуу көңүл ачууну жана спортту сунуштай алат. “Тарик дарре” жолу өлкөнүн эл аралык трассаларынын бири болуп эсептелет, ал Алванд тоолорунун боорлорунда жана Ганжнаме жолунун түштүк-батыш тарабында 10 чакырым алыстыкта жайгашкан. Бул жол географиялык жактан алганда кооз жана жагымдуу аймакта жайгашкандыктан, лыжа тебүүчүлөрдөн тышкары жаратылышты сүйүүчүлөрдү да өзүнө тартат.

Алавиттердин куполу – Селжук архитектурасынын шедеври

Алавия куполунун Хамадандын башка кооз жерлеринин арасында эң маанилүү кылган себептеринин бири анын шыбагы жана архитектурасы. Бул имарат алгач мечит болгон, бирок убакыттын өтүшү менен мүрзөгө айланган. Анын куполу убакыттын өтүшү менен жабыркагандыктан кулап түшкөн, бирок ага карабастан күмбөз дагы эле анын атында символ катары колдонулат.

Дешт-е Мишан – жаратылыш сүйүүчүлөрдүн бейиши

Хамадан эски имараттары бар тарыхый шаар болгону менен катар укмуштуудай кооз жана жашыл жаратылышка ээ. Мишан түздүгү Алванд чокусуна жакын жайгашкан, ал эс алуу жана жаратылыш туризмине ылайыктуу жер. Кең жана жашыл түздүк, салкын жана уникалдуу аба ырайы, канаттуулардын үнү жана булактын кайнак суусу Мишан түздүгүн Хамадандагы эң популярдуу жерлердин бирине айлантты. Жаратылыш туризми жана альпинизмден тышкары Алвандын боорлорунда көчмөндөрдүн жашоосун жакындан көрүүгө болот.

Гамасиаб булагы

Булак Хамадан провинциясындагы Нахаванд шаарынан 20 км алыстыкта жайгашкан, бул өлкөнүн эң кооз  булактарынын бири болуп саналат. Гамасиаб өлкөнүн көптөгөн дарыяларынын булагы болуп саналат, алар Гервин тоо кыркаларынын түндүк өрөөндөрүнөн башталат. Айланасы кооз токой жана дарактар менен курчалган. Булактын үстүндө табигый үңкүрдү көрүүгө болот, ал өзүнчө укмуштуу үңкүр.

Григорий Стефан чиркөөсү

Чиркөө эски армян кварталында жана Экбатана дөңсөөсүнүн чыгыш бөлүгүндө жайгашкан. Ал шаардын эң кооз жана популярдуу жерлеринин бири. Бул тарыхый чиркөө Солейман Сефи шахтын доорунда Хамаданда жашаган исфахандык армяндар, иммигранттар жана орус армян соодагерлер тобу тарабынан курулган. Укмуш архитектурасы жана кооз жасалгалары бар бул чиркөө Хамадандагы эң кооз чиркөөлөрдүн бири болуп эсептелет. Коңгуроо мунарасы, короосу, жарык берүүчү кичинекей терезелер, Мариям менен Христостун кооз жана баалуу сүрөттөрү бул чиркөөнүн кооз жерлери болуп саналат.

Эсфир менен Мардохейдин күмбөзү

Бул жерге библиялык ханыша Эсфир жана анын аталаш бир тууганы Мардохей коюлган. Көптөгөн кылымдар бою ал Иранда жашаган жөөттөр үчүн эң маанилүү зыярат кылуучу жай болуп келген. Тарыхый жана диний имарат таш жана кирпичтен кооз салынган. Имараттын ортосуна жайгашкан сөөк коюлган эки эски жыгач сандык оюу менен кооздолгон. Күмбөздүн үстүндө еврей тилиндеги жазууну көрүүгө болот.

Тажабад кербен сарайы

Байыркы заманда саякаттоо азыркыдай жеңил болгон эмес. Мурда шаарлардын ортосундагы кыска саякатта жолдо жумалап, ал тургай айлап жүрүшкөн. Ошон үчүн жолдун ортосунда кербен сарайдын болушу жүргүнчүлөрдүн эс алуусун жеңилдетүү үчүн абдан маанилүү болгон. Тажабад кербен сарайы Хамадан-Керманшах жолунун ортосунда жайгашкан. Бул тарыхый комплекс бүгүнкү күнгө чейин жакшы сакталып калган.

Абу Али Сина музейи

Музей Хамадандагы сөзсүз көрүүгө тийиш болгон жерлердин бири. Бул музей Хамадандагы Бу Али Сина аянтында жайгашкан. Абу Али Сина музейи 1952-жылы Абу Али Синанын мүрзөсүндө ачылган. Бул музейди шаардагы эң эски жана эң маанилүү жерлердин бири деп айтууга болот. Музейде Абу Али Синанын эмгектеринин тизмеси түзүлгөн. Бул музей өзүнүн тарыхый баалуулугу менен бүткүл дүйнөгө белгилүү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *