Казакстандын Караганда облусундагы “Костенко” шахтасында чыккан өрттөн каза болгондордун саны он бирден 16га көбөйдү. Бул тууралуу шахтага ээлик кылган «АрселорМиттал Темиртау» компаниясы билдирди.
Буга чейин облустун акими Ермаганбет Булекпаев 11 киши каза болгонун билдирген.
«Бүгүн Костенко атындагы шахтада өрт чыгып, 11 адам каза болуп, 18 адам ар кандай деңгээлде жаракат алып ооруканага жеткирилди», — деп билдирген Булекпаев Facebook соцтармагындагы билдирүүсүндө.
Кырсык болгон учурда шахтада 252 адам болгон, 205 шахтер жер үстүнө чыгарылган.
Авария болгон жерде 40 куткаруучу, 10 техника жана үч психолог иш алып барып, каза болгондордун жана жабыркагандардын жакындарына жардам көрсөтүүдө.
Ошондой эле ыкчам штаб түзүлүп, анын курамына облус жетекчисинен жана «АрселорМиттал Темиртау» компаниясынын башкы директорунан тышкары Казакстандын Башкы прокурорунун биринчи орун басары жана атайын укук коргоо органдары кирди.
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын август айында “АрселорМиттал Темиртауга” тиешелүү дагы бир “Казакстан” шахтасында өрт чыгып, беш шахтер каза болгон.
Республиканын премьер-министри Алихан Смаилов шахтадагы окуя өндүрүштөгү коопсуздук тармагында мыйзам бузууларга түздөн-түз байланыштуу экенин билдирип, ишкананын жетекчилигин айыптаган.
«АрселорМиттал Темиртау» компаниясы Казакстанда 15 көмүр шахтасына жана темир кендерине ээлик кылат.