Казакстан “Талибанды” республикада тыюу салынган уюмдардын тизмесинен чыгарды

Казакстандын бийлиги “Талибан” кыймылын өлкөдө тыюу салынган уюмдардын тизмесинен чыгаруу чечимин кабыл алды.

Бул тууралуу республиканын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айбек Смадияров «Казинформ» агенттигине берген маегинде билдирди.

“Казакстан республикада тыюу салынган террордук уюмдардын улуттук тизмесин жаңылоо максатында  такай ревизия жүргүзүп турат. Бул процесстин алкагында БУУнун практикасына ылайык, “Талибан” кыймылын ал тизмеден чыгаруу чечими кабыл алынды. БУУнун Коопсуздук Кеңешинин аткарууга милдеттүү резолюцияларына ылайык, “Талибан” кыймылы БУУнун Коопсуздук Кеңеши террористтик деп тааныган уюмдардын тизмесине кирген эмес», – деп түшүндүрдү Смадияров.

Эске салсак, Ооганстандагы “Талибан” кыймылы 1986-87-жылдары пайда болгон. Дүйнөнүн айрым өлкөлөрүндө тыюу салынган террордук уюм катары таанылган. “Талибан” Ооганстанды 1996-2001-жылдары башкарган. Кыймыл 2021-жылы АКШ аскерлери өлкөдөн чыгып кеткенден кийин кайра бийликке келген.

Учурда талиптер дүйнө коомчулугунун алдында өзүн реабилитациялоо үчүн түрдүү мамлекеттер менен, анын ичинде Казакстан менен дипломатиялык байланыш түзүүгө умтулууда. Алар ошондой эле Ооганстандын эң жакын коңшулары менен соода мамилелерин активдүү куруп жатышат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *