Касым-Жомарт Токаев Папа Франциск менен жолукту

Казакстандын президенти понтификке өз өлкөсү БУУнун тынчтыкты орнотуу миссиясынын алкагында планетанын ар кайсы тынч эмес аймактарында тычтыкты камсыз кылуу  миссияларына катыша тургандыгын айтты.

Франциск Казакстандын президентине анын тынчтык жана бейпилдик орнотууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев  Ватиканда католиктердин рухий лидери Рим Папасы менен жолукту.

Жолугушуу учурунда  Токаев көп конфессиялуу Казакстанда Борбор Азия боюнча эң чоң католик коому жашай тургандыгын билдирди.

«Биздин өлкөдө ар кайсы динди карманган адамдар өздөрү жашаган аймактарда диний милдеттерди аткара алышат. Дин тутуу эркиндигин коргоо биздин саясаттын ажырагыс бөлүгү болуп саналат», – деди ал.

Папа Францисктин анын дүйнөдөгү чыр-чатактарды токтотууга багытталган аракетине  ыраазычылык билдирип, Токаев мындай деп кошумчалады:  «Азыркы саясый кырдаал өзүнүн глобалдык коопсуздугун бузуп, эбегейсиз адамдардын кыйналуусун жана экономикалык көйгөйлөрдү жаратууда. Казакстан жоопкерчиликтүү өлкө катары глобалдык тынчтык жана коопсуздукту сактоо үчүн чоң салым кошот. Биз БУУнун тынчтыкты орнотуу миссиясынын алкагында планетанын ар кайсы аймактарында тынчтыкты камсыз кылуу миссияларына катышабыз».

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *