Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын лидерлери тарыхый келишимге кол коюшту

Худжандда Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын президенттеринин үч тараптуу жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча Үч мамлекеттин мамлекеттик чек араларынын кесилишкен чекити жөнүндө келишимге кол коюлду.

Бүгүн, 31-мартта, Худжанд шаарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин үч тараптуу жолугушуусунун жыйынтыгы менен Үч мамлекеттин мамлекеттик чек араларынын кесилишкен чекити жөнүндө келишимге жана Түбөлүк достук жөнүндө Худжанд декларациясына кол коюлганын президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Мамлекет башчылары бул документтерге кол коюу өлкөлөрдүн эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн урматтоону символдоштурарын, ошондой эле Борбор Азияда конструктивдүү диалогдун жана натыйжалуу кызматташтыктын үлгүсү катары кызмат кылаарын баса белгилешти.

Жетишилген макулдашуулар өз ара ишенимди бекемдөө, туруктуулукту сактоо жана региондогу интеграциялык процесстерди өнүктүрүү үчүн жаңы перспективаларды ачат.

Мындан тышкары, үч өлкөнүн лидерлери үч өлкөнүн мамлекеттик чек аралары кесилишкен чекитте орнотулган символикалык стеланын ачылыш аземине катышты. Салтанаттуу иш-чара Худжанд шаарынан видеоконференция байланышы форматында өттү.

Аземдин жүрүшүндө мамлекет башчылары бир эле учурда атайын тирегич тактага орнотулган баскычты басышты. Андан соң Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары, ошондой эле Тажикстан жана Өзбекстандын премьер-министрлеринин орун басарлары лентаны кесип, стеланы расмий ачышты.

Стела элдердин достугун чагылдырып, чек ара маселелери биротоло чечилгенден кийин өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын, ишенимдин жана ынак коңшулуктун жаңы доорун билдирет.

Келишимге кол коюнун алдында Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын президенттеринин үч тараптуу жолугушуусу болуп өтүп, анда мамлекет башчылары регионалдык кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулап, ынак коңшулук мамилелерди чыңдоонун, инфратүзүмдүк жана экономикалык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруунун, ошондой эле региондун туристтик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.