Лондондо миңдеген адамдар АКШ президенти Дональд Трамптын Улуу Британияга мамлекеттик сапары менен келишине каршы нааразылык акциясын өткөрүштү.
Чет элдик ЖМКлар маалымдагандай, “Трампты токтот” (Stop Trump Coalition) коалициясынын катышуучулары Би-Би-Си корпорациясынын штаб-квартирасынын маңдайындагы Портленд-Плейсте чогулушкан. Алар Британиянын премьер-министри Кейр Стармердин Трампты Улуу Британияга экинчи мамлекеттик сапар менен келип кетүүгө чакыруу чечимине каршы экендиктерин билдирген плакаттарды кармап чыгышты.
Көптөгөн митингчилер Палестинанын желектерин көтөрүп, Газаны бошотууну талап кылып, Израилди куралдандырууну токтотуп, интифадага чакырышты. Алар көтөргөн плакаттарда “Расизм жок, Трамп жок”, “Трампты токтоткула” жана “Газадагы геноцидди токтотобуз” деген ураандар жазылган.
Демонстрациянын катышуучулары бир нече сөз сүйлөгөндөн кийин Риджентс-стрит көчөсүнөн баштап жүрүш жасашып, Оксфорд-серкус, Пикадилли-Серкус жана Трафальгарь аянттарынын жанынан өтүштү. Митинг Вестминстер сарайынын алдындагы Парламент аянтында жыйынтыкталды. Ушундай эле нааразылык акциясы падыша Чарльз III резиденцияларынын бири болгон Виндзор сарайынын жанында да өттү. Дал ошол жерде монарх Трамп жетектеген америкалык делегацияны кабыл алды.
Америка президенти Дональд Трамп 16-сентябрда Британияга экинчи мамлекеттик сапары менен келген. Биринчи мамлекеттик сапар 2019-жылы болгон. Ал 17-сентябрда Виндзор сепилинде падыша Карл III тарабынан кабыл алынды. 18-сентябрда Трамп Стармер менен анын Чекерстеги резиденциясында сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.
Буга чейин The Times гезити Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер Палестинанын мамлекеттүүлүгүн расмий таануу боюнча ушул апта соңунда АКШ президенти Дональд Трамптын мамлекеттик сапары аяктагандан кийин билдирүү жасай турганын маалымдаган. Басылма жазгандай, Стармер Трамптын Британияга сапарын бузбоо үчүн Палестинаны таануу тууралуу расмий жарыясын ушул жуманын аягына жылдырган. Анткени АКШ Лондондун бул маселедеги позициясын колдобой турганы белгилүү.